Сүрөтчү Жоомарт Кыдыралиевдин бейнесине сүртүмдөр

  • 19.09.2026
  • 118

1. «Чекишип – бекишүү»

 

Мен Жоомарттын чоң атасы Мааламбердини да, өз атасы Асаналыны да көрүп калдым. Бул өткөн 80-жылдардын экинчи жарымы эле.

Мааламберди карыя тээ отузунчу, контурдун каардуу жылдарында «тройка» тарабынан атууга өкүм кылынып, анан кош солдаттын айдоосунда баратып, ажалдын ач оозунан амал менен качып кутулуптур. Ал мындайча болуптур. Ээндетип барып атмакчы болушкан сары ооз балапан солдаттарга кайрылып, муңайым айтыптыр:

- Эми балдар силерде не жазык, ишиңерди так аткаргыла. Мен да өлүм алдында бир ишимди аткарып алайын – шашпай бир түздөнүп алганга уруксат кылгыла.

- А түздөн, түздөн ой бооруңча, акыркы тилегиң аткарылсын, - дешиптир боз балдар шакылыктап.

Анан, «ана турат, жок», «мына турат, жок», тигиндейрээк басып барып калдайган чапанын айкара жамынып отурган ал – күнөөкөр, тегеле бир орундан козголбойт дейт, кебелбейт дейт. Тигилер кыйкыра берип, жадагандан кийин барышса, бир түп чийге таягын сая коюп, чапанын кийгизе салып, алдэбак эле жылт коюп, изин суутуп кеткен экен кайран киши. Беркилер туш-тушка аткылашып, аркы терки чапкылашып, таппай, суй жыгылып кала беришиптир.

Чоң атасынын төшөгүн баса отурган Жоомарт ар бир жолу ошол окуяны эстеп, өзү менен кошо барган кишинин көзүнчө кайра-кайра айттырып, жарпы жазылып күлүп:

- Атам молодес! Ошондо «акыркы тилегин» жакшылап аткарбай койсо биз бүгүн отурат белек ушерде, - деп каткырып турар эле, алпейим.

Мааламберди карыя ошондо, болжолу, токсон ашык жашта эле. Эти качыңкы тартканы менен сөөк-саактуу, албеттүү, зор киши болчу. Өз атасы Асаналы да ошондой шадылуу, муруту калкайган, кишини тик качыра кайсап караган, көзү күйгөн, сүрдүү, олбурлуу жан эле. Кезинде жооптуу-жооптуу кызматтарда иштегендиктен кыйла өкүм да эле. Кийин эле улгайып калган чагында да айылдагы тентектерди, айрыкча райондон келе калып чокчоңдогон чоңдорду кандайча бат эле теске салып койгонун айылдаштары аңыз кылып айтканын өзүм көрүп, угуп калдым. Кыскасы, экөө тең элдик жомоктордон же эпостордон эми эле бул күнгө суурулуп түшүп калгандай кишилер болчу.

Буларды эстеп атканым, Жоомарт өзү айтып калар эле:

- Атаңгөрү, мен атамдарды тартпай апамды тартып саал бекене болуп калыпмын...

Бирок өзү ушинтип койгону менен бекенелиги деле билинчү эмес. Тескерисинче, ал шашпай, көкүрөгүн кере, кулачын жая, эки жагына теңселе берип, алпейим каткыра басып бара жатканында өзү да эпостун онжоңдогон каармандарына окшой түшчү. Кудум, «Көк Манастагы» –  сүрөттөрүн А.Осташев менен Л.Ильиналар тарткан.

- Жоомарт табиятында  монументалдуу эле, аталарын тартып...

Аны менен биринчи таанышканым кызык. 80-жылдардын ортосунда Нарындан (перифе-риядан!) Фрунзеге келип телерадиокомитетинде иштеп калдым. «Сүрөтчү жана Мезгил» деген телециклдерин даярдоо тапшырылды. Бой таштап, илгиртпей иштеп кеттим. Анткени, өзүм бала күндөн сүрөтчү болсом деп катуу ышкыланып жүрүп кийин бул жакка жолум түшпөй калган эле. Көкүрөгүм кусалуу эле. Ошол кездерде «алтымышынчылар» деп аталышкан, легендарлуу муун өкүлдөрү Белек, Жамбыл Жумабаев, Сүймөнкул Чокморов, Сабиджан Бакашев, Абдрай Осмонов, Алексей Каменский, Баатыр Жалиев, Сатар Айтиев, Мелис Акынбеков, Сапар Төрөбеков, Турсунбек Койчиев, Владимир Буторин ж.б. кантсе да өз жүзүн, жеке ыксасын таап калган; аларга удаа муун – Карабек Артыкбаев, Нарын Турпанов, Таалай Курманов, Азим Төрөбеков ж.б. кажынып изденишип, кызуу узанып жатышкан чак эле. Мезгил ошондой эле. Выставкомдун ар бир жыйыны, борбордук сүрөт музейиндеги жылды жыйынтык-таган ар бир күзгү көргөзмө республиканын маданий турмушундагы зор майрам, олуттуу окуя, жаңы-жаңы ысымдардын жадырап ачылышы эле (ал күжүгүү күндөргө өзүм күбө болуп калган үчүн жазып атам ушуларды). «Жаңы ысым» демекчи, улам демеп, улууларды кыстап бурдап шаштырган, жол талашып  катары улам арбыгандан арбып бара жаткан жаш муунга, ошондо, сүрөт музейинин да залдарынан орун жетишпей, кең Фрунзе  тарый түшчү.

Ошондой дүмөктүү чыгармачыл күндөрдө борбордук Ленин китепканасынын кең фойесинде Кыргыз Сүрөтчүлөр Союзунун жалаң жаштар канаты мүчөлөрүнүн чоң көргөзмөсү ачылды. Ушул көргөзмө-кийинки сүрөт өнөрүнө гана эмес киносуна да (М.Убукеев «Манас ааламы») белгилүү деңгээлде күчтүү таасир эткен, Айкөлдүн күүгүм жүзүн жөлөгөн атактуу «Саякбай» картинасы жана эпикалык зор чабыттуу «Тутулган күн» композициясы менен андагы жапжаш жигит Эмил Токталиевдин жүзүн ачты. Жылкычы Жакыповдун жылдызы алгач жанды. Асанкул Байгазиевдин өздүк мөөрү көзгө түштү. Эрик Салиев, Рефкат Бухарметов, Кадыр Орозматов, Юристанбек Шыгаев жана башкалардын кур дегенде бирден иштери коюлуп, алар авторунун жекеме жүзүн ачып көрсөтүүгө али жетишсиз турса да, баары бириге келип,  мезгилдин демин туйгуза, жаш кыргыз мууну формалык да, мазмуундук да жагынан жаңы секирик жасоо алдында турганын баамга ачык салды. Ырас эле, ушул секирик кийин даана ачаланды.

Жаштардын бир канаты – «Жаңы толкун» («Новая волна») урааны алдында искусстводогу жаңычыл улуттукту батыш модерн жолунда активдүү түзүүгө өттү; экинчи тарабы – элдин угуттуу нугуна чөмүлүп, издөөгө көчтү. Жоомарттын табияты башынан ушунун экинчисинде эле. «Башынан» дегеним, Жокең ал кезде өнөрдөгү өз чыйырын салып үлгүргөн, лидерлик сапаты кыйла айкын ачылып калган чагы экен. Андыктан ага дал ошол оомал-төкмөл мезгилдин дал ушул дуудамал жаштарын жетектөө озуйпасы жүктөлүптүр.

...Ошентип Ленин китепканасындагы ачылган жаштардын сүрөт көргөзмөсүн телеге тартып калдык. Дыкат даярдандым. Сүрөттөрдү тематикалык жактан да, композициялык жактан да ыңгайлап топтоштура, көрсөтүүнүн сюжеттик-драматургиялык кызыкчылыгынан чыга режиссер, сценарист болуп бир сааттык кеңири баяндын долбоорун түздүк. Жаштардын жетекчиси катары Жоомарт өзү да сүйлөп бермей болду. Тартып баштадык. Анан, мына, иш үстүндө «концерт» башталды. Тагырак айтканда, Жоомарт баштады. Адегенде «муну», анан «тигини» тарт дейт. Көргөзмөнүн идеясын, ирээтин бузуп саласыңар дейт. Тимеле буюрат. Мен, чоң сүйрөмө камераларыбыз менен залдын бул учунан тигил учуна жорголоп жүрө бере албастыгыбызды, аны кийин монтажда ирээттеп аларыбызды айтам. Болбойт, Өзүнүкүн бербейт, Кежир. Акый бүтпөйт. Бир убакта: «анда мен интервью бербейм» деп чыкты. Мен: «ага муктаж да эмесмин» дедим. «Сен биздин иштин эмнесин түшүнөсүң» дейт. «А сен биздин иштин эмнесин түшүнөсүң» дейм. Акыры: «эмесе, мен тарттырбаймын, мындай жооптуу көргөзмөнүн теледен ашы айран болуп чыгышына жол бербеймин!» деди өжөрлөнүп. А мен: «тоо кулап келатса да тартпай койбоймун!» дедим көжөлүп (ушунчага жеткенден кийин, менин эркимде болсо, «урдум» деп деле баса бермекмин, бирок көчмө телестанция – ПТС деген зор балээ армияны «отмен» кылып жиберишке эч мүмкүн эмес!). Ошентип нерв кыжылдап, мээ ыжылдап, Жоомарт андан, убакыт мындан кысып (ар бир саат – энергия  акча!) жаным төрт чарчы, иштей бердим.

Анан бир оокумда өзгөрдү, Жоомарт. Тетияктан канатын жая бакылдай басып келип, калп-чыны аралаш каткырып:

- Атаңгөрү, сен да өз беттегенин бербегенкөкжал экенсиң. Эр чекишпей бекишпейт деген. Мына колум, кел! - деди.

Мен да кол бербеске эрксиз элем. Иш үстү. Сундум. Анан анын интервьюсун да жаздык. Кийин көрсөтүүбүз кызыктуу чыкты, профессионал искусствонун ажытын ача анализге алып, жаштар өнөрүнүн өнүгүү тенденциясын белгилеп... Мен ошондо Жоомарттын бир сапатын байкадым – өзүнө катуу ишенген, аны берилип коргогон, бирок жүйөлүү иш болсо ага акыры муюп берген кеңдиги бар экен.

Ошентип экөөбүз алгач иш үстү катуу  «чекишип», анан ысык «бекишип» тааныштык.

Айтса, мындай «чекишип – бекишүүлөр» кийин да  эчен ирээт болду. Эчен ирээт кол сунуштук. Жердиги ак пейил, ак көңүл жан көңүлүнө кир албай даалдап жууп салчу. Аялы Эркайым айтып калчу: Жоомарт бирөөлөр менен кыйын болсо бир, бир жарым айга таттуу  жүрөт, анан эле чарпышып кетет, сен кантип тил табышып жүрөсүң?... Атасы да бир курдай мага ыбаа карап айтып калды: «Балам, бул бир доңуз да, «корк!» эткен эле доңуз. Ийигип турган жан экенсиң, бир күнү көңүлүңдү калтырып коебу деп корком». Атанын өз баласына  астейдил мээрими катылган бул сөзүндө терең чындык бар эле. Билбегенге Жоомарттын сырты «доңуз», билгенге ичи «деңиз» болчу. Ал ошол «деңиз» дүйнөсүн чалым сөздөн, чалгырт көздөн сактап, аяр баптап жашачу. «Деңизин» тунук тутчу. Керек учурда, кернээтке каршы, боюн качырып, толкун үрөйлөп буркан шаркан түшүп кетсе, керек учурда, өзү ишенгенге мемиреп жазылып, коргоосуз ачык, төшү жылаңач жатчу. Ошону туюп, иргеп, ылгап өткөрүп берип турган бир сезимтал туюм чыпка – көкүрөк күүсү,  абаны бар эле анын.

1. «Эсимде» эсимде

Ошол чарпышуудан кийин ынак болуп кеттик. Бат-бат жолугушабыз. Анын үстүнө менин айлыктуу жумушум, даярдаган темам – сүрөтчүлөрдүн жашоосу, турмушу; алардын өнөрканаларына бармай, анан музей, көргөзмө кыдырмай, Сүрөтчүлөр Союзундагы жаңылык-тар менен кабардар болуу. Көбүнчө Жоомартка барып калам, анткени, ошол туштары Сүймөнкул Чокморов агай оорусунан жөнүгө албай ооруканага бат-бат жатып, канын тез-тез алмаштырып, үйүндө болор эле. Сүкөң мастерскойун Жоомартка ишенип калтырыптыр. Ал – борбордо, ЦУМдун эле түбүндө. Музей экөөнүн арасы, чукул. Ошентип жумушу иштен эмес тыштан бүткөн мен көп учурда Жоомарт менен Сүймөнкулдун мастерскойунда чогуубуз. Бу чогуу болуунун дагы бир себеби бар эле. Жолукканда экөөбүз тең ырдайбыз. Тим эле озондойбуз, боздойбуз. Мен оолуккан отуз ичи, ал кыркка чыгалек кылыччан кези. Ал комуз чертип үн кошот, мен жөө ырдайм. Эл билбеген бир «Үкөйүм» бар, ошону созом. Бөралы деген карыядан үйрөнгөм, ал: чыныгы «Үкөй» ушул, Мусалар радиого кооздоп ырдап салышкан дечү. Жоомартка ушул жөнөкөй, табигый «Үкөй» жагат. Кайра-кайра создурат, тажабай угат, кыйкырат, кызуу коштоп турат, мен ансайын күчөп эргиймин.

Бир жолу ырдап болуп токтосом, дагы ула дейт. Бүтүп токтосом, дагы улай бер дейт. Байкасам, мурдагыдай мени тигилип тиктебей, алдындагы кагазына үңүлө калат. Кайра карайт, кайра үңүлөт.

Мен анын мени чиймелеп жатканын сезип калдым. Мейли, бир ойду, образды кармагандыр, ырдай бердим. Кийин, тараштык. Ал эмне чийгенин көрсөтпөдү, мен да сурабадым. Мындай нерсе аялуу да. Чыгармачылык өзү уяң, морт келет. Сааты чыга электе ачылып калса айрандай чочуп уюбай да калат. Ирип кетет.

Ошо бойдон ал көп окуянын эле бириндей унутулуп кетти. Жоомарт ошол туштары эмне иш кылып жүргөнүн деле билбедим. Анткени, сүрөтчүлөр жазылып жаткан жаңы иштеринин жүзүн көп учурда жаап коюшат. Көрсөтпөйт, уяң да. Болгону, баягыдай жолугабыз, жолуккан сайын боздойбуз, озондойбуз. Бир жолу ошентип отурганыбызда капыстан эле жарылып каткырып жиберди:

- Ой, ушинтип атканыбызда апам капыс кирип калса, ай байкушум ай, эмне эле мынча озондойт, жанына эмне мынча жапаа баткан, баламды ким мынча боздотуп койгон ыя, - деп өзү кошо боздоп жибербес беле... - деп ыкшып күлүп калды. Көзүнөн жаш да агып кетти. Кийин ойлосом, бул күлкүнүн эле жашы эмес экен...

Күндөрдүн бир күнүндө телефон чалып калды. Эртең мастерскойго келип кетчи, баягы көк шымыңды кийип кел деди. Көк джинсычан жүрүп калчумун, «аа, бир шым-натурщик керек болуп калса керек» деп ойлодум, айткан маалында бардым.

Төрдүн бетин бербей бүт ээлеген чоң картинаны жөлөп коюптур. Көк Теңиринин фонунда көк коргошундай зыл уютулган кош фигура – жигит, кыз. Алгач көргөндү аптыктырган зор полотно. Дел боло туруп калдым. Жоомарт күлмүңдөй карады: Тааныйсыңбы деди. Мен саал тааныш өңдү бүшүркөй карадым. Ийнимди куушурумуш эттим. А мунучу деди. Бир барак кагаз сунду. Муну тааныдым – өзүм экенмин. Баягыда ырдап атканыңда уурдап эскиздеп алган элем деди, - эми, шымың чыкпай атат, отуруп бер, бырыштарын келтирип алайын.

Ошентип акыркы сеанс көк шым менен бүттү. Боегу кургай элек бул эң жаңы ишине Жоомарт өзү да толкунданып абыдан эле ыраазы эле.

Ушундан көп өтпөй борбордук сүрөт музейинде октябрь майрамына карата жыл сайын уюштурулуучу салттуу көргөзмө ачылды. Залдын эң эле төрүнө өзүнүн зор аянты боюнча да, батырган кеңири мазмуну боюнча да башка иштер теңдешкис, Сүйүүгө Гимн – «Эсимде» илинди. Ошондогу бир көрүүчүнүн элестүү тили менен айтсам: «төрдөгү жалгыз картинанын жанында калгандары ылаачын тийген таандай туш тушта пытырап чачырап калышты». Саал күчөтө айтылгандыр, мүмкүн. Бирок бул ошол туштагы көргөзмөгө келген көпчүлүк элдин маанайы эле. Эмоциясын жашыра албай жалындай сыртка булгалап чыккан бул көрүүчү андагы жаш философ Үмүт Асанова эле. «Көрүүчүнүн китебине» жазып калтырган ойлору мобул:

 

Я плакала… Почему-то сжимало сердце и слезы сами собой лились из глаз?  Почему?

То ли пронзительное-пронзительное небо и где-то, где-то витающая чайка на высоте, то ли девушка, прислонившаяся словно к символу-образу сильного могущественного, надежного (в памяти ее так сохранившегося) мужчины и ее лицо, за нежностью и хрупкостью скрывающее страдание, то ли бренность всего этого перед бесконечным мирозданием, бесконечным универсуумом… Это самое первое впечатление: дрожь сердца, когда, проходя залы, вдруг, как вкопанный останавливаешься перед картиной «Эсимде» Ж.Кадралиева. Наверное, не ошибусь, более того, все более убеждаюсь, смотря и размышляя над ней да, это Шедевр!

Гамму философских мыслей порождает она.

Но, пожалуй, главный лейтмотив: спокойная, величавая, совершенная Гармония Природы и Человек, как воплощение одновременно и Гармонии, и Дисгармонии. Просто приходится бесконечно сожалеть о бедности и скудности языка перед столь мощной возможностью картинного живописания одновременно глобальной и человеческой философии, пробуждающей и чувства, и мысли.

Бесконечно, бесконечно благодарна!

Доцент кафедры мединститута Асанова У.А.

22-ноября 1987г.

Бир «Эсимдени» көрүш үчүн эле ошол туштары көргөзмөгө көп кишилер агылып келди. Өнөр ээлери эле эмес искусствого эч тиешесиз жай адамдар дагы. Анткени, ар биринин көкүрөгүндө өз «Эсимдеси» жаңырыктап жаткан...

«Эсимде» демекчи, картинанын аталышы тууралуу. Жоомарт адеп ушундай атаймын дегенде мен ага ынанбай турдум. Картинанын масштабы, мазмунуна ылайык кандайдыр жалпылама, философиялуу, символдуу аталыш зарылдай туюлду. Маселен, Семен Чуйковдун «Ааламга жанашканда» («Прикосновение к вечности») картинасы сыяк. Айттым. Бирок Жоомарт өз оюнда бек турду. «Эсимде»ден кайткан жок. Мунун себебин саал кийин түшүндүм. Бир жолу өзү айтып калды: мобул кызда мен бала кезден жакшы көргөн бардык кыздардын элеси бар. Алардын биринчиси – классташым Макен...

Мен ушунда гана Жоомарттын «Эсимде» аталыштан эмне үчүн эч кете албай, жалпыланган, символдонгон, тумандалган мазмуундарга кайыгысы келбей, ансыз да бул түбөлүктүү картинага турмуштук как конкретиканы гана ак, нак, так катырып, батырып, калтырып (түбөлүккө!) салгысы келгендигинин себебин түшүндүм. Бая озондоп, боздоп ырдап жаткандагы ыкшыган күлкү-көз жашынын соңунда бир муңкермек даам катылып калганын да эми боолгодум.

Кийин ал «Эсимденин» фотокөчүрмөсүн жасатып алып көңүлү сүйгөн адамдарга таратып жүрдү. Афтографын отурган эле жерден Осмонкулдай ыр менен төгүп шилтеп жиберчү, анын көркөмүнө да, уйкашына да эч көңүл бөлүп отурбайт, сезимин бош койчу. Ал – сөздөгү эмес, боектогу акын болчу. Мага да экспромт ыр тизе салды. Анда анча деле мааниге ээ эмес, эми Эсилдин да бир мурасына айланып калган ал ырын эскермеде келтирип коюу – тирүүлүк парз.

Чоюн!
Көрсө өмүрдө көкүрөк болот тура,
Топтолтура бөксөрбөгөн «Эсимделер», сагынуулар.
Көрсө өмүрдө көп убакта «эстөө» тура,
Эңсөөлөргө канбай калган ал бир кумар.

 

«Эсимде» – сеники бул, меники бул,
«Эсимде» – элдики го, элден келген.
«Эсимде» – өмүрдүкү бизге калган,
«Эсимде» – бир өмүргө жашап кеткен.

 

Эстеймин, эсимде го, Боогачынын «Үкөйлөрүн»,
Эстеймин куса болгон иш күндөрүм.
Эл үчүн куса толуп жүрөккө, көкүрөккө,
Эгиздей биз жүрөлү Чоюн дос түбөлүккө, - деп «Эсимденин» бир кездеги ээси Жоомарт досуңдан.

Теги, ушинтип олтуруп жүр сүрөттөгү элесиңдей. (7-январь, 88-ж.)

* * *

Ушу «Эсимдеге» байланыштуу да бир окуя. Сүрөтчүнүн мастерскойунда, бая айткан «өзү жакшы көргөн кыздардын» чакан портреттери, эскиздери  же, тек, учкай бир шилтемдери болор эле, ар жерде жыйылып, чачылып жаткан. Ошолордун ичинен бир ак жоолукчан бажырайган кыз биринчи көргөндө эле жүрөгүмдү ток тийгендей зырп эттирди. Болгону, кол башындай чакан портретче, муну бүткөн иш деп да айтууга болбойт, бир шилтеп, шаша-буша жазылган, анан ошол бойдон калтырып койгон, бүтпөй калган импровизация. Бирок анын ушул «бүтпөй калганында» айтылбай калган аркы чексиздиги бар эле. Кытайдын классикалык монохром живописи, «цаошу» каллиграфиясы ушундай, анда дайыма аягына дейре айтылбаган, атайын эле айтпаган, «ак кагаз» – «кара тушь» чегинде жигинде калемдин кыл талчалары аркылуу «этишип-өтүшүп» калган «образ» жана «мейкиндик» ортосундагы улуу Катыш кармалат. Мейкиндик, Боштуктун өзү активдүү Образга айланып калат мында.

Жоомарттын алиги шаша-буша, эрмей-сермей бир шилтеп салган портретчесинде ушул касиет (автордун эркинен тыш!) кармалып калыптыр. Анан да дал ошол мөрттөгү гана, бир ирмемдеги гана, баары бир жерге мүлдөм фокустала калган бир өзгөчө уяң мээрим бар эле – кыздагы; ошол мээримди карегине кыт (жок, «кут» десемби) чөгөрүп кармап кистиге илип калган бир аяр сезим бар эле – жигиттеги...

Мен ушул сүрөткө кыйла тигилдим, ойго термеле. Бул тууралуу сүйлөшкөн деле жокпуз. Анан башка иштерине алагдыландым. Кийинки барышымда Жоомарт бая «ак жоолук бажырайган кызды» бөлүп, дубалга өзүнчө илип коюптур. Көңүлүмө илингенин байкаган окшойт. Мен,  дагы тигилдим. Кийин ар бир барганымда «ак жоолук кыз» бизди дубалдан бажырая карап тосуп алып, узатып жүрдү. Бир курдай бая сүрөттү дагы карап отуруп, Жоомартка айттым:

- Ай, ушу кантсе да түштүктүн кызы-ыя, чынбы? - дедим.

Жоомарт мени саамга күлүмсүрөй тиктеп туруп:

- Чын, - деди, - сенин туюмуң укмуш! Бул – Эркайым. Жаш кези...

Ушунда мен «өх» деп ичимден саамга тына, эс ала түштүм. Анткени, бир курдай ушул кол башындай чала ишти сурап жибере жаздап барып токтогонмун: «имне, сүрөтчүнүн бүтпөй калган көп майда иштеринин бири экен, а балким, автору өзү деле буга анча маани бере бербестир...»

Сурабаганым, жакшы болуптур.

Эркайым – сүрөтчүнүн асыл жары эле. Кара-Суунун Кенжекул айылынын кызы. Түштүк кыздарына мүнөздүү уяң жароокерлиги, катылган назы бар. Сүрөтчү экөөнүн алгач таанышкандагы, табышкандагы кайталангыс аяр, уяң абалдары портретте ушунчалык чынчыл, изги кармалып калыптыр. А балким ушун үчүн сүрөтчү кийин ага кайрылып эч кол тийгизе албай койгондур. Сурабаганым жакшы болуптур. Аялуу нерсе суралбайт.

Кийин-кийин сүрөтчүнүн Борбордук Музейдин экинчи кабаты толо коюлган чыгармачылыгынын 30 жылдыгына арналган көргөзмөсүндө бая «кол башындай» ак жоолук кыз Эркайым эндүү чоң богетке салынып көрүнөө илинди. Чакан портрет богет мейкиндигинде калкып, ажары ачылып калыптыр. Ким билет, балким бирөөлөргө бул бир шилтенип аягына чыкпай калган чала-чарпыт иш сыяктуу да сезилгендир. А менин маңдайымда аягына дейре айтылбаган, эч качан айтылып да бүтпөй турган «Образ менен Мейкиндиктин», «Сүрөтчү менен Кыздын» (Жоомарт менен Эркайымдын!) ортосундагы аяр, эң аяр, аяр сыр турду. «Эсимде» картинасы ушул Сырга да (Тайна! Тайна!! Тайна!!!) тунук чайынган эле.

«Эсимде» – Жоомарттын жаштык кумарынын баарын жыйнап туруп бир зор полотно аркылуу сыртка жанарлатып алып чыккан абаны; кырк жаштагы триумфу; чыгармачылыгындагы белгилүү бир этаптын жыйынтыкталышы эле.

Реалисттик өңүттөн символиканын өрүн карай батыл жылжып башатаган.

 Арада тарых жаткан...

«Эсимде» коюлган көргөзмө адаттагыдан көпкө турду. Жылдын аягына чейин. Көрүүчүлөрдүн суусуну кангандай эле болду. Биз да картинаны экрандын талабына ылайык драматургиясын келиштире иштеп чыгып, эки камера менен алмак-салмак кабатталыштыра тартып, симфониялык оркестрдин аткаруусундагы Атайдын «Эсимдеси» менен жүрөктү эзе шөкөттөп туруп, муңкана сызылган-созулган лиробаянды  теледен элге сундук.

Сонунубуз бир сыйра тарап болгон күндөрдө Жоомарт сүрөттүн бая эскизин мага сунду:

Көп сүрөттөрүмдүн ичинде чачылып, жоголуп кетпесин, сенде жүрсүн. Анан: жалаң ак барак бетинде эскиздин күчү ачылбай калат, саал тон берип коюш керек деп көк акварель менен көгүлжүм өңдөп койду, Көк картинадагыдай. Алдына жазды:

Чоюн досум «Эсимдеге» ырдап жатат, а «Эсимде» картина кыргыз үчүн түбөлүктүү ыр да болуп, сүрөт болуп калды окшойт.

«Эсимде» сүрөткө түшкөнүңө рахмат досум, Чоюн. Ушинтип ырдап, ырды, намыс кошуп менин каныма эл ичинде эсен бол үй-бүлөң менен бакыт жолунда - деп автор:

Жоомарт К. 28-ноябрь, 1987-ж.

«Коомдук иштин» коктуларында

Тарых, улуттук дүйнөтааным менен кызуу алпурушуп жүргөн чагым. Петроглиф сырларына, скиф айбанат стили атыккан искусство дүйнөсүнө, алардан жалпылана калкып чыккан көчмөндөрдүн орнамент ааламына системдүү илик салып, улуттук философиянын уңгусун материалдык маданияттан излеп, издеп жүргөн кезим. Ошол кезде жан дүйнөмдү катуу козгогон, түйшөлдүргөн, мен үчүн өзгөчө орошон бир окуя болду. Сүрөт музейинде «Байыркы Хакас искусствосу» деген көргөзмө ачылды. Көргөзмөгө адеп киргенимде талып жыгыла жаздадым. Музейдин экинчи кабатынын дээрлик жарымын ээлеп Хакасия, Алтай мейкиндигиндеги таш сүрөттөрдүн көчүрмөсү күтүрөп жыш толуп кетиптир. «Көчүрмө» болгондо да, өзгөчө бир техникалык ыкма менен, сүрөт кандай болсо дал ошол таризде, таштын фактурасынан өйдө бодурала болуп калың кагаздарга такма-так түшүрүлүптүр. Кудум Кара-Асканы кесип келип маңдайыңа калдайтып кадап салгандай! Бул ушундай бир укмуш сыйкыр эле!

Бирок таш сүрөт менен анда кишинин анча иши жок, профессионал сүрөт өнөр деп батыш мектеби гана таанылып турган тушта мунун баарынын эч кимге деле анча кызыгы жок, өттү-кетти. Болгону, жазуучу Т.Сыдыкбековду, сүрөтчү А.Каменскийди, археолог А.Абетековду катыштырып бир сааттык чоң телекөрсөтүү даярдадым. Аным деле анча назарга илинбей, видеопленкам экинчи кайталанып көрсөтүүгө да жеткирилбей башка тартууларга жумшалып, өчүрүлүп кетти. Бирок өчпөгөн бир нерсе калды, ал – блокнотума алынган тамгалар, символдор, табышмак белгилер, түрдүү жалгамдагы (комбинация) сүрөттөр эле (кийин «Теңирчилик» аталган баянымды «Асаба» гезитке жарым жыл бою тынбай жарыялаганымда ошол тамга, символдор табылгыс жабдуу болду).

Кийинчерээк, 90-жылдын аягында Жоомарттын чыгармачыл сапары дал ушул Хакасияга түшүп калды. Мен ага Хакасиядагы таш бетине чөккөн таңгаларлык тарых, композициялар, аларды даярдаган сүрөтчү Сапельконун өзүнүн өзгөчө живописи тууралуу (сүрөтчү май боегун ар кыл өсүмдүктөрдү, тамырларды, минералдарды жууруп жиберип Хакас табиятынын өңүнө дал табигый түстөрдү таамай таап алган эле!) айттым. Жоомарт катуу кызыкты. Ушул темада кызуу сүйлөшчү болдук. Тарых, эл баяны, жер баяны, бала күндөн көп окулган Көк Манас канын кайрадан козутуп, эзелки элестери дүрбөөн салып чыккандай болду. Жоомарт чукуранган өз стихиясынын босогосунда турду. Анан, сапар күнү да жетип, мастерскойун мага калтырды, көз салып тур деди. Эки айга кеткен ал ошол бойдон төрт ай жоголду. Ичтен өзгөрүп кайтты. Чыгармачылыгында жаңы, өзгөчө тилке башталды. Тарых, эпика, символика.

Символика дүйнөсүнө бой уруп кирип кеткенинин дагы бир жөнү – тарыхый шартка да байланыштуу болду. Эгемендик келип, эркин мамлекеттин баш мыйзамы, эн белги, символдору кабыл алына баштаган чак келди. Жоомарттын башкалардан бир айырмасы – көпчүлүк кылкалем журту граждандык позициядан ала келгенде пассивдүү келет; өнөрканасын ичтен бек илип алып, «мен дүйнөнү кайра жаратып жатам!» деп жашыл жалбырак натюрмортуна, расса, жашынып алып беймарал жашай берет. А сыртты, ошол жалбырак жашыл дүйнөсүн, маа десе сел алсын, өрт каптасын – аа кайдыгер. Жоомарт андай эмес эле, жарандык милдет-ыйманы жанын жай таптырчу эмес. Кээде анысы ашынып кетип, дайны жок чогулуштарга, кургуйу бүткүс курултайларга байланып, асыл убакытынын канча бири кур талаалап да кетчү. Ага өкүнүп, өкүнчү эмес. Башкысы – жарандык ыйманы алдында сооронуп калчу.

Ошол элдик эн белгилер кабыл алынып жаткан жылдары ал катуу иштеди. Теңирчил белгини тууга алып чыкты. Негизи, башкы белги өзү даяр эле, Хакасиядагы таш белгилерде тымып-тунуп жаткан. Бирок Жоомарт аны ошол тейинче алып чыгышка болбойт деп, кантсе да заман жаңырыгы сүртүлүш керек деп санап, символго кошумча детальдарды издеп, а ал болсо табылбай, туруп калды.

Анын үстүнө туу талкуусу бүтпөйт, дагы уларат деп күтүп да калдык. Жоомарт ошол өзү ынанган кошумча зарыл детальды «мына таптым» деген тушта (ал – тамгадагы төбөсү ачык асманга тик атылып чыккан «М» – «Манас Шумкар» таризде эле) комиссия иши да жыйынтыкталып, Туу кабыл алынып кетти. Биз кеч калдык. Болгону, туу көтөрүлгөндө ага удаалаш «Асаба» гезитине үч бет толо «Туудан тутанган сөз» аталыштагы материал жарыялап үлгүрдүк – Жоомарт үлгүсүн, анан, дегеле улуттук башкы символикалар кай философияга, идеяга каныгышы керектиги тууралуу. Кийин ойлосом, турмуш агымы туура эле өз нугунда кеткен экен ошондо – «түндүк» эң популярдуу жана кыргыздын жаны эле; ал эми символ-тамга, дегеле символизм табияты ал кездеги табит үчүн жаңы, көнүмүш эмес болчу.

«Гербде» деле, болжолу, ушундай көрүнүш кайталанды. Канаты жайылган «Ак Шумкар» Көккө оболоп, көкүрөккө жакын эле. Симметриясы да көзгө үйүр болчу. Ал эми Жоомарт тобу иштеп  чыккан «Кош Кабылан» Жердик мүнөзгө ээ эле (философиясы-башка кеп). Кийин Жоомарттын идеясы өзгөрүлүп кетти. «Кош Кабылан» ордуна комиссияга «Үч Кабыланды» (Өткөн, Учур, Келер чак атап) алып чыкты. Мен-Оң-Сол, Орто идеялуу «Кош Кабылан» менен калдым. Болот Каратаев – «Жалгыз Кабыланды» иштеди. Кийин ойлосом: «өзүндө өзү өгөрөк аккан, бар энергиясы ичинде буккан Болоттун ошол түйүлгөн скиф кабыланында уюган күч жаткан экен, эгерде дагын да дагын иштелээр болсо...

Буларды эми да эстеп атканым – ушунун баарына канча күч кетти, убакыт короду, мастерскойдо түнөп кажынып канча талаштык. А Эркайым үй-мастерской ортосунда чебеленип «мамлекетчил» берендерге суутпай кесме ташып жүрдү. Жоомарттын жай бербеген жарандык ыйманы, азыр баары артта калган жаш мамлекеттин символдуу жүзүн издөө машакат күндөрү, ушундайча өткөн эле. Бир эле биздин эмес, ушул эң жооптуу да, сыймыктуу да, бирок эч кимден эчтеке күтпөгөн тагдыр сыйлыктуу да, асыл ишке аралашкан ар бир чыгармачыл топтун...

Жок, Жоомарт жалпы улуттук кайнаган ишке эч качан кайдыгер калган эмес, эшигин бек ичтен илип алган эмес, ошонун «карызына» канча бир чыгармачыл иштери калып кетти, учурунда жасалбай, бүтпөй, чаң басып, ысуусу сууп... Маселен, ошол эле Хакасия темасы. Кийинки Монголия ойлору. Өкүттүү, бирок нетесиң, өмүр деген да өлчөлүү экен.

* * *

Жоомарттын «коомдук ишмердигине» байланышкан дагы бир шилтем. Бир курдай телефондон коо бузуп эле бакырат: «Кел эле кел, ылдам келип кал, тез!» деп. Эмне болуп кетти деп жайылган кагаздарымды таштай салып айтылган жерге антаңдап жетип бардым. «Кы Ды Ке» партиясынын өзүндөй эле жылаңач кеңсеси экен. Жыпар Жекшеев экөө. Жоомарт Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасына ушул партиядан депутат болмокчу болуп аттанып калыптыр. Мени менен эл аралап ишенимдүү кишим болуп беришиң керек дейт. Кыжаалат боло түштүм. Кызуу иштеп аткан ишиңди таштай салып такыр башка ишке (өзүңө дегеле тааныш эмес!) аралашып кетүү - салып бараткан жоргоңон капыс тандырат, оңкочук-тоңкочук атып өзүңдү таппай каласың, такыр да жоготосуң. Кыйылып каршылык кылдым. Ошол туштары чыгармачыл дем-илхамы оргуп турган Жоомартка деле кереги жок болчу ушунун. Анын үстүнө атаандаштары да ал кезде саясы сакасы (же, акчасы!) өктөм өкчөлүп турган салмактуу кишилер эле: Президент А.Акаевдин жакын адамы Мисир Ашыркулов, академик Турар Койчиев, колхоз башкармасы Райымжанов, Кара-Балтадагы алтын чайкаган комбинат деректири Жалгап Казакбаевдин бир тууган иниси Оомат Казакбаевдер. Булардын жанында шымы жыртык КДКдан шымаланып чыккан Жоомарттын шансы дегеле жок болчу. Эл аябай ачка эле. Аларга Жоомарттын рухий оокаты эмес, Оомат, Райымжановдордун... электр трансформатору, талаа техникасы, элге ачык эле таратылган ун-шекери («бергенин ала бергиле, бирок билгениңердей сала бергиле» - Президент А.Акаевдин өзүнүн учкул урааны ушу эле!) керек эле. Бирок Жоомарт катуу ээленип алыптыр. Ага Жыпар да күчтүү шыкак. «Эр жолдошу-тобокел!» деген, кеттик. Эң башкысы – шайлоонун жүрүшүндө биз элге кыргыз рухун, искусствосун пропагандалап калышыбыз керек да! «Ни хлебом единым сыт человек» деген. Муну биз жасабасак ким жасайт!».

Ушинтип аягы жер баспай асмандап алган ал болбой саясы чоң чабышка түшүп алды. Мен да көңүлүн кыялбай «жок» дей албадым. Анан чын эле биз ойлогондой болду. Башкалар трансформатор койду. Мектепке компьютер берди, алдыда асфальт төшөп, көпүрө курмай болду. Айтору, «талкан» сунду. А биздин «рухий талканыбыз» эч кимди деле кызыктырган жок. Эл менен жолугушуунун алгачкы күндөрүндө эле ар кимдин тараза ташы өлчөнүп калды. Бирок акыйкаттык үчүн айтыш керек, ошол алгачкы шайлоо жылдарында атаандаш талапкерлердин бирин бири сыйлоосу күч эле, бөлүнбөй чогуу жүрүшчү. Анан жолугушуу соңунда кезмектешип чай беришчү. Ошондой ак дасторкон жайылган күндөрдүн биринде сөз ачыкка чыкты. Баарыбыз дүрбөй бербей, добуштарды да бөлалды кылбай мүмкүнчүлүгүбүз барларга жокторубуз жол бошотуп койбойлубу - дешти. Турар Койчиев, анда абдан кадырлуу кези, оюн-чын аралаш айтты.

- Жоомарт өз иним (экөө тең Сары-Булак айлынан), кезинде жардамым да тийген. Мен үчүн алып коет ко...

Жоомарт саал тына калып, шар айтты:

- Жок, мен өз башыма ээ эмесмин. Партия турат артымда, албаймын.

Ошондо мен Жоомарттын өз алдына кандай гана чоң-кичи максат койбосун, ага жетиш үчүн эч  чегинбей  беттей берер чечкин, көжөлгөн көк экенин бир түшүндүм.  

Муну айтканым, ошол шайлоочулар менен жолугушуу күндөрүндө Жоомарттын апасы күтүүсүз каза болуп калды. Энени жоготуу кандай оор. Азалуу чагында жанында болдук. Эл менен кошо талапкерлер да топурак салды. Жерледик маркумду. «Ай эми Жоомарт жарыштан чыга берет ко» дегендей ойдо болдук, баарыбыз эле. Бирок Жоомарт антпеди. Эрдин кесе тиштенди, баягыдан чыйралды, эртеси күнү кайрадан эл кезип кеттик.

Акыркы күндөрү ат чабыш катуу кызыды. Башка айыл, аймактардан кимдин канча добуш алаары дүңүнөн ачыкталгансып калды. Ал эми Жоомарттын үй-бүлө, ага тууганы үчүн башкасы бир тең, өз айылы Сары-Булак бир тең болуп калгансыды. Бир жолу атасы экөө сүйлөшүп атат:

- Ой ата, - деди Жоомарт, - сен эми айылды өзүң кыдырып кел, чалдарыңды үгүттөп, алар балдарына айтсын, балдары теңтуштарына...

- Ийэ балам, меники уятыраак ко, сакалдуу киши болсом, атасы саксаңдап өзү чуркап жүрөт дешпейби. Тигинде Койчу деле (Турардын атасы) үйүндө отурат...

- Эй ата, кызык экенсиң - деди Жоомарт олуттуу, бек-бек сүйлөп бакылдап, - билсең бул сенин конституциялык укугуң! Милдетиң! Азыр сен менин атам эмессиң, мен сенин балаң эмесмин! Чалдарыңа ушинтип эле айт!..

- Ошентсе да... - деди Асаналы карыя чекесин саал тырыштыра берип. «Конституция, укук, атам эмессиң, балаң эмесмин» деген саясы сырдуу-сүрдүү сөздөрдү түшүнө бербей дел, ормоюп уулун карап турду.

- Чын айтам - деди Жоомарт жеңилип бараткан атасын ансайын каптай, - сен өзүнчө гражданинсиң, мен өзүнчө гражданинмин. Сен, билсең, граждандык милдетиңди аткарып жатасың, ата!

Ошондойбу деген кыязда, бир оокумда «жеңилген» Асаналы карыя калкайган мурутун жанып алып көчөгө чыгып жөнөдү. Баятан күлкүсүн араң тыйып турган мен жарылып каткырдым. Жоомарт түшүнбөй таң калып карады, ансайын кармана албай күчөп-күчөп күлдүм. Менин көз алдымда Гоголь жазуучунун каармандары – мурутун булккан Тарас Бульба менен төбөсүндөгү айдары сеңселген балбан уулу Остаптын «кыргызчаланган» образдары турду. Анда да ата-бала күрөшө кетишип карт Тарасты жаш Остап көтөрүп чаап үстүнө минип койгон эле. Асаналы карыя менен Жоомарттын ошондогу олуттуу диалогу, тоорушкан кебетелери, эпостук чыгармадан эми эле түшүп калгандай баёо жана табигый, алпейим жана монументалдуу эле. «Монументалдуулук», дагы айтайын, Жоомарттын тэгинде, канында болчу. Ошондо өзү да элес албаган табигый турмуштук ушул «образын» кийин айтсам Жоомарт далайга дейре жарпы жазылып күлүп жүрдү.

Анан шайлоо күнү да келди, базар кызыды. Бүт Кыргызстан бир тең да, Сары-Булак бир тең болуп кеткенсиди. «Ушу Койчудан утулсам, анда ...» деп аржагын  күңкүл сүйлөп элеттик катуу намыскөй Асаналы карыя ар көчөдөн «шайлоого» чубаган элди көздөн сыдырып, «өз- бөлөктүн» добушун көңүлүндө экчеп, буркачан Бульбадай короосунда аркы-терки басып жүрдү.

Түнкү добуш санакта Сары-Булакта Турар агайды Жоомарт утуп кетти. А калган аймактарда – мөртөй-шөртөй. Бирок Асаналы карыяга (Жоомартка деле!) Койчуну уткан ушул эле «жеңиш» жетиштүү эле. Уулу депутат болгондой бакылдап, өзү айткандай: «Айылда башын көтөрүп басып калбадыбы!...» А Жогорку Кеңешке... башкарма Райымжанов депутат болду. Колхозу бай эле, бордолгон букалары да көп болчу...

Жоомарт - Манасчы

Жоомарт Хакасиядан келгенден кийин тарых темасына катуу кызыгып кетти. Кийинчерек Монголияга да сапар жолу түштү. Бул жактан да байыры кыргыздын изине түшүп байыркы көчмөн дүйнөнүн демине чөмүлдү. Көптөгөн эскиздерин жасап, композиция долбоорлорун түздү. Өкүттүү жагдай – ошондогу чыгармачыл ойлорун станкалык живописте ойдогудай ишке ашыра албай калды. Жөн эле, убактысы, шаасы жеткен жок. Анткени ал Манас темасына кызуу киришип кеткен эле. Эпостун 1000 жылдыгын белгилөө, Ашым Жакыпбековдун жаңы китебин жасалгалоого заказ алган кездери болчу. А булар Жоомарттан өзгөчө чыгармачыл толкунду, башкача ички ритмди, демейки реализм мейкининен чыгып кеткен жаңшанган жан маанайды талап кылды. Ал эми буга жетиш, чыгыш үчүн кайрадан ичтен сыныш, жаңырыш керек эле. А бул оңой эмес. Мен өзүм күбө болуп калган бир жагдайды эстейин. Кашкөй Ашым Жакыпбековдун Манастын эпикалык зор чабытына кана сугарылган, ошол эле мезгилде кара сөздүн стихиясы аркылуу кара турмушка да билги жакындатылган атактуу «Теңири Манас» китеби жазылып болуп, басманын планына кирип, 1000 жылдыкка карата чыгаруу болжонуп калган. Жасалгалоо иши Жоомартка тапшырылды. Бирок Жоомарттын Манасы түк чыкпай койду. Биринчи эскиздери, мисалы, А.Г.Петровдун салтында (Москвадан 1946-жылы орусча чыккан Кызыл Манас) гуашь менен түстүү иштелди. Бирок тартылган сүрөттөр анын өзүн түк да алымсындырган жок. Анткени, алар китептик иллюстрациялык гана деңгээлде эле. Майда эле. Ал эми Жоомарттын көкүрөгү башка нерсеге суусап турган – чыныгы эпикага. Ал эми ал кайда, неде?.. Табылбайт.

Ошентип иши ойдогудай чыкпай койду. Убакыт созулду. Китеп мөөнөтү кысты. Басмадагылар менен да өйдө-ылдый тартышып калды. Кыскасы, Жоомарт тапшырмасын убагында аткарбады. Акыры, Ашыкенин китеби Манасты жасалгалоо боюнча буга дейре каныгып калган чоң талант Таалай Курмановго шашылыш өткөрүлүп берилди. Кандим сүрөтчү-манасчы бул жолу да өзүн кайталабай, Ашыкенин Манасын кечиктирбей, тез, башкача ачкычта, өзгөчө чечип салды. Кыргыз эли Ашыке – Таалай билги дуэтиндеги жаңы Манасына ээ болду. Ал эми Жоомарт... Жоомарт да көп өтпөй  өзүнүн кайталангыс Манасын төгүп салды.        

Өнөрканасына бардым бир күнү. Барсам, жер жайнап Манас! Дубал деле Манас, пол деле Манас, баары Манас! Мастерской ичи толуп кетиптир! Сааты чыккан экен, сүрөтчү бир дем менен иштеп салыптыр. Кудум, Саякбай «Тайторуну»  сабалатып төккөндөй, окоро түйгөн кистисин бооруна басып алып, сүрөтүн сүрөп чыгыптыр. Болжолу, кырктын тегереги, ар бири өзүнчө монументалдуу графикалык композиция! Кыргыздын дагы бир байлыгы. Кыргыздын дагы бир сүрөттөгү керемет Манасы, кайталангыс сүрөтчүсү-манасчысы – А.Г.Петров, Лидия Ильина – Михаил Осташев, Белек Жумабаев, Теодор Герцен, Таалай Курманов кербен кыркаарындагы, Жоомарт!...

Ар биринин өз заманы-мезгилине жараша ачылган бир-бир өзгөчөлүгү бар. Ал эми Жоомарттын Манасы - элге эгемендик келип, кыргыз улут руху өзгөчө бир демденип эргип, оожалып оболоп турган заманына туш, жоомарттык ички зор монументализм айкалыша кеткен тарыхый бактылуу көз ирмемдерде жаралып калганы менен баалуу жана кайталангыс! Улуттук дух өзүн ургаал таанып жаткан мезгилдеги... Тагдыры экен, Ашыкенин Манасына жолу түшпөй калган бул графикалык, гуашь серия кийин 1995-жылы жазуучу Кеңеш Жусуповдун ширелүү Манасына ширелишип, ажарын ачып жарык көрдү.

Ушунда мен Жоомарттын бая көкжал көктүгүн кайра эстедим – өзүнүн көздөгөнүнө анык жетмейин жаны эч качан жай албастыгын жана абийирине (чыгармачыл!) камчы чаппастыгын! Ырас, Жоомарт деле киши эле, көп пендечиликтен куру эмес болчу. Жеке, коомдук, саясый болобу, колунан келген ишмерлер менен алакалашып калганда айрым конформизмге барчу (өзү айткандай: «берди-алдым; урду-качтым!»), бирок жеке чыгармачылыкка келгенде ал эч качан ыйманына камчы чапчу эмес, конформизмден бийик турчу. Кудум, Алыкул акын айткандай: «турмушка миң мертебе калп айтсам да, ырыма бир мертебе  калп айта албайм».

Ооба, «калп айта албаган чыгармаларына» ал кажынып отуруп барчу, өзүн мүлжүп, жеп... Ошонун бир мисалы – «Айкөл Манас жана Кырк Чоро» монументалдуу скульптуралык комплекси. Ушул тууралуу азыраак сөз.

Мунун идеясы Аскар Акаевдин президентчилиги тушунда, Жоомарт мамлекеттик расмий делегация менен бирге Кытай Эл Республикасына барган сапарда көз жарган экен. Бээжинден түштүктө, Сиан шаарында, байыркы Кытайдын аша чыгааны, алгачкы улуу хаканы Эсенкан- Цинь Шихуандинин дөбө мүрзөсү бар. Аңыз боюнча Эсенкан өлгөндөн кийин чыгаан катыны Юэ ханша курдурган. Кырк жыл бою созулган курулуш ишинде күнүгө 700 миң киши иштеген. Өткөн кылымдын 1974-жылында баш-аягы 60 чарчы километр аянтты ээлеп жаткан бул дөбө-мүрзө аймагы  казылганда андан көргөндүн эсин талдырып чоподон уютулган сегиз  миң ашуун жоокердин кылкылдаган статуялары табылган. Мындан да таң калаарлыгы – ошончо жоокердин ар бири кайталангыс! Бир да бири экинчисине окшобойт! Аалымдардын тыянагы: ар биринин турмуштук өзүнө өңдөш ээси, кейипкери болгон. Ошол дөбө-мүрзөнү  кыдырып көрүп баратышканында алдыдагы Аскар Акаев артына кылчая калып айткан экен:

- Жоомарт Асаналиевич! Бизде качан ушундай музей болот. Кура алабызбы?

- Кура алабыз - деген экен шар Жоомарт - бизде мындан да улуу дүйнө бар – Манас...

Келгенден кийин интеллигент, тыкан Аскар Акаев дароо Ала-Тоо аянтын реконструкциялоо боюнча президенттик жарлыгын чыгарып жиберген экен. Жоомарттын «Айкөл Манас жана Кырк Чоро» скульптуралык комплексинин (музей-зор постаменттин алдында, ичинде болмок) долбоору ушундайча башталып калган. Алгачкы болжол боюнча комплекс ушул аянттан орун алмак. Бирок аттиң, ишти баштаарын баштап, бирок жартычеке калакбаш таштап салган ал заманда Президент жарлыгы не өзү, не башкалар тарабынан көзөмөлгө алынбай Указы чаң басып кала берди. Бир гана чарчоо билбес мээнеттүү кул, чаалыкпас кумурска өз өнөрканасына мүшөктөп пластилин ташып көжөлүп иштей берди. Аңгыча заман да аңтарылды. Акаев кетип, Бакиев келди. Кумурска иштей берди. Элдин көңүлүн бу жаңы ишке бурмакка өнөрканасына тааныштарын чакырат, журналисттерди келтирет. Гезитке жаздырат. Эч нерсе өзгөрбөйт. Скульпторлор пластилиндүү күлөт: өзүнүн колдон келген иши – боегун боей бербейби. Жоомарт болбой көжөлөт:

- Скульпторлукту эмне, кудай булардын чекелерине биротоло басып коюптурбу энчилеп...

Жоомарттын мынчалык көжөлгөнүнүн жөнү бар эле.

Муну Жоомартка жонун салган каршылаштары деле, боор толгогон санаалаштары деле чындап түшүнө беришпеди. Маселе учугу тээ Кытайда, Сианда жаткан – Эсенкандын бир бирине эч окшобогон сегиз  миң ашуун черигинде. Ал эми Манас – Аалам. Ар бир чоросу – кайталангыс опол Дүйнө! Сыртында да, ичинде да. Ошон үчүн аттын кашкасындай аз кыргыз үй түгүндөй кыжылдаган кытайдын мүйүзүн кайырып сак турган. Ошон үчүн ар бир чорону ичинде да, сыртында да бири миңге татыган чулу образында нак ачыш керек. Ошон үчүн бири миңге татыган ар бир чоро – сырткы сын, турум турпатында да (жалпы пластика), өңү кыяпатында да (жеке образ) кайталангыс болууга тийиш.

Жоомарттын түп мүдөөсү ушул эле. Мындай кажынган максатты (сверхзадача!) ачынган жан, Манастын тереңги духуна чындап чөмүлүп калган  кажарлуу сүрөткер гана кое алмак!

Скульптуралык комплекстеги ар бир чоронун-фигуранын сырткы кыймыл абалын, пластикалык, образдык чечилишин дыкат карап отуруп сүрөтчүнүн бая батыл сөзүн эстейсиң: «эмне, скульпторлукту чыкыйга биротоло чыккыс басып коюптурбу?» Ооба, скульпторлук (дегеле, сүрөткерлик!) биринчи ирээтте как жүрөктүн өзү экен, так сезимдин көзү экен! Жоомарт Кырк Чоро, Манасына тирүү көкүрөк менен келген. А көкүрөк болсо - калганы ээрчип келет. Арийне, адисттик (профессионализм) зарыл, бирок табиятынан масштабдуу монументалист да, чебер портретист да Жоомарт муну эч кимден сурамак эмес. Бир гана нерсе өкүндүрөт – скульптуралык комплекс, пластикалык жактан жалпысынан  жемиштүү чечилгени менен жеке кыяпаттык (образдык) жактан чечилип үлгүрбөгөндүгү. Чакан формада (макетте) бул мүмкүн эмес эле. Ушинтип, тушунда Жоомарттын көкүрөгүндө көөлбүп жашаган ар бир тирүү образ (Кырк Чоро-Манас) анын өзү менен кошо биротоло кетти, кайткыска житти. Ушул өкүндүрөт, жүрөктү эзет...

Айтса, бул эле эмес. Эми ушул макетте калган бар дүйнөсү да бир четинен улам бөксөрүп, кемип барат. Тийиштүү температуралык режими сакталбаган мастерскойунда камалып турган иштер мезгилдин ырайымсыз ысык-суугунан бүлүнүп, куну кача баштады. Буларды карап-карап отуруп, сүрөтчү бир эмес эми чындап экинчи ирээт өлүп жаткандай эңшерилесиң...

Ушул баягыдан да бек өкүндүрөт, андагыдан да жүрөктү мыжыйт, эзет. Тек, Манасынын баркына жете баштаган мамлекет, катары калыңдап бараткан мекенчил ишкерлердин көз кыры түшүп, бул мамлекеттик мааниси зор иш акыры сакталып калар, жүзөгө ашар деген үмүт, тилек сооротот.

Ырдалып бүтпөгөн ыр

Жоомарт мага айтып калаар эле: өмүрү соңунда кыргыз залкары Гапар Айтиев менен көбүрөк жолугушуп калдым. Ошондо ал өнөрканасында, зал толо картиналарынын курчоосунда тунжурап тунуп-тунуп отуруп оор күрсүнүп калар эле: «Ушул иштеримдин кайсынысы өчөт, кайсынысы калат?» Кайсынысы менин атымды чакырып кийинкилерге муңбай кызмат кылат? Кайсынысы?!. Устат ушинтип түйшөлүүчү эле өмүр соңунда деп калар эле Жоомарт.

Анан, чын эле «кайсынысы?» деп, эчак көзү өтүп кеткен  мастердин ордунда экөөбүз да ой толгой кетчүбүз. Ошондо бир келген жыйынтыгыбыз мобул эле: Айтиевди, т.а. «соңку айтиевди» («поздний айтиев») ар бир картинасына ажыратып карашка болбойт экен, бардык картинасынын ажырагыс тутумунда, чогуу караш керек  экен аны. Ошондо Айтиев өзүнүн бар тереңдиги, жалпылыгы, философиясы менен биринде кемин экинчисинде өнүктүрүп, экинчисинде жогун үчүнчүсүндө төлөп, үчүнчүсүндө ачылганды төртүнчүсүндө тыянактап, ушинтип барып гана бир туташ уламалдыкта, композициялык үзүлгүс чынжырларда, боектук созулгу гармонияларда жалпыланып БИР АЙТИЕВ түзүлөт. Турмуштук бытыраан чачырандыктан арыла СИМВОЛ тегизге жаркып чыгып кеткен Улуу Мастердин рухий портрети тартылат!

Жок, «соңку айтиев» дүйнөсүнө мындай ачкыч менен кирбесек, көнүмүш сүрөтчүлөрдүн көнүмүш иштерине мамиле кылгандай анын ар композициясына бир бирден жол салып түшөбүз десек, анда Айтиев ар фрагменттелип кунарсыздала түшөт. Философиянын түпкү умтулган чеги бирөө гана – Символ! Соңку айтиев, ана ушундай бүтүн, бүткөн Символ. Айтиев – чыныгы философ! Айтиев көзү тирүүсүндө түйшөлгөн суроону салып, кийин ага берген экөөбүздүн түкшүмөл  жообубуз ушундай эле.  Мастер өзү эмне демек, ким билсин...

Айтиев эле эмес экөөбүздүн эң эле көп сүйлөшкөнүбүз, ой бөлүшкөнүбүз Чуйков болор эле. Семен Афанасьевич биздин баардыгыбыздын жүрөгүбүзгө тээ ууз бала күндөн «Эне Тил» китебинин мукабасынан тигилип «Советтик Кыргызстандын Кызы» менен мухабаттуу кирген эле. Чуйков биздин ууз сүйүбүз эле. Бир эле « Таң», «Кеч» , «Эгин бышты», «Койчунун кызы», «Родинамдын тынч талааларында», «Ааламга жанашуу» өңдүү аталыштардын өзүн эле эстөө көкүрөгүңдү канчалык чексиз жымыратып, көзүңдү каканактап жаш келтирет!

О, кыргыз жеринин керемет ырчысы, о, кыргыз элинин асыл кулуну Семен Афанасьевич! Эр Семең!

Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн ичинен Жоомартка бала күндөн эң эле күчтүү таасир эткен, анын живописинин башкы өзөгүн калыптандырган талант ушул Семен Афанасьевич эле. Ырас, бул таасир тууралуу ал эч жерде чечилип деле айтчу эмес (чоң сүрөтчүлөр, атактуу жазуучулар өздөрүнүн чыныгы булагын көп учурда эмнегедир жашырып, айтышпайт). Бирок бул таасир Жоомарттын көпчүлүк полотнолорундагы башкы фигуралардын (каармандардын) арткы пландан (ортоңку план деген дээрлик жок) калкып бөлүнүп турган композициялык чебер катышта баамга айрыкча илинет. Тек, Чуйковдо турмуштук, жердик түс (сары, күрөң) басымдуу, ал эми Жоомартта Көк Теңирийлик көгүлжүм каалгымалык (отвлеченность)  күчтүү.

Чуйковду эстеп атканым, бая «соңку айтиевден» улам. Эгерде «соңку айтиевден», жана айткандай, картиналарынын кыркаарынан кандайдыр бирөөнү кескин бөлүп алып «мына мобул!» деп сууруп чыгыш кыйын болсо, ал эми Чуйковдо дал ушунун тетирисинче же анын кайсыл гана композициясын болбосун «мобул!» сууруп чыгышка болот. Чуйковдун ар бир картинасы өз-өзүнчө бүткөн Дүйнө. Ал – ар бир картинасында бүткөрө жыйынтыкталган жан.  «Таңы», « Кечи», «Койчу кызы», « Родинасында...»,  «Ааламга жанашып» калган жан.

Эки улуу мастерден улам, дагы жакшырак түшүнүп алуу үчүн, салыштырмалуу, алардын окуучусу Жоомартка келгим бар. Жоомартта экөөнүн тең касиети бар, кандайдыр тараза кармалгандай эле. Маселен, анын станкалык живописи тээ башынан эле, чуйковдук эпикалык жалпылоого умтулуп туруучу. Кең жайлоого сыйбай тон бешигине оролуп келберсип уктап жаткан «упчулуу бөбөктөн» тартып «Улуу Күн», «Кош Алымкан», «Куттуу кеч», «Ыр», «Курбулар» композициялары укумдай сюжеттен (м: тончон кыз) чексиз улуулукка (м: «Куттуу кеч») карай жол кандайча билинбей сызылып жалгашып отуруп бир чулу бүтүндүккө айланып кетээрин көз алдыда көөлбүтүп алып өтүүчү, боектун бар гаммасында, композициянын ички түр ритминде, таңкаларлыктай табигый бир үзүлгүс уламалдыкта – эми айтиевдик усулду эске салып. Бир сөз менен айтканда, анын көпчүлүк картиналары – ар бири, жеке жарым, бир бирден алганда да, бир тутумда караганда да кандайдыр бир Улуу Символ-Биримдикке умтулуп турчу.

Тек, биерден жеке баамыбыздагы дагы бир нерсени белгилей кетүү орундуу: эсеби, мейли Чуйковду алалы, мейли Айтиевге багалы, экөө тең живопистеги башкы сөздөрүн, негизинен, айтып болушту, өзүлөрүн аягына дейре дээрлик ачып тынышты, акыркы «аккуу кыйкуусун» («лебединая песня») салып өтүштү. Ал эми Жоомарт... айтыш кыйын. Ал станкалык живописте айтар сөзүн айтып болгон жок, сүрөткерлик ички мүмкүнчүлүгүн жарыя ачып болгон жок. Ырас, ал өз соңуна башка замандаштарына салыштырмалуу кыйла эле көп живопистик иштерин калтырды. Аларды шашпай көз алдыдан чубатып олтурсаң, бирде:

Акылбековдун тагдырын байкайсың. Сабырбек ага да бир шилтем этюддун кылчоку мастери эле, алардын эң эле көбү ошол тейинче калды, айрым композицияланууга үлгүрбөй. Ал эми кай бир көлөмдүү иштелген композициялары-изгилиги, бир бүткөн маанайды (настроение) берүү жагынан укумдай этюддарына көп учурда уттуруп да коючу. Жоомарттын да соңунда эң эле көп этюддары калды. Бир шилтем, кыска ырдай, айрым композицияланбай, Акылбеков тагдырын эске салып. А этюддардын ички мүмкүнчүлүгү кеңири эле…:

Айрым иштеринде – рерихчил дух күчтүү эле, деталдуулуктан дээрлик качып, ылгый көк, саргыч түстөрдүн контраст мейкиндигине калкып, жалпылоону башкы максатка айлантып жиберген; айрым иштеринде – салттуу живопись анча сүйө бербеген, таптаза реалдуулук менен эле катарлаш жанаша жашаган элес (ирреалдуулук) шарттуулугу күчтүү эле. Изденүүнүн түрлүү этап-кырдаалдарын көз алдыдан кыркаар чубаткан мындай мозаик иштердин үстүндө терең-терең ой калчап отуруп Жоомарт баары бир живопистеги, эгер айтиевче айтсак, «соңку кадыралиев» («поздний кадралиев) доорун баспай кеткенине ынанасың, өкүт кыласың.

Ушул ыңгайдан алганда анын «Эсимдеси» автордун станкалык живопистеги акыркы «аккуу кыйкуусуна» окшоп кетет. Мындан кийин ал живопись майданында бел чечпей иштеп бере албады. Алтай, Хакасия, Монголия айдыңдары не тарыхый, не философий өңүттө, не кадыресе эле тематикалык багытта болсун, автордук бар кудуретте, жетишерлик ырдалбай, өркүндөтүлбөй кала берди. Ушул өкүндүрөт.

Бирок экинчи жагынан алганда, кандайдыр мыйзам-ченеми да бар өңдүү мунун. Ушул өңүттө анын  узак-узак жылдар бою өнөрканасынын төрүндө бүтпөй, илинип турган, эми ошол тейи түбөлүккө бүтпөй калган «Айт» деп аталган зор полотносун эстөө орундуу. Болжолу, өткөн кылымдын 80-жылдарынын орто ченинде жазылып башталган бул иш кандайдыр бир себептер менен токтоп калган. Ошондон бери бул полотно Жоомарттын кийинки баардык иштерин карытты, өзү чала (жок, жапжаш десекпи!) кала берди. Анда – өзүнө-өзү сыйбаган чалкыган улуу жаратылыш, күпүлдөп аккан тоо суусу, жан жагына жарылып түшкөн шаркыратмалар, алардан аттап, айттап, өйүз-бүйүзгө өтүп жатышкан шарактаган кыз- келиндер, алар болушунча кызыл-тазыл кийинип алышкан... Айтору, «Айт» картина баштан аяк шаалдап чылк динамикага тунган – фигуралардын жалындай булак эткен кыймылы, түстөрдүн жыш контрасты, сүрөт алкагын жарып сыртка тебилип кетчүдөй чың композиция! Бир сөз менен айтканда – Дүйнөлүк Рамистик  Шаң!

Ушул картина эмне үчүн убагында бүтпөй калган деп көп ойлондум. Көрсө, автордун да кызыл кыздай, жашыл жаздай өрт жаштыгы ушул окторулган тоо суусундай шаркырап бир агып кеткен өңдүү. Тынууга, тунууга үлгүртпөй. Ордун олут ээлеп – философия, тарых, Манас же кээде кадимки эле күндөлүк ыбыр-сыбыр басып. Бир күргүн сууну эки кече албагандай эле автор да улам жаңы иштин кызуусунда, демеген жагалдуу ал маанайына ана барам, мына табам деп жүрүп Мезгил Закымында кол үзүп кете берген өңдүү (көрсө, түбөлүк шаңды шайтандай минип алган бир Рамис – Көсөө гана гений белем!). Жокең да дал ушул «Айтына» кайра бара албай калгандай эле станкалык живописте ишке ашырар канча бир композияларына да кайрыла албай калган өңдүү. Өкүнүчтүү, өкүнүчтүү, бирок нетесиң, өмүр дегениң да өлчөлүү иш экен...

Эмесе, мен ушул жерден соңку ирээт артка кылчайып, «Эсимде» картинаны дагы бир жолу эстей, мындан кеминде отуз жыл мурунку жазылган бир «көрүүчүнүн пикирине» кайрылгым бар. Бул жан толгоо ошондогу Жоомарттын жаштык маанайын, кудурет-демин, романтикалуу абалын-абанын, дегеле сүрөткерлик деңгээлин бүгүнкү окурмандын көз алдына таасын тартып бере алат деп ойлоймун.

В чем изначальная суть жизни и искусства…

Где проходит грань между ними? А вообще существует ли она? Или есть только бесконечная… вечная…недосягаемая, но всегда окружающая нас простая и великая загадка бытия, выражающаяся посредством искусства, и, тем самым, перестающая быть ею, превращаясь в нечто большее, имя которой ТАЙНА, ДУХ, ЛЮБОВЬ, БОГ…

Это первая мысль, зарождающаяся после встречи с полотном «Эсимде» Ж.Кадралиева. Конкретная и многоликая она и есть метафора Бога, Любви, Вечности… Созерцая картину, хочется щемяще тихо-горько, громогласно шептать слова Чехова: «Давайте, друзья, споем что-нибудь божественное…» («Степь»).

Можно научиться грамотно писать, усвоить все законы живописи, но остаться холодным, рассудительным и безупречным ремесленником (как Конурбаев, чей триптих не волнует сердце, но зато вон как терзает ум. А за «Анару» спасибо ему), но невозможно стать художником не имея одаренность СВЫШЕ и подпитки снизу от народа, своей истории, мелодии родной земли, запаха полыни…

Жоомарт! Пусть всегда поддерживает тебя бессмертный дух народа!

И еще, очень тепло лирично-человечно, благородно-тоскливо написаны работы С.Торобекова «У порога», «Сон». Чувствуется уверенное становление автора: гражданин, художник, личность…

Еще раз спасибо Жоомарт, за очищение души.
Спасибо Сапар, за «светлую печаль» (Пушкин).

Чоюн, 7 декабря 1987г.

Ооба, бул саптарды чийген, эми ошондон отуз жыл өтүп айласыз кайра ушул эскермени жазып калган ушул саптардын ээси – кулунуңуз эле. Муну өзүм да унутуп калыпмын. Үмүт Асанованын учурунда мага да күчтүү таасир эткен качанкы бир жазганын эстеп (телекөрсөтүүдө колдонгон элем), эми ошону Айжамалдан (Жоомарттын карындашы) издеттирип атсам, капыс табылып калды. «Эсимденин», чыны менен, Жоомарттын живопистеги (Үмүт айтмакчы: «живописание») ырдалып калган акыркы «аккуу кыйкуу» ыры-ыйы болуп калгандыгына-андагы жөпжөнөкөй, эмики тарыхый ушул Бир Факт мени дагы бир жолу ишендирди. Дагы бир жолу эңшерилдим…

Арийне, Жоомарттын станкалык живописине (башкы өнөрүнө!) карата айтылган жогорудагы ойлорду анын графикасына, декор иштерине, ушул техникаларда ишке ашырылган Манас темасына карата айта албайсың. Бул өңүттөгү бүтөргөн иштери живопистеги бүтүргөн иштерине салыштырмалуу саны боюнча аздыр. Бирок принциби, маңызы боюнча ал Манас  темасында өзүн толугураак жана ар тараптуу ача алды деп айтууга болот.

Эсеби, Манас графикалык сериясы кыска, экспрессивдүү, Кара Аскадай уюган маңызды ургундай бир шилтемдерде жепжеңил (көздү алдаган!) алып чыккан (сыган) экспрессияга тунган. Ар бир  композиция – чулу сырт сынында монументалдуу эпикалуу жана ичтей ошончо чың динамикалуу! Капыс чагылган аткандай! Жоомарттын Манас сериясы башка баардык манасчы-сүрөтчүлөрдүн ишинен кескин айырмалуу. Балким, ал тээ байыры Көк Манас менен гана алыскы жаңырыкташ...

Таластагы «Манас Ордо» комплекси, тескерисинче, көп пландуу жана ар катмарлуу. Мында эпика да лирика да, реалия да ирреалдуулук да, конкретика да символика да жыш жуурулушуп  калган. Манас – Асман аңыры Жер жарыгы менен калкылдап бет алдыңда калат; эпос мүлдө сюжетинде көз алдыңдан сыдырылат. Ош шаары филармониясындагы көлөмү 206 чарчы метр келген «Кылымдар таңы» символ-эпопеясында чагылдырылган кыргыздын улуу тарыхы,  рухий ааламы тууралуу деле ушунун өзүн айтууга болот.

Ал эми ишке ашпай калган « Айкөл Манас-Кырк Чоро» скульптуралык ансамблинде чектелген материал (чопо) чегинде-чексиздик мазмуунду (манасрух) кандайча чебер алып өтүү далалаты жасалганы, баяраак айтылды.

Бир сөз менен айтканда, Жоомарт эч кимге окшобогон өзүнүн Манас дүйнөсүн бизге калтырып кетти. Арийне, мынча калкагарга көтөрүлүп алган ал бул бийиктен дагы далай чабыттамак,  жаңы багыттарын ачмак, өзгө өңүттөрүндө үңүмөк, ИШ  бүтүрмөк. Бирок ушуган да канимет, ал өз манасиада уңгусун түзүп үлгүрдү. Канымет, канымет...   

ТЕҢИРИ-Мейкинде түпсүз, Мезгилде чексиз. Биз, Мезгил-Мейкиндин чексиздиги-түпсүздүгүнө түшүп эмес, түшүнүп үлгүрбөгөн чектелүү Жер пендесибиз. Бир гана Улуу Манасчы ошол Сырдан аян алат, шоорат кагат. Жоомарт Улуу Кудуреттин табын туюнуп баштаган сүрөтчү-манасчы эле. Учуп кетти. Кудум байыркы таштагы жазуудай: «Теңириме учтум…»

Сөз соңу

Өмүрдүн кийинки жылдарында Жоомарт экөбүз дээрлик көрүшпөй калдык. Мен сүрөт эмес, адабияттан алыстап кеттим. Физика, философия дүйнөсүнө («Уңгуталаа» – «Единое поле») үңүлдүм. Ой токтотуп иштемекке айылда көп жүрчү болдум. Шаарга келгенимде гана, экен-токондо, кандайдыр бир жыйындарда капыс жолугушуп калганыбыз болбосо, экөөбүздү мурдагыдай эңсетип, издеткен жалпы тема деле азды. Жоомарт да бул тушта баарын жыйыштырып салып скульптор болуп кетиптир.

Ошондой сейрек жолугушуулардын биринде: сага бир чоң иш бар, скульптуралык комплекстин алды-ичи бүт тарыхый жасалга, музей болот, сенин билимиң, жөндөмүң ушуякка зарыл эле деди. Мен жакынкы жылдарда эч бир башка ишке отура албастыгымды айттым. Кыскасы, экөөбүздүн мейкиндеги пенделик толкунубуз эми эки башка тегизде эле. Бул жылдардагы Жоомарттын жан дүйнөсү, чыгармачыл, пенделик түйшөлүүсүнөн, анчейин, кабарсызмын. Өзүңө өзүң артпай калган заман келет экен.

Чыгармачылыктын буй түшкөн жылдарында Жоомарт менен жолулаш түшүп калган сапарыма ыраазы болом. Ал менин элесимде – эскерген жылдарымдай жаш, чыгармачыл оргу-баргы, боздоок ырларындай изги, Манасты тарткан тушундагыдай тууштуу эр бойдон калды.

Ушундай сакталат.

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ, Эларалык Манас жана Чыңгыз Айтматов академияларынын академиги, август, 2016-жыл

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз