Фёдор Достоевский: Күлкүлүү кишинин түшү

  • 02.10.2026
  • 235

Фантастикалык аңгеме

1-бөлүм

Күлкүлүү эле кишимин. Алар азыр мени жинди дешет. Эгер мурункудай эле алар үчүн күлкүлүү бойдон калбаганымда, бул мен үчүн мансабымдын өсүшү болмок. Бирок азыр таарынбайм, азыр алардын баары мага сүйкүмдүү, керек болсо мени шылдыңдап күлүп жатышканда да алар бир башкача сүйкүмдүү көрүнүшөт. Өзүмдү шылдыңдаганымдан эмес, аларды сүйгөндүгүмдөн улам мен да алар менен бирге күлмөкмүн — эгер аларды карап зээним кейибесе, ушунчалык капаланбасам.

Алар акыйкат эмне экенин билишпейт, а мен акыйкатты билем — капаланганым ушундан. Ох, акыйкатты жалгыз билүү кандай оор! Бирок алар муну түшүнүшпөйт. Жок, түшүнүшпөйт. Ал эми мурда мен күлкүлүү көрүнгөнүм үчүн абдан кыйналчумун. Көрүнгөнүм үчүн эмес, чындап ошондой элем.

Мен дайыма күлкүлүү болчумун. Муну балким, туулгандан эле билсем керек. Балким, мен сүрөттөгүдөй күлкүлүү экенимди жети жашымда билгендирмин. Кийин мектепте окудум, кийин университетте. Окуп, көптү билген сайын өзүмдүн күлкүлүү экениме ошончолук көзүм жеткен. Ошентип, университеттеги бүтүндөй илимим, анын тереңине кирген сайын күлкүлүү экенимди далилдеп, түшүндүрүү үчүн гана бар сыяктуу болуп калды. Илимимдегидей эле, турмушумда да ошондой. Жыл өткөн сайын бардык жагымдан өзүмдүн күлкүлүү экенимди аңдап-баамдоо ичимде өсүп, чыңдала берди.

Мага дайыма бардыгы күлүшчү. Бирок жер беринде күлкүлүү экенимди баарынан артык билген киши болсо, ал – өзүм экенимди эч ким билчү да эмес, баамдачу да эмес. Мага эң эле катуу тийгени — алар муну билбегени болду, бирок буга өзүм айыптуу. Мен ушунчалык текебер элем, муну эч качан жана эч кимге моюнга алгым келчү эмес. Бул текеберлик менде жылдар өткөн сайын өстү, эгер кимдир бирөөнүн алдында өзүмдүн күлкүлүү экенимди моюнга алууга жол берсем, ошол замат, ошол эле кечте револьвер менен мээмди чачырата атмакмын.

Өспүрүм чагымда чыдай албай, жолдошторума кокусунан моюнга алып аламынбы деп, кандай гана азап чекпедим! Бирок жигит куракка жеткенден тартып, жыл сайын өзүмдүн үрөй учурарлык бул сапатым жөнүндө көбүрөк билсем да, эмнегедир бир аз тынчыдым. Эмнеге мындай болгонун дагы эле түшүнбөйм. Балким, дүйнөдө бардык нерсе окшош, баардыгы бирдей деген ишенимге келгенимден болсо керек.

Муну эбак эле сезгем, бирок толук ишеним акыркы жылы капысынан пайда болду. Дүйнөнүн бар же жогу мага баары бир экенин капысынан туйдум. Бүткүл болмушум менен менин тушумда эч нерсе болбогонун уга да, туя да баштадым. Оболу мурда көп нерсе болгондой көрүнчү, бирок кийин мурда деле эч нерсе болбогонун, болгону эмнегедир ошондой көрүнгөнүн түшүндүм. Бара-бара эч качан эч нерсе болбостугуна көзүм жетти. Ошондо мен адамдарга ачууланбай да, аларды дээрлик байкабай да калдым. Чынында бул эң майда-чүйдө нерселерде да байкалчу: маселен, көчөдө баратып адамдарды сүзүп кетем. Ойго чөмүлүп кеткенден эмес: ойлонор эмне бар эле, мен анда таптакыр ойлонбой калгам, мага баары бир болчу. Көйгөйлөрдү чечип алсам бир жөн; ох, бирөөсүн да чечкен жокмун, ал эми алар канча эле? Бирок мага баары бир болуп калды да, көйгөйлөрдүн баары алыстап кетти.

Мына ошондон кийин гана мен акыйкат эмне экенин билдим. Акыйкатты өткөн ноябрда, дал үчүнчү ноябрда билдим, ошондогу ар бир көз ирмемим эсимде.

Бул мүмкүн эң караңгы, эң сүрдүү кеч болчу. Мен анда кечки саат он бирлерде үйгө кайтып келатып, мындан да караңгы учур болбош керек деп ойлогонум эсимде. Эртеден кечке жамгыр куюп, ал ушунчалык муздак, сүрдүү, керек болсо адамдарга кас, коркунучтуу жамгыр эле, ал саат он бирде капысынан токтоп, үрөй учурган нымдуулук башталды. Бул жамгыр жаап жаткандагыдан да суук, ным эле, көчөдөгү ар бир таштан, ар бир тар көчөнүн түпкүрүнөн бир түрлүү буу көтөрүлүп жатты. Эгер бардык жерде газ өчсө, жүрөккө жеңилирек болмок, ал эми газ менен көңүлсүз, анткени ал ушунун баарын жарык кылып турат деген ой капысынан мээме келди.

Ал күнү дээрлик тамак ичкен жок элем, кеч киргенден бери бир инженердикинде отурдум, анда дагы эки жолдошу бар экен. Мен таптакыр унчуккан жокмун, аларды тажаттым окшойт. Алар бир нерсе жөнүндө кызуу талаша кетип, бир кезде күчөп кетишти. Бирок бул аларга тиешеси жок маселе эле, мен муну көрүп турдум, алар жөн эле кызууланып жатышкан. Мен аларга капысынан: «Мырзалар, анын баары силерге баары бир да», — дедим. Алар таарынышкан жок, тескерисинче, мага күлүштү. Бул эч кандай акаратсыз, жөн гана мага баары бир болгондуктан айтканым болчу. Алар менин кайдыгерлигимди көрүп, көңүлдөрү көтөрүлдү.

Көчөдө баратып газ жөнүндө ойлоп, асманды карадым. Асман үрөй учурарлык караңгы болчу, бирок самсаалаган булуттарды жана алардын арасындагы түбү көрүнбөгөн кара тактарды даана ажыратууга болот. Капысынан ошол тактардын биринен кичинекей жылдызды байкап калып, аны тигиле карадым. Анткени бул жылдыз мага бир ой жаратты: ошол түнү өзүмдү өлтүрүүнү чечтим. Муну мындан эки ай мурда эле бекем чечкем, канчалык кедей болсом да, жакшы револьвер сатып алып, ошол эле күнү октоп койгом. Бирок эки ай өтсө да, ал суурмада жатты; бирок мага ушунчалык баары бир болгондуктан, аягында баары бир болбой турган көз ирмемди тосуп алгым келди, эмне үчүн билбейм. Ошентип, ушул эки айда ар түнү үйгө кайтып баратып, бүгүн өзүмдү атып өлтүрөм деп ойлочумун. Ошол көз ирмемди күтүп жүрдүм. Мына эми ушул жылдыз оюмду ойготуп, муну сөзсүз ушул түнү жасоону чечтим. Ал эми эмне үчүн жылдыз бул ойду ойготконун билбейм.

Асманды карап турганымда, чыканагымдан капысынан бир кичинекей кыз кармады. Көчө бош эле, дээрлик эч ким жок. Алыста арабакеч арабасында уктап жаткан. Кыз болжол менен сегиз жаштарда экен, жоолукчан, жалаңкат көйнөкчөн, шөмтүрөп суу, өзгөчө анын суу өткөн жыртык башмагы эсимде калыптыр. Алар көзүмө даана урунду. Ал капысынан чыканагымдан кармап, кыйкыра баштады. Ал ыйлаган жок, бирок калчылдап, үшүгөндүктөн сөздөрдү үзүп-үзүп айтып жатты. Ал кандайдыр бир нерседен үрөйү учуп, айласы түгөнгөндөй: «Апаке! Апаке!» — деп кыйкыра берди. Бурулуп карадым ага, бирок бир да ооз сөз айтпай жолумду уланттым, бирок ал чуркап жетип, тарткылап жатты, анын үнүндө абдан корккон балдардын айласы түгөнгөндөгү добушу угулуп турду. Бул добушту билем. Ал сөздөрүн аягына чейин айтпаса да, апасы бир жерде өлүп жатканын, же аларда бир нерсе болгонун, анан ал апасына жардам берүү үчүн бирөөнү чакырганы чуркап чыкканын түшүндүм. Бирок артынан барган жокмун, тескерисинче, мээме аны кууп жиберүү тууралуу ой келди.

Оболу ага шаардык полицияны (городовойду) тап дедим. Бирок ал капысынан колдорун бириктирип, өксүп ыйлай баштады, демигип, капталымдан чуркап, жанымдан кетпей койду. Ошондо мен ага жер тээп, кыйкырып жибердим. Ал болгону: «Барин, барин!..» — деп кыйкырды да, мени таштап, көчөнү көздөй чуркап өттү: ал жерде дагы бир жолоочу көрүндү, ал менден качып, ошого бармай болду окшойт.

Бешинчи кабаттагы бөлмөмө көтөрүлдүм. Батирдин ээлеринен өзүнчө батирде жашайм. Бөлмөм – жупуну, кичинекей, ал эми терезеси чатырдагы, жарым тегерек терезе. Менде клеенка капталган диван, үстүндө китептер жаткан үстөл, эки отургуч жана аябай эскилиги жеткен, бирок вольтердик жайлуу кресло бар. Отуруп, шамды жагып, ойлоно баштадым. Жанаша бөлмөдө, дубалдын ары жагында ызы-чуу уланды. Бул аларда үч күндөн бери болуп жаткан. Ал жерде отставкадагы капитан жашачу, анын коноктору бар эле — алты бейбаш, арак ичип, эски карталар менен штос ойноп отурушкан.

Өткөн түнү мушташ болуп, алардын экөө бири-биринин чачынан көпкө сүйрөгөнүн билем. Үй ээси арыздангысы келген, бирок ал капитандан катуу коркот. Батирлердеги башка жашоочулардан полктон келген бир гана кичинекей, арык айым бар, бул жакка ал келгенден кийин оорулуу болуп калган үч кичинекей, балдары менен турчу. Ал да, балдары да капитандан эстен танганча коркушат, түнү бою калтырап, чокунуп чыгышат, ал эми эң кичинекей баласы коркконунан талмасы кармап калган. Бул капитан кээде Невскийде өткөндөрдү токтотуп, кайыр сурарын так билем.

Аны кызматка алышпайт, бирок таң калыштуусу (мен муну ошол үчүн айтып жатам), капитан бизде жашаган бир ай ичинде ачуумду келтирген жок. Мен албетте, башынан эле таанышуудан качтым, ал да биринчи жолу жолуккандан баштап эле мени жактырган жок, бирок алар тосмонун артында канчалык кыйкырышпасын, мага баары бир болчу. Мен түнү бою отурсам да, чынында, аларды укпайм дагы — аларды таптакыр унутуп калам. Мен таң аткыча уктабай чыгам, буга бир жылдай болду. Түнү бою үстөл жанындагы креслодо эч нерсе кылбай отура берем.

Китептерди күндүз гана окуйм. Отурам да, ойлонбойм дагы, жөн гана бир ойлор калкып жүрөт, аларды эркин коё берем. Шам түн ичинде толугу менен күйүп бүтөт. Үстөл жанына барып отурдум, револьверди сууруп, алдыма койдум. Аны койгонумда, өзүмдөн: «Ушундай кылалыбы?» — деп сураганым эсимде, жана чын ниетим менен: «Ооба», — деп жооп бердим. Сөз өзүмдү атып өлтүрүү жөнүндө болуп жатат. Ушул түнү сөзсүз атынарымды билчүмүн, бирок ага чейин үстөлдө канча отурарымды билбейт элем. Эгерде тиги кичинекей кыз болбогондо, сөзсүз атынып алмакмын.

2-бөлүм

Көрдүңүзбү: мага баары бир болсо да, ооруну, мисалы, сезип жаттым да. Мени бирөө уруп жиберсе, ооруну сезбей коймок эмесмин. Адеп-ахлактык жактан да ошондой: абдан өкүнүчтүү бир нерсе болсо, мага турмушта али баары бир боло элек кездегидей эле өкүнүчтү сезмекмин. Азыр кызга боорум ооруп турду: ага сөзсүз жардам беришим керек эле. Эмне үчүн анда кызга жардам берген жокмун? Ал колумдан тартып, жардам сураганда, менде капысынан бир суроо пайда болду да, мен аны чече албадым.

Суроо жөнөкөй эле, бирок кыжырымды келтирди. Эгер ушул түнү өзүмдү өлтүрүүнү чечсем, анда дүйнөдө болуп жаткандын баары мага мурдагыдан да кайдыгер болушу керек эле го деген ойдон улам жиним келди. Эмне үчүн капысынан мага баары бир эмес экенин жана кызга боорум ооруп жатканын сездим? Мен ага абдан боорум ооруганы эсимде; менин абалымда мындай болбошу керек эле.

Чынында, ошол кездеги сезимимди жеткире албайм, бирок ал сезим үйдө да, мен отурганда да уланды, эбактан бери болбогондой кыжырдандым. Ой артынан ой агып жатты. Мен адам болсом, али нөл эмес болсом, жана нөлгө айлана элек болсом, демек, жашап жатам, натыйжада, азап чегип, ачууланып, өз жоруктарым үчүн уятты сезе алам деген нерсе айкын көрүнүп турду. Мейли. Бирок эгер өзүмдү, мисалы, эки сааттан кийин өлтүрсөм, анда мага кыздын эмне кереги бар, анда уяттын да, дүйнөдөгү бардык нерсенин да мага эмне тиешеси бар? Мен нөлгө, абсолюттук нөлгө айланам да.

Мындан кийин таптакыр жок болорумду, демек, эч нерсе жок болорун аңдап баамдоо кызга болгон боорукердик сезимиме да, кылган жамандыгымдан кийинки уят сезимиме да чындап эле кичине болсо да таасир эте албай калдыбы? Анткени байкуш кызга: «мага боорукердик сезими жат болгону аз келгенсип, азыр адамкерчиликке жатпаган жамандык кылсам да колумдан келет, анткени эки сааттан кийин бардыгы жок болот» дегендей жаман ой менен кыйкырып, жер тепкилеп жатпаймынбы. Ошол үчүн кыйкырганыма ишенесиздерби? Мен азыр буга дээрлик ишенем.

Эми турмуш менен дүйнө менден көз каранды экени ачык көрүндү. Атүгүл дүйнө азыр мен үчүн гана жаратылгандай десе да болот: өзүмдү атып өлтүрсөм, дүйнө да жок болот, жок дегенде мен үчүн. Менден кийин чын эле эч кимге эч нерсе калбашы мүмкүн экенин айтпаганда да, аң-сезимим өчөрү менен бүткүл дүйнө менин аң-сезимимдин гана энчиси катары, элес сыяктуу заматта өчүп жок болот, анткени, балким, ушул бүткүл дүйнө жана ушул адамдардын баары — мен өзүмдүрмүн.

Отуруп ой жүгүртүп, биринин артынан бири чубурган ушул жаңы суроолордун баарын таптакыр башка нукка буруп, таптакыр жаңы нерселерди ойлоп тапканым эсимде. Мисалы, капысынан мээме бир таң калыштуу ой келди: эгер мурда айда же Марста жашап, ал жакта элестетүүгө мүмкүн болбогон эң уятсыз, кадыр-баркты кетирген жорукту жасасам, ал үчүн түштө, коркунучтуу түштө гана сезүүгө мүмкүн болгондой шүмшүк болуп, шорлосом, анан кийин жерге келип түшүп, тиги башка планетада эмне кылганымды унутпай, ага кошумча ал жакка эч качан жана эч убакта кайрылып барбасымды билсем, жерден айды карап, мага баары бир болмокпу же жокпу? Ошол жоругум үчүн уятты сезет белем же сезбес белем?

Суроолор курулай жана ашыкча эле, анткени револьвер алдымда жаткан, бүт болмушум менен мунун сөзсүз болорун билчүмүн, бирок алар мени дүргүтүп, жинимди келтирди. Мен алдын ала бир нерсени чечип алмайынча азыр эле өлүп кете албагандай абалда элем. Бир сөз менен айтканда, тиги кичинекей кыз мени куткарып калды, анткени жаралган суроолор атынып өлүүмдү кечеңдетти.

Бул ортодо капитандыкында да тынчыды: алар карта ойноп бүтүп, уктоого камынып, ага чейин күңкүлдөшүп, сөгүнүп жатышты. Мына ошондо үстөлдө, креслодо отурган калыбымда капысынан уктап кетиптирмин, мурда мындай нерсе эч болгон эмес. Өзүм да байкабай уктап калыптырмын.

Түш – белгилүү болгондой, укмуштай таң калыштуу: бир нерсе үрөй учурган айкындуулук менен, зергерлик майда-чүйдөсүнө чейин элестетилет, а экинчисинде байкабай эле мейкиндик менен убакытты секирип өтөсүң. Түштү акыл эмес – каалоо, баш эмес – жүрөк башкарат окшойт, бирок ошол эле учурда акылым түшүмдө кандай гана куулуктарды жасабады кээде!

Ошол эле учурда түштө таптакыр акылга сыйбас нерселер болот. Мисалы, бир тууганым мындан беш жыл мурда каза болгон. Мен аны кээде түшүмдө көрөм: ал иштериме аралашат, мага жардам берет, бирок ошол эле учурда түшүмдүн бүткүл жүрүшүндө бир тууганым каза болуп, көмүлгөнүн эң сонун билем, эстеп турам. Анан кантип анын өлүк болсо да, ага карабастан жанымда жүргөнүнө, мага кам көрүп жатканына кантип таң калбайм? Эмне үчүн акылым мунун баарына толук жол берет?

Бирок жетишет. Түшүмө өтөйүн. Ооба, мен ошондо көргөн түш, үчүнчү ноябрдагы көргөн түшүм! Алар азыр мени «бул жөн гана түш болчу да» деп шылдыңдашат. Бирок ушул түш мага Акыйкатты ачып берип жатса, анын түш же түш эместиги баары бир эмеспи? Анткени, эгерде акыйкатты бир жолу билип, аны көргөн болсоң, уктап жатасыңбы же жашап жатасыңбы, анын акыйкат экенин жана андан башкасы жок экенин, болушу да мүмкүн эместигин билесиң да. Мейли, түш болсо болсун, бирок сиздер ушунчалык даңазалаган бул турмушту өзүмдү өлтүрүү менен өчүргүм келген, ал эми менин түшүм, ошол түшүм, оо, ал мага жаңы, улуу, жаңыланган, кубаттуу турмуш тууралуу кабар берди! Угуңуздар.

3-бөлүм

Ар нерсени ойлоп отуруп, өзүм да байкабай уктап кетиптирмин. Түшүмдө отурган ордумдан револьверди алып, аны түз эле жүрөккө — башка эмес, дал жүрөккө такап; жеке өзүмдү сөзсүз чыкыйга атынууну чечтим эле. Көөдөнүмө такап, бир-эки секунд күттүм, анан чырак, үстөл жана алдымдагы дубал козголуп, термеле түштү. Дароо атып жибердим окшойт. Түшүңүздө кээде бийиктиктен кулайсыз, же сизди мууздашат, же урушат, бирок өзүңүз чындап эле керебетке урунуп албасаңыз, эч качан ооруну сезбейсиз. Ооруну сезгенде гана дээрлик дайыма ойгонуп кетесиз. Түшүмдө да ошондой болду: ооруну сезген жокмун, бирок атылганымда иче-карыным солкулдап, капысынан өчүп калды. Айланам үрөй учурарлык караңгыга айланды.

Сокур да, дүлөй да болгонсудум. Катуу нерсенин үстүндө чалкаман түшүп, суналып жатам. Эч нерсе көрбөйм, кичине да кыймылдай албайм. Айланада кимдир бирөөлөр басып жүрүшөт, кыйкырып, капитан бакылдап, үй ээси чыңылдайт. Анан кайрадан жымжырттык орнойт да, мени жабык табытта көтөрүп баратышат. Табыттын термелгенин сезип жатам, ушул жөнүндө ойлоном. Анан капысынан: «Мен өлдүм да, биротоло өлдүм! Муну билем, күмөн саноого болбойт. Көрбөйм да, кыймылдабайм, бирок ошого карабастан сезип жана ойлонуп жатам» деген ой катуу таң калтырды. Бирок буга бат эле макул болдум да, адаттагыдай түштөгүдөй, чындыкты талашсыз кабыл алдым.

Мына мени жерге көмүштү. Баары кетишти, жалгыз калдым, таптакыр жалгыз. Кыймылдабайм. Мурда качандыр бир кезде өңүмдө мени көргө кантип көмүшөрүн элестеткенимде, мүрзө десе бир гана нымдуулук менен муздактык сезилчү. Азыр да абдан муздап жатканымды, өзгөчө бутумдун манжалары муздап калганын сездим, бирок башка эч нерсе туйбадым. Жата бердим, таң калыштуусу — эч нерсе күткөн жокмун. Өлүк киши күтөр эч нерсе жок дегенге талашсыз макул болдум. Бирок нымдуу эле. Канча убакыт өткөнүн билбейм — бир саатпы, бир нече күнбү же көп күнбү... Аңгыча сол, жумулуу көзүмө табыттын капкагынан өтүп кеткен бир тамчы суу тамды. Бир мүнөттөн соң экинчиси, анан үчүнчүсү... Ошентип, дал бир мүнөттүк аралык менен тама берди.

Жүрөгүмдө капысынан терең нааразычылык тутанды да, физикалык ооруну сездим: «Бул менин жаракатым, — деп ойлодум, — бул ок, ал жакта ок бар...» Ал эми тамчы ар бир мүнөттө түз эле жумулуу көзүмө тамчылай берди. Үнүм менен эмес (анткени кыймылсыз элем), бүткүл болмушум менен башыма келгендердин баарынын Өкүмдарына кайрылдым:

— Ким болсоң да, эгер бар болсоң, азыр болуп жаткан нерседен да акылдуурак бир нерсе болсо, ушул жерде да анын болушуна уруксат бер. Эгер сен өзүмдү өлтүргөнүм үчүн кийинки болмуштун сүрү жана маанисиздиги менен өч алып жатсаң, анда билгин: мага кандай гана азап келбесин, алардын бири да ичимде катылган жек көрүүмө, миллиондогон жылдар бою тартылуучу азаптарга тең келе албайт!

Менин кайрылуумдан соң терең жымжырттык өкүм сүрдү. Бир мүнөттөй убакыт өттү, атүгүл дагы бир тамчы түштү, бирок мен эми баары сөзсүз өзгөрөрүнө чексиз жана биротоло ишенип турдум.

Аңгыча мүрзөм ачылды. Кантип ачылганын же казылганын билбейм, бирок мени бир караңгы, белгисиз макулук алып чыкты да, экөөбүз кең мейкиндикке туш болдук. Мен капысынан көрө баштадым: караңгы түн эле, мурда эч качан мындай караңгылык болгон эмес! Биз мейкиндикте Жерден алыстап учуп бараттык. Мени көтөрүп бараткан жандыктан эч нерсе сураган жокмун, текебердене күттүм. Өзүмдү «коркпойм» деп ишендирип, коркпогонума кубандым. Канча убакыт учканыбыз эсимде жок, элестете да албайм: баары түштөгүдөй болду. Мейкиндик, убакыт, болмуш менен акылдын мыйзамдарын ашып өтүп, жүрөк эңсеген чекиттерде гана токтоп жаттык. Караңгылыктан капысынан кичинекей жылдыз көргөнүм эсимде.

— Бул Сириуспу? — дедим капысынан, анткени эч нерсе сурагым келбеди.

— Жок, бул үйүңө кайтып баратканда булуттар арасынан көргөн ошол эле жылдыз, — деп жооп берди мени көтөрүп бараткан макулук.

Анын адамга окшош келбети бар экенин билчүмүн. Таң калыштуусу, бул макулукту жактырбадым, атүгүл жийиркеничти сездим. Мен таптакыр жок болууну күтүп, ошол үчүн жүрөгүмө ок аттым эле. Мына эми адам эмес, бирок бар болгон, жашап жаткан макулуктун колундамын: «Демек, көр дөбөнүн артында да турмуш бар тура!» — дедим түштүн таң калыштуу жеңил ойлуулугу менен. Бирок жүрөк түпкүрүндөгү сезим мени менен калды: «Эгер кайрадан жашоо керек болсо, — деп ойлодум, — жана бирөөнүн кутулгус эрки менен кайра жаралуу керек болсо, анда мени жеңип, басынтышын каалабайм!»

— Мен сенден коркорумду билесиң, ошол үчүн мени жек көрөсүң, — дедим шеригиме капысынан.

Өзүмдүн басынганымды моюнга алган уят суроого чыдай албай, жүрөгүмө ийне сайгандай сыздадым. Ал суроомо жооп берген жок. Бирок ал мени жек көрбөй турганын, мага күлбөй, атүгүл ачуусу келбегенин жана биздин жолубуздун мага гана тиешелүү белгисиз, сырдуу максаты бар экенин сездим. Жүрөгүмдө коркунуч өсө берди. Шеригимден мага бир нерсе үнсүз, бирок азап менен берилип, денемди тешип өтүп жаткандай болду. Биз караңгы, белгисиз мейкиндикте учуп бараттык. Көзүмө тааныш жылдыздар топтому көрүнбөй калганы качан. Асманда ушундай жылдыздар барын, алардын нурлары Жерге миңдеген, миллиондогон жылдардан кийин гана жетерин билчүмүн. Балким, ошол мейкиндиктерди учуп өткөндүрбүз. Жүрөгүмдү азапка салган үрөй учурган сезимде бир нерсени күттүм.

Анан капысынан тааныш жана эң эле өзүнө тартып турган сезим мени солкулдатты: биздин Күндү көрдүм! Бул биздин Жерди жарык кылган Күн болушу мүмкүн эместигин, чексиз алыстыкта экенибизди билчүмүн. Бирок эмнегедир бүткүл болмушум менен бул дал биздикиндей эле Күн экенин, анын кайталанышы жана түгөйү экенин туйдум. Бул жагымдуу сезим дилимде кубаныч менен жаңырып турду: мени жараткан ошол эле жарыктын уругу, ата-журттук кубат-күч жүрөгүмдө ачылып, аны кайра тирилтти. Мен көрүмдөн кийин биринчи жолу мурункудай жашоону сездим.

— Бирок бул — Күн болсо, эгер бул даана эле биздикиндей Күн болсо, — деп кыйкырдым, — анда Жер кайда?

Шеригим караңгылыкта зумрут сыяктуу жаркыраган кичинекей жылдызды көрсөттү. Биз түз эле ошону көздөй учуп бараттык.

— Ааламда ушундай кайталануулар болушу мүмкүнбү, чындап эле табият мыйзамы ушундайбы?.. Агер тигил да Жер болсо, анда ал чын эле биздикиндей Жерби... Таптакыр ушундай эле байкуш, кедей, бирок кымбат жана түбөлүк сүйүктүү, атүгүл эң эле кайрымсыз балдарына да өзүнө болгон ушундай азаптуу сүйүүнү жараткан биздикиндей Жерби?.. — деп кыйкыра бердим. Өзүм таштап кеткен ошол ата-журтум болгон Жерге токтото алгыс, кубанычтуу сүйүүдөн солкулдап турдум. Мен капа кылган байкуш кыздын элеси көз алдымдан жылт этип өттү.

— Баарын көрөсүң, — деп жооп берди шеригим, анын сөзүнөн кандайдыр бир кайгы угулду.

Бирок биз планетага тездик менен жакындап бараттык. Ал көз алдымда чоңоюп, мен океанды, Европаны ажырата баштадым. Анан капысынан жүрөгүмдө кандайдыр бир улуу, ыйык кызганычтын таң калыштуу сезими тутанды: «Мындай кайталануу кантип болсун, эмне үчүн? Өзүм калтырып кеткен, жүрөгүмө атып, өмүрүмдү өчүргөндө каным чачыраган ошол Жерди гана сүйөм, ошону гана сүйө алам».

Бирок ал Жерди сүйгөнүмдү эч качан, эч качан токтоткон эмесмин. Атүгүл ошол түнү андан ажырап жатып, аны мурдагыдан да көбүрөк сүйсөм керек. Бул жаңы Жерде азап болду бекен? Жерди биз чындап азап менен, азап аркылуу гана сүйө алабыз! Башкача сүйгөндү билбейбиз, башкача сүйүүнү тааныбайбыз дагы. Мен сүйүү үчүн азапты каалайм. Дал ушул көз ирмемде өзүм калтырып кеткен ошол Жерди гана өпкүм, жаш менен жуугум келет, башка эч бир Жерде жашоону каалабайм да, кабыл албайм!..

Бирок шеригим мени таштап кетти. Мен капысынан, өзүм да байкабай, ушул башка Жерде, ажайып Бейиштей болгон Күндүн тунук жарыгына бөлөнгөн таңда турдум. Адашпасам, биздин жердегидей грек архипелагын түзгөн аралдардын биринде же ушул архипелагга чектеш материк жээгинде турдум. Оо, баары дал биздегидей эле, бирок бардык жерде кандайдыр бир майрамдын жана улуу, ыйык, акыры самап жүрүп жеткен салтанат нуру чачырап тургансыйт.

Тунук зумрут деңиз жээктерди акырын чайпап, аларды тунук, айкын, атүгүл аң-сезимдүү сүйүү менен өпкүлөп жатты. Бийик, кооз дарактар гүлдөп, көркүнө чыгып, ал эми алардын сансыз жалбырактары мени акырын, эркелеген шыбышы менен куттуктап, кандайдыр бир сүйүү сөздөрүн айтып жатканына көзүм жетти. Көк майсаң жаркыраган жыпар жыттуу гүлдөр менен жайнап турду. Канаттуулар асманда тобу менен учуп, менден коркпой, ийиндериме, колдорума конуп, өздөрүнүн сүйкүмдүү канаттары менен желпип, мени эркелетип жатышты.

Бул кубанычка өнөктөш катары мен ушул бактылуу Жердин адамдарын көрдүм жана тааныдым. Алар мага өздөрү келип, мени курчап өпкүлөштү. Күн балдары, өз Күнүнүн балдары — оо, алар кандай сулуу эле! Биздин Жерде адамдан мындай сулуулукту эч көргөн эмесмин. Болжолу, балдарыбыздын эң алгачкы жылдарында гана ушул сулуулуктун алыскы, начар болсо да чачырандысын табууга болмоктур. Бул бактылуу адамдардын көздөрүндө тунук нур жаркырап турду. Жүздөрү акылмандыкка, толук тынчтыкка жеткен аң-сезимге бөлөнгөн, бирок ошол эле учурда шайыр эле; бул адамдардын сөздөрүндө, үндөрүндө наристе балдардыкындай назик кубаныч сезилип турду.

Оо, мен дароо, алардын жүздөрүн биринчи көргөндө эле баарын, баарын түшүндүм! Бул күнөөгө батпаган, булганбаган Жер эле, анда күнөө кылбаган адамдар жашап жатышыптыр. Бүткүл адамзаттын уламыштары боюнча биздин күнөөкөр түп ата-энелерибиз кандай жашаса, алар да дал ошондой бейиште жашап, бир гана айырмасы — бул жерде бүткүл Жер толугу менен эле бейиш экен. Бул адамдар кубанычтуу жылмайып, мага жакын келишип, эркелетип жатышты; алар мени өздөрүнө алып кетишти, ар бири мени тынчтандыргысы келди. Оо, алар менден эч нерсе сурашкан жок, бирок баарын мурда эле билишкендей көрүндү мага, алар жүзүмдөн азапты эртерек кууп чыгууну каалап жатышты.

4-бөлүм

Көрдүңүзбү, кайрадан кайталайм: мейли, бул жөн гана түш болсун! Бирок бул күнөөсүз сулуу адамдардын сүйүүсү көкүрөгүмдө түбөлүккө калды, алардын ошол сүйүүсү азыр да тиги жактан мага төгүлүп жаткандай. Аларды өз көзүм менен көрдүм, таанып-билдим, буга толук көзүм жетти. Аларды сүйдүм, кийин алар үчүн азап чектим. Оо, мен дароо, атүгүл ошондо эле көп нерседе аларды таптакыр түшүнбөсүмдү туйгам.

Мага — азыркы замандын орус прогрессистине жана жийиркеничтүү петербургдукка — алар көп нерсени билсе да, биздегидей илимдин жоктугу чечилгис табышмактай көрүндү. Бирок көп өтпөй алардын билими биздин Жердегидей эмес, башкача туйум-сезимдер менен азыктанып, байып турарын, умтулуулары да таптакыр бөлөк экенин түшүндүм. Алар эч нерсеге жулунушпайт, көңүлдөрү тынч; биз өмүр сырын баамдоого жан үрөгөндөй алар өмүрдү таанып-билүүгө умтулушпайт, анткени алардын турмушу ансыз да толук кандуу эле. Бирок алардын билими биздин илимге караганда терең жана бийик. Анткени биздин илим өмүрдүн эмне экенин түшүндүрүүгө, башкаларга кантип жашоону үйрөтүү үчүн аны аңдап-билүүгө умтулат.

Ал эми алар илимсиз эле кантип жашоону билишчү. Муну түшүндүм, бирок алардын билиминин сырын ача алган жокмун.

Алар мага өз бак-дарактарын көрсөтүп, мен болсо алардын ошол дарактарды кандай зор сүйүү менен карашканын түшүнө албадым: алар өздөрүнө окшогон жандуу макулуктар менен сүйлөшүп жатышкандай эле. Билесизби, эгер аларды чындап эле дарактар менен сүйлөшүп жатышкан десем, аша чапкан болбосмун! Ооба, алар дарактардын тилин табышкан, тигилер да буларды түшүнөрүнө көзүм жетти. Алар бүткүл табиятка — өздөрү менен тынч-аман жашаган, эч кимге тийбеген, сүйүүсүнө багынып, эркелеп жүргөн айбанаттарга да дал ошондой мамиле кылышчу. Мага жылдыздарды көрсөтүп, мен түшүнбөгөн сырдуу нерселер жөнүндө алар менен аңгемелешишти. Бирок алардын асман жылдыздары менен кур кыял аркылуу эмес, кандайдыр жандуу байланышта экендигине көзүм жетти.

Оо, бул адамдар менден өздөрүн түшүнүүнү талап да кылышкан жок, мени ансыз деле сүйүп жатышты. Бирок алар мени эч качан түшүнбөстүгүн билгендиктен, аларга биздин Жер жөнүндө дээрлик эч нерсе айтпадым. Алардын көзүнчө алар басып жүргөн жерди өптүм, өздөрүнө таазим кылдым; алар муну көрүп, менин урмат-сыйымдан уялып-чүрчүбөстөн, сыйлоого дилин ачышты, анткени өздөрү да сүйүүгө толгон эле. Мен ыйлап, буттарын өпкөнүмдө, жүрөгүмдө алардын мага кандай сүйүү менен жооп кайтарарын кубаныч менен туйдум, алар мен үчүн азапка батышкан жок.

Кээде өзүмөн таң калуу менен сурачумун: алар кантип мендей адамды кемсинтпей, мендей кишиде көрө албастык менен ич күйдүлүктү бир да жолу ойготпой жашашты? Өзүмдөн көп жолу сурадым: кантип мактанчаак калпычы адам, аларга болгон сүйүүмдөн улам болсо да, алар эч кандай түшүнүккө ээ болбогон өзүмдүн билимим жөнүндө айткан жокмун, аларды таң калтырууга умтулбадым?

Алар наристе балдардай эрке жана шайыр болушчу. Көркөм бакчаларында, токойлорунда сейилдеп жүрүшчү, сонун ырларын ырдашчу; дарак мөмөлөрү, токой балы жана өздөрүн сүйгөн айбанаттардын сүтү сыяктуу жеңил тамак-аштар менен азыктанышчу. Тамак-аш менен кийим-кече үчүн бир аз гана, жеңил эмгек кылышчу. Аларда сүйүү бар эле, балдары туулчу, бирок мен алардан биздин Жердегилердин дээрлик баарына мүнөздүү, адамзаттын бардык күнөөлөрүнүн башкы булагы саналган ошол ырайымсыз, сокур кумарланууну байкаган жокмун. Алар бактысына өнөктөш катары дүйнөгө келген балдарына кубанышчу. Ортолорунда уруш-талаш, көрө албастык болгон эмес, алар мунун эмне экенин да билишчү эмес. Балдары баарына орток эле, анткени баары бир бирдиктүү үй-бүлөнү түзүшчү.

Аларда өлүм болгону менен, оору-сыркоо дээрлик жок эле. Карылары жакындарынын курчоосунда, аларга ак батасын берип, жылмайган бойдон узап, алар да аларды жарык жылмаюу менен узатып, түбөлүк уйкуга узатып жаткандай мамиле кылышар эле.

Бул учурда капаланууну, төгүлгөн көз жашты көргөн жокмун. Болгону, суктанарлык тынч, канааттанган, терең ойлуу сүйүү бар эле. Алар өлгөндөн кийин да арадан өткөндөр менен байланышы үзүлбөйт, жердеги биримдиги өлүм менен токтоп калбайт дешке болот эле. Мен түбөлүк өмүр жөнүндө сураганымда, алар мени дээрлик түшүнүшчү эмес, бирок сыягы, ага ушунчалык шексиз, бүт дили менен ишенишкендиктен, бул алар үчүн суроо да жаратчу эмес. Алардын сыйынчу үйлөрү жок болчу, бирок Ааламдын Бүтүндүгү менен ажырагыс, жандуу биримдиги бар. Аларда атайын ишеним жок, бирок жердеги кубанычы табият чегине чейин толгондо, жашап жаткандар үчүн да, өтүп кеткендер үчүн да Ааламдын Бүтүндүгү менен биригүү андан ары кеңейери жөнүндө бекем билим бар. Алар бул көз ирмемди кубаныч менен, шашпай, азап чекпей, дилдеринин туюму менен күтүшчү.

Кечинде уктар алдында, обондуу хорлорду ырдаганды жакшы көрүшчү. Бул ырларда өтүп жаткан күн тартуулаган сезимдердин баарын чагылдырып, аны даңазалап коштошушчу. Табият, Жер, деңиз, токойлорду даңазалашчу. Бири-бири жөнүндө ыр чыгарып, балдардай бири-бирин мактаганды жактырышчу. Булар эң жөнөкөй, бирок жүрөктөн чыгып, жүрөккө жеткен ырлар эле. Бир гана ырда эмес, бүт өмүрүн бири-бирине суктануу менен өткөрүшкөндөй таасир калтырар эле. Бул – бири-бирине болгон ашыктык, жалпы, чексиз махабат. Алардын салтанаттуу да, кубанычтуу да айрым ырларын таптакыр түшүнбөйм. Сөздөрүн аңдаганым менен, алардын терең маанисине сүңгүп кире албадым. Ал акылыма жеткиликсиз болуп кала берди, бирок жүрөгүм ага барган сайын көбүрөк тартылды.

Мен аларга мунун баарын мурда эле сезгенимди, бул кубаныч менен даңк биздин Жерде турганымда чыдагыс кайгыга айланган кусалык катары сезилгенин көп айтчумун. Жан дүйнөмдүн түштөрүндө, кыялдарында алардын бар экенин сезгенимди, биздин Жерде батып бараткан Күндү көз жашсыз карай албаганымды айтар элем... Биздин Жердин адамдарына болгон жек көрүүмдө дайыма арман-өкүнүч бар эле: эмне үчүн аларды сүйбөй туруп жек көрө албайм, эмне үчүн аларды кечире албайм? Аларга болгон сүйүүмдө да өкүнүч бар эле: эмне үчүн аларды жек көрбөй туруп сүйө албайм?

Алар мени угушчу, мен айткандарды элестете алышпасын көрчүмүн, бирок аларга бул жөнүндө айтканыма өкүнгөн жокмун. Алар менин калтырып келгендериме болгон кайгымдын күчүн түшүнөрүн билчүмүн. Ооба, алар мени сүйүүгө бөлөнгөн сүйкүмдүү көз караштары менен карашканда, алардын жанында да жүрөгүм алардын жүрөгүндөй күнөөсүз, чынчыл боло баштаганын сезгенимде, аларды толук түшүнө албаганыма өкүнгөн жокмун. Өмүрдүн толуктугун сезүүдөн дем кысылып, аларга үнсүз таазим этер элем.

Оо, азыр баары мени көзүмчө эле шылдыңдашат. Түшүмдө азыр айтып жаткан мындай майда-чүйдөлөрдү көрүү мүмкүн эместигин, жөөлүп жатканда өз жүрөгүмдөн чыккан бир гана сезимди туйганымды же көргөнүмдү, ал эми майда-чүйдөсүн ойгонгондон кийин өзүм эле ойлоп тапканымды айтып ишендиришет. Мен аларга: «Балким, чындап ошондой болгондур», — деп ачыгын айтканымда, — оо, кудай-ай, алар мени шылдыңдап кандай гана күлүштү, аларга кандай гана көңүл ачуу тартууладым!

Ооба, албетте, ошол түштүн бир гана сезимине арбалдым, ал гана менин кан тамчылаган жүрөгүмдө сакталып калды. Бирок түшүмдүн элестери менен, ошондо көргөндөрүм ушунчалык шайкеш, ушунчалык суктанарлык сулуу жана акыйкат эле... Ойгонгондон кийин албетте, аларды биздин жарды сөзүбүз менен айтып бере алган жокмун. Ошондуктан алар акылымда өчүп калышы керек эле. Демек, байкабай кийин майда-чүйдөсүн өзүм ойлоп табууга мажбур болгондурмун, албетте, аларды тез жеткирүүгө ашыккандыктан бурмалап алгандырмын.

Бирок мунун баары болгонуна кантип ишенбейм? Балким, мен айтып жаткандан миң эсе артык, жарык жана кубанычтуу болгондур? Мейли, бул түш болсун, бирок мунун баары болбой коймок эмес. Билесизби, сизге бир сыр айтайын: мунун баары, балким, таптакыр түш эмес! Анткени бул жерде түшкө да киргизип болгус үрөй учурган чындык бар эле. Мейли, түшүмдү жүрөгүм жаратсын дейли, бирок жалгыз жүрөгүм кийин мени менен болгон ошол үрөй учурган чындыкты жаратууга кудуреттүү беле? Аны кантип жалгыз ойлоп тапмак элем же бүт жан дүйнөм менен кыялдана алмакмын? Чынында жарды жан дүйнөм жана эрке, эч нерсеге арзыбаган акылым чындыктын мындай ачылышына чейин көтөрүлө алмак беле!

5-бөлүм

Оо, өзүңүздөр баалаңыздар: ушуга чейин жашырып келгем, бирок азыр бул чындыкты айтып берем. Кеп мында... мен алардын баарын буздум! Ооба, ооба, баарын бузуу менен бүттү! Бул кантип болгонун билбейм, даана эстебейм. Түш миңдеген жылдарды басып өттү да, ичимде бир гана бүтүндүк сезимин калтырды. Күнөөгө батууга мен гана себепчи болгонумду билем.

Ириңдетүүчү курттай, бүтүндөй мамлекеттерди ууландырган жугуштуу дарттын микробундай болуп, өзүм менен бул бактылуу, мага чейин күнөөсүз турган жерди ууланттым. Алар калп айтууну үйрөнүп, калпты сүйүп калышты, калптын сулуулугун таанышты. Оо, бул, балким, эч бир жаман ойсуз, тамашадан, эркеликтен, махабат оюнунан, чынында эле чакан бир учкундан башталгандыр, бирок ошол калптын уругу алардын жүрөгүнө кирип, аларга жагып калды.

Андан соң бат эле кумарлануу туулду, кумарлануу кызганычты жаратты, кызганыч — таш боордукту... Оо, билбейм, эстей албайм, бирок бат эле, абдан тез эле биринчи кан чачырады. Алар таң калышты, үрөйлөрү учуп, бөлүнүп, ыдырай башташты. Бирикмелер пайда болду, бирок алар бири-бирине каршы эле. Кемсинтүүлөр, жемелөөлөр башталды. Алар уят дегенди билип, уятты касиет катары көрүп калышты. Ар-намыс түшүнүгү туулуп, ар бир бирикме өз туусун көтөрдү. Алар жан-жаныбарларды кыйнай башташты, жаныбарлар болсо алардан токойлорго качып, элдешкис душманына айланды. Ажырашуу, бөлүнүү, жекелик, «меники» жана «сеники» үчүн күрөш башталды.

Алар ар кандай тилдерде сүйлөй башташты. Алар кайгыны таанып, кайгыны сүйүп, азап чегүүнү суусап каалап, Чындыкка азап чегүү аркылуу гана жетүүгө болот деп калышты. Ошондо аларда илим пайда болду. Алар каардуу боло баштаганда бир туугандык, адамгерчилик жөнүндө сөз кыла башташты да, бул идеяларды түшүнүштү. Алар кылмышкерге айланышканда адилеттүүлүктү ойлоп табышты да, аны сактоо үчүн бүтүндөй мыйзамдарды жазышты. Ал эми ал мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн гильотинаны орнотушту.

Алар жоготкон нерселерин араң-араң гана эстеп, качандыр бир кезде күнөөсүз жана бактылуу болгонуна да ишенгилери келбейт эле. Алар мурунку бактысынын болушу мүмкүн экендигин шылдыңдап, аны куру кыял аташты. Ал тургай аны түрдүү элестерде көз алдыга келтире алышпады, бирок таң калыштуу да, ажайып да нерсе: мурунку бактыга болгон бүт ишеничти жоготуп, аны жомок аташса да, алар кайрадан күнөөсүз, бактылуу болууну ушунчалык каалап, жүрөктөрүнүн бул каалоосунун алдында жаш балдардай жыгылып, ошол каалоону кудайлаштырып, ибадатканаларды куруп, өздөрүнүн идеясына, өздөрүнүн «каалоосуна» сыйына башташты.

Ошол эле учурда анын ишке ашпастыгына жана орундалбастыгына толугу менен ишенип турушса да, аны көз жашы менен сүйүп, ага табынып жатышты. Ошондой болсо да, эгер алар жоготкон ошол күнөөсүз, бактылуу абалга кайтып келиши мүмкүн болсо, эгер кимдир бирөө капысынан аларга аны кайра көрсөтүп: «Кайра ошого кайткыңар келеби?» — десе, алар сөзсүз баш тартышмак.

Алар мага минтип жооп беришчү: «Ооба, биз жалганчы, каардуу, адилетсизбиз, муну билебиз, буга ыйлайбыз, бул үчүн өзүбүздү кыйнап, кыйнап-жазалап жатабыз, балким, бизди соттой турган, атын да билбеген ошол мээримдүү Соттон да артык жазалап жаткандырбыз. Бирок бизде илим бар, ал аркылуу чындыкты кайра табабыз, бирок аны эми аң-сезимдүү кабыл алабыз. Билим сезимден жогору, жашоону аңдап билүү — жашоонун өзүнөн жогору. Илим бизге акылмандык берет, акылмандык мыйзамдарды ачат, ал эми бакыттын мыйзамдарын билүү — бакыттын өзүнөн жогору».

Мына, алар эмнени сүйлөшчү, ушундай сөздөрдөн кийин ар ким өзүн баарынан артык көрүп, алар башкача кыла да алышмак эмес. Ар бир адам өз керт башына ушунчалык кызганчак болуп кеткендиктен, бүт күчү менен аны башкаларды кемсинтип, кичирейтүүгө аракет кылып, өмүр маңызын ошондон көрдү. Кулчулук жаралды, ал тургай өз ыктыяры менен кул болуу пайда болду: начарлар күчтүүлөргө кубануу менен баш ийип, болгону ошолор өздөрүнөн да начарларды эзүүгө жардам берсе экен дешчү.

Бул адамдарга көз жашын төгүп, алардын текебердигин, чен-өлчөм менен гармонияны жоготконун, уятты унутканын айткан олуялар пайда болду. Аларды шылдыңдап, таш менен уруп өлтүрүшүп, ыйык кан ибадатканалардын босогосунда төгүлдү. Ар ким өзүн баарынан жогору койгону менен, ошол эле учурда башкаларга жолтоо болбой, ушул жол менен баары бирге ынтымактуу коомдо жашоону кайра ойлогон адамдар чыга баштады. Ушул идеянын айынан бүтүндөй согуштар тутанды. Согушуп жаткандардын баары бир эле учурда илим, акылмандык жана өзүн сактоо туюму акыры адамды ынтымактуу, акылга сыярлык коомго бириктирерине бекем ишенишчү.

Ошондуктан, ишти ылдамдатуу үчүн, «акылмандуулар» алардын идеясын түшүнбөгөн «акылман эместерди» эртерек кыргынга учуратууга умтулушту. Бирок өзүн сактоо туюму тез эле начарлап, бардыгын же эч нерсени ачык талап кылган текеберлер менен кумарпоздор пайда болду. Бардыгына ээ болуу үчүн алар кыянатчылыкка барышты, ал эми ал ишке ашпаса — өзүн өзү өлтүрүүгө өтүштү.

Эч нерседе түбөлүктүү тынчтыкты табуу үчүн жок болууга жана өзүн өзү жок кылууга сыйынган диндер пайда болду. Акыры бул адамдар маанисиз мээнеттен чарчап, алардын жүздөрүндө азап чагылды, ошондо алар азап чегүү — бул сулуулук, анткени азапта гана ой жашайт деп жарыялашты. Алар ырларында азапты даңазалашты.

Алардын арасында басып жүрдүм, аларга боорум ооруп ыйладым, бирок аларды мурункудан да, жүздөрүндө азап жок кездеги, күнөөсүз жана абдан сулуу кездегиден да артык сүйдүм. Алар булгаган жерди анда кайгы пайда болгону үчүн гана, ал бейиш болуп турган кездегиден да артык сүйдүм. Аттиң, мен дайыма кайгы менен капаны сүйчүмүн, бирок өзүм үчүн гана, ал эми аларды аяп, ыйлап жаттым. Өкүнүп, өзүмдү айыптап, каргыш айтып жек көрүп, аларга кол сундум. Аларга мунун баарын мен жасаганымды, жалгыз өзүм жасаганымды, бузукулукту, дартты жана калпты аларга мен алып келгенимди айтып жаттым!

Аларды жалынып-жалбарып, мени айкаш жыгачка керүүлөрүн өтүндүм. Айкаш жыгачты кантип жасоону өзүм көрсөттүм. Өзүмдү өзүм өлтүрүүгө кудуретим жетпейт эле, бирок алардан азап күттүм, азапка суусадым. Ошол азап менен канымдын акыркы тамчысына чейин төгүлүшүн кааладым. Алар болсо мени шылдыңдап, аягында дубанага теңешти. Акыры алар мага коркунуч туудуруп жатканымды жана эгер үнүмдү өчүрбөсөм, жиндиканага камашарын жарыялашты. Ошондо жан дүйнөмдү кайгы ушунчалык катуу ээлеп, жүрөгүм сыгылып, өлөм го деп ойлодум, дал ошондо... ооба, дал ошондо ойгонуп кеттим.

Таң агарып калыптыр, башкача айтканда, али жарык түшө элек, бирок саат алтыга жакын калган экен. Ошол эле креслодо эсиме келдим, шам толук күйүп бүтүптүр, капитандыкында да уктап жатышкан, айланада биздин батирде сейрек болчу жымжырттык өкүм сүрүп туруптур. Биринчи эле кылганым — катуу таң калып, ыргып турдум. Буга чейин менде эч качан мындай болгон эмес эле, майда-чүйдө нерселерде да: мисалы, эч качан кресломдо ушинтип уктачу эмесмин. Ошондо капысынан, ордумдан туруп өзүмө келгенде — капысынан көз алдыма октолуп, даяр револьверим тартыла түштү. Бирок аны заматта өзүмдөн ары түрттүм! Жок, эми жашоо керек, жашоо!

Колдорумду көтөрүп, түбөлүктүү чындыкка кайрылдым; жөн эле кайрылбай, ыйладым. Чексиз толкундануу, сүрөттөп бүткүс кубаныч бүткүл болмушумду көтөрүп турду. Ооба, жашоо жана насаат айтуу! Насаат айтууну дал ошол мүнөттөн баштап, анан албетте, ага бүткүл өмүрүмдү арноону чечтим! Насаат айтканы баратам, насаат айткым келет, — эмнени? Чындыкты! Анткени аны көрдүм, өз көзүм менен көрдүм, анын бүткүл улуулугун, ажайып күчүн көрдүм!

Мен жамандык адамдардын кадимки көнүмүш абалы дегенге ишенгим келбейт, ишенбейм дагы. Алар менин дал ушул ишеничиме күлүп жатышат. Бирок кантип ишенбей коё алам: чындыкты көрдүм — акылым менен ойлоп тапкан жокмун, көрдүм, көрдүм! Анын тирүү образы жан дүйнөмдү түбөлүккө толтурду. Мен аны ушунчалык толук бүтүндүктө көргөндүктөн, анын адамдарда болушу мүмкүн эместигине ишенбейм.

Анан кантип адашмак элем? Мүдүрүлөм, албетте, бир нече жолу мүдүрүлөм да, балким бирөөлөрдүн сөзү менен сүйлөп калармын, бирок көпкө эмес. Мен көргөн нерсенин тирүү образы дайыма мени менен болот, дайыма мени оңдоп, туура жолго салат. Оо, мен сергекмин, кайраттуумун, баратам, баратам — мейли миң жылга болсо да бара берем. Билесизби, башында алардын баарын өзүм бузганымды жашыргым да келген, бирок бул катачылык болчу — мына, биринчи ката! Бирок чындык мага жалган айтып жатканымды шыбырап, мени сактап калды да, туура жолго багыттады.

Бирок бейишти кантип куруу керек — билбейм, анткени сөз менен айтып бере албайм. Түшүмдөн кийин сөздөрдү жоготуп койдум. Жок дегенде эң башкы, эң керектүү сөздөрдү. Бирок мейли: мен барам да, чарчабай-талбай айта берем, анткени көргөнүмдү айтып бере албасам да, баары бир өз көзүм менен көрдүм. Бирок мазактагандар дал ушуну түшүнүшпөйт: «Түш көрүптүр, жөөлүптүр, галлюцинация» — дешет. Эх! Ушу да акылмандыкпы? Алар ушуну менен сыймыктанышат! Түш? Түш деген эмне? Ал эми биздин жашообуздун өзү түш эмеспи?

Андан да ашырып айтайын: мейли, мейли бул эч качан орундалбасын, бейиш болбосун (муну ансыз да түшүнүп турам!), — мейли, бирок баары бир насаат айта берем. Ал эми иш жүзүндө бул ушунчалык жөнөкөй: бир эле күндө, бир эле саатта бардыгы заматта жөнгө түшмөк! Башкысы — башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй, башкысы ушул, бүт бардыгы ушул, мындан башка эч нерсенин кереги жок. Ошондо дароо кантип жөнгө салуу керектигин табасың. Ал эми бул миллиарддаган жолу кайталанган, окулган эски чындык эмеспи, бирок ал жашообузга сиңип кеткен жок да! «Жашоону аңдап билүү жашоодон жогору, бакыттын мыйзамдарын билүү — бакыттын өзүнөн жогору» — мына ушу менен күрөшүү керек! Жана күрөшөм. Эгер бардыгы кааласа эле, азыр дароо бардыгы жөнгө түшөт. Ал эми тиги кичинекей кызды издеп таптым… Барам! Бара берем!

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз