Кара Шерден ак сөз

  • 23.09.2026
  • 227

2005-жылы парламенттик шайлоодо Талас облусу боюнча атаандаштыкка чыккан Алтай Бөрүбаев менен Болот Шердин ортосундагы таймаш күндөн күнгө курчуйт. Бийликтин колдоосуна таянган А.Бөрүбаевдин жактоочуларынын оппозицияга омуроосу күчөйт. Оппозиция өкүлү Болот Шер калың элдин алдына чыгып:

– Урматтуу шайлоочулар! – дейт, – мага каныңарды кайнаткан душманыңарга берчү сурооңор болсо да жооп бергенден качпайм. Мен камчы жеп, эти ачынган күлүктөй жүгүрүп кызмат кылууга даярмын элге. Эл жүгүн көтөрөм деген адам – элдин ачуу сөзүн угуп, жооп берүүгө тийиш. Мен элге кызмат кылууга аттанган кишимин.

Муну уккан шайлоочулардын арасынан акүйдүн алдын ала даярдап койгон дүжүрлөрүнө кудай берип салат.

Топтон ажылдаган-жажылдаган бир катын шарт суурулуп чыгат. Аскар Акаевди айга-күнгө теңейт. Оппозицияны жерден алып көргө, көрдөн сууруп жерге чаап чаркырайт: 

– Ай, Шерниязов! – дейт албууттанып алдыга жулкунуп, – ушу капкара болгон сен апапакай Аскар Акаевичтин бийлигине не мынча асылып калдың?! Дооронбек Садырбаев, Өмүрбек Текебаев үчөөңөр бийликке келип эмнени кыйратасыңар, кана ушуга жооп берчи! Оппозициябыз деген силердин колдон эмне келет? – деп туттугуп туруп калса, Болот Шер мыйыгынан жылмайып жылдырган кеби бул экен жайма-жай:

– Эже, туура, сиздин айтканыңызда калет жок, – дейт мыйыгынан жылмайып. – Ооба, кудай-таала мага Аскар Акаевичтикиндей жылтыраган апакай баш бербептир (капкара коюу чачын бир колу менен сылап). Сиз айга-күнгө теңеген Акаевдей ажарлуу жүздүүлөрдөн эмеспиз биз. Бирок ушул жерден сизге бир суроо берсем болобу? – дейт.

– Эмне сурооң бар менде? – тиги катын кулагын түрүп калат. Эл да жым болуп Болот Шердин оозун тиктейт.

– Сиздин корооңуздагы уйдун өңү кандай, эже?

– Так ушу өзүңө окшогон капкара уй, – дейт мурдагысынан ашынып.

– Демек, капкара уюңуздан саап алган сүт апапакай да, туурабы? Менин өңүм капкара болобу, апакай болобу – эмне айырмасы бар? Элге ак ниетимди төшөп, ак кызмат кылсам болдубу? – деген экен.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз