Элдик көтөрүлүш: Үркүн-кыргын

  • 24.09.2026
  • 259

Жайдын саратанында Пишпекте болгон кеңеште Алматыда орус жандыралылары менен аскери арбын экени айтылып, урушту орустун кайнаган чоң шаарынан баштоону макул көрүшкөн бекзадалар.

Адегенде Алматыдан бузук башталса, Пишпек, Токмок, Кемин, Каракол, Кочкор, Жумгал, Нарын кыргыздары көтөрүлмөк. Кемин, Токмок, Каракол кыргыздары казактар менен кабар алышып, уруштун алдын орус кыштактарын талоонго алабыз деп бекишкен. Бирок уруш Алматы казактарынан мурда Кеминде башталып кеткенинен Мөкүштүн тынчы кетти.

Өргөөсүнө жыйылган эл жакшыларынын кеп-келеңи:

– Шерт боюнча Каракол, Көл, Токмок менен анын айланасындагы орус кыштактары талоонго алынса эмне… Никелей падышага каршы коога тутанып, Фергана жолу торолмок.

– Ага улай Кочкор, Жумгал, Чүйдөгү кыргыздар Токмок, Пишпекти курчайт элек ко.

– Олуя-Ата жолу бөгөлүп, Таластагы казак-кыргыз, каракалпак жабыла, Ташкен жолун жарым-жартылай бууп таштоо бышыкталбады беле?..

– Орусту Түркстандан сүрүп чыгабыз деп, бирок Талас, Анжиян, Алай кыргызы тынч жатканы эмнеси? – деди Мөкүш чочуганын жашырбай. – Сыр-Дарыя, Фергана, Самаркан өзбектери оруска каршы дешпеди беле. Анысы неге тынч?

Бузук кайдан чыгарын тыңшаган Ташкен өзбектеринен кабар көпкө кечикти.

Эр-азаматтар Алматыдан Чүйгө каттачу жолду агылгалап, Жол-Булактан Кашка-Жолго дейре күзөт коюлду. Күзөт күчөтүлгөндөн көп өтпөй, Көтмалдыдан береги Көк-Мойноктун чаң жолунда чакан отряд беш араба ок-дары, мылтыктар менен колго түшүрүлгөнү[1] элди чоң дүрбөлөңгө салды.

Көк-Мойноктогу отряд санынан мурда анык чоң коога, чоң коркунуч – так ошол отряд аскери Токмок ойозуна жеткирип келаткан эки жүз баш мылтык менен ок-дарыда болмок экен.

Жолдо бугуп жаткан кайгуулчулардын көзүнө адегенде алдыдагы ак боз атчан аскер адамы чалынды. Артында чубалжыган аскер. Баары бирден мылтык асынган ондон ашуун аскердин коштоосундагы беш араба термелет ортодо.

– Эми алаңдабагыла, баатырлар. Булар бизге шеринеге келаткан жок! Уктуңарбы?.. – деген топ башы Ыбрайым Төлө уулунун оозун тиктеди баары. – Бириң эң арткы арабаны тарткан атты маңдайга атып жыккандай болгула. Алдыдагысын мен атып жыгам. Ошондо ортодогу үч араба кууш жолго шыкалат. Алдыңкы менен арткы араба жолду торогондон кийин башкалары узун чийдин артына имериле албайт.

Ыбрайым күзөтчүлөрдү ар жерге бөлүп, өз жанына ээрчиткен көзгө атар мерген экөө жол боюнда бөгүп жатты.

Адам боюнан бийик коюу чийдин арасында келаткан отряддык топ бейкапар жакындай берди. Арабалардын кыйчылдаган үнү жакындаганы менен негедир кырга жетип белги берер кайгуулчу жигиттери кечигип аткандай.

Улам алыстагы чокуну тиктеп, жүрөгү туйлаган Ыбрайым кырдан белги берилер убакытты күтсө, арабалар бир атым тушка келип калды.

Шаштысы кеткен неме алдыңкы араба эшик-төрдөй жерге жакындаган тушта бардаңкесин сунуп, жанындагы шеригине шыбырады:

– Сен баатыр, арткы араба чегилген атты как маңдайга жазбай мээле...

Коюу чийдин арасынан мылтык үнү жаңырды. Как маңдайга кадалган октон алдыңкы менен арткы араба чегерилген аттар биринин артынан бири жер сүздү.

Арабачан ат-көлүктөр жолдун эки тарабына имерчиктеп тып токтоп, аскерлер алды-артына тизгин кайрып, удургуп калышты. Тигинден-мындан сороктоп чыккан кайгуулчулар дал-далынан качыра бергенде чапчаң кээси атынан секирип түшүп ок чыгармак болуп, чийди аралай чуркады.

Жол баштап келаткан офицери алды-артына олоктоп калган кезде ок жаңылып ооп түштү. Аны көргөн башкалары туш келди жагын беттеп, бири жөө-жалаңдап, бири ат жалына жапырылып дыр койду.

Буктурмага кабылган отряддын бешөөсү октон мертинип, ажалы жоктору жеткирбей качып кутулганына кекенген жигиттердин көксөөлөрү суубагандай, күрсүнүп кала беришти.

– Союлум жетпей калды да төбөсүнө. Ой бир каңдайт элем! Мылтыгым болгондо жайламакмын... – деди союлун ташка чапкан эрени.

– Бардаңкенин огу түкүрүк жеткен жерден ары ашпаган мылтык турбайбы, – деди туталанган башкасы актангандай.

– Колуңа беш атаар мылтык тийгенинде да көрөт элек сени, – деди келекелегени.

– Орус аскерлери мынтип качарын билсем, укурук алып келмек экемин. Сыйыртмак илинген мойнунан Көк-Мойноктун жолунда а-айда бир сүйрөтөт элем даа, – деди орустун аскерин азоо жылкыдай көргөн кур тапаны.

Бу кепке кыраан-каткы күлүштү. Күлкүнү бирок бир заматта жол баштап келаткан офицердин чөнтөгүнөн табылган кагазды окуган Солтонойдун уулу Жанектин үнү тып басты. Каттагы маани төбөдөн «чарт» жарылган чагылгандай баарын селейтти.

– Э, кудай, даа эмне дейт?.. Кокуй күн о-ой! Жапайы кыргыздардын бешиктеги баласынан өйдө кырылсын дептирби катта?

– Жаман ооз Жанек десе, оозуңа таш тийсин ушу сенин!

– Бүтүндөй бир элди кыргынга салат деген шумдукту ким угуптур?!

– Түркстан аймагынын генерал гүбүрнатору Күрөпаткиндин буйругу экен дейсиңби?..

– Эки жүз мылтык жөнөтүппү?

– Тиги арабада жүктөлүп келиптир го анысы.

– Мынабу биздин топко жетер мылтык болсо керек ко?..

Баары Жанектин оозун тиктеди жалдырап. Үнү титиреп, өңү кубарып, тил-ооздон калган Жанекти түшүнүп-түшүнбөй жулкулдатышты...

– Эй, бала, өзүңө келчи!

– Катты дагы бир окучу... чала түшүнүп албадыңбы?

– «Айылы калбай өрттөнүп, жапайы элдер тукум курут кылынсын» дегендин эмнесин кайталайм! – Жанектин көзү жашылданды. 

Баарында аза бой дүркүрөткөн коркунуч. Кат кайталанып окулган соң – жүрөк тургай тоо силкинип, асман күркүрөгөнсүдү.

Тигинде турган беш арабага жүктөлүп келинген мылтыктардын сүрү көздөрүнө жан алгыч ажалдын өзүндөй көрүндү. Биринин үстүнө бири үйүлө жүктөлгөн бардеңкелер азырынча тынч уктап жаткан ажалдай туюлду.

Боо-боо кулаган өлүктөр көзгө тартылды. Адам жанын сууруп алчу жансыз жарактардын сүрүнөн тоодой үймөк өлүктөр элестеди.

Топтун арасында колуна мылтык кармап көрө элеги көп. Алар өлүктөй муздак мылтыктарга жан кирип кетчүдөй селейип, колдорун тийгизип көрүштү калтырап-титиреп.

– Артына качып кутулгандар кабарды бүгүн эле Алматыга жеткирет. Тезинен Куропаткиндин буйругун элге угузалы, – Ыбрайым кайгуулчуларды шаштырды. – Бүгүндөн калбай урушка камынбасак, эртең орус жандыралылары жөн жатпайт. Кыр-кырга бөлүнгөн кошун жигиттери Алматы тараптан көзүңөрдү албай, бу жерде калгыла!

Топ башы арабалардын бирине жүктөлгөн мылтыктардын жарым чейрегин кошко бөлүнгөн кайгуулчуларга таратты.

– Мен бардеңке албай калдым! – нааразылык башталды...

Кыңжылган аларды:

– Берилет баарыңа, башаламан түшпөгүлө, – деген Ыбрайымдын ар кимди аскердик тартипке көндүрө албай аргасы түгөдү.

Куралды ал эң мурда дегенде мергенчилик өнөрү бар жигиттерге бөлүштүрүп бергенине атаандашкандары көп.

Мөкүш кан өзү баш болуп бел чечпеди бул түнү. Кошунга бөлүнгөн кайгуулчулар ар жерде ат жабдыкка жазданып, найза, союлун кучактап укташты.

Алматыдан жүктөлүп келатып колго түшүрүлгөн мылтыктар Кочкор, Жумгал, Көтмалды, Каракол кыргыздарына да таратылмай болду. Муну орус солдаттарынан бүтүндөй журтту аман коргоонун амалы дешип, ар урууга бөлүштүрөр жарактарды жерине дейре жеткирер жигиттерди тандап жөнөтүштү.

Айыл-айылды түрө кыдырып жыя келген мылтык аттуу жарак саналуу. Найза, союл, айры, күрөк, айбалтаны эсепке албаганда, канжыгага баш байланган кайгуулчуларга жетип жетпеген бардеңке, жыйырма-отуз чакты милтелүү кош ооз мылтык болгону.

Мөкүш кандын эсебинде: ар урук, ар журттан келген эр-азаматтардан кырк миң кол куралды. Кошун сабына аз күн мурда салдатка алынат деген исписектеги согушка жарамдуу эр-бүлө аттуунун бири калбай кошулду.

Курал гана тартыш. Орустун аскердик отрядынан тартылып алынган бардеңкелерди кырк миң баш кайгуулчу жигиттерге бөлүштүрө келгенде, сайга бир кочуш шуруну чачып ийгендей житип жок болду.

Кошун арасында орус отрядынан олжолонгон жарактарга ичи ачышкандар чыкты. Жакшылардын чечими нааразы кылды көбүн: «Өзүбүзгө курал жетпей атса, саяк, бугу, черик, моңолдорго эмнеге таратышат?» – дешти Кочкор, Жумгал, Көтмалды, Каракол кыргыздарына жөнөтүлгөн жаракка ичтери тарып. 

Күнүгө чыдамы түгөп, Мөкүш каргып атка минчүсүн туш-тушка кабарга чаптырды.

Көл тараптан келер болгон саяк менен бугу кечигип атты. «Солтолор орус кыштактарына кол салыптыр» деген каңшаарды уккан Кемин тарап да жөн жатпады. Адегенде бал челекчи мужуктарды чакчелекей түшүрүп чапты, андан соң кыштактарга өтүштү.

Бир бүтүмгө толук келишкен күндү мерчемдеп алышса эле эң мурда орустун ордосу Токмок шаарын өрттөмөк болушту.

Оруска кол салганга жүрөгү көтөрүлүп калган эл күнүгө шыкалып жыйын. Казакка, биягы Каракол, Кочкор, Нарынга чабарман жөнөтүп тынчсызданышты. Келгени аз чабармандын. Ар уруунун туусун баштаган аткаминер жакшылар Шабдандын уулу Мөкүшкө ачык каяша айтканга даабаганы менен, далайы күңк-мыңк ага.

Канга нааразылардын арасы:

– Каныбыздын кейпи ушулбу? Улам кылчактап отурбай, бүтүмдү өзү чыгарбайбы. Кырк миң кол жетпейби Токмокту өрттөгөнгө?.. – дегени бар кандын көзү мындай болгондо жанындагыга шыбырап.

– Шабдандын сийдигинен чыккан бала жең ичинен биристаб менен сүйлөшүп, бизди жандыралынын колуна салып бербейби?

– Чоң атасы Жантай, өз атасы Шабдан оруска жуукурланган немелер эле. Мунусу даа оруска пейили ооп кетсечи?

– Букаранын эр жеткен жигиттерин рабочуйлукка, салдаттыкка берсе берип, тынч жатсак мындай балээ болбойт эле.

– Бей-бечара, жалчынын тукумун орустун алдына айдап салып берип турган кезден жакшысы жок эле.

Казатка камынган калк арасы ала болуп, түз сүйлөгөнүнөн да кыйшык сүйлөгөнү арбыды.

Сыртынан бир мүдөөгө макул көрүнгөн улуктардын ичинде Мөкүштөн көрө ак падыша бийлигине баш ийүүнү оң санап, кимиси четке чыга берери билинбеди. Кезмети келсе орус тарабына ооп кетүүнү күткөндөр «кол сынса, жең ичинде» жүрүштү.

Верный менен Пишпектен кабар кечиккенине Мөкүштү шаштырган баштыктар көбөйүп, акыры Токмок ойозуна бүлгүн салар күн келди.

Калың кошун шаарга жакын каптап, атчандары алкынып, жөө-жалаңдап жүргөнү көп жанын карч уруп. Айры шыйрак бардаңкелеринин түтөтмө огу жетер тушту чендеген мергендер алдыга өтө берип сокку урмай болушту.

Арттагы баштыктардын оозунан:

– Ок чыгаргыла! – деген буйрукту эшиткен эрендер бардеңкелеринин милтесине от жандырганча эле шаар тараптан «күрс» эткен дабыш жаңырып, жер силкингендей алай-дүлөй башталып кетти.

– Энеңди гана урайын орус, пүлөмөттөн атты! Качпагыла! – баштыктар өздөрү тизгин кайрып артка кетенчиктей берди.

Пулемёттун күрсүлдөгөн дабышы эле ат-көлүгү менен кошо боо-боо түшүрдү далайын.

Дүңкүлдөп атылган бардеңкенин түтүнү кошундун өзүн каптап, шаар жак көрүнбөй калды. «Күрс-күрс» жаңырган пулемёт үнүн мурда укпагандын аза бою дүркүрөдү. Кулагы жарылгандай нес болуп катты.

Окту мөндүрдөй төккөн орус пулемёту тирүү жандай долуланып, оозунан от бүрккөн ажыдаардай «татыраса», жүрөк үшүн алат тура. Ар жерде эр өлүгү, ат өлүгү томурайып, кан килтилдейт.

Сырткы душмандан да ички душманынан коргоно албас эл – жалаң төш окшоду.

– Качпагыла, качпагыла! – мөндүрдөй октун алдына алаңгазар эр-азаматтарды көкүткөн баштыктар өздөрү сүрдүгүп качты.

Жан корчоодон бөлөк арга таппагандын көбү октон кутулар эмес, буямада мүлдө эр-азамат биринин үстүнө бири кулап, адам жаны пулемёт алдында кыйылган камыш окшоду.

Коргон башында пулемёт чайкаган солдатты мээлеген мергендин далайы өпкө-жүрөгүн ок аралап соройсо да, аны көргөн суусар тебетейи сүлкүлдөгөн баштыктар арттан кыйкырат улам:

– Мылтыкты түз мээлеп ат!

– Пүлөмөттү эмес, пүлөмөт аткан салдаттын өзүн аткыла!

– Жакын барып ок чыгар. Түбүнө барып!

«Колума мылтык эле тийсе, орусту жайлайм» дегендин канчасы жер кучуп жатты куралына ок шыкап үлгүрбөй.

Пулемёт огу талаанын жоогазын гүлүн кыйратар өткүндөй сабалады.

Көтөрүлүшчүлөрдүн өлүккө чалынып жыгылганы да, өлүктү сүйрөй качарда өзү өлүп тынганы да бар. Бир чакырым алыстап качса болбой пулемёт огу арттан жетип көмөлөнтүп жыгып атат дагы. Каргыштуу ок жөө-жалаңдап качкандардан мурда ат койдуруп алдыга озгондорду чалгы кыйган чөптөй сулатканычы.

Кыргызды ажал тооруп келгенсиди бул күн: ат үстүндө найзачаны абаны жара сайгандан башка колунан келбеди. Бардеңке барсылдаткан көзгө атар мергенчилер огу каякка житкени белгисиз кымгуут.

Пулемёттор алдыга бир аттам жылган жери жок, ал жаналгычтын оозунан чыккан ок жел жетпес аргымак аттардын артынан көз ачып-жумганча жеткеничи.

Тоо томкорор күчү зор баатырды да көздүн карегиндей, нокоттун данегиндей коргошун ок чалбай жыгат экен, кокуй. Нечен найзанын мизинен коркпой эр сайышка чыгып өлбөгөн баатырларды корголдун жарымындай коргошун ок оңко саят экен.

– Милтелүү мылтыкчандар кыйраган бул согушта айры, күрөк, күрсү, союл көтөрүп жулунганы не кылсын?.. – Мөкүш кайышты ордунан чимириле.

– Мылтык огу ары ашпаган Токмоктун коргонунан айбалта, союлчан киши кантип кирет?! – кошун башчы Ыбрайымдын заманы куурулду.

Токмоктун митайым приставы кыргыздардын сөөккө имерчиктеп кайра келерин билип алды. Артын карабай качып баратканы да жанындагы шеригинин сөөгүн атка өңөрүп кетерин көрдү пристав. Көрдү да кимди кароолго мээлешти буюруп турду. Куралдуу аскерине кымгуут түшкөн топтун Ыбрайым сымал тың жигиттерин терип аттырды.

– Өлүккө кайткандарын жайына койгула! Бул жапайылар кайра келет.

Солдаттары биразга тыным алып, ок атуу басаңдагандан көп өтпөй приставдын куулугу акталды. Айтканындай: көтөрүлүшчүлөр артка кайра имерчиктеп, шейит болгондордун сөөктөрүн алып кетүүгө топтошуп келе баштады. Боо түшүрүп аттырды анда даа.

– Бир боорумдун сөөгүн калтырып, элге өз башымды аман сактап барганым курусун, – өлүктү карай жүгүргөн жанкечтиси бар.

– Бир уруу, бир журттан кошо аттанып чыккан шеригимдин сөөгүн таштап эл-журттун бетин кантип карайм?! – ээ бербей жулунуп өксүгөнү бар.

Үч күн, үч түн бою орус аскеринин тынчыган маалын акмалаган көтөрүлүшчүлөрдүн далайы өз жакындарынын сөөгүн алып кетүүдө кырылып кетти, алганы алып качты бирин-экин.

Бири – бий, бири – болуш Абеш менен Бөдөштү амал куткарды. Эртелеп уруштан четке чыга берип, орус төрөлөрүнүн алдына чөгөлөп, кара таман эл тарабына пейили оогон Мөкүш баш болгон манаптардын ниетин жашыруун жеткирип барышты.

Кошундарына бөлүнгөн Кашка-Жолдогу беш арабадан олжолонгон мылтыктарын кайрып берген Абеш менен Бөдөш – Абыке менен Көбөштүн тукумдары окшоду…

Азалуу кошун Кеминге жол тартты салбырап. Кечээ көргөн теңшериктери бүгүн жок жандаган. Бирин бири издешкендер оң жагын каранат, сол жагын каранат.

– Ант урган Абеш менен Бөдөштүн кошундары кайда? – муну жарадар Борош байкады эң мурда.

Эч бири тирүүлөр арасынан да, өлгөндөр арасынан да көзгө чалдыкпады.

«Шертибиз бузулса, өзүбүз так ушул кара койдой мууздалып калалы» – деген Абеш менен Бөдөш көрүнбөдү.

– Шабдандын күмбөзүнүн алдында кара кой союп, бармактарын канга малып шерттешкени кана алардын?.. – каруудан тайып бараткан айтылуу эски балбан Бороштун тиштери кычырады.

Уруштан кайткан кошунду ар айыл, ар журт чуркурап-чуулдаган ый менен тосту:

– Кара көзүм кашайды! – Эне шордуу бетин тытып боздоду.

– Каралдыман айрылдым... – Эне кургур зыркырап кошок созгону.

– Жалгыз жабагым кана?! – Өксүгөн эненин үнү жүлүн козгоду.

– Эскайран атакем о-ой... – Таякка жөлөнгөн туягы майышты.

– Эскайран бир боорум о-ой... – Кайраттуунун каруусу кетип кайышты.

Көч козголду ар жерден. Мал-тегеси чурулдап, бала-чака чырылдап, катындар озондоп коё берди.

Чаң каалгыды көккө. Өгүзгө, төөгө жүгүн чала таңып жөнөгөндөрдүн аягы, башы билинбей, эки Кеминдин ичи дүрбөлөң. Кымгуут түшкөн элдин боз үй чечкенге үлгүргөнү буюм-тайым, үй мүлкүн кокту-колот ичиндеги карагай-арчанын түбүнө сойлотуп жашырган болду.

Кымгуут түшкөн жамы журтта сайма алачыктан бөлөк чоң жүк артынганы жок. Төрт түлүк малын талаага таштай качып көчкөндөр арбын. Бирин-серин гана малын алдыга салып айдаганы бар.

Бай барманы менен, кедей дарманы менен болор күн ушу экен. Аны ташта, муну ташта жүк кылбай деген эле киши.

– Катын-балам Кытайга ат-көлүксүз кантип жетерин билбейм... – улоо таппай томаяк жүрөт томсоргон.

– Бешиктеги балаңды таштап, кара жаныңды жеткирип ал өзүңдүн...

– Бириңди алдыма өңөрөйүн, бириң артыма учкаш. Сени кантсем экен?

Чубурган балдарынын кайсы бирин учкаштырарды билбеген ата-эне жүрөт карбалас.

– Буту баспаганын жонума көтөрөм, чоңурак балдарымдын бирин өңөрө кетчи, кагылайын!

Унаалууга жалдырап, жесири жүрөт ар кимге жармашып тызылдаган.

– Мени оор жүк кылбай калтырып кет, каралдым... Өлөрүмдөн башка эмнем калды? – Колунан сүйрөгөндөрдүн эркине көнбөгөн сокур кемпир кемшеңдейт.

– Эч болбосо үзүктү сыйрып алайын, бул эмне талаада жатыппы? – Үй чечкенге үлгүрбөй чарк айланганы жүрөт.

– Талаа-түздө не күндү көрөбүз? Кереги тиет... – дейт куржун көзүнө казан-аягын шыкаганы.

Өз мээнет, өз маңдай терин төгүп эгин эккендерге түшүмү бышкандагы ыргалган арпа, буудай, жүгөрү талаасын таштап кетүү – азап-шор тура!..

– Түшүмүн эгүүгө аз калган талааны кантип таштайм?!

– Үзүрүн орус көрсүн деп адал мээнет кылдым беле, Кудай?!

Шордуу дыйкандар чыркырап, баскынчыл оруска ыргалган аштыгын кыйбады. Эгини саргайып бышкан талааларга өрт коюп өңгүрөгөн эркектер жарыша ыйлады.

Шаулдап күйгөн, дуулдап күйгөн талааны жалдырап тиктеп, көздөрүнөн жаш буурчактап берди. Талааны өз колу менен кызыл жалынга каптатканын тиктеген баба дыйкандын заманы өрттөндү...

Же бир эгин талаа бүктөп жыйып тоо арасына жашырып кетер боз үйдүн туурдугу болсочу! Же бир алтын түспөл аштык талаа карагай-арча түбүнө сойлотуп кетер уук-кереге болсочу!

Бышкан ашты таштабас салтты карманган кыргыз боркулдап кайнап аткан тулгадагы казанын калтырды журтуна. Бышкан аш эле болсочу ташталган, бешикте чыркырап аткан баласын таштады!..

Куураткан куюн доордо журт топ таштай чачылып, чилдей тарап, бүкөнө бара бүлүндү.

– Эне, баштыгыңды ташта. Эмне кыласың? – Эр жеткен курактагы Турдакун энеси Созулдун колундагы баштыкты алып коёр болду.

– Баштыкта туулган жердин касиеттүү тузу бар, уулум! Башкасы калса да тузду таштабаймын... – бөкчөңдөгөн кемпир Турдакундун колундагы баштыкка жармашты.

Өжөр кемпир өзүнүн ширин жанын берсе да, шор салынган баштыкты колунан чыгарар эмес, бооруна кысып алыптыр. Небереси алдына тарткан өгүзгө минип, «чү» дегени чыйрак.

– Сардалынын нымтыраган катыны таңылчагын артып болдубу деги?.. Ыкшоо жеңеңе жардам этчи барып! – небересин келини Бүбүканга жүгүрттү кемпир.

Созул байбиченин жалгыз жесил уулу Бейшен жакында Токмокто болгон урушта мерт болду. Урушка атасы менен бирге кеткен Сардалысы да оң ийнинен жаракат алгандан бери эки түтүн бүлөнүн түйшүгү иниси Турдакундун мойнунда. Тоодой тирек чалы болсо эбак көз жумган.

Колунда калган үч небереси – Сардалы, Турдакун, Сагыйпа. Сардалысын үйлөнткөндөрүнө жарым жылдан өтүп калды.

Турдакун Бүбүкан жеңесин шаштырып, коңшусу Бөрү аксакал берген ат-көлүккө агасы Сардалыны мингизип, аркасына карындашы Сагыйпаны учкаштырды. Өзү жөө-жалаңдап жүрмөй болду.

Эчкиден башка малы жок Созулдун балдары кошунасы Бөрүнүн көчүн ээрчиди.

– Эй, бала, сен да кайгуулчу жигиттерге кошулуп, салдаттын алдын тосуш, – болуштун корс эткен үнүн эшиткен Созул чаркырай берди:

– О, кокуй, кабырга сөөгү ката элек неберем эмнеге жарайт?! Атасы согушта кан жутканы аз келгенсип, улуусу тигинтип оң ийнинен майып. Эми ушу Турдакунум калдыбы урушка?

– Созул эже, «эр жигит эл четинде, жоо бетинде» жүрмөгү ошол. Не кылалы башка?.. – деген болуштун кеби Турдакундун да эр намысын козгоду белем, энесин укпай, арттан кууп келатат деген солдаттарга Боом капчыгайынан такаат бермек болгон кайгуулчулардын сүрмө тобуна кошулуп жөнөп кетти.

Турдакун менен бирге Бөрү аксакалдын Айдаркул, Садыр, Тойчубай – үч уулу бирдей аттанды. Кадыркулун да алып кетмек болушту, бирок Новороссийка кыштагындагы урушта ок жеген бут оорусу үй чечер кыйсыпырда кычаган Кадыркулдун тулуптай шишиген жаратын көргөн Бөрү карап турбады.

Уулунун кудайлаган үнүнө кулагын жапырып, сууруп чыккан Анжиян макисин мөлтүрөгөн ириңдин үстүнөн матырып калды.

– Шашылыштын иши, – деди туйлаган Кадыркулдун үстүнө түшпөй ныгырып. – Эр деген чыдайт баарына! Өлгүң келбесе жат алдымда! Шишик боюңа чаап кетет, арга жок башка. Чыда-аа! – деди өкүрүп.

Араң турган ириң түндүктүн төбөсүнөн ары атылды. Анда да болбой уулунун үстүнө минип алган чүкөдөй абышка жалаңдаган макисин жоон сандагы чаласы калган жаратка кайра-кайра малып алды, мокогон мизин кайракка да бир жанып алды.

Алдында озондогон Кадыркулдун ириң толгон шишигин түгөл жарып, сөөккө жетип такалган окту омуруп алып, жана бир ириңин какшыта сыкты даа, коломтого жүгүрдү. Кызыл чоктун үстүндө быкшып күйгөн кийиз куурду кан сызылган жарааттын көзүнө басып, жана бир бакыртып алды тыбырчылаган уулун.

– Бүттү эми, – деди – өлбөйсүң. Жаратты башка көрбөйсүң!

Акыры эси оогон уулун ээрге таңып атказгандагысы болчу. Бөрү аксакал Кадыркулду кайгуулдан алып калды ошентип.

Иретке көнбөгөн эл аскерге киши бермеги калды. Манаптар өз тукумдарын көздөн жашырып, анда даа букарага камчы үйрүп, орустун алдын тороого алты саны аман-соо эр-бүлө калтырбай кол жыйды.

Калк башына кыямат келгенде да адилетсиз баштыктар кара таман калкты каарып, акыры терип-тепчилген кошун жыйган болушту.

Орус аскеринин алдын тосууга жөнөчүлөрдүн жарагы да бир кылка болсочу: биринин колуна союл тийсе, бириники бардеңке, найза, келте, айбалта, дат баскан баалы кылыч. Арасында мужуктардан тартылып алынган чалгы, орок көтөргөнү бар.

Артта пулемёт сүйрөткөн орус аскери келатканын уккан эр-бүлөнүн баары жапырт кол болуп, катын, бала, чал-кемпирлерди алдыга салып качырды. Өздөрү Боомдун оозунан орус-казак аскеринин жолун тосуп турмакка аттанышты.

– Төш таяп качкыла!

– Малды бөлбөй айдагыла.

– Биз ит урушун салып арттан барабыз. Узай бергиле.

– Бизге кылчактабай, төр беттеп кеткиле.

– Тилегиң каткан жандыралысын аткыла...

– Падышанын аскерин койбой, ташбараңга алгыла.

Каргап-шиленген эл оруска наалат айтып кымгуут... Элдин ишенгени – артта калган мергенчилер. Аларга кошулганы жөнөп кеткен эр аттуудан жер дүңгүрөп, «Кыргыз аталаган» ураан; «Манас аталаган» ураан жаңырды.

Ушунча түмөн эр-азамат орус аскерин түгөл кырып, таманына тебелейт деген чоң үмүт, ишеним жаралды жамы журтта…

Олжобай Шакирдин “Куюн доор” романынан үзүндү. Агер аталган романды толук окууну кааласаңыз, электрондук тиркемеси мында>>>

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.


[1] Автор Көк-Мойноктогу беш арабага жүктөлгөн курал тууралуу бул окуяны 84 жаштагы кеминдик санжырачы карыя Тойчубай уулу Азатбектин оозунан жазып алган.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз