АҢГЕМЕ
Ай жарык, кычыраган суук түн эле. Алексей Иваныч Романсов жеңиндеги жашыл шайтанды кагып таштап, капканы абайлап ачты да, короого кирди.
— Адам деген, — деди ал акыл калчап, таштанды салынган чуңкурду айланып өтүп баратып тең салмактуулугун араң сактап. — Бул — топурак, закым, күл... Павел Николаевич губернатор болсо да, ал да күл. Элге көрүнгөн улуулугу — жөн гана түш, түтүн... Бир үйлөп койсоң — жок!
— Рррр… — деген үн угулду философтун кулагына.
Романсов үн чыккан жакты карап, эки эле кадам ары жакта бөрүдөй болгон талаа овчаркасы тукумундагы капкара чоң итти көрдү. Ал короочунун кепесинин жанында чынжырын шылдыратып, ага азуусун көрсөтүп турган. Романсов аны карап ойлонуп, бетине таң калгандай түс берди. Андан соң ийинин куушуруп, башын чайкап, капалуу жылмайды.
— Рррр… — деп кайталады ит.
— Түшүнбөй турам! — Романсов эки колун жайды. — Сен... сен адамга ырылдайсыңбы? А? Өмүрүмдө биринчи жолу угушум. Кудай урган... Эмне, адам баласы — ааламдын ээси экенин билбейсиңби? Мына карап көр... Мен сага жакындайм... Мына, карачы... Мен адаммынбы? Сенин оюңча кандай? Адаммынбы же адам эмесминби? Түшүндүрчү!
— Рррр… Гав!
— Колуңду бер! — Романсов итке колун сунду. — Колуңду! Бербейсиң-би? Каалабайсыңбы? Кереги да жок. Ошентип белгилеп коёбуз. Азырынча тумшугуңдан бир сылаганга уруксат эт... Мен жакшы көргөндөн...
— Гав! Гав! Ррр… гав! Авав!
— Аааа… кабайын дейсиңби? Абдан жакшы, мейли. Эстеп коёбуз. Демек, сага адамдын аалам ээси, айбандардын падышасы болгону бир тыйын да кереги жок экен да? Демек, сен Павел Николаевичти да капса болот деп ойлойсуңбу? Ошондойбу? Павел Николаевичтин алдында журттун баары башын ийип таазим кылат, ал эми сага анын ким экени — баары бир экен да?.. Сени туура түшүндүмбү? Ааа… Демек, сен социалист турбайсыңбы? Токтой тур, мага жооп берчи... Сен социалистсиңби?
— Ррр… гав! гав!
— Токтой тур, каппа... Эмне жөнүндө айтып аттым эле?.. А, ооба, күл жөнүндө. Бир үйлөп койсоң — жок! Пфф! Анан эмне үчүн жашап жатабыз, сурап көрсөң? Энебиздин толгоо тартуусу менен төрөлөбүз, ичебиз, жейбиз, илим алабыз, анан өлөбүз... мунун баары эмне үчүн? Күл! Адам баласы бир тыйынга да арзыбайт! Сен итсиң, эч нерсени түшүнбөйсүң, агер сен... жан дүйнөгө кире алганыңда! Психологияны түшүнө алганыңда!
Романсов баш чайкап, түкүрүп койду.
— Чалчык... Сага мен, Романсов, коллеждик секретарь... жаратылыштын падышасындай көрүнүп атамбы... Баары калп! Мен – арамтамакмын, паракормун, эки жүздүүмүн!.. Мен митемин!
Алексей Иваныч колу менен көкүрөгүнө ургулап, ыйлап жиберди.
— Тыңчымын, чагымчымын... Егорка Корнюшкинди менин айыман айдаган жок деп турасыңбы? А? А комитеттин эки жүз сомун ким катып алып, Сургучовго шылтап койду, сурасам болобу? Ал да менин колумдан келбеди беле? Арамза, эки жүздүү... Иуда! Кошоматчы, ачкөз... акмак!
Романсов жеңи менен жашын сүртүп, өкүрүп ыйлады.
— Мына тиште! Жулмала! Жеп сал! Өмүрүмдө эч ким мага туура сөз айткан жок... Баары ичинен мени акмак деп ойлойт, а көзүмчө мактап, жылмайгандан башканы билишпейт! Кошоматчылар! Бир жолу болсо да бирөө тумшукка уруп, сөгүп койсочу! Тиште, ит! Каап ал! Жулмала акмакты! Жеп сал саткынды!
Романсов теңселип барып, иттин үстүнө жыгылды.
— Ооба, дал ушундай! Теримди сыйрып ал! Бооруң оорубасын! Ооруса да аяба. Мэ, колумду да тиште. Ага, кан агып атат! Сага ушул керек, макулук! Ошондой! Мерси, Жучка.. же атың ким эле? Мерси… Тонумду да тытып сал. Баары бир парага келген... Жакынымды сатып, түшкөн акчага тон алгам... Могу кокардалуу фуражка да ошондой... Айтмакчы, эмне жөнүндө сүйлөп аттым эле?.. Кете турган убакыт болуптур... Кош бол, күчүгүм... ант ургурум...
— Рррр.
Романсов итти сылап, дагы бир жолу санын тиштетип алды да, тонго кымтынып, теңселе басып үйүн көздөй жөнөдү…
Эртеси түштө ойгонгон Романсов таң калыштуу көрүнүшкө туш болду. Башы, колдору жана буттары таңылуу экен. Керебеттин жанында ыйлай берип көзү шишиген аялы менен кабатырланган дарыгер турган.
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR