АҢГЕМЕ
Таксондон жыйырма миль батышта «Кечки экспресс» суу куюп алуу үчүн суу колонкасынын жанына токтоду. Бул атактуу экспресстин паровозу суудан тышкары өзүнө анча пайдасы тийбеген башка нерсени да илештирип алды. Кочегар шлангды бошотуп жатканда, Боб Тидбол, «Акула» Додсон жана крик уруусунан чыккан Жон Чоң Ит аталган индеец-метис паровозго жабышып чыгып, машинистке чөнтөк «артиллериясынын» сүрдүү үч оозун такашты. Бул көрүнүш машинистке ушунчалык катуу таасир эткендиктен, ал: «Койсоңчу! Бул эмнең?!» — дегенсип эки колун дароо өйдө көтөрдү. Чабуул койгон отряд башчысы Акула Додсондун кыска буйругу менен машинист рельске түшүп, паровозду поездден бошотту. Ошондон кийин Жон Чоң Ит көмүр үймөгүнө чыгып, тамаша иретинде машинист менен кочегарга эки револьверди кезеп, паровозду поездден элүү ярдга алысырак айдап, кийинки буйрукту күтүүнү сунуштады.
Акула Додсон менен Боб Тидбол жүргүнчүлөр сыяктуу «алтыны аз топуракты» күрүлдөгөн ызы-чууда калбырдан өткөрүп убара болбостон, түз эле почта вагонунун «бай кендерине» карай жөнөштү. Кароолчуну байкатпай басып калышты, ал «Кечки экспресс» таза суудан башка коркунучтуу же зыяндуу эч нерсе албайт деп толук ишенген. Боб Тидбол кароолчунун башындагы бул жаңылыш ишенимди алты атар кольтасынын сабы менен уруп чыгарган маалда, Акула Додсон убакытты коротуп отурбай, почта вагонундагы сейф түбүнө динамит патронун жайгаштыра койду.
Сейф жарылып, алтын жана кагаз акча түрүндө отуз миң доллар таза пайда алып келди. Жүргүнчүлөр ары-бери терезеден баштарын чыгарып, күн кайда күркүрөгөнүн көрүүгө аракет кылышты. Улук кондуктор коңгуроо жибин силкип жиберди, бирок ал жансыз салаңдап, эч кандай каршылык көрсөткөн жок. Акула Додсон менен Боб Тидбол олжону бекем брезент баштыкка чытыратып салып, жерге секирип түшүштү да, бийик такалары менен чалынып-сүрүнүп, паровозду көздөй чуркашты.
Машинист кабагын чытып, бирок айласыздан алардын буйругуна баш ийип, паровозду токтоп турган поездден алыстата айдап жөнөдү. Бирок ага чейин эле почта вагонунун кароолчусу эсин жыйып, колуна винчестерди алаары менен жерге секирип түшүп, «оюнга» жигердүү катышты. Көмүр жүктөлгөн тендерде отурган Жон Чоң Ит туура эмес жүрүш жасап, өзүн окко тосуп берди эле, кароолчу аны «козырь туз» менен жара урду. Чоң жолдун «рыцары» дал ортосуна тийген ок менен жерге кулап, ошентип анын өнөктөштөрүнүн ар биринин олжодогу үлүшү алтыдан бирге көбөйдү.
Суу топтолуучу жерден эки миль алыстыкта машинистке токтоого буйрук берилди. Бандиттер ага коштошуу иретинде кол булгалап, тик боордон ылдый кулап, жолду курчаган калың бадалдардын арасына сиңип кетишти. Бак-дарактарды качыр-кучур чаап өтүп, беш мүнөттөн кийин алар токойдо бактын бутактарына байланган үч атка жетишти. Аттардын бири Жон Чоң Итти күтүп турган эле, бирок ага күндүз да, түндө да атка минүү буюрбай калган. Бандиттер ал аттын ээр-токумун, жүгөнүн шыпырып, эркиндикке коё беришти. Калган эки атка минип, канжыгага баштыкты байлап, адегенде токой аркылуу, андан соң ээн кокту-колот аркылуу айланага абайлап карап, катуу чаап жөнөштү.
Бир кезде Боб Тидболдун аты көк ташка тайгаланып, алдыңкы бутун сындырып алды. Бандиттер аны дароо атып салышты да, кеңешүүгө отурушту. Узун, ийри-буйру жолду басып өтүп, алар азырынча коопсуз жерде, убакыт али бар эле. Эң ылдам куугунчулардан да аларды бир топ миль жана сааттар бөлүп турган. Акула Додсондун аты чылбырын жерге сүйрөп, суу жээгиндеги чөптү ыраазычылык менен оттоп жүрдү. Боб Тидбол баштык оозун чечип, жаш балача кубанып, ичинен тыкан таңгакталган жапжаңы кагаз акчаларды, алтын толтурулган жалгыз баштыкчаны сууруп чыкты.
— Уксаң, карыган каракчы, — деди ал Додсонго шайыр кайрылып, — айтканың туура чыкты, иш оңунан айланды! Мээң укмуш иштейт экен, финансы министриндей эле барсың. Аризонада каалаган адамыңа жүз упай ашыкча берип коёсуң.
— Атты кантсек, Боб? Бул жерде көпкө кала албайбыз. Окуя болгон жерде таң ата электе эле куугун башталат.
— Мейли, сенин Боливарың азырынча экөөбүздү тең көтөрөт, — деди көңүлү куунак Боб. — Жолдон кабылган биринчи эле атты кармайбыз. Тобо, олжобуз укмуш болду, ээ? Бул кагаздарда жазылганына ишенсек, отуз миң доллар бар — ар бирибизге он беш миңден.
— Мен мындан да көп болот деп ойлогом, — деди Акула Додсон өтүгүнүн тумшугу менен акча таңгактарын бир аз түртүп. Ал чарчаган атынын тер баскан капталдарын ойлуу карап койду.
— Карт Боливар дээрлик алсырап калды, — деди ал үнүн созуп. — Сенин тору атыңдын буту сынганы өкүнүчтүү болду.
— Өкүнбөй анан, — деди Боб, — бирок эч нерсе кыла албайсың. Сенин Боливарың күчтүү — бизди керектүү жерге жеткирет, ал жактан аттарды алмаштырып алабыз. Тобо, сенин Чыгыштан келген бөтөн кишисиң, а биз Батышта, өз үйүбүздө жүрүп, сага тең келе албаганыбыз кызык. Сен кайсы штаттансың?
— Нью-Йорк штатынанмын, — деди Акула Додсон, ташка отуруп, кичинекей чырпыкты чайнап. — Мен Олстер округундагы фермада туулгам. Он жети жашымда үйдөн качып кеткем. Батышка да кокусунан келип калдым. Түйүнчөгүмдү көтөрүп, Нью-Йоркко жетейин деп жолдо бараткам. Ал жакка жетип, акчаны кап-кап кылып жыям го дегем. Мен дайыма ушул нерсе үчүн туулгандай сезилчүмүн. Жолдордун кесилишине жетип, кайда барарымды билбедим. Жарым саатча ойлонуп, андан соң солго бурулдум. Кечке маал цирк ковбойлоруна жетип, алар менен Батышка жөнөдүм. Башка жолду тандасам эмне болмокмун деп көп ойлоном.
— Менимче, баары бир ушундай болмок, — деди философчо арыдан-бери Боб Тидбол. – Кеп биз тандаган жолдо эмес, ичибиздеги нерсе бизди жол тандоого мажбур кылат.
Акула Додсон ордунан туруп, даракка жөлөндү.
— Тору атыңдын буту сынганына абдан өкүнүп атам, Боб, — деди ал кайрадан өкүнүү менен.
— Мен дагы, — макул болду Боб, — жакшы ат эле. Мейли, Боливар бизди алып чыгат. Болду го, Акула, жолго түшөлү. Азыр мунун баарын кайра жыйнап салам да, жолго чыгабыз. Балык терең жерди, адам жакшы жерди издейт эмеспи.
Боб Тидбол олжону баштыкка салып, оозун жип менен бекем байлады. Башын көтөрүп, өзүнө кадалган кырк бешинчи калибрдеги кольттун стволун көрдү. Акула Додсон аны түз эле мээлеп турган.
— Тамашаңды койчу, — деди Боб ыржайып. — Кетер убакыт болду.
— Отурган жериңде отур! — деди Акула. — Сен бул жерден жылбайсың, Боб. Муну айтуу мага абдан өкүнүчтүү, бирок орун бирөөгө гана жетет. Боливар чарчады, экөөбүздү көтөрө албайт.
— Экөөбүз бүтүндөй үч жыл жолдош болдук, Акула Додсон, — деди Боб сабырдуулук менен. — Экөөбүз бир эмес, бир нече жолу өмүрүбүздү тобокелге салганбыз. Мен сага качан да болсо чынчыл болчумун, сени чыныгы адам го дедим. Сен жөнүндө жаман кептерди уккам, жок жерден эле эки адамды атып өлтүргөн деп, бирок ишенген эмесмин. Эгер тамашалап атсаң, Акула, кольтаңды жый да, тезирек качалы. Агер атайын аткың келсе — ат, кара жүрөк, ат, шүмшүк!
Акула Додсондун жүзүнөн терең кайгыруу байкалды.
— Ишенбейсиң, Боб, — деди ал үшкүрүнүп, — сенин тору атыңдын буту сынганына кандай өкүнүп турам.
Анын жүзү заматта өзгөрдү, эми анда муздак ырайымсыздык менен тойбос ачкөздүк чагылып турду. Бул адамдын ички дүйнөсү, кээде сыйлуу үй-бүлөнүн үйүнүн терезесинен каракчынын жүзү жылт этип көрүнгөндөй, бир көз ирмемге жылт этти.
Чындыгында Бобдун маңдайына ушул жерде калуу жазылган экен. Ишенимсиз досунун огу атылып, ага коктунун таш дубалдары нааразычылык менен жаңырып жооп берди. Ээсинин кылмышына айласыздан шерик болгон аты — Боливар «Кечки экспрессти» карактаган банданын акыркы аман калган мүчөсүн тез алып жөнөдү. Атка эки кишилик жүктү көтөрүүгө туура келген жок.
Бирок Акула Додсон токойдо чаап баратканда, анын алдындагы бак-дарактарды туман каптагандай болду, оң колундагы револьвер эмен креслонун ийилген туткасына айланып, ээр башкача өзгөрүп, көзүн ачканда буттары үзөнгүдө эмес, эмен жыгачынан жасалган жазуу столуна такалып турганын көрдү.
Ошентип Уолл-стриттеги «Додсон жана Деккер» маклерлик конторасынын башчысы Додсон көзүн ачты десем болот. Креслонун жанында ишенимдүү клерк Пибоди сүйлөөгө батынбай турганы көрүндү. Терезенин ары жагында дөңгөлөктөр дүңкүлдөп, электр желдеткичи мээ кайнатып зыңылдап жатты.
— Кхм! Пибоди, — деди Додсон көзүн ирмегилеп. — Көзүм илинип кетиптир. Укмуштуудай түш көрдүм. Эмне болду, Пибоди?
— «Треси жана Уильямстан» мистер Уильямс сизди күтүп турат, сэр. Ал Икс, Игрек, Зет үчүн эсептешүүгө келди. Эсиңизде болсо, ал ошол акциялар менен күйүп кеткен, сэр.
— Ооба, эстедим. Ал акциялардын бүгүнкү баасы канча болуп жатат?
— Бир сексен беш, сэр.
— Анда аны менен ушул баада эсептешип койгула.
— Кечириңиз, сэр, — деди Пибоди толкунданып, — мен Уильямс менен сүйлөштүм. Ал сиздин эски досуңуз, мистер Додсон, анткени сиз бардык Икс, Игрек, Зет акцияларын сатып алгансыз да. Менимче, сиз... кыйнабай эле койсоңуз болот эле... Анын сизге токсон сегизден сатканы эсиңизде жок окшойт. Эгер ал азыркы баада эсептешсе, бүт капиталынан ажырап, үйүн да сатууга туура келет.
Додсондун жүзү заматта өзгөрдү, эми анда муздак ырайымсыздык менен тойбос ачкөздүк чагылып турду. Бул адамдын ички дүйнөсү, кээде сыйлуу үй-бүлөнүн үйүнүн терезесинен каракчынын жүзү кылт этип көрүнгөндөй, бир көз ирмемге жылт этти.
— Бир сексен бештен төлөсүн, — деди Додсон. — Боливар экөөнү көтөрө албайт.
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR