АҢГЕМЕ
Жашы отузга эми толгон бул жигиттин үмүт оту өчүп бараткан. Жашоонун кызыгы ал үчүн эместей эле. Жүрөгүн өйүгөн бир ой анын мээсин күндөн күнгө кемирип, ал көз көрүнөө эле өлүмгө баш байлап койду.
Аны кыйнаган жан дүйнө азабынан куткарчу жалгыз жол өлүм эле. Ооба, өлүм! Өлүп калып гана баарынан кутулмак... Эл катары мектепти бүттү. Окуу жайга тапшырды. Ал жерде беш жылдык өмүрүн коротту. Окуусун бүтүп, кесиби менен иштемек да болду. Бирок айлыктын аздыгы аны миграция агымына кошту.
Россиянын түндүгүндө иштеген туугандарынын жанына барды. Акырындап айлыгын чогултуп, айылдагы ата-энесинин үйүн оңдоду. Орус жарандыгын алганга да жетишти. Өзүнө үй салды. Машине алды. Анча-мынча мал-кой кылды.
2014-жылдагы кризистен кийин Россия борбору Москвага көчтү. Чогулткан акчасына көп кабаттуу үйдүн жертөлөсүнүн жарымын ижарага алып, ал жерге ашкана ачты. Түшкөн пайдасына жеңил машинелерди сатып алып, аны ижарага берчү болду. Бир караганда жашоосу жакшы эле. Бир күнү атасы чалып калды. Тез кел деди. Ошол күнү эле учуп барды.
Апасы катуу ооруп жатыптыр. "Өсөрүм калбады, өлөрүм калды. Минтип дарт да жакама жабышты. Көзүм тирүүсүндө келиндин колунан чай ичип калайын, үйлөн. Сүйлөшкөн кызың барбы?" - деди апасы.
Ошондо гана акчанын артынан сая кууп жүрүп, үйлөнүү керектигин такыр оюна албаганын эстеди. Кызык, деги эле элдей болуп кыз жандабаптыр. Же бир "эркекчилик" кылбаптыр. Жалаң иш, иш, иш деп жүрүп жаштыктын жалындаган жылдарын жалмап салыптыр.
— Жок, — деди, — Эч ким менен деле сүйлөшпөйм.
Апасы оту өчүп бараткан бозоргон көздөрү менен көпкө тигилип турду да, кеберсиген эриндерин кыймылдатты:
— Атаң экөөбүз Акматтын кызын эле алперсекпи дедик эле. Быйыл окуусун бүтөт экен. Жашы деле жыйырмадан эми ашты. Сен мейли десең, атаң бүгүн эле барат алдына. Алар деле жок дей койбойт.
Үйлөнүү жөнүндө буга чейин такыр ойлобогон жигит апасын карады. Нуру качкан жүзү купкуу. Көздөрүнүн оту өчкөн. Апасын аяп кетти.
— Каериңиз ооруп жүрөт, апа?
— Мени ойлобо, балам. Мен дагы көп жашайм. Кудай кааласа неберемин тоюнда ырдайм.
Апасын дагы бир жолу карады жигит. Дээринен зээндүү, эстүү жигит баарын сезип турду.
— Мейли, апа, сиз айткандай болсун. Мен макулмун.
— Кагылайыным, — деп каргылданып кетти апасынын үнү.
— Байбиче, — деди атасы, — Сен көп толкунданба. Мен уулуңа короону көрсөтүп келейин. Сен жатып тур. Мен тиги Искенди төркүнүңө чаптырайын. Агаңды алып келсин. Анан кечинде бул жактан Жолдубай агамы кошуп, Акматтын үйүнө кулчулукка барып келели.
Уулун ээрчитип короого чыккан атасы:
— Уулум, эми сен да киши болдуң. Бул жакка келип эле иштесең болмок, — деди.
— Өзүм да ошону ойлоп жүрөм, ата. Буйруса ал жакта ишим жакшы. Иш башкаруучу алдым. Бир жылда үч-төрт жолу барып, көзөмөлдөп турсам деле болот. Шаардан жер алып, ашкана ачсамбы деп жүрөм.
— Ошентсең да болот. Апаңы көрдүң... — сөзүнүн калганын ичине жутуп алды.
— Апам эмне болуп ооруп калды? Жакшы эле жүрдү эле го?
— Жакшы эле жүргөн. Бир күнү эле эси ооп жыгылды. Райондун ооруканасына алпардым. Ал жерден диагнозун табалбай, облуска жөнөтүштү. Ошол жерден апаңы ак кан болуп калыптыр дешти. Эми ак канды билесиң да. Айыкпайт экен. Дарынын күчү менен эле жүрөт, байкушум.
— Дарылатам. Европага алпарам.
— Аның жакшы, балам. Бирок жаман айтпай жакшы жок дейт. Апаң экөөбүз кеңешип, сенин бир башыңы эки кылып коёлу дедик.
— Мейли, ата, — деди уялып, башын жерге салып.
— Сен апаңын жанына кир. Оорусун сурап, ар нерсени айтып көңүлүн түшүрбө. Мен Акматтыкына камылга көрөйүн.
Шаардын мен деген ресторанында тою болду. Тойдон кийин көшөгөгө кирди жигит. Балээнин баары ошол жерден башталды. Же бир козголуп койсочу. Жеңелери кирип-чыгып бир нерселерди шыбырашат. Достору үй сыртында, келин-күйөө жатчу үйдүн терезеси түбүндө кобурашып күтүп турушат. Ошондо шагы бир сынды.
Эртеси да, бир айдан кийин да жигит күйөөлүк милдетин аткара албады. Ал ортодо апасы да узап кете берди. Апасынын кыркын чыгарышкандан кийин атасы аны шаардагы доктурга алып келди. Ошол жерден өзүнүн эркектик дараметинин шал экенин билди. Дарыгер да бул дарт өтө өтүшүп кеткенин, айыктырууга мүмкүнчүлүк өтө аз деди.
Мындайды күтпөгөн жаны, эсеңгиреп калды. Ал үчүн баары бүткөндөй эле. Азыр аны Москвадагы бизнеси да, башка нерсе да кызыктырбады.
Үйлөнгөнүнө эми бир ай ашкан жубайына талак берип, ажырашты. Эми эмне кылыш керек? Бир гана жол, өлүм туурадай болуп туруп алды. Узак ойлонгон жигит акыры бир чечимге келди. Кайра Москвага кайтат. Бизнесин бүт бойдон жалгыз карындашына өткөрүп берет. Күйөө баласы менен көзмө-көз сүйлөшүп, атасына ай сайын жардам берип туруусун табыштайт. Анан...
Оштон учкан учак асманга көтөрүлүп, бир маалда учак ичиндеги жүргүнчүлөрдүн ары-бери кыймылы башталды. Демек, учак белгилүү бийиктикке көтөрүлүптүр. Дагы үч саатка жетпей Москвада болот. Ал өз оюна өзү чөгүп кеткен эле.
Бир убакта:
— Аке, өтүп кетейинчи, — деген үн аны ой көлүнөн сууруп алгандай болду.
Сүйлөгөн кызды карабай эле ордунан турду. Жанынан өтүп бараткан кыздын жеңил атыр аралаш жагымдуу жыты мурдуна "бур" этти. Башкача боло түштү. Ошондо гана кызга карады.
Орто бойлуу, кара торунун сулуусу экен. Кыз да ага карап, чырайлуу жылмайып койду. Жигиттин башы тегерене түшкөндөй болду. Кайра ордуна отурган жигит эми кыздын келишин күттү. Көп өтпөй кыз да келди. Кайра ордунан турган жигит аны ордуна өткөрдү.
– Чоң ыракмат! — деп жылмайды кыз.
— Арзыбайт, — деди жигит.
— Москвагабы?
— Ооба.
— Иштейсизби?
— Ооба, отпускеге келген элем, кайра кайттым. Убакыттын тез өткөнүн караңыз, эч нерсеге жетишпедим.
Барган сайын экөөнүн маеги кызый берди. Кантип Москвага жетип келгенин деле билбей калышты. Аэропорттун жүк алчу жеринен чыгып жатып:
— Жеткирип коёюн, — деди.
— Агам келмек, — деди кыз.
Алдастаган жигит пиджагынын чөнтөгүн чукуп жатып, визитка салган кутусун таап чыкты. Анысын ачып, алтын түс тамгалар менен жазылган, орус партнёрлоруна гана берчү визиткалардан бирди алды да, кызга сунду:
— Күтөм. Чалгын, э?
Жигиттин көзү кызга ушунчалык жалооруп карады. Кыз да жылмая карап, визитканы алды да, асынма сумкесине салды.
— Кел, чемоданыңы мен алып чыгайын, — кыздын жообун күтпөй эле чемоданды сүйрөп жөнөдү.
Кыздын коңгуроосун күтүп жатты. Медведково метросунда жашайм дегенин эстеп, ал жакка эки күн катар барды. Эртеден кечке делбе болгон адамдай ар үйдүн алдына келип, подъездге кирип-чыккандарды карайт. Экинчи күнү кеч кирип калган маалда телефону шыңгырады. Бул номерин жумушундагылар, партнёрлору гана билчү. Караса, жат номер. Жүрөгү кабынан чыгып кеткидей болду. Ооба, адашпаптыр. Чалып жаткан ал эле!
— Каердесиң? — деди шашып, — Сени издедим...
Кыз дарегин айтты. "Азыр жетип барам", — деп машинесин от алдырды.
Экөө Москваны таң аткыча кыдырды. Арбатты аралап жөө басышты. Коломенская метро жакка келип, теплоходго түшүп, түнкү круизге чыгышты. Саат беш болуп, таң аткан маалда жигит кызды машинесине отургузуп, меникине барып эс алалы деп, квартирасына алып келди. Квартирага кирген экөө эркине баш ийе албай өбүшүп жатты.
Кыздын жагымдуу жытына мас болуп, башы айланган жигит анын мойнунан, желкесинен өпкүлөп, колдору акылга баш ийбей, табигый рефлекске баш ийишип, бири-бирин чечинтип да жатышты, өбүшүп да жатышты.
Экөө тең энеден туума жылаңач калганын элес албай, өбүшкөн бойдон чоң, эки кишилик керебетке кулашты. Сүйүүбү же жинди кумарбы – экөө тең эмне кылып жатканын билбейт эле...
— Ай! Апа! — кыздын кыңкыс үнүнөн улам экөө эстерине келгендей, эмне кылып койдук дегенсип бири-бирин карады.
Чочуп кетип ордунан тура калган жигит чыңалган мүчөсүн бир карап, коркуу менен кумарга толо карап турган кыздын көздөрүн бир карап, кызды шарт кучактады да, туш келген жеринен өпкүлөп, эчкирип ыйлап жиберди...
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR