АҢГЕМЕ
Бул жарык дүйнөнүн ада болору кыштын кыраан чилдесине туш келди. Түн качан түшөрүн такташты, Күн жалп этип бир заматта өчүп каларын айтышты. Динчилер “Тоорат”, “Забур”. “Инжил”, “Куран” китептерин көтөрүп чыгышты, жарык дүйнөнүн түгөнөрүн дин китептеринде жазылгандарга таянып, бир ооздон ырасташты, бирок кыямат кайымдын келер мезгили Кудайдын өзүнөн бөлөк эч ким билбейт дешти.
Окумуштуулар эки жаатка бөлүндү: бири Күндүн энергиясы бир нече миллиондогон жылдарга жете тургандыгын, Күн эч качан жалп этип өчпөрүн айтып, эсебин көрсөтүштү; экинчи топ Күн жалп этип өчүп, дүйнөнү караңгылык каптарын далилдешти, бирок кыямат кайым болбойт деп бекем айтышты.
Эл булардын кимисине ишенерин билбей, баштары маң. Бул кооголоңдуу кабар массалык маалымат каражаттары аркылуу бүтүндөй дүйнө жүзүнө тарады. Мурда ылдымдыкты чагылгандай тез деген салыштыруу менен ченешчү, азыркы заманда ар кандай кабарлар чагылгандан бир канча жүз, миң эсе бат тарап калды. Байланыш каражаттары таңгалычтуу өстү, интернет дүйнө жүзүн каптады, Жер жүзүнүн бир бурчундагы кабарды бөлөк бурчундагылар ошол замат угуп, билишти.
Ал ортодо эл дүкөндөрдөн, базарлардан ширеңке, шам, фонарларды сатып ала баштады. Саналуу күндүн ичинде жарык берүүчү нерселер соода жайларынан жылан сыйпагандай жоголду, соода өкүлдөрү чапкылап, шаарларды кыдырып, ширеңке, шам, фонарларды вагондорго жүктөп алып келишти, буларды да эл сатып алып коюшту, бардыгы түбү жок кудукка куюлуп аткандай ың-жыңы билинбей калды. Андан соң ун менен нан сатыкка түшпөй, тегирменден, наабайканалардан ары элге тарады, адамдар нанды мешке кургатып катырып, мүшөктөргө салып жыйып, катаал күнгө карата даярданышты, бул даярдыктары эч кимге айтылбай, жашыруун жүрдү, алар биринен бири кызганып, ким канча азык даярдашканын бөлөктөргө билдиришпеди, ар ким өз алдынча күдүңдөп, сырды бекем сакташты.
Узакка сакталчу азыктардын баасы көтөрүлүп кетти, ага эч ким көңүл бөлбөдү, сатып алганына сүйүнүштү. Анан эл самындын түрлөрүн үйлөрүнө жыйып киришти, самын издегендер дүкөндөн дүкөн кыдырып, адегенде эмне болуп кеткенин түшүнө албай, анан барып эстерине келип, алар да табылган жерден дүңү менен сатып алып кетишти. Күн өчүп, Жер жүзүн караңгылык каптаса ушул жыйып алгандары бир бороон тосконго жарачудай, андан кийинкисин көрө жатышар, эгерде кыямат кайым чындап келсе, булардын деле кереги жок болуп калат, акыры заман келбесе андан жакшы, артык дөөлөт баш жарбайт деген сөз бекер айтылбас.
Чоң шаардагы элдин мүнөзү өзгөрдү; кыймыл мурдагыдай болбой калды, адамдар көп сүйлөбөй түнт боло баштады, биринен бири сыр жашырып аткандай туюлду, мурда эчтеме менен иши жоктор басса-турса Кудайды оозунан түшүрбөй калышты. Дин мекемелерине каттагандар көбөйдү; бардыгы жарык дүйнөдөн ажырагысы келбеди, Кудайга жалынып, зыярат этишти, бир Кудайдан бөлөккө ишенич артышпады, жасаган күнөөлөрүнө кечирим сурашты, ойдо жаман эчтеме жок жөн жүргөн жеримден шайтандын азгырыгына берилип кетипмин деп күнөөнү шайтанга оодаргандар болду, эгерде шайтан муну уккан болсо өз бетин өзү көгөртө чымчып, ордунан үч-төрт жолу тегеренип кетиши турган иш эле.
Балдар дүйнөнүн кантип ада болуп атканын көрүүгө кызыгышты, ал күндүн бат келишин тилешти. Алардын ата-энелери, чоң адамдар балдарын мындай тилегиңе таш кабылсын деп урушту, кудай дегиле, Кудайга жалынгыла, Күндү өчүрбөй, биздей кулуңарга жарык дүйнөнү узарткын деп сурангыла, Кудай жаштын тилегин берет дешти. Балдар чоңдордун көзүнчө Кудайга жалынышты, алардын айткандарын кайталашты, анан өздөрүнчө калганда кыямат кайымды көргүсү келгендерин кайра талкууга алышты.
Сыртынан бул шаар турмушу демейдегидей өтүп жаткандай туюлду; транспорттор маршруттарында жүрүп атты, банктар, дүкөндөр, базарлар иштеп, окуу жайлар токтободу, шаарга бөлөк тараптардан жүргүнчүлөрдү ташыган самолёттор конуп, кайра учуп кетип атты, поезддер күндөгүсүндөй учуп-күйүп дүпүлдөп элди, жүктөрдү ташый берди. Алансайын массалык маалымат каражаттары жарык дүйнөнүн аяктарына канча күн калганынын эсебин алып турду. Ал эми күндөр мурдагыдан алда канча тездикте өтө берди, ары-бери карагыча күн батат да, таң атат; адамдардын сезиминде таңы кайсы, күнү кайсы, аралашып жатып калды. Адамдар жарык дүйнөнүн бүтөрүн ар кандай элестетишти; бирөөлөр Күн, Ай, жылдыздардын бардыгы жалп этип бир өчөт, жер үстү капкараңгы болот, анан ошол караңгылыкта мухиттер, деңиздер ташыйт, суунун деңгээли менменсиген бийик тоолордон жүз кез бийик көтөрүлөт, суу жаныбарларынан бөлөк тирүүдөн эчтеме калбайт дешти; бирөөлөр жок, андай эмес, адегенде Асман-Жерди жарган үн чыгат ал үндөн жандуулардын бардыгы турган-турган жеринде бири калбай кырылат, анан ошол үндөн суулар ташып жерди каптайт, ошондо акыры кыямат келет деп айтышты; анан жер жарган үн кайра кайталанганда өлгөндөрдүн бардыгы Кудайдын кудурети менен тирилип, алар бизге кошулуппу, же биз аларга кошулуп, Кудайдын алдында сурак беребиз, ошерден жасаган күнөөбүзгө карата баа алабыз, бейиш менен тозокко бөлүнөбүз, кыямат кайымга тирүү баргандар Кудайдын көп сыноолорунан өтүшөт, ал эми кыямат кайымга чейин өлгөндөр бейиштен орун алат дешти.Бул кепти уккандар мурда өлгөндөргө ичтери күйдү, мындай боло тургандан кийин мурда эле өлүп калбай деп ойлошту. Бул кезде өмүргө караганда өлүмдүн артыкчылыгы алда канча чоң экендиги такталды, өлүмдүн улуулугуна баа беришти. Бирок өмүрсүз өлүмдүн болбостугун эскерткендер көп болду, өмүр бүткөндө өлүм келерин айтып талашты. Өлүм өзүнчө жалгыз пайда болбой тургандыгын далилдегендер өмүрдү улуу дешти. Өлүмдүн улуулугун айтышкандар өмүр акыры түгөнөт, анткени, ал убактылуу кубулуш, ал эми өлүмдүн улуулугу анын чексиздигинде, өмүрдүн чексиз уландысы, ал баарыбызга тийиштүү, жан-жаныбарлардын акыры барар жери өлүм, ата-бабадан бери өлүмдү улук деп келишкен деп талашты.
Өмүрдү улук дегендер беркилерге моюн беришпеди, ыйык китептерде жазылган кыямат кайымды эскертишти; кыямат кайымда бардык жан-жаныбарлар кайра тирилет, Жараткандын алдында сурак беришет, анан бейиш менен тозокко бөлүнөт. Тозоктон күнөөсүн актагандарга бейиштен орун берилет, ал эми тиги дүйнөдөгү өмүр чексиз, аерде мезгил деген түшүнүк жок, андыктан, өмүр улук, өлүм убактылуу кубулуш, өлүмдөн чочулап кереги жок, өлүмдүн уландысы өмүр деп далилдешти.
Эки ортодо ыргылжың болуп тургандарга бул пикир жага бербей калды, динчилер да буга ынанышты, о дүйнө, бу дүйнө жөнүндө айтышканда акыры барып кыямат кайымга такалышат, ал эми кыямат кайымдан кийин мезгил деген түшүнүк болбогон жашоо орнойт. Анын чеги жок, түбөлүктүү. Андан кийинки дүйнө кыйроо айтылбайт, ал туурасында ыйык китептерде жазылбайт, олуя, көзү ачыктардын божомолу жок. Демек, барып-келип өмүр улуу боюнча кала берери анык болуп турду. Ал улуу өмүр да азыркы жарык дүйнөдөгүдөй эле Кудайдын башкаруусунда өтмөк. Ал эми Кудай түбөлүктүү кубулуш экендигин көп диндер ырастайт. Кудайдын өзү кандайча жаралгандыгы туурасында диндерде да, илимде да так маалымат айтылбайт. Эки дүйнө ээси ошол бир Кудай болуп эсептелет.
Кыяматтан кийинки тиги дүйнөнүн шарттары динчилер менен ортодогулар тургай, кудайсыздарга да жакты, акыретти ар ким ар кандай болжоду, өздөрүнүн түшүнүктөрүнө карата баалашты; бирлери жомоктогудай алтын-зерден тургузулган хансарайлардагы кооз турмушту элестетишти, кээлери падышалардын жайыл дасторкондорун күзөштү, дагы бирлери түркүн жемиштери салаалап бышып турган чарбакты көз алдына келтиришти; бирөөлөр шаан-шөкөттүү, күндө майрам, күндө той шаңды каалашты, ичкиликке жакындар жер жайнаган арак-шарапты бейиштин тамагы катары көрүштү; үйсүз-жайсыз селсаяктар кышта жылуу, жайда салкын кооз үйлүү болобуз дешти, кылмышкерлерди түрмөнүн жоктугу кубандырды, кеселдер оору сыркоону билбей, эсен-соо жүрө тургандарына шүгүр дешти, жетим-жесирлер ата-энелери, тууган-туушкандары менен бирге болоруна сүйүнүштү; кедей-кембагалдар бирөөнүн көзүн карабай оокатыбыз тың өтөт экен дешти; гаремди жактырган эркектер сулуу кыз-келиндерди, ал эми шайкелең келин-кыздар олбурлуу, карылуу эркектерди элестетишти; жалкоолор бекер тамак-аш менен бекер кийимге сүйүнүштү, айтор, кыямат кайымды адамдардын ар бири өз-өзүнчө жорушту.
Аба быйыл эрте сууду, күн тийип турганы менен жерди мурдагыдай жылыта албады, муну күндүн күчү кетип баратканы менен түшүндүрүштү. Кээ бирөөлөр айнекти көөлөп алышып күндү карап, аерден кара тактарды көрүп, күн чын эле өчүп баратканын айтышты. Күндүн өчүп баратканын көрөбүз дешип кара көз айнектерди сатып алгандар көбөйдү, биринен бири ашып жакшысын, кымбатын сатып алышты, ошентип, аз эле убакыттын ичинде бул шаарда кара көз айнек тагынбаган эч ким калган жок, буту менен басып жүргөн кары-жашынан бери бардыгы көз айнексиз жүрбөй калышты. Мурда тунук көз айнек тагынып жүргөндөр кара көз айнекти анын үстүнөн кийишти. Бардыгы асмандагы Күндөн көз алышпайт, карашкан сайын күндүн өчкөн тактары көбөйүп бараткандай сезилет, ансайын элдин маанайы пастап, кыямат кайымдын келатканы чындыкка ооду.
Түнкүсүн Айдын бетине туман орноп калгандай күүгүмдөнгөнү көбөйдү, бул көрүнүш бир канча адамдарды ого бетер түйшүккө салды, айрымдар Күн өчсө Ай бар, анын жарыгына деле көнүп кетебиз, илгери электр жарыгы жок кезде чырак менен жүрбөдүк беле дешти. Бул пикирге уюп жүргөндөр көп болучу, эми Айдын бети тунук ачылбай калгандан бери алардын акыркы ишеними четинен кетиле баштады, Ай да мурдагыдай ачылбай, боз басып туруп алды. Демек, кыямат кайым жакындап калганы анык болду. Демейде асмандын бетин бербей жыбыраган жылдыздар да суюлуп бараткандай, кыямат кайымда алар да жоголсо керек, Жер, анын үстүндө көмкөрүлүп турган асман ээн калып, ааламдын байланыштары үзүлгөндө туш-тараптын бардыгы ыдырап, сөгүлүп, табият бузулуп, жашоо токтосо керек. Кыямат кайым эч нерсени, эч кимди аябайт экен. Ал кезде ажал дүйнөгө бийлигин жүргүзөт, үстөмдүгү артат, жандуулардан жер жайнаган чегирткелер ажалга кызмат артып, адамдардын бир бөлүгүн талап, мүлжүп жеп кетишет. Ал чегирткелер аралап кеткен жердин топурагы учуп, бак-дарактардын дүмүрүнөн бери эчтемеси калбайт. Асман толо периштелер учуп, эки баштуу, үч баштуу, жети баштуу, тогуз баштуу желмогуздар ооздорунан от чачып, адамдардын эмгегинен бүткөн курулуштарды мындай кой, табият менен кошо жаралган аска-тоолор алар чачкан оттон күйүп, орду түбү менен жок болот. Жок богондо сапырылган күлү да калбайт. Кыяматтын бир белгиси ушул экен.
Ал ортодо Күн менен Айдын жарыгы улам начарлап баратканы адамдарды ого бетер чочутуп салды. Алардын бетиндеги кара тактар күн өткөн сайын улам көбөйө берди, көлөмү да чоңойгондон чоңоюп келатты. Мындай тездик менен кете берсе экөө тең бат эле өчүп кала турган.Чынында Күн менен Айдын бетиндеги ушул кара тактар азыр алардан көз албай санап, санаган сайын кыямат кайымды ар кандай элестетип турган бул адамдар төрөлө электе, тээ атамзамандан бери бар болучу, бул кара тактар кыямат кайым менен кандай байланышы бар экени жөнүндө түшүндүрмө эч бир ыйык китепте жазылбаган. Эми Күн менен Айдын өчөрүнө бир айга жетпеген, тактап айтканда, жыйырма бир күн калды. Ал декабрь айынын ошо күнүндө ишке аша турган кубулуш болучу, бүгүнкү күнгө декабрь айынын бири, бул күн кыш мезгилинин башталышы болуп шартту түрдө эсептелгени менен кыштын бийлиги небактан бери өкүм сүрүп калган. Жандан өткөн карандай сууктун түшкөнүнө көп болду, ошол сууктан кайыгып, шаар адамдарынын беттери тоттугуп, кара сур тартып кетти, суук тийип, өпкөсүн кагып жөтөлгөндөр көбөйдү, жугуштуу кургак учук болуп жүрбөсүн деп шекшингендер тигилерден оолактап качып калды. Кыямат кайымдан мурда кудайдын кары жааса болот эле дегендер асманды карады кар күтүп. Андан калса адамдар кар түшмөйүн кыштын бийлигин эсепке албай, күз небак жалбырактарын күүп, жылуусу кетип, дарактар бүрүшүп үшүп, тулку боюн бубак басып калса да кышты оозанбай, күздү айтып, айтканда да күз бийлигин бербей узакка турду дей беришет. Өткөн жылдары бул мезгилге жетпей кар жаап, кыш кычырап күчүнө кирип кала турган. Күн сууп, суу тоңуп, тоңмой тургай өзөндөрдүн жээктерин кат-кат калың муз тиштеп калса да кар жок болгондон кийин адамдар быйылкы күз узакка созулду, мынчалык созулчу эмес эле, табияттын бузулганы ушу дешти. Деп атышканда асмандан жаз күнүндөй кара нөшөр төгүп берсе болобу, тоң тиштеген жер кыртышына жамгыр сиңбей, кыр-кырлардан чууруган суулар алдастаган бойдон ойго чогулуп агып, андан эңкейиш менен чопо, таш, кум, акыр-чикир аралаш жер үстү менен сойлогон жалаңкыч кейпинде каралжын тартып, шаарга кирип келди. Бу шаарга жазгы, күзгү калың кара жамгырда кээде суу каптап келчү, бирок мынчалык айбаттуу, үрөй учургандай коркунучтуу болгон эмес, көлөмү да азыраак, тайыз боло турган. Ал эми азыркы каптаган селди адамдар кыямат кайымдын белгиси менен түшүндүрүштү, ыйык китептерде ушундай жазылган деп айтышты, бирок ыйык китептердин кайсынысынын каеринде жазылганын иликтеген эч ким болгон жок, айрымдар өзүнүн жеке пикирин ыйык китептерге жармаштырып айтып, башкаларга сыр көрсөтүүнүн аракетинде болду. Шаардын эли эми кудайдын башка салганын көрөбүз деп тобокелди бел тутту.
Бирок тобокел акыр аягына чейин такат бере албады, шаар эли бүлүк түштү, кыямат кайымдын топон суусу экен дегендер болду. Көп кабаттуу үйлөрдү аралап аккан кара кочкул суу кыямат кайымды күтүп олтурган адамдарга туш келгенин жалмап бараткан жети баштуу желмогузду элестетти. Чоң үйлөрдүн алдыңкы кабатындагылар жанталашып жогорку кабаттарга чыгышты. Алар үстүңкү кабаттарда жашагандарга көз артышты, кыямат кайымдан үйлөрдүн ошол жогорку кабаттары сактап калчудай сезилди. Төмөндө капкайдагы акыр-чикирлерди шилеп, көбүктөнгөн кочкул суу үйлөрдүн арасындагы майда арыктарга батып-батпай, ашып-ташып, чоң үйлөрдүн пайдубалын жаба берип, желдеткич тешиктерге жетип-жетпей агып атты. Пайдубалдардагы желдеткич тешиктер жерден алда канча өйдө салынганы абийир болуптур, бир аз ылдый болгондо азыркы каралжын ажыдаар кейптенген суу куркураган бойдон үйлөрдүн жертөлөсүнө кирип кетмек экен. Үйлөрдү кургандар ушундай сел жүрчү жагдайларды эске алган окшойт.
Адамдар башына мындай мүшкүл түшкөндө кудайга жалынып, андан ырайым сурагандан башка колунан эч нерсе келбесин сезди, кыямат кайымга кишилердин моюн сунуп калгандыгы туюлуп турду. Сууну үйлөргө жолотпой башка жакка буруп жиберүүгө эч ким батынбады, суунун арты мындан да чоңоюп келет менен бардыгы жанталашып качкандан бөлөккө жарабады, убагында шаарды айланта дамба курбаганы үчүн өкмөттү күнөөлөлөштү, ушул коогалаңдуу күндөн аман чыгышса, каражат чогултуп, шаарды айланта эки-үч катар дамба курбасак болбойт дешти. Кыямат кайымдын кыйроосунан кыбыр эткен жандуулар гана эмес, жер үстүндөгү кылайган жансыздардан бери орду-түбү менен жок болорун билип турушса да дамба курабыз дегендер куру кайрат үчүн айтып жаткандарын өздөрү сопсонун билип турду, ал сөздү уккандар да буга ишенишкен жок.
Үстү жактан карап тургандарга суу уламдан улам күчөп, чоңоюп келаткандай туюлганы менен үйлөрдүн пайдубалынын желдеткич тешиктерине жеткен жок, суунун деңгээлине көз салып турган адамдар ошол желдеткич тешиктерди чек кылып алышты. Сууну ушул чегинен өйдөлөтө көрбө деп кудайга жалынышты. Ал чектен ашса үйлөрдүн алдын көлкүлдөп суу басып, анан кабат-кабат үйлөр тизеге чапкандай кыйраңдап барып кулап калары бышык болучу.
Телевизордон түз эфирден үч окумуштуу сүйлөп, элди тынчытууга үндөдү, эч кандай кыямат кайымдын болбостугун, учурда дүйнө жүзүндө аба ырайы глобалдуу жылуулукка учурап жаткандыгын, асман атмосферасында шамалдын багыттары өзгөргөндүгүнөн улам кыш чилдесинде жамгыр жааганын, мындай кубулуштар дүйнөнүн ар кандай бурчтарында боло барчү көрүнүштөр экенин, геофизикалык жактан алып караганда аба ырайынын өзгөрүүсүнө көбүнчө мухиттер менен деңиздердин, тоолордун таасири күч болорун, булардын бардыгы илим жүзүндө небак эле такталып калгандыгын, дүйнө түбөлүктүү экендигин далил менен айтышты. Бир кездерде жер үстүндө жашаган элдин моралдык жактан психологиялык бузулуулары күчөп баратканда адамдардын кийинки тукуму айбандардын деңгээлине түшүп кетүү коркунучунан улам өз мезгилинин алдыңкы, акылдуу, аалым адамдары Кудайды бетине кармап, динди ойлоп таап, ага адамдардын бир бөлүгүн үндөп киргизип, ал аз болуп атканда динсиздерди күч менен кудайдын жолуна салууга аргасыз болушканын, дин нечен кылымдар бою адамдарды тарбиялап келгенин, азыр да анын таасири күчтүү экенин жашырышкан жок. Адамдар ар түрдүү кылмыштардан, жаман жосундардан, ыплас жоруктардан оолак жүрүп, бири бирине астейдил мамиле жасап, бардыгы бир тууган экендигин унутпоону, эгерде күнөө жасаса ал бул дүйнөдөн ар кандай жагдайлар менен кутулуп кеткен күндө да тиги, түбөлүк дүйнөдө кыямат кайым сурагында жоопко тартыларын эскерткен, ошол сурактын акыйкаттыгын, катаалдыгын адамдардын арасына даңазалаш үчүн алар кыямат кайымды, анын сурагын Жараткандан атынан ыйык китептерге жазып чыгышканын айтышты.
Окумуштуулардын мындай бүтүмү эң ириде динчилерге жаккан жок, Кудайдын сөзүн танып, шайтанды ээрчип, анын бузукулугуна кирип, кыямат кайымдын алдында элге туура эмес маалымат берип, ансыз деле күнөөлөрү толтура адамдарды ого бетер күнөөгө батырап жаткандарын айтышты. Бирок алар кыямат кайымдын кайсы убакта келерин, аны Кудайдан бөлөк эч ким билбестигин, кыямат кайым баланча күнү болот деген маалыматтын жалгандыгын, аны айтып жаткандар да, кыямат кайымды тангандар да күнөөгө батарын эскертишти. Ыйык китептердеги кыямат туурасында жазылгандарды мисал келтиришти, бул маалыматтар адамзат эмес, Жараткандын өз сөзү экендигин ырасташты, ал эми Жараткандын сөзүн жокко чыгарууга же аны оңдоого адам аттуунун акысы жоктугун баса белгилешти.
Кыямат кайымды угуп жүрсө да аны анчалык элес албай, убагы келгенде көрөрбүз деп койгондор эми ыйык китептерди таап, анда кыямат жөнүндө жазылгандарды окуп киришти, аерде адегенде кыямат болор алдындагы белгилер айтылыптыр, ал белгилердин көбүн небактан бери көрүп, билип, өздөрү аралашып жүрүшсө да алардын кыяматтын белгилери экенин билишпептир! Буларды элге жарыя этишпей, дин кызматкерлери ушул убакка чейин айтпай жүргөндөрүн сындашты, аларды билимсиз дешти, сапсайган сакалдарын кыркып салыш керек дегендер чыкты.
Мурда, туулгандан бери бир динде жүрүп, кийин аки-чүкүсүнө көп деле түшүнбөй, шартка жараша бөлөк динге өтүп кеткендер эмне кыларын билбей, баштары маң болуп, ооздору ачылып калды. Алар кыяматта кайсы дин боюнча сурак беришерин, жазасы кандай болорун, эмне үчүн бир динден бөлөк динге өткөн себебин кандайча түшүндүрөрүн, мурдагы тутунган дининен азыркы дининин артыкчылыгы эмнеде экендигин сураганда эмне жооп айтышары мээни чулкулдатып жиберди. Ал суракка бир айга жетпеген убакыт калды, чукул арада жооп табышпаса, анда тозоктун дайрасына агып, отуна күйөт. Кээ бирөөлөр кыямат сурагынан чочулап, мурдагы динине кайра кайтмай болду, анда кийин кирген диндин топ башчылары мейлиңер, кайсы динди тутсаңар эрк өзүңөрдө, төрт тарабың кыбыла, бирок биздин миссия көрсөткөн жардамдарды кайра кайтарып койгула, кыямат сурагынан эмнеге чочулап жатасыңар, диндин бардыгы Кудайдын эрки менен жерге, адамдарга таралган, Кудай бир динди өйдө, бирин төмөн койгон эмес, бардыгы бирдей, бардыгыбыз тең бир Кудайга сыйынып жатабыз, кайсы динде болсоң да урмат-сыйыбыз Кудайга багытталган, ал эми Кудай деген жалгыз, ал бирөө гана дешти.
Булардын мынтип айткандыры динин алмаштыргандарга жагып калды, чынынды эле кайсы дин болсо да Кудайга жалынып, сыйынып, ага сый-урматын көргөзүп жаткан соң ал зыяраттын бардыгы Кудайга арналат, ал эми Кудай деген жалгыз, демек, кай динде болбосун зыяраттын бардыгы Кудайга түз жетип турат экен. Бул жагынан дин алмаштыргандар чочулабай, бир жаңсыл болушту.
Адамдардын көбү ыйык китептерди баштан аяк окушкан жок, алардын бардыгына убактыларын зарптагысы келбеди, кыямат кайым жөнүндө жазылгандарды гана бөлүп алып окушту, калган жазуулар аларга кереги жок болучу, атүгүл басмаларга барышып, китептин кыямат жөнүндө жазылгандарын гана бөлүп чыгарып берүүлөрүн сурашты, бирок басма ээлери Кудайдын сөздөрүн бөлүп-жарууга биздин эч акыбыз жок, кыямат кайым жакындап келатат дешет, силердин шартыңарды аткарабыз деп Кудай алдында күнөөгө бата албайбыз, кайсы диндин болсо да ыйык китептерин толук түрдө чыгарабыз деп коюшту. Дин өкүлдөрү басма ээлеринин айткандырын туура көрүштү, Кудайдын сөздөрүн бөлүп-жаргандар, оңдоого алгандар, туура эмес түшүндүрмө бергендердин күнөөлөрү өтө чоң, тиги дүйнөдө алардын орду тозоктун тозогунда, андайларга эч бир пайгамбар, эч бир периште, Ата, Уул, Каситеттүү Жан, Будда ... кепил боло албайт, аларды Кудай кулум, пайгамбарлар үмөтүм дешпейт, анткени, жасаган күнөөлөрү үчүн алар бардык Касиеттүүдөрдүн ишениминен чыгып калышкан деп айтышты. Ал эми китеп басмалары ар кандай диндеги ыйык китептерди байма бай чыгарышып, сатыкка коюшту, эл талап алып кетип атышты. Адамдардын айрымдары дин өкүлдөрүнө келип, Кудайдын сөзүн сатып пайда таап жаткандарын, ыйык китептер атамзамандан бери бекер таратылып келгендигин айтышты, дин өкүлдөрү басма ээлерине кайрылып, алардын ыйык китептерди чыгарып аткандары колдоого аларлык иш экендигин, сооп болорун айтышты, бирок ал китептерди сатып аткандары эч бир алкакка батпай тургандарын, ал деген Кудайдын сөзү, ал сөз сатылбастыгын айтышканда басма ээлери алар менен талашып-тартышканда эч пайда чыкпай тургандыгын билишип, китептерди басууга кеткен каражаттардын кымбаттыгын, бул китептердин азыр элге керектигин,
көп адамдар келип, ар түрдүү диндеги ыйык китептердин жетишсиздигин айтып сурангандарын, анан ыйык китептерди чыгарып, ар кандай диндеги адамдардын керектөөлөрүн канааттандырып жаткандарын айтып актанышты. Ыйык китептерди бекер таратабыз десеңер анда бул шаарда ар түркүн диндин миссионерлери жүрүшөт, кептин чындыгын айтканда ыйык китептерди чыгаруу, аларды таратуу ошолордун милдети, алар өз милдеттерин аткарбай, бизге ыракмат айткандын ордуна кайра жаманатты кылууга аракеттенип жатышат деп доо коюшту. Муну уккан дин өкүлдөрү баары бир Кудайдын сөзүн саткан бул жосунуңар туура эмес, силер чоң күнөөгө баттыңар, кыямат кайымдын сураганда жооп берип каласыңар дегенде басма ээлери тигилер менен кайым айтышкан сөздү улашкан жок, силер кабатыр болбогула, ал суракта ар ким өзү үчүн жооп берет молдоке, деп узатып коюшту. Молдокелер эмне айтарын билбей, басма ээлеринин бул сөзүнө жооп таба алышпай бирин бири карап калышты, ыйык китепти жеткире окубай калгандарына өкүнүштү, өздөрүнүн билими жетишсиз экенин жашырыш үчүн басма ээлеринин бул сөзү шайтандыкы экенин, шайтан айттырып атат дешип, бардык күнөөнү эми шайтанга оодара салышты. Бирок шайтандан жооп болбоду.
Ал аңгыча көп адамдар суранышкан ыйык жазуулардын кыямат кайым бөлүктөрү өз алдынча дискаларга жазылып, жер-жерлерде сатыла баштады, бул өтө ыңгайлуу экен, адамдар телевизорлоруна, компьютерлерине салып, каалашынча окушту. Айрымдар кагазга чыгарып алышты, кээ бирөөлөр аны көбөйтүп сатып жүрүштү. Анан интернет аркылуу ар ким чөнтөк телефонуна кийрип алышты. Буларды токтотууга дин өкүлдөрүнүн шаасы жетпей калды, алар мындай жосунсуз жоруктарга өкмөт кийгилишүү керектигин айтып чыгышты, өкмөт болсо мыйзам боюнча дин мамлекеттен бөлүнгөнүн, алардын иштерине кийгилишүүгө акылары жок экендигин жарыя эткен билдирүү таратты.
Ал эми күн учкан куш сымал шуулдап өтүп, дүйнө ада болор акыры кыямат жакындай берди. Ыйык китептердеги кыямат кайымдын жакындагандыгы жөнүндөгү жазылган белгилерине караганда ал кыяматтын келери дайын болуп калыптыр. Пайгамбарлардын айткандарында бул дүйнөгө акыркы пайгамбар келгенде кыямат болот экен, ислам боюнча Мухаммед акыркы пайгамбар аталып, анын көзү өткөнүнө бир жарым миң жыл болуп калыптыр, бирок ыйык китепте акыркы пайгамбар дүйнө салган соң канча мезгилден кийин кыяматтын келери айтылбаптыр, андыктан, аны ар ким ар кандай болжоду. Акыркы пайгамбар демекчи, исламда Мухаммед пайгамбар өлгөндөн кийин отуз жалган пайгамбарлар чыккан соң кыямат келери айтылат. Бул кабарды окуган адамдар жалган пайгамбар дегендерди санап, ушунчу жылдардан кийин алардын саны али үчөө-төртөө эле экенин билишип, кыямат кайымга али көп мезгил бар экен деп көңүлдөрү жайлана түштү. Дагы бир белгиси Палестина (Фаластын) бошотулганда кыямат кошо келет деп айтылган экен, тарыхта Палестина эки ирет бошотулганы жазылган, ал эми үчүнчү жолу качан бошотулары белгисиз, бул белги аны окуган адамдардын маанайын кайра чөктүрүп салды. Мындай маанай чөктүргөн көрүнүш жакыр адамдар тез аранын ичинде байып кетишкени, мырзалар күңдөрүнө үйлөнүп, балдары аталарына баш ийбегени, ичкиликти адамдар көп ичип, мас болуп, бирин бири өлтүргөндөрдүн күчөгөнү, ар кандай жагдайда адамдар өзүнүн жанын өзү кыйганы болду. Кай жакты караба, булардын бардыгы азыр кадам сайын кездешкен көрүнүш болуп калды, мындан көрө кыяматтын белгилерин ыйык китептерден окуй электе жакшы экен, көп нерселер менен анча иши болбой бейгам жүрө беришчү. Ыйык китептерде ушулардын кашкайып жазылып турганы кыямат кайым чындап келип калганын билдирди.
Арактын артынан кууп ичип, үй-бүлөдөн, тууган-туушкандардан, дос-тамырлардан ажырап, көчөдө калгандар көбөйдү, алардын кара курсагын тойгузгандан бөлөк көздөгөн эч нерсеси жок, анан экиден-үчтөн биригип, таштандыларды аңтарып, уурулук жасап, жалгыз-жарым жүргөндөрдү тоноп, жарыбаган тыйын үчүн күнөөсү жок бечераларды өлтүрүп салгандардын көбөйүшү кыяматтын белгилеринин бири болгону адамдарды катуу чочулатты, жарык дүйнөнүн ада болушун ушул селсаяктар чакырып жатыптыр, кыямат ушулардын өз баштарынан ашпасын деп каргашты.
Чокусун асман тиреген кооз имараттар салынып, биринен бири өтүп асман чапчып, ал үйлөрдө жашаган адамдар асман менен жердин ортосунда чайпалып ырыхатка батып, адал менен арамдан бүткөн байлыгына чиренип, сыртынан Кудай деп койгону менен ниетинде байлыктан башканы эңсебей калганы, кыртышы катуу таштак жерлер түгүл салаадан куюлган кум үстүнө бийиктиги көз кайкыткан үйлөрдүн курулушу кыямат жакындагандын бир белгиси экенин билбей жүрүшүптүр, андай кооз, бийик имараттарга суктанып, мактап, айрымдар андан кооз, бийик үйлөрдү салып, билими менен эмес, байлыгы менен атаандашканы бүтүндөй жер үстүндөгү адамдардын көрөр күнү, ичер суусу түгөнүп, шору босогосуна келип калганына түшүнүштү. Түшүнгөн менен бардыгы кеч болуп калыптыр, кеч болбосо деле колдорунан эмне келмек, байлыгы жоктор силердин бул жоругуңар кыяматтын белгиси, мунуңардан кайткыла деп айтышмак, бирок аларды ким укмак, байлыгы ташыгандар байлыгын, бийликтүүлөр бийлигин көргөзгүсү келет, жөн жата берсе бул дүйнөдө байлык менен бийликтин бар экенин эч ким сезмек эмес. Адамдар байлыкты адеп ошол бийик, кооз имараттар менен ченейт, ошерде жашап, аер анын менчиги экенине курсант, андай жайларды канчалык көп курса, имараттын бийиктигине, кооздугуна жараша анын аброю ошончолук көтөрүлөт, үйүнүн чокусун жерден чалкалап караганда башынан калпагы түшүп кетсе, анда ал бул дүйнөдө өзүнүн бекер жашап жүрбөгөнүнүн сезет. Ал эми бийик, кооз үйлөр биринен бири өтүп курулуп, мен шаармын дегендердин бардыгы сырткы турпаты менен мактанып калды, аларды көргөнү Жер жүзүнүн ар кайсы тараптарынан адамдар агылып келип, таңдайларын такылдата таң калып, көргөндөрүн узун сабак сөзгө айлантып, өздөрү мындан да мыкты үйлөрдү салууга киришти. Ошентип, эрегиш, атаандаш башталды, бул эрегиштин арты барып кыямат кайымга такалаары ыйык китепте ачык жазылып, мындай кооз курулуштардын көбөйүшү менен бул дүйнөнүн күнү бүтүп баратканын белгилеп турду. Бирок андай курулуштардын токтоор түрү жок, кыяматтын жакындашына адамдар өздөрү шашылып жатыптыр, асман тиреген мындай кооз үйлөр биринен бири өтүп, болгондо да ыйык китептердин биринде жазылгандай арабдардын кумдуу жеринде курулуп жатканы бул дүйнөнүн ада болушуна адамдар гана күнөөлүү экендигин ырастайт. Мындай үйлөрдү куруу бүткүл Жер жүзүн каптады; Батыш, Чыгыш, Түндүк, Түштүк чөлкөмү кереги барбы, жокпу, мактаныч үчүн тыным билбей бийик үйлөрдүү куруу менен алек болду, кыртышы кумдак жердеги үйлөргө кооздугу жагынан жетпесек да бекемдиги, сапаты жагынан биздики чыдамдуу, жер титирөөнүн баланча баллына чыдайт дешип кепилдик беришти. Ушундай кепилдикти бийик үйлөрдү салгандар гана эмес, дегеле курулуштардын бардыгына кагаз жүзүндө жазып, мөөр басып, колдоруна карматышты. Берилген кепилдикке андай үйлөрдө жашагандар аябай сүйүнүштү, табияттын кырсыгынан анчалык чочулашкан жок, бирок... кыямат кайымдагы кыйрашты эстеринен чыгарып жиберишти, айрым адамдардын арасында кыяматка чейин ким бар, ким жок дегендер болду. Эми ошол кыйроо күндүн жакындап келатканы кыямат менен иши жокторду ааламды адамдар эмес, анын Ээси өзгөртө тургандыгын тактады. Ал эми кооз, бийик үйлөр мурда кандай салынып жатса, эми андан ашып курула берди, аларды кыямат түбүнө түшүрө кыйратып салбаса, адамдардын курулушун токтото турган түрү билинбейт. Жараткан пенделеринин оюна койсо, кыямат кайым жүрүп жаткан кезде деле ач көздүк канына сиңип калган адамдар кооз үйлөрүн салуудан баш тартпай турганы билинди. Пендесинин пейили оңдолбосуна көзү жеткенден кийин аалам Ээси бардыгын кыйратып салып, дүйнөнү кайра башынан, жаңыдан баштоону чечсе керек. Андай жаңы жашоого пенделери кантип көнөөр экен, же ал дүйнөгө акыл-эси, ниети, жүрүш-турушу, ой-максаты булардан таптакыр бөлөк адамдар келеби? Ыйык китептердеги жазууларда ушул азыркы адамдардын ата-бабалары, укум-тукумдары, кыяматтын кыйроосуна туш келген муундун өкүлдөрү болуп бардыгы кайра тирилип, кыяматтын сурагынан өткөндөн кийин бөлөк турмушка туш келишет деп айтылат, андай болсо, азыркы адамдардын тукуму үзүлбөй тиги дүйнөгө чогуу-чаран баргандыктан, анда биз кайра эле мурдагы көнгөн адатыбызга түшүп кетпей турганыбызга ким кепилдик берер экен? Азыркы адамдардын тукуму үзүлбөгөн соң жаңы дүйнө да бир мезгилде кайрадан кыямат кайымга туш болушу мүмкүн го деген түкшөмөл суроо пайда болду, буга көбү жооп таба албады. Бирок кыямат кайымдабы, же ажалы мененби, тирүү жан бир өлгөн соң кайра тирилүү деген болбогон кеп, булардын бардыгы бийликтеги дин адамдарынын ойлоп чыгарганы, бийлигине баш ийбегендерди кыяматтын сурагы, тиги дүйнө менен коркутуп, адам баласы төрөлгөн соң акыл-эси киргенден баштап, өмүрдүн кымбаттыгына, жашоонун шаңына эмес, өлүмгө, өздөрү ойлоп тапкан кыяматка даярдашат деп айткандар кыяматтан кийинки кайра тирилүүнү четке кагышты, кыямат кайымбы, же табигый кырсыкпы, болбосо, адамдардын колунан келчү кыйрообу, айтор бул дүйнөдөгү Жер үстүндөгүлөрдүн бардыгы жок болуп кетиши мүмкүн, асти өлгөн адамдар кайра тирилип келебиз деген калп сөз, ага ишенбегиле дешти.
Баарынан да араб жергесинин улам бир бурчунан чыгып аткан чыр-чатактар кыямат кайымдын белгилери менен тааныш адамдарды көбүрөөк чочулатты, ыйык жазууларда кыяматтын бирден бир негизги себеби болуп согуш эсептелет, ошол согуш оту тутана берип Жер жүзүн бүтүндөй каптап, адамдар бири бирин өлтүрүп, Жер үстүн өрттөп, тыптыйпылын чыгарып салчу кез келип калганы даана болуп турду. Арабдардын чыр-чатактары тезирээк бүтсө экен дешип дин тутунгандар да, тутпагандар да Кудайдан суранышты, ал жерге тынчтыктын орношун тилешти. Кенен дүйнөнүн тээ алыскы бир бучкагынан чыккан ал чатактын карама каршы жактагы алыскы бурчуна эч тиешеси жок болучу, эгерде мындай чатак кыяматтын белгилерине төп келбегенде анда бул жактагылар тигилерди бири өлүп, бири калсын деп кол шилтеп коюшмак, арабдардын чатактары канчалык тезирээк токтосо, кыямат ошончолук нары жылып, адамдардын көрөр күнү узармак. Ал ансайын арабдардын чатагы тынбай койду, бири тынчып баратса, бири башталат, анысы бүттү го дешсе, башкасы тутанат, мунусу токтобой, мурдагысы кайра уланат, кыямат кайым дал ошол арабдардан башталарына адамдар чындап ишенди. Алар бирин бири эзелтен бери сөөк өчтүү душмандардан бетер колдо болгон куралдар менен аёосуз кырып атышты, согушкан эки тарап тең Аллахтын атын аташып, ар бир өлтүргөн кишисин Аллахка багыштаган курмандык деп эсептешти, андай курмандык миң-сандап көбөйдү. Ал ортодо араб жергесине баштарына селде чалышып, ислам динин тутпаган, арабча “Алло акбар” деген сөздөн башканы билбеген бөлөк мамлекеттерден келген куралчан адамдар толуп кетти. Булардын келиши менен согуш мурдагыдан күчөп, шаар-кыштактарды өрт чалды, өлүм-житимдер көбөйүп, өлгөндөрдүн денелерин салт менен жерге берүүгө үлгүрбөй, кенен казылган аңдарга сүйрөп барып көмүп жатышты. Анан күн алыс элдин көп топтошкон жеринде жан кечтилер өзүн жардырышып, өзү менен кошо күнөөсүз бир канча адамдарды кошо жардырып, эл бөөдө өлүмдөн катуу чочуп калышты, бири бирине ишенбей, ар кимден шек санашты, куралдуу сакчылар күчөтүлгөн тартипте иштеп, ар кандай кырсыктардын алдын алуунун жолун издешти. Ансайын согушчандар менен жанкечтилердин саны көбөйө берди, тыкыр көзөмөлгө алынган аймактарда да жарылуулар токтогон жок, бүгүнкү күн буерде тынч өтсө, бөлөк жерде кырсык катталып турду. Жашыруун жерлерде жанкечтилерди даярдаган лагерлер көбөйдү, ал жерлерде Аллахтын атын жамынган баңгизаттар менен сансыз акчалар айланып жүрдү. Анан ал жанкечтилер араб жергесинен бөлөк тараптарга тарады, ортодогу мухиттер, деңиздер, ээн талаа, аска-тоолор аларга бөгөт боло албай койду, аны менен кошо жер-жерлерде бейкүнөө адамдардын өлүмү көбөйдү, кадам сайын ажал күтүп тургандай элди коркунуч каптады, ким жанкечти, кимиси жөн-жай жүргөн пенде экени билинбеди, адамдар бири бирине ишенич артпай калды. Муну негизинде бөлөк диндегилер ислам динин сындап, анын адамзатка келтирип жаткан зыяндары туурасында айтып чыгышты, жанкечтилер менен согушчандардын негизги урааны Аллах экендиги, алар Аллахтын атына арнап адамдарды курмандыкка чалып аткандары жапайылык жана мыкаачылык деп кине коюшту. Андай кинеге ислам дин өкүлдөрү өздөрүнүн каршылыктарын билдирип, жанкечтилер менен согушчандардын ислам динине эч кандай тиешеси жок дешип, алар жалган мусулман экенин, булардын бардыгы кудайсыздар, өздөрү кудайсыз болгону аз келгенсип, аларды кудайсыздар жалдап алышып, элге ислам динин жек көргөзүш үчүн атайын жасалып аткан иш деп айтып чыгышты. Бирок жанкечтилер менен согушчандар ансайын Аллахты атап чакырып, жер жүзүндөгү адамдардын бардыгын ислам динине киргизебиз, халифат түзөбүз, бизди Аллах колдойт деп ураан салышты. Ошону менен кимиси чын, кимиси жалган экенин эл түшүнбөй, бөөдө кырсыктан сактайгөр деп Кудайга жалынышты, жанкечтилер менен согушчандарды каргап-шилешти, бирок алардын түгөнө турган түрү көрүнбөдү, улам өсүп-өнүгүп, көбөйө берди. Булар акыры кыяматтын жасоолдору экен деген сөз тарады эл ичине, кыямат кайымдан мурун адамдар ушулардан коркушту, булардын өлүмүнө караганда кыяматтын өлүмүн туура көрүштү, ошого моюн сунуп турушту. Жанкечтилердин кырсыгына кабылгыча чындап келе турган кыяматы аржакка эртелеп келсе экен, алган Кудай кайра кайрымдуулук жасап, адамзат күнөөлөрүнөн арылган соң кулуна берерин унутпас дегендер кыяматтан кийинки түбөлүк өмүргө ишенич артышты, жанкечтилерди машыктырып, аларды өлүмгө шилтеп, бейкүнөө момундардын канына забын болуп аткандарды Кудай өзү жазалайт, алардын орду тозок, акыретте бара турган жери ошер дешип өздөрүн сооротушту. Айтор кыямат күнү жакындап калганы ыйык китептерде жазылгандарга дал келиши көп кишилерди таң калтырды, ошол тээ атамзаманда бүгүнкү күндү таамай айткандарына динчил эместердин арасында олку-солкулукту жаратты, алар динге ишенбейли десе, кыямат кайымдын алдындагы жазуулар чындык болуп турганы мурдагы көз караштарынан толук бурулуп кетпесе да дин менен эсептешүүгө аргасыз болушту, көпчүлүгү жакаларын кармап, Кудайга тобо келтиришти.
Кыяматтын белгилерин ыйык китептерден ушуларды окугандар таң калып бүтө электе ал жазууларда замандын бузулушу жөнүндө айткандары бийлик кызматы жок көпчүлүк момун элдин оозун ачырып, кыямат кайымдын жакындап кирип келгенин дагы тастыктап салды. Мунун далили болуп арам жол менен байлык топтогондор бийлик кызматтарына келери, коомду билимдүүлөр эмес, байлыгы ашкан жалганчылар, кылмышкерлер башкарып калары айтылган экен. Момун адамдарга бардыгынан ушул жазуу катуу тийди, кылмышкерлер менен жалганчылардын айынан жашообуз түгөнүп бараткан экен дешти. Баарынан да кылмыш жасап соттолуп, түрмөгө олтуруп чыккандардын мамлекеттик жооптуу кызматтарга дайындалышын мурда эл арасында бийликтеги паракорлук деп айтылып келсе, эми кыямат кайымдын белгиси катары кабыл алынды, тозок өзүнүн каалгасын кенен ачып коюп, буларды чыдымсыздык менен күтүп олтурганын, күнөөсү ашкандар отко күйүп, сууга чөккөндө табасы кана турганын айтышты.
Адамдар негизинен кекчил болот, ылайыгы келгенде биринен бири өч алууну жөндөн жөн өткөрүп жибербейт, өч алуунун жагдайын дайым күтөт, ал колунан келбей калганда Кудайга койдум, Кудай жазаласын дейт, муну менен ал адам өзүнүн алсыздыгын жашырып, жалган айкөлдүгүн, каршылашкан адамынан бийик турарын көргөзгүсү келет, бирок айтканына өзү анча ишене бербейт, аны уккандардын да кулагынын сыртынан кетет, себеби, бул сөздү ар ким-ар ким айта берип, азыркы учурда өзүн өзү сооротуу үчүн гана ойлоп табылган нерсе катары кабылданып калган. Эми ыза болгон көп адамдар күткөн кудуреттүү Кудай алардын моокумун кандырчу ошол акырет жакындагандан жакындап келатат, анын жакындашы эч кимге кереги жок болучу, динчилер тиги дүйнөнү канчалык мактаган менен ал жакка барууга ашыккан жан жок эле, оору-сыркоолор айыгып кетүү үчүн колдон келген аракеттерин жасашып, ажал менен акыркы күчүнө чейин кармашып барып аягында жеңилип берет. Анан адамдар өзүнүн кайгысын басуу үчүн жакшы адамдарды Кудай алып кетет экен, ал Кудайдын сүйгөн пендеси турбайбы деп жооткотушат. Эми Кудайдын сүйгөн ошол пенделери кайра тирилип, тирүү кезинде жасаган күнөөлөрү үчүн сурак берүүгө аз убакыт калды, күн эмес, саат өткөн сайын ал кыямат сурагынын мөөнөтү учкан куштай ылдамдап келатат, ал күнгө ар ким ар кандай даярдык көрүп жатты; мечиттерге, чиркөөлөргө, дегеле Жаратканга сыйынып, зыярат этчү жайларга адамдар көп келип, жасаган күнөөлөрүнө кечирим сурап, бей-бечераларга зекет берип, аерден чыгып баратканда үстүнөн басып турган жүктү бирөөлөр алып салгандай жеңилденип баратышты, өз ойлорунда Кудай бул пенделеринин күнөөлөрүн кечирип салгандай туюшту.
Ушул күндөрү зыярат жайларына каражаттар мурда болуп көрбөгөндөй көп топтолду, колунда барлар, жоктор да билип-билбей жасаган күнөөлөрдөн арылуу үчүн акча, тамак-аш, алтын, күмүш, зер буюмдарын алып келип тапшырышты, кыямат кайымда эч кереги жок болуп калат, бекер калгыча Кудай жолуна багыштап, күнөөмдөн арылганым олжо дешти, зыярат жайлардын кызматчылары адамдардын мындай саамалыгын колдошуп, пенделериңдин күнөөлөрүн кечирегөр деп Жараткандан суранып, баталарын беришти. Чогулган каражаттар кыямат кайымдан кийин кайда калат деп сурашкандар болду, бул суроого зыярат жайларынын өкүлдөрү булардын бардыгын адамдар күнөөлөрүнөн арылуу үчүн Жаратканга багыштаган, андыктан, алар пенделеринен белек катары кудурети зор Кудайга таандык, аны кандайча зарптарды аалам Ээси өзү чечет деп айтышты. Бул жоопту уккандардын көбү ыраазы болушту, кээ бирөөлөр бырс күлүп жиберишти.
Кудуреттүү Кудайдын момун пендесимин дегендердин бири зыярат жайына барып, аерди башкарган дин өкүлүнөн үч-төрт күн ичинде кайра кайрып беремин деп бир аз акча карыз сурады, дин өкүлү өзүнүн жеке акчасы жок экенин айтты, ал эми зыярат жайындагы каражаттар аныкы эмес, анын бардыгы кудурети артык Кудайга таандык экенин, напсисин агытып, аны өз керегине жаратып коюп күнөөгө бата албай тургандыгын айтып, момун пендени жылуу-жумушак узатып койду.
Акыры заман жакындаган сайын зыярат жайларына келгендердин саны көбөйгөндөн көбөйдү, өзгөчө, кылмыш дүйнөсүндө жүргөндөр каражат аяшпады, канчалык көп берсе, жасаган күнөөсүнөн ошончолук таза арылчудай сезилди. Бийлик кызматындагылар көбүнесе эч кимге көрүнбөй өз-өздөрүнчө түн катып келип жүрүштү, ал эми зыярат жайлардын эшиги күнү-түнү ачык турду, Кудайдын пенделери каалаган учурунда келип, колунан келгенин беришти, дин өкүлдөрү сен аз бердиң, сен көп бердиң дешпеди, дуба окуп, пенделериңдин күнөөлөрүн кечирегөр деп Жараткандан суранышты, пенделерге андан башканын кереги жок болучу.
Кээ бир адамдар келаткан кыямат кайымга анча деле ишенишпеди, байлык топтош үчүн муну кайсы бир шылуундардын ойлоп тапканы, балким дин кызматкерлеринин атайын уюштурган алдамчылык амалы деп шек санашты, кыямат кайымдын белгилери менен таанышып чыккан соң өздөрүнүн ишенимдерине олку-солку болуп, не бар не жок деп зыярат үйүнө барышып, Жаратканга жалынып, күнөөлөрүн кечиришин сурашты, дин кызматкерлерине жолдугун жасашты. Дин кызматкерлери зыяратка келгендерди тыным албай кабыл алып, дуба окуй берип суй жыгыла турган болгондо саатка карата убакытты бөлүп алышып, кезек менен тейлөөгө өтүштү. Ал эми зыяратка келгендерден түшкөн каражаттар төрт капталына кум толтурулган отко күйбөс оор, бекем темир сандыкка салынды, ал сандыктын төрт ачкычы тең зыярат үйүнүн башчысынын чөнтөгүндө сакталды. Башчыдан бөлөк кызматкерлер өздөрү тейлеген мезгилде зыяратчылардан түшкөн каражаттарды санап, өзүнө дегенин чөнтөгүнө бөлүп коюп, чоң сандыкка салына тургандарды дептерге жазып, эсебин алып турушту, муну башчыга билдиришкен жок.
Зыярат жайларындагы кирешелердин мынчалык көп экендигин байкаган шылуундар экиден-үчтөн биригип, үйлөрдү ижарага ала коюшуп, зыярат жайларын ачышты, кыямат кайымга аз калса да бул күндөрдү текке кетирбей, бизге келип Жаратканга сыйынып, күнөөңөрдөн арылгыла, бизге Кудайдын периштелери Жер үстүндөгү адамдардын күнөөлөрү баштарынан ашып кетти, аларды күнөөлөрүнөн арылтуу үчүн силер зыярат үйлөрүн ачкыла,өзүңөргө окшош пенделердин күнөөлөрүн жууп, кыяматтын сурагына таза баргыла деп аян беришкенин айтып жарыя салышты. Бул жарыяны алар массалык маалымат каражаттары аркылуу элге таратып жиберишти, көпчүлүк кулактарын делдейтип тыңшап турушту да, анан эл агылып, жаңы ачылган зыярат үйлөрүнө барып беришти, мурдагы зыярат үйлөрүнө кирип-чыккандар азайып калды.
Бул көрүнүш шаардагы дин өкүлдөрүнүн кыжырын кайнатты, алар элге кийинки ачылган зыярат үйлөрү мыйзамсыз, аердегилердин дин билими жок, булар шайтандын жолуна түшкөн кесепети ашкан алдамчылар, ал жакка баргандар күнөөдөн арылмак тургай кайра белчесинен батып калышат деген кабар таратышты, бирок анткендери менен бул жакка зыяратка келгендердин саны өспөдү, дин өкүлдөрү эми бөлөкчө чара көрмөй болушту, алар зыяратка келгендерге тамак берилет, ал тамакты таткандар күнөөсүнөн арылып, кыямат сурагына тазарып барат дешти. Тамактын акысы бычылбады, ар ким колунан келген баасын төлөйт, эгерде кошумча каражат беришсе, анда ошол берген каражатына жараша башка түрдөгү тамактар да сунуш этилет деп мурдагыга дагы кошумча жарыя таратышты. Бул жарыя дин өкүлдөрүнүн зыярат жайларына адамдардын көбөйүшүнө түрткү болду, бирок үй-жайсыз кир-кок баскан селсаяктардан арылуу үчүн зыярат үйлөрүнүн дарбазасына атайын күзөтчүлөр коюлду, селсаяктарды киргизбөө аларга катуу тапшырылды.
Пенделердин эрегиши бүтө электе ал ортодо кыямат кайым жакындап, үч күн калды дегенде кыштын чилдесинде асмандан кар ордуна дагы нөшөрлөп жамгыр жаады. Ансыз деле чочулап турган эл жалдырап көктү тиктеп, асман дүйнөсүнөн ырайым күтүштү; бирлери беттерине бата тартышты, кээлери чокунушту, дагы бирөөлөрү зикир чалышты, бир топтору малдаштокунуп жерди тиктеген калыбында ичинен келме келтирип,үнсүз олтурушту, айтор ар кандай дин өкүлдөрү өз ишенимдеринде кыяматтын алдында Жаратканга зыярат этишти, булардын бардыгынын сыйынгандары өзү төрөлбөгөн, башканы төрөтпөгөн, кайра кайталанбас, жаралгандан жалгыз, аалам ээси, кудурети артык бир Кудай эле. Бардык диндегилер өз тилдеринде, өз-өз дилинде ошол бардыгына таандык бир Кудайдан жакында эле ден соолук, байлык, бакыт тилешсе, эми көпчүлүгү кыяматтын сурагын жеңил берүүсүн сурашты, өзүңдөн башка биздин карманаарыбыз жок, биздин туубуз, туткабыз да өзүң дешти.
Пенделеринин үнү жеттиби, чакалап куюп аткан нөшөр бир кезде тып басылды, асман ачылып, күн жаз келгендей жаркып тийди. Адамдар Кудайга ого бетер тобо келтиришти, мактоолор, даңктоолор айтылды.
Ал аңгыча дагы бир күн өтүп кетти. Эми бир күндөн соң адамдардын үйшүн алган кыяматтын сааты бийлигин жүргүзөт, бул дүйнөнүн кыйсыпыры түшүп, чакчалекейи чыгып, ада болот, жандуулардын бардыгы кырылат, кыяматка чейинки өлгөн адамдар сурактан өтүп, алар бейиштен орун алгандан кийин барып кыямат мезгилинде жантаслим болгондорго кезек жетет, бирок алардын тирилер-коёру белгисиз, муну бир топ убакыттан бери сакал-мурутун ээн коё берген, багалеги балбалактаган шалбар, үстүнө этеги узун көйнөк кийген, башында киринен өз өңү билинбей калган топучан эркек адам менен бети-башын кара жоолук менен чулганып, жерге сүйрөлгөн узун көйнөкчөн аял келип, шаардын чеке-белиндеги иретсиз салынган жапма тамдарда жашаган адамдарга дават окуп, бул дүйнө жалган экенин, анык дүйнө кыяматтан кийин келчү бейиштин дүйнөсү болорун тамшанып айтып жүрүштү, булардын дин билим деңгээлин сураган киши болгон жок, зыярат үйүнүн өкүлдөрү экен деп ойлошту.
Ошол жапма тамдардын биринин эркеги тиги дүйнөнү элестетип, бейиштен эртелеп орун алгысы келди, адамдар көбөйүп кетсе орун жетишпей калчудай сезилди, андан калса бул дүйнөнүн жалган дегени чын болсо керек, турмушун оңдосом деп ары урунду, бери урунду, ошо ары-бери урунуп жүргөндө түндөсү букага сүздүрүп, бир көзүн ак басып калган, улам кырсыктап, дегеле жарыбай койду, ал ортодо уурулугу кармалып, түрмөгө олтуруп калды. Түрмөдөн бошонуп чыккандан кийин күлү бир жерге додо болбой жүргөндө үйлөндү, бул там ошол аялдыкы, ал аял кургурдун эки баласы бар, бири тестиер, беркиси кичине, өз эри көп акча таап келип, бул бир бөлмө жапма тамдын жанына келиштирип чоң үй саламын деп иштегени чет жакка кеткен, ал ошо бойдон кайрылып келген жок, ошояктан өзүнө окшоп иштегени барган бир аял экөө үйлөнүп алышыптыр, бул жакка сени менен ажыраштым деп чөнтөк телефонунан үч талак айткан билдирүү жиберген. Балким келип калар деп келин үч жыл күттү, үч жыл ичинде балдарына үч тыйын пайдасы тийбегенден кийин акыры түңүлгөндө ушул эрине тийген. Бул эри экөө жайды жайлата суй жыгылгыча ылайга түшүп, шишип-көөп жүрүп жалгыз бөлмө жапма тамга дагы бир бөлмө кошуп алышкан.
Экөөнүн оокаты үйүнөн жүз кадам жерге жетпеген базардан, эри тачке тартат, аялы эки баласы менен майда-барат нерселерди сатат; аерде эмне гана жок дейсиң: кулпусуз топ-топ ачкычтар, арзан байпактар, кызыл-тазыл үйлөмө шарлар, тиш чукугучтар, бурум-шурум ... айтор эмне арзанды ушерден тапса болот. Балдарды эмдиги жылы жакын жердеги мечиттердин бирине сүйлөшүп коюшкан, ошердин жумушун коной-түнөй жасап, жаткан жери, ичкен тамагы бекер, эртели-кеч келген-кеткендер сооп үчүн деп ардеме-бирдеме таштап коюшат, ал деле оңой олжо эмес, мечиттен Кудай жолуна түшүп, дин үйрөнүп чыгышса, кийин чоңу болбосо да көчө-көчөлөрдөгү чакан мечиттердин бирин ээлеп калышы ажеп эмес дешкен. Ошо менен балдарды мектепке беришкен жок, аерден мээсин тескери айнытышып, кафур болуп, ол дүйнөнүн кыямат кайым сурагында биз дагы күнөөгө батабыз, ата-бабабыздын жолунан чыкпайлы, алар да ол дүйнөдө кыйналбай тынч жатышсын деп чечишкен.
Ошентип, эл кыямат кайым менен уу-дуу болуп атканда жаңы конуштардын биринде мурда кулак укпаган окуя болду; эки бөлмө жалпак тамда жашаган үйдөн катары менен үч: эки бала, бир эркектин өлүгү чыкты, балдарды мешке жагылган көмүрдүн иси уруптур, ал эми эркек муунyп өлүптүр, ак чалган көзү оюлуп калыптыр. Аны аялы ойсо керек, оң колунун манжалары кан уучтаган бойдон жатыптыр.
Эртең менен күн чыга кошуналарынын бири келип, каалгасын ачса, үйдүн ичине ис толуп, ээлери ар кайсы жерде томпоюп жатышканын көрөт, булардын бир коогалаңга кабылганын сезип, каалгаларды кенен ачып, үйдүн ичин желдетип, кошуна-колоңдорго кабарлайт. Үйдөгүлөрдүн үчөө өлүп, аялдын эси ооп жатып калган жеринен аны догдурга жеткиришип, дарылап, эсине келтиришет. Аял дарыланып чыккыча кыямат кайым болор мезгилден бир апта өтүп кетти, ал кыяматтын болгон-болбогонун түшүнбөй калды, өңү же түшү экенин айрып билбеди. Ушул окуяны көрүп-уккандар ар кандай болжошту; бул бечералардын өлүмү каршылашкан бирөөлөрдүн колунан келген иш окшойт дешти, дагы бирөөлөр үй ичинде чатактын кесепети болуп жүрбөсүн деп айтышты, өлгөн эркектин туушкандары мунун бардыгын аялынын жасаганы деп ишеничтүү айтышты.
Аялды милиса тергөөчүлөр суракка алды, аял адегенде муну кыяматтын сурагы экен деп ойлоду, бирок алар аялдын жасаган күнөөлөрү жөнүндө бир ооз эскербей, эри менен эки баланын өлүмүн сурашты, аял болгонун болгондой жашырбай айтып берди: мурда өлгөндөр кыяматта кайра тирилип, сурактан өтүп, бейиштен жай аларын, кыямат мезгилинде өлгөндөр мурдагылардын сурагы бүткөндөн кийин барып тирилерин, булар тирилип, сурагы бүткүчө бейиште орун калар-калбасын эч ким билбейт экен, андыктан, кыямат кайымга калбай эртелеп о дүйнөгө кетүүнү чечтик, адегенде эрибиз муунуп өлүп, өлгөндөн кийин ак баскан сокур көзүн оюп салуусун өтүндү, эгерде ошол боюнча калса, кайра тирилгенде көзү ак баскан боюнча каларын, аны оюп салса, жаңы көздүү болорун айткан, анан калганыбыз мешке көмүр жагып, анын түтүн чыга тарган жолун жаап, иске уугуп өлмөй болгонбуз, биз дал ошондой жасадык, берки үчөө азыр бейиште жүрүшсө керек, мен бул жакта жалгыз калыпмын, ол дүйнөдө жүрөм десем, бардыгы мурдагыдай, мурдагы тирүү кезимдеги дүйнө менен ол дүйнөнүн айырмасын түшүнбөдүм деп айтты аял.
Ал көп күндөн кийин өлүмдөн аман калып, мурдагы дүйнөсүндө жүргөнүн түшүндү, ол дүйнөгө кетпей калганына бир аз ичи күйө түштү, анан тирүүлүктүн толгон токой түйшүгүнө батып, турмуш шарданына аралашып кетти, көп нерселер эсинен чыкты.Эми чындап келер кыямат кайымга чейин анын тирүү жетерин, жетпесин билген эч ким жок, кыяматтын качан болор күнүн так айткандар да болбоду, ал эми балбалактаган шалбар, узун этек көйнөк кийип, сакал-муруттарын ээн коё берген эркектер менен бети-башын кара жолук менен чулгап, жер шыпырган көйнөкчөн аял дават айткычтар мурдагыдан сээлдеп калды.
Ошол кыямат кайым болот деген күндүн эртеси Жер шарынын бөлөк бир тарабында жашаган индейлердин майя деген чоң уруусу дүйнөнүн жаңырышын белгилеп майрамдашты, алардын жылнаамасы боюнча ушул күнү индейлердин беш миң жылдык Кабыландын бийлик доору аяктап, жаңы дүйнө башталат экен, астронавт окумуштуулар бул кыштагы күн токтогондо азыркы адам баласынын акылы жетпеген галактиканын жашыруун сыры менен планеталар бир катарга тизилгенине күбө болушту, ал эми мындай тизилиш майя жылнаамасында ар бир жыйырма беш миң сегиз жүз жылда кайталанып турган кубулуш экендигин эскертет экен. Кыямат кайым ушуну менен ал жолу болбой калды.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR