О`Шакир: Акүйдүн «оосурак чалдары» дегенимдин бири ким эле?
- 16.09.2026
- 1018
- 1
Ыраматылык устатыбыз Алым Токтомушев А.Акаев бийлигинин тушунда “Кыргызстан – мифтин, манасчылардын өлкөсү” дечү. Дегенине анча түшүнчү эмес коом. Акүйгө санжырачылар толуп алганын кер какшык менен кемелине келиштире жазчу. Бирок оозеки жомокко ынак элибиз Алыкенин кебине кайдан ынансын; улуу эл экенибизге мактангысы келчү коомго Алыкедей асылдардын омоктуу ойлорун түшүнүү томук баш эл массасына оор да эй...
Устатымдын ошол логикасын уланткан мен жинди кудай жалгап 2023-жылы камалдым. Августта. Эсебимде: андан мурдарак камалышым керек эле. Дегеним, башкалар (интеллигенция дейсиңер го) КР Президентинин колунан сыйлык-наам алганга эки көзү төрт болуп жүрсө, а мен темир тор артындагы жашоону көрүүгө эки көзүм төрт болуп жүргөн кезим анда...
Насип буйруп, акыры камалдым. Алп адабиятты ошол жактан жаратуу керек болду мага... Тек, камалганга чейинки кычышкан тилим азыр да кычышат, азыр да чаласы калгансыйт. Камалар алдында азыркы бийликке акыл кошчу болуп алган оосурак чалдар Акүйдөгүлөрдү адаштырарын какшана коюп, “айткандын оозу жаман” О`Шакир болдубу? Болду. Бирок акыйкат кай тарабында экенин убакыт далилдеди.
Акүйдүн санжырачысы, оозунан “нарк кебин” түшүрбөс Сүйүнбек Касмамбетовдун жана анын эң жакындарынын ишмердигине токтололу эми.
Үч жыл мурда Британ элчилиги менен Евро Союзга коңгуроо какканым өз дарегине дадил тийген экен, Кыргызстандагы Би-Би-Синин кеңсеси акыры Касмамбетовалардын үй-бүлөлүк ээлигинен толук тазаланды. Аталган медиа борбору бүгүн эларалык норманы карманган медиага айланганы кимдин олжосу болду? Албетте, жалпы коомдун...
Ошондогу тилимди кычыштырган жагдайлар менен бул шилтемеден таанышсаңыз болот>>> 1) Касмамбетовалардын үй-бүлөлүк өз билемдиктери...
2) Маалыматка ким ээлик кылса, дүйнөнү ошол башкарат...
Арийне, кээде биздин коомдо медиада дүңгүрөчү сенсациялуу окуялар деле кадыресе көрүнүштөй тынч өтүп кетмеги бар.
Эшик акырын жабылат. Көп жыл бою ошол эшик артында отургандар кызматтан шыпырылат. А коомдун иши жок аны менен.
Кыргызстанда 2025-жылы дал ушундай окуя болду. Бул окуянын өзгөчөлүгү — бир мекемедеги кадрдык өзгөрүү эле эмес. Бул — дүйнөдөгү эң белгилүү медиабренддердин бири ББСнин кыргыз кызматына тиешелүү окуя.
Ондогон жылдар бою бир үй-бүлөгө жакын-жууктун баары ББС кызматынын ар кандай кызматтык даражаларында “оокат” кылып келишкени – нонсенс! Мындай шумдук кыргыз коомундагы бир үй-бүлө – бир редакция, бир нече кызматка мыкчыгерлик кылышканында туздун баары.
Ал эми ортодо — дүйнөгө көзкарандысыз журналистиканын стандарттарын үйрөтчү ББС. Бул жөн гана туугандардын бир жерде иштешиби? Же бара-жүрө кадрдык чечимдерди үй-бүлөлүк байланыштар аныктаган жабык система куруу беле?
Эң кокую — бул суроолор коомдук талкууга чыкпай келди. А тар чөйрөдө күңк-мыңк болгондорду көп кезиктирчүмүн. Анан тил кычышпай коёбу – ит өлүгү кайда жатканын көрүп, туюп туруп унчукпай коюуга? Акыры Лондондун өзүнө жетсин үчүн добулбасты катуурак кагууга туура келди да маминтип>>>. Бирок ошондо да кыргыз журналистикасы 2025-жылкы бул окуяга дээрлик көңүл да бурган жок.
Дүйнөлүк медиабренддердин бири ББСнин кыргыз кызматындагылар түп орду менен алмашты, бирок демейде камгак учса уу-дуу кеп кылар журналисттер журту үн катпады!
Касмамбетовалардын 30 жыл ББСнин кыргыз кызматында орноткон үй-бүлөлүк, кландык башкаруусу кыйраганы – «ББСдеги тынч революция» сыяктуу жым болду. А эмнеге экенинен шек-шооратыңыз барбы, азиз окурманым? Себепти төмөн жактан түшүнөрсүз...
Касмамбетовалардын ББСдеги кланынын кыйрашына Лондондогу башкы офисине жазылган бир канча арыз себеп болуп, Лондондон келген атайын текшерүү тобу ББСнин кыргыз кызматында орногон үй-бүлөлүк башкарууну, кландык системаны көрүп, ооздору ачылган бойдон кетишет. Жолуң болгур кыргызга ичтеринен баш чайкап.
Текшерүүдөн кийин ББСнин кыргыз кызматынын алмашкыс жетекчиси Гүлнара Касмамбетова кызматынан кетип, артынан Гүлнара Касмамбетова баш болгон жатындаштары да үй-бүлөлүк “ырыскыга” айланган кызматтарынан ажырайт.
ББСнин кыргыз кызматын жетектеп турган 30 жылда алар “непотизм”, “кумовство” очогуна айланткан үй-бүлөлүк башкарууда Гүлнара Касмамбетова да ББСнин кыргыз кызматынын алмашкыс директоруна айланганын журналисттер журту билчү эмес беле? Билишчү.
Ал эми азыркы бийликтин санжырачыларынын бири, жазуучу Арслан Койчиевдин аялы Венера Касмамбетова ББСнин кыргыз кызматынын Лондондогу продюсери экенин билгендер жок беле?.. Күйөөсү Арслан Койчиев болсо ББСнин кыргыз кызматынын Лондондогу журналисти болуп жыйырма жылдын тегерегинде иштеди.
Анысы албы? Айнара Касмамбетовачы? ББСнин кыргыз кызматынын Бишкектеги кеңсесинин администратору болгону аз келгенсип, Чынара Касмамбетова да ББСнин кыргыз кызматынын Лондондогу кызматкери болуп иштеп кеткеничи?
Мунун өзү дүйнөлүк медиа борборуна кыянатчылык кылуубу же бир үй-бүлөдөн чыккандын баары тубаса таланттуу журналисттер деген кеппи?!
Журналистик шыбагадан кур калбасын дешкениби, Касмамбетовалар жетишпегенсип Арслан Койчиевдин карындашы Венера Койчиеваны ББСнин кыргыз кызматынын бухгалтери кылып бекитишкеничи? Кандай жооп издөө керек буга?
О.э. Эрмек Максүтова дегени да Касмамбетовалардын кайсы бирөөсүнүн кызы экен, ал да ББСнин кыргыз кызматынын Лондондогу кызматкери. Ал аз келгенсип, Аскар Койчиев — Арслан Койчиев менен Венера Касмамбетованын уулу, ББСнин кыргыз кызматынын Лондондогу кызматкери.
Учурда дагы бир маалыматтын чын-бышыгына жетүү үчүн тактоо жүргүзгүм бар. Тар чөйрөдө укканыма караганда: Касмамбетовалардын дагы бир бөлөсү ББС кыргыз кызматынын Лондондогу кеңсесинде иштейт. Дагы бир күйөө баласы Бишкектеги кеңсенин программисти кызматын аркалап келгенинен кабарым бар.
А мүмкүн биз билбеген дагы канча чалмакей чалышканы Лондондон келген текшерүүчүлөргө гана маалымдыр. Айтор, эже-сиңди Касмамбетовалар ББС кыргыз кызматынын Лондондон чыккан негизги программасына «Сапар» деп атап, Сапарбек Касмамбетовдун атын ыйгарып алышканы – бул үй-бүлөнүн адеп-аклак ориентирин туюнтуп турган жокпу?
Акыр аягы дүйнөлүк медиабрендди үй-бүлөлүк кланга айланткан эже-сиңди Касмамбетовалардын доору 2025-жылы аяктап, учурда Лондондогу ББС кыргыз кызматына “Азаттык” радиосунун медиа-менеджерлерин чакырып, башкарууну тапшырышты. Азыр ББС кыргыз кызматын Лондондо Кубат Касымбеков, Бишкекте Заирбек Бактыбаев жетектөөдө.
Бирок бул үй-бүлө үчүн Лондондогу бир эшик жабылса, Бишкекте башка эшиктер жабыла элек. Бир кезде ББСдей дүйнөлүк медиабренддин кыргыз кызматында туугандык байланыштар айланасында кандай суроолор жаралса, эми ошол эле үй-бүлө Кыргызстандын мамлекеттик бийлигинин эң жогорку институттарында бакыйып отуруру.
Күнү кечээ Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Сүйүнбек Касмамбетов КР Эмгек Баатыры аталды. Бул жагдайда коомчулукта түрдүү пикир, түрдүү түкшүмөл ойлор бар... Касмамбетовдун кантип “Баатыр” болгонуна кийинки макаламда кенен токтолоюн.
Дегеним, Чыгыш элинде “вазир жакшы – хан жакшы” накылы жөндөн-жөн эле тил учунан канат кагып учкан кеп эмес. Сүйүнбек Касмамбетов президенттин курчоосундагы акыл кошчуларынын бири болуп калгандан бери Президентке эле эмес, карапайым, баёо, энөө кыргыз элине эмне гана санжыраларды чубуртуп келбеди?!
Деги чала молдолор мээсине чай кайнатып келгени жетпей аткансып, эми да өз башы менен ойлонбогон далай кыргыздын мээсин санжырага шыкаган, оңбогон О`Шакир үч-төрт жыл мурда бийликтин оосурак чалы атаган Сүйүнбек Касмамбетовдун бейнеси жөнүндө кебинин уландысы бар эй, акмалап тургула “РухЭшти”. Кокус камалып эле кетпесем, кызыктар алдыда)))))
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR
Комментарийлер (1)
Алымдын досу,Демилгенин(райгезит)журналисти,Демилгенин(комур кен)шахтеру Дайырбек менен жакшы мамиледе журдук.Алымга тааныштырган.Калганын озун тушундун да.Сени да жакшы эле тушуном,молодес деп коём.Жонокой,тапан акын,жазуучу ,деги койчу,коп кырдуусун.кээде кездешкенде кыя отпойи,учурашам.Сенин коп талапташтарын,окурмандарын ж.б.у.с. бар эмеспи.