Тойчубай менен Каңдыбай келгин калктын жоругуна жандары ачып отурганда төмөн жактан топ атчан көрүндү.
Ат туягынан чаң ызгыганына караганда жөн салды келаткан топ эмес. Топтун ызырынгандай жаалы бар.
– Даа эмне чатак?.. – Алыш салгандар ордуларынан дүрбөй түштү.
Арыда угулган ыр:
Буурсунун буктурган,
Кара жерге суктурган.
Шамиянын шайлаган,
Кош өгүзгө байлаган... –
деп барып жам басылды.
Жулкунган атчандар түз эле алыш боюндагыларга жетип, тизгиндерин тартты. Салам алик алышкан болушту. Анда-мында сербеңдеп жерден баш көтөрбөй иштегендин баары шаймандарын таштап, таранчыдай үймөлөктөштү.
Дүпүрөгөн атчандарга арыдагы буурсун тарткан чүлүктөнүү кош өгүз гана аңкайып караганы болбосо, талаа түйшүгүндө тырбаңдагандардын көңүлдөрү уйгу-туйгу...
– Жайчылыкпы, жигиттер? – кооптонгон бири озунду.
– Келгин орус көбөйгөнү – кайдагы жайчылык?! – Ызырына сүйлөдү жоон билектүүсү. – Чектен чыгып, ашынып кетти буларың! Туурабы? – деди жандоочуларына кылчайып.
– Туура, туура... – туш-туштан жаалдашты.
– Кечээ орус мужуктары суроо-сопкутсуз бирөөнүн малын союп алганын уккандырсыңар...
– Уктук...
– Кескилик өз баштарына жетсин.
– Ошол бейбаштыкты жаңы болушка угузсак, болушубуз алардын таламын талашат! Анда эмне болуш шайладык аны?! – ачуусуна туттуга түштү жоон билегин түрүнгөнү.
– Болушту кудай урганы кедейдин керденине түшкөн эле мүшкүл тура.
– Анан эмне деп чечтиңер?.. – деди алыш жээгиндегилердин көк сакалдуусу көчүгүн жерден эми козгоп.
– Анан эмне деп чечмек элек?! – кекете сүйлөдү топтун арасындагы ала сакалдуусу Борош алдыга озунуп: – Камчыга сап эр-азаматтардан кошун жыйнап жүрөбүз. Болуштан калыстык болбосо, көргүлүктү өзүбүз көрсөтөлү оруска. Мынабул жигиттер чогулуп, келгиндердин айылына баратабыз. Араңарда биз менен барчуңар ким?.. Намыстуулар барсыңарбы? Кошулгула!
– Кошулгула!.. Жоон топ кыргыз чогулуп, оруска сес көрсөтүп койбосок, ээнбаш булар ашынды! – ээгине ата сакалы бүткөн Борош топ жарып кыйкырды.
– О, кокуй эмне деп атасың, Борош?! Каны кызуу жаштарды топтоп, элди бүлгүнгө салгың барбы?! – Кайдан-жайдан Токтогул аксакалдын үнү эшилди арыдан. – Ачууну акыл жеңет. Алабарман болбогула, кагылайындар! Бир ачууңду бизге бер. Болуштан адилет кеп чыкпаса, башкасынан чыгар. Бөөдө тынч жаткан жамы калкты капсалаңга учуратып албайлы. Орустун куралы бар, аскери бар. Бизде аскер барбы?.. Ик-и... Куралыңар колуңарда сороңдогон союлбу? – элге суроолуу тигилди.
Токтогулдун бул кебине эми гана баары эс жыйгандай, жым боло селейишти. Үстөмдүк бүгүн болбосо эртең келери баарын ойлонтту.
– Ооба, туура кеп. «Кум жыйылып таш болбойт, кул жыйылып баш болбойт» дейт. Ыстарчын, болуш, манаптарыбыз каратаманды коруйт беле? Алар деле мартабалуу орус төрөлөрүнөн үрпөйүп, мужуктардын таламын талашса кантебиз? – топтун арасынан башкасы кыйкырды.
Токтогул:
– Орус жандыралыларына жеткирели бул кепти, – деди эле, анын кебин ортодон Борош кайра жула качты.
– Ик-и! Ики-и... Жандыралыларга кимибиз жеткирмек элек?! Орустун бир сөзүн сүйлөгөн ким бар арабызда?
– Мына, орустун түшүн жоручу киши... – Тойчубай Каңдыбайды алдыга түрттү. – Ак падышага төрт жыл аскер болгон ушул барсын.
– Бурсатын[1] өткөрбөй, адегенде Шабданга айттыралы, – деди топтун арасынан бири.
– Шабдан муну уккан жок дейсиңби? Уккан күндө даа аның эмне кыла алмак? Оруска каш кагып сүйлөйбү ошо?! Кедейдин керденин так ошол залим Жантайдын тукуму оруска басып берер! – деди кагынган Борош. – Шабданга өзүң жеткирип бара бер сөздү. Ага чейинки ишти өзүбүз бүткөрөбүз!
– Өй, өй... эссиз болбо, Борош! Сен баштачу ишпи ушу?.. Э наалаттыкы. Кызуулукка алдырбайлы. Орус менен тиш кайрашар алыбыз жок. – Күүлөнгөн топту сабырдуулукка чакырган Токтогул эки жааттын кулагын түрдүрдү кепке. – Аксакал, көксакалдар турасыңар. Кандай дейсиңер?.. Ушу үркөрдөй топ камчы үйрүп жетип баргандан эле орус кынына кирип калабы? Болуптур, бүгүн матап баргыла, эртең бир жандыралысы аскери менен куралчан келсе, эмне күндү көрөбүз? Орустун огун жаман чапаныбыз менен тособузбу?! – деп өрттөндү.
Борош:
– Орус баскынчылары тебелей берсинби анда?!
– Тебелейт, тебелейт! Алдагинтип эрдиги бар, эси жок болуп чамынып барсаң, тебелебей коёбу?! Элдин убалын ойло. Алдагы кырчындай эрендерди оруска козутуп чаң салгың бар. Күлү мына эми додо болгон элдин убалы кимге? Бейпил элди тышкы жоодон коргоп турган ким азыр? Өзүбүзбү?! Орус менен жоолашсак, тиягыбызда Кокон турат короңдоп. Орустун айбаты болгон үчүн бүлүнбөй турбуз го. Эл болгондон кийин арасында аласы болбой койчубу?.. Орусту орус өзү тыйып алаар. Бир кара малдын доосу үчүн азуубузду кайрашпайлы. Мал табылат, тынчтык табылабы? Сабырдын түбү – сары алтын. Бас-бас болуп турайлы, журтубузга жакшы күн да келер. Агөрөк, урунаарга жоо таппай турсаңар, мынабул алыш казып шайы оогондорго көмөк этсеңер, жаздын бир күндүк мээнети элге бир жылдын азыгы… – деген Токтогулдун кебинен кийин атчандар күүлөрүнөн кайтып, карыянын акылынан миздери мокоп турду.
Көптүн арасынан Тойчубайдын кеби да акылга келбей кызууланган Борошту ооз жабууга аргасыз кылгансыды:
– Эй, салт билбес, бадирек! Улуунун сөзүн сыйла, сакалын сыйла. Мынабу тургандардын оруска эбедейи эзилип кеткен жок. Баарыбыз орус оюндагысына жетерин көрбөдүкпү... Эп көрсөңөр, Токтогул аксакал туура айтат. Бир уйдун доосу үчүн чоң эл менен кектешпейли. Оң жаагыбызга чапса, сол жаагыбызды тоспоско аргабыз барбы оруска? Элге коймаарек заман келгенине шүгүр кыла, ачуубузду ичке жуталы. Журт багына даа бир Манас туулар күнүбүз бардыр. Орустун ойронун Манастай эр чыгарар ошондо...
Бу кеп баарынын каңырыгын өрттөгөндөй үшкүрткөнүн туйган Тойчубай экимет улады:
– Кара кыргыздын журтун калмак тыйпыл басып турганда акылман элибиз душманы оң жаакка урса, сол жаагын тосуп өзүн сактаган эмеспи. Этегибизди орус тебелеп турса да, эл-жерибизди бүтүн сактоонун амалы – дини кайыр эл менен басташпайлы. Бурсат жетсе, Манастай каркыбар туулар кыргыздан, шер туулар бир...
Ачуулуу топтун күүсүн акылга чакырган кеп токтотту.
Букарага ак падышанын амири орногону ушу: эл мурда салыкты мал башы менен санап берсе, эми жылкынын жал-куйругунан эшилген кыл аркандан тартып, койдун жүнү, эчкинин тыбытынан өйдө калтырбай төгөр көргүлүгү чыкты. Токмоктон бериге трашманкеде чалкалап келчү жандыралылар менен биристаб[2] төбөлдөрү мурда жандарына аскер ээрчитпей эле өздөрү жер ченетип, жер кестирсе, кийин алар куралчан аскер жандатып алганы кандай?
Муну ойлоп, Бороштун ызасы кайнайт. Залим бий, манаптардын эзүүсүнөн да орусу бир жактан кедей-кембагалды кемсинтип малын тартып алып атса да, башын айра чапса да «кедейдин өлгөнү – иттин өлгөнү» деп болуштун жигиттери мужуктардын таламын талашканынан – кедей-кембагалдан кол топтомок болду эле даа!
Мына анысы, көпчүлүктүн оозу: «Кум жыйылып таш болбойт, кул жыйылып баш болбойт» – деп тыйып койду.
Борошту бул ызага жеткирген сарбагыштын сасык бай атка конгон чала манабы Эшменин былтыркы жылдык ашы. Ошондон бери кыл чайнап араң жүрөт, ич күптүсү артып. Эшме өлгөндө бир, Эшменин кыркылык ашында бир, жылдык ашында бир мерте чабылды кедей-кембагал. Жапа-жабыры элге тийген чала манаптын азабы калдыбы элге? Букараны уруп-согуп, малын тартып алып, жалчыга жай турмуш көрсөтүппү?!
Эшменин колунан тирүүсүндө жакшылык көрбөгөн чор тамандарга ал өлгөндөн кийин да зыйнаты жүктөлдү. Тирүүсүндө өз малын союп жебей сасык бай атка конгон Эшме өлгөндө кудум өзүндөй зулум балдары ар түтүн кембагалдын үйүнө күн көрсөтпөй бирден союш салык салды.
Алардын арасында Бороштун кара чечекей жалгыз иниси Ыдырыс экөөнү салыгы – ченемсиз кыйнаган. Жылдык ашка келген меймандардын саны көп, миңден ашуун боз үй тигилди. Ар түтүн кедейге эки күнгө жыйырма, отуздан конок бөлүнүп, союшу жүктөлдү. Жалчыларга отун-суу жыйнап, кара мал союу мүшкүлү Абеш менен Бөдөшкө эмес, мүлдө букарага түштү.
Чала манап болсо да Эшменин одүйнө менен бу дүйнөдөгү түйшүгү кедейдин керденине буюрган экен, короосунда жалгыз саан ую бар Бороштун иниси Ыдырыстын үйүнө жыйырма баш конок бөлүндү.
Чиедей төрт баласы менен өлбөстүн күнүн кечирген Ыдырысты босогосун аттаган коноктор чарк айлантты. Үй ээсинин берер ашын таппай кыпылдаганын солтодон келген Ажыбай аксакал босогодон аттаганда эле байкаган.
Меймандары казанактай төрүнөн сыгылышып орун алаары менен кара жарма сунулуп, жоолуктай боз чүпүрөк дасмал жазылды. Бетине муштумдай карындагы сары майы менен жарым-жартылай көмөч нанды үзүп-үзүп жеткирген колуктусу күйпөлөктөп жүгүрүп калды.
Меймандарына тегеретип келаткан жармасын төрдөгү сакалдуулар жарым-жартыдан ууртап отуруп калышты сакал сылап, эрдин жаланып.
Улага жакка көчүк баскан меймандарга жарма артпаганын көргөн Ыдырыстын мурдун кара тер басты. Шашып калдалактап:
– Кап, айе! Жарма жетпедиби? Айып этпеңиздер... – деди күнөөлүүдөй.
– Кедейчиликтин айыбы жок айланайын, – деп жоокалаткан болду төрдөгү Ажыбай аксакал. – Суу болсо да ууртат калгандарына. Суудан өткөн ырыскы болорбу? Суудан куй.
– «Жоктун жону жука» деген ушу экен. Азыр эле... мына... мал союлат, ошого... Ошого бата тилеп койсоңуздар... – мукактанган Ыдырыс сыртка чуркап, байлоодогу уюн жетелеп келаткан жерден Ажыбай колдон кармап токтотту.
– Сенин үйүңдөн кара суу ичип кетсек да ыраазыбыз. Чиедей балдарыңдын ырыскысы жалгыз уй болсо, шону кантип жеп кетебиз. Малыңды сойбо, жаңы тууган саан уй экен, – ымандуу карыны башкалары да макул көрдү.
– Музоосу жаңы торолгон уйду союп, малга убал кылба, – деди башкасы даа.
Муну баары бир ооздон кубаттап, Ажыбайдын айтканын ыктыяр көрүштү.
Ыдырыс ыйлап жиберди:
– Акебайлар, эт жеп кеткиле. Силерге уй союп бербегенимди Абеш менен Бөдөш укса, шорумду кайнатышат. Эртең эле катын-балдарым менен кошуп чор таман малай кылат. Эшменин тукумунан көрбөгөн кордугум калдыбы… – деп бышактаган Ыдырыстын колунан меймандардын бири бычакты шып ала коюп, жанындагыга ээк какты.
– Менин жээрде кашкамды жетелеп кел.
Баары селейди. Мамыдагы жээрде кашканы көздөй бараткан жигит да артынан улам кылчактап «чын айттыбы?» дегендей карбаластады эле...
– Апкел, апкел... – деди тиги да ишенимдүү.
– Э, койсоңчу, Маматаалы! – Топтун арасынан чочуганы болду.
Маматаалысы көнбөдү. Анын марттыгына түшүнүп-түшүнбөй туруп калды баары.
– Минген атынан түшүп бермек – эр-азаматтын иши. Өркөнүң өссүн, Маке! Мунуң нарк билгилик, – Ажыбай аксакал жээрде кашка жетеленип келери менен алакан жайып жиберди: – Оомийин, арбактарга сообу тийсин малыңдын. Бизде азык жок, малда жазык жок.
Үй ээси Ыдырыс не кыларын билбей селдейди. Аны көргөн Маматаалы далыга таптап, көңүлүн жайкап өттү:
– Сенин уяла турган жөнүң жок, тууган. Уяты болсо маркумдун сасыкбай тукуму Абеш менен Бөдөш ушуну кылабы? Кара таман элдин канын соргон немелер тура булар…
– Сиздин алдыңыздагы мингичтин союлганы Абеш менен Бөдөшкө жетсе, жанымды сууруп жешет ко... – деп ага болбой калтаарып турду Ыдырыс.
– Жетпейт, жетпейт... – деди меймандын баары бир ооздон.
Карманар жалгыз кара малы аман калганына сүйүнгөн Ыдырыс эт бир сыйра кайнаган соң улагага көчүк басып даттанып отурду:
– Э-э, агайын-туугандар, кайсы бирин айтайын... Бул уй агам Бороштун найза сайышка түшүп алгандагы байгеси болчу. Балдарың сүт ичсин деп байлап берип кеткен. Абеш менен Бөдөштүн көзүнө түшүп калыптыр ошол адал малыбыз. Шул кан ичкич экөөнөн элдин көрбөгөнү калдыбы. Булардын атасы Эшме өлгөндөн бери букаранын жегени – желим, ичкени – ирим. Башкасын койдум, Эшменин көрүн казгандагы менен күмбөзүн тургузгандагы азапты ким көрүптүр. Союшка мал бере албагандар көрүн каздык. Көр казганда да төбөсүн найза боюна ченеткендеричи... Ой-бо-ой! – Башын чайкап, таңдайын шыкылдатып алды. – Эшменин арбагы найза боюндай бийик көрдүн ичинде басып жүрчүдөн бетер ченетишпедиби. Тимеле жердин жети катмар түбүнө кирип каздык ко. Кийин ошол эле томаяктар жыйылып Эшменин күмбөзүн тургузуп, коргонун соктук. Жылдык ашына келгенде даа мынтип томаяктар малын союп... – деп күйүтүн төгүп алды.
Муну уккан үй ичи нааразы кепке толду:
– Биз даа Абеш менен Бөдөштү сарбагыштын эл жакшылары деп келбедик беле ашка.
– Мындайын билсек, ат бастырып келбейт элек.
– Эл жакшысы болбой куруп калсын булар.
– Эл жакшысы ушубу?.. Аш берсе да, той берсе да томаякка жүк?
Эртеси эр сайыш, ат жарыш, көк бөрү, кыз куумай, жамбы атмай, ордо оюндары уланды сарбагыш журтунда. Томаяктар буттары үзүлгөнчө конок камында тызылдап. Эл жакшылары отурду оюн тиктеп маашырлана.
Жарчы чыкты бүйүр кызытып жар салган:
– Эр сайышка намыстуудан ким чыгат? Эрдин кунуна деп тогуздап саналган мал турат тигинде.
Топ ичинен ар баатырдын атын атаган сүрөөлөр жаңырды, асабалар желбиреди.
– Бугудан кайсы баатыр бар? Солтодон барсыңарбы? Биздин сарбагыштан чыккан эрге кимиң бар? – жарчынын үнү намысын козгоп турду баарынын.
– Мына биздин баатыр! – Найзасы колдо сороңдоп, күркүрөп үнү ороңдоп, минген аты чимириктей тегеренген бугудан чыкты бирөөсү.
– Биздин баатыр мынаке! – кадалып төшкө калканы, алдындагы дулдулдун алыска ыргып данканы, сарбагыштан чыкты бирөөсү.
– Баатыр силерде эле бар бекен, бизде даа мына! – Тигилерден калышпай илгерилеп жулунган, найзасы эрте сунулган, саяктан чыкты бирөөсү.
– Мөрөй бербес анык баатыр мына! – Байгени илип кетсем деп, баарынан өтүп чекчеңдеп, чериктен чыкты бирөөсү.
Ар уруудан намыс талашар эрлер чыкты ортого. Уруу намысы үчүн жанын тобокелге сайып чыккандын арасында эзели эл жакшыларынын тукуму болбогон. Бу жолу да жок. Эр сайышка жалаң букара тукуму чыгып келген. Эл жакшыларынын тукуму эр сайышты көрмөккө гана жаралган. Алардын кумары да, ыракаты да ошол. Отурат алар тигинде: «Намысты биздин баатыр алгай» – деп. «Биздин уруунун мартабасын арттырар баатыр чыкса» – деп.
“Баарынын башында суусар, калтар тебетейлер кулпурат. Аттиң-а, ошол эл жакшыларынын баштарын көрктөгөн сүлкүлдөк тебетейлердин алдында бүлкүлдөк мээ болсочуң-ов. Муштумдай мээ көрк берип турсачы уруу баштыктарына! Булардын көңдөй башын көрктөй турган эс-акыл бербеген тура-ов! Суусар, калтардан бөрк кийгендерде көрк болбойт беле шондо.
Көңкү кыргыздын арылбас шору – эл жакшыларынын көңдөй баштарын көрктөгөн илим-билим, акыл эмей эле тебетей болуп атпайбы! Көңкө кыргыздын көөдөнүн караңгы чалганы шул эмеспи?!” – деген эле каратаман эл экен мындайда, бирок айтканга тилдери чолок…
Эр сайыштын уу-дуусу башталды. Алеки дегиче болбой сарбагыштын баатырын солтонуку соройтуп сайып кеткенине сарбагыштардын кабагы түйүлүп отуруп калышты. Кокуйлап баатыр издешти. Баатыр чыкмагы азап болду топ ичинен.
«Намысты колдон чыгарабызбы?» – деп кыпылдап отурган Эшменин эки уулу баатыр издетип таппай, акыры Борошко киши чаптырмай болушту.
– Ой, анын ата сакалы ээгине бүткөндөн бери эр сайышка түшпөймүн деп жүрбөйбү, – деди уй мүйүз отуруп кеңешкендердин арасы.
– Картайса да ошо жарайт. Башкасы кана? – деди чыйпылыктаганы.
– Бөрү карыса да бир койлук алы бар, апкелгиле! – деди акыры Абеш менен Бөдөш сарбагыштын намысы үчүн эр табылбай кысталганда.
Борошту ашка келген меймандардын камында тызылдап чуркап жүргөн букаранын арасынан таап келишти заматта.
– Сарбагыштын намысы колдон чыгып кеткени турат, баатыр! Бири чыгып, тороюп кулады сайышта. Намыска өзүңдөн башка жарары жок экен, – деп Бороштун айнып кетер түрүнөн чочуган Абеш менен Бөдөш зоот кийимди өздөрү кийинтип, далыга таптап бөжөңдөп турушту баатырга.
Эр сайышка азырланган Борош алкынтып аргымак минип чыкканын көргөн сарбагыштар кубангандан чурулдап жиберишти. Баары жаалап «Борош! Борош! Борош!» – деп ураан жаңыртты туш-туштан. Ураан күчөгөндө сарбагыштын баатыры жоо сайчудай сүрдөнттү меймандарды.
Эрөөлгө чыккан атаандашын Борош баатыр бир убакта мүрдөмгө келтирбей ат үстүнөн кулата сайып түшүргөнүн көргөн сарбагыш журту Манас жоону жеңгендей чурулдап-чуркурап кубанды. Намысты коргор бирөө чыкканына жетине албай чурулдаган топ асманга көкөлөтө ыргытып алкашты баатырды.
– Сен болбосоң эл караган бетибиз жер карамак, кокуй!
– Жарадың биздин намыска!
– Жүрү барып байгеңди ал! – деп бири тигинде турган бөлүнүү мал жакка жетеледи баатырды.
Эр сайышка чыккан баатырлар бирин бири мертинтти. Аларды көрүп маашырланып отурган эл жакшылары менен уруу баштыктарынын арасынан бири козголуп, «Ушул баатырларды бирине бирин эр сайышка чыгарып мертинтпей, шундан гөрөк кырк чоро башын курасак кантмек эди» дебеди. «Ар уруунун намыска жаралган баатырларынан аскер курасак болор беле» дебеди. «Уруу жакшылары жыйылып, улут башын бириктирсек болор бекен» дебеди. «Ушунча уруудан бирөөсүн ак кийизге көтөрүп ажо кылсак» дебеди. «Намыска жарар эрлерден аскер курап оруска жапырык салсак» дебеди. «Уруулардын башы кошулса орусуна да, коконуна да айбат көрсөтөр кырк чорону курайт белек» дебеди. «Кара кыргыз кырк урууга бөлүнбөй, жалгыз бир көк асаба алдында бириксек кантет» дебеди. «Эр сайышта эрендерибизди бирине бирин мертинтпей, жамы журтту жыйнасак, орус этегибизди тебелейт беле» дебеди...
Ашка келген ар уруу өкүлү өз уруусунун мөрөйүн күтүп, өз туусун желбиретип, мөрөй алып берер эрлерин сүрөп отурду.
А тигинде тогуздап саналып байланган малга Борошту жетелеп бараткандарды көргөн Абеш менен Бөдөш кыйпычыктап калды. Алар да жөнөдү малга бараткандардын артынан.
Абеш:
– Байге жок сага, томаяк!
Бөдөш:
– Бу жакта биз сарбагыштын намысы деп отурсак, тиякта иниң Ыдырыс түндө эмне кылганын уккандырсың...
Борош:
– Эмне кылыптыр гөтөк?!.
Бөдөш:
– Деле билмексен болуп калганын! – деди ызырынып.
Борош:
– Билсем буюрбасын...
Бөдөш:
– Буюрбаса ошо! Бул мал сеники эмес. Иниң түндө меймандардын атын атамдын кара ашына союп берип, бүтүндөй урууну шерменде кылды. Тогуздап саналган бул байге сарбагыш уруусунун кенедей кунуна татыбайт! – деди эле Абеш менен Бөдөштү ээрчип жүргөн дөбөттөй жигиттер Борошту малдан четтетип алып жөнөштү.
Үйүнө келген меймандарынын минген атын кой оозуна чөп албас иниси Ыдырыс союп берип сыйларына ишенбеди Борош. Эки жагын элеңдеп тиктеп, ичинен: «Абеш менен Бөдөштү – Абыке менен Көбөш эмей ким» – деди. Ошондо баатыр: «Абыке менен Көбөштүн арбагы алиге тирүү экен го» – деди каңырыгы түтөп. «Качан болсун Абыке менен Көбөштүн заманы турбайбы» – деди ичи тытылып.
Арыда өз колунан мерт болуп, түткүчтөй түйүлүп онтоп жаткан солтонун баатырын чакан топ курчап турганын көрүп, өкүнүч өрттөдү өзөгүн.
Топтун арасында: «Найзанын учу табарсыгын көзөп кеткен турбайбы» – деп кейип алганы бар. «Баатырдын убалы уктатпай калсын» – деп Борошту каргап-шилегени бар.
Онтоп жаткан баатырды табалагандай: «Кедейдин өлгөнү иттин өлгөнү» – деп ары бастырып кеткен солто манабынын күңкүлдөгөнүн уккан Бороштун көөдөнүн ошондо бир күйүт чалды. Агер дал ушул солтонун баатыры так өзүн соройто сайганда – Борошуң да ушуну көрмөк турбайбы боз топуракта оонап.
Эр сайышка чыгарып алганга дейре бөжөңдөгөн Абеш менен Бөдөш кокус Бороштун мөрөй алдырганын көргөндө: «Кедейдин өлгөнү – иттин өлгөнү» – деп бастырып кетмек экенин ошондо аңдады...
Борошту бүгүнкү ызага жеткирген да ушул окуя болчу. Бир жыл мурда иниси Ыдырыстын Эшменин ашына союлбай калган уюн кечээ орус айылынын мужуктары чогулуп союп алганын Абеш менен Бөдөштөн шекшиди. Ойоздо[3] таабий уругунун жаңы болушу болуп шайланган Абештин гана колунан келчү иш экенинен күмөнү жок үчүн орус айылына бир уйдун доосун өндүрмөккө уруш салганы топ баштап бараткан аны алыш жээгиндеги аксакал, көксакал топ «Кум жыйылып таш болбойт, кул жыйылып баш болбойт» деп тыйып койду. Болбособу, орус айылынын ойронун чыгарар ачуусу бар эле.
Токтогул менен Тойчубай аксакалдардын акылынан кийин өзүнүн ич күптүсү, ызасы үчүн кырчындай жигиттерди, бейпил жаткан элди баскынчы орустун ур-токмогуна салып берүүдөн кооп кылды кайра. Бир колунун ачуусун экинчи колу басып, артына кайтты шонтип.
Бул чыгарма Олжобай Шакирдин “Куюн доор” романынан үзүндү. Агер аталган романды толук окууну кааласаңыз, электрондук тиркемеси мында>>>
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR