Дайырбек Казакбаев: Шабдаалы издеген адам

  • 12.10.2026
  • 186

АҢГЕМЕ

Күн мээ кайнатып, аары гүлдөрдөн бал уурдап, уясына ташып, кандайдыр көзгө көрүнгүс, ичтен өтө турган өзгөрүүлөр болбосо, бак-дарак арасы жым-жырттыкка бөлөнүп, күндөр мурдагысындай эле бир калыпта өтүп жатты.

Бектен резина өтүгүн жерге ныгыра басып, маңдайы ылдый чуурган терин туурулган шадысы менен сыдырып алды да, тетиякта жемиш бактардын түптөрүндөгү топурактарды борпоңдотушуп, сөңгөктөрүнө аки таш жаап жатышкан жумушчуларга кол булгап, минтип үн салды:

- Э-эй, Мураталы!

Ошол кезде бет алдыдан шакылыктап учуп бараткан борбаш, абада булганган колдон чочуп, артына жалт бурулуп кайыды. Борбаштын чукулунан бурулам деп, аз жерден даракка денесин уруп ала сактаганын байкаган багбан, каткырып күлүп калды:

- Жүрөгүң үзүлүп кете жаздады, этиетте, мен сага эмес, коркогум!

Күрөң бархат топучан, бир колуна чака, бир колуна камыш кисти кармаган, балбактаган багалекчен Муратаалы минтип жооп кайтарды:

- Эмне?

- Алар түштөнүүгө качан чыгышарын макулдашты.

- Эки-үч даракты акилеп жиберип, чогуу басалык. Чакырып ко-ой!— деп кыйкырды багбан. Тутантып алган тамекисин дембе-дем соруп эңкейип, кистисин чакага малып, алма жыгачынын сөңгөгүн самындагансып агарта сүртүп кирди.

Бактан булбул таңшый баштады.

Бектен ишин уланта берип, кулагын түрүп тыңшады.

- Баракелде!— деди.

Анын жанына кандайдыр бир жолоочу келип токтоп, салам айтты. Бектен да баш көтөрүп алик алды. Жолоочу орто жаштардагы, ийнине кара булгаары сумка асынган, почточу сымал, калпакчан киши. Күрөң чийден чапаны бүктөлүп, уйпаланып калган. Иреңи киргилт тартканына караганда узак жол жүрүп, арып-азгандай.

- Жол болсун, мыйзам!— деди багбан жолоочуга, ишин токтотуп.

- Аксакал, түтүн кайрылышып койбойсузбу! - Жолоочу өтүгүнүн кончунан газета сууруп, айрып багбанга сунду. Бектен оозундагы тамекисин ыргытып, алакандарын эки санына аарчынып, чөнтөгүн аңтарып, колго жасалган тамекисин кагып, жолоочунун газетасынын бетине төктү:

- Калбаптыр.

- Катаал маал карыя... Зайыбым үчүн бир тоголок буюм издеп, борбордогу базарга дейре барып келатам.— Жолоочу орто арада сөз сүйлөп, кайра өзү таңгалгансып башын чайкап, күлүмсүрөдү.

- Мен бул бактарга кароолчу-багбанмын. «Бечера ай, суук тумшук беймаал аялга туш болсо керек?» деди ичинен боор тарта.— А базарда кымбатчылык бекенби?

Жолоочу далысын күйшөп койду.

- Базар дээрлик базар эмес. Мөмө жемиштер аз. Туруп, көк пияз, ышкындын атасы өлүп туруптур,— деди ал.

- Анжиян сарттары эле алып келип сатпаса, жемиш эми гана бышып келатпайбы,— деди багбан.

Жолоочу сумкасын оодарды да, көк-ала кызыл бөйрөк, дыңдыйып бышкан үч шабдаалыны сууруп көргөздү:

- Мына ушул үч шабдаалы үчүн борбордун базарына дейре бардым. Кымбат. Ар бири сөлкөбай. - Багбан шабдаалынын бирин колуна алып, нары-бери карады.

- Табылса да табылат, табылбаса жок,— деди жолоочу.

- Бул Кызыл шабдаалы тура, жайдын орто ченинде бышат. Нарында шабдаалысы эмдигиче жетилип калмакчы эле.

- Э-э карыя, эмнесин айтасыз. Кеп ошо бышпагандыкта жатпайбы. Бышса менин деле өзүмдүн үч түп шабдаалы дарагым бар.

Бектен жолоочуга чочуй карады.

«—Бу сообу. Зайыбы экөө тең окшошкон айбан болсо керек!»— деп ойлоп ийди.

Жолоочу түтүнүн соро берип, шабдаалысын сумкасына итерип жатып, багбанды таксымдагансып, минтти:

- Мени жактырбай турасызбы, карыя. Мен тигине, көзүңүздөн көрүп турам. Адамдын душманы — көзү эмеспи. Акылман Заратустра ушундай деген.— Жолоочу Бектенди карп-күрп тамашалай билегинен кармап, күрөшчүдөй ары-бери силкилдетти: - Антпе, антип ойлобо, абышка. Мени билбейсиң да...

Абышка өзүн ыңгайсыз сезе түштү.

Жолоочу минтти:

- Көп жашапсың, уяттуулугуңду жоё албапсың. Уул-кызың барбы, аксакал?

Мунун эрктен тышкары нысапсыздыгынан буйдалып, Бектен:

- Бар. Бир уул, үч кызым бар,— деп жиберди.

- А мен баланын үнүн сагындым...

«— Шайтандыкы, өмүр берсинчи балдарыма!» - деди Бектен, коопсунуп.

- Биз зайыбым экөөбүз баш кошконубузга он беш жылдан ашып баратат, а бала үнүн угууга зарбыз, карыя.

Күтүлбөгөн жерден айтылган кабарды Бектен кандайча делдейип тыңшаганын өзү да сезбей калды.

- Менин дартым... Биз баш кошкондо, экөөбүз тең каны кызуу жаштар элек. Шаарда окуучубуз. Биз баш кошуп жатып ата-эне, ага-тууган, тели-теңтуштарыбыздын көбүнө билгизбей баарын өзүбүз чечип, баарын өзүбүз ичибизде ыйык сактамакчы болдук. Заратустранын кесепети...

- Ким аның?

- Акылман дешет.— Жолоочу колун силкип койду.— Кыскасы, мына ошол баш кошкондун биринчи эле жылы колуктум жүктүү болуп калды. Аны мен билбейм. Айткан эмес. Колуктум мага кеңешпей, менден жашырып дары ичип жүрүптүр...

- Ок!— Бектен көздөрүн чекчейтип чочуп кетти.

- Жаш кезде адам, көбүнчө күнүмдүк жыргалчылыгын эңсейт тура... Анда бала сырын кайдан билипмин. Азыр минтип, бала үнүн угууга зар болорубузду билгенибизде... Аялым өзү да капа.

- Ай, ай!.. чунак!— башын чайкап, дулдуюп олтурду Бектен. «—Ооба. Баласыз үй, бактысыз оокат»,— деп ойлоду.

- Бекте-ен, түштөнүүгө жүрү!— деп бак арасынан кыйкырган Муратаалынын чакырыгы угулду. Багбан ордунан турду.

- Жүргүн мени менен. Үйдөн бирдеме шам-шум этип алып кетерсиң,— деп өтүндү жолоочуга.

Жолоочу башын чайкады.

- Барайын,— деди ал.— Муну эртерээк үйгө жеткизейин.— Ал сумкасына жаңсап шабдаалысын көргөздү.— Бир күнү зайыбым жөндөн-жөн туруп эле «—Шабдаалы жейт элем»— деп калыптыр. А күн өткөн сайын ого бетер эңсеп, «башым ооруп, көңүлүм караңгылайт» — дейт. Балким, бактым батпаган чыгар?.. Талгактыр. Тезинен шабдаалы таап келүүгө издеп жөнөдүм... Кош эмесе, кетейин. Дагы бир ирээт чектирип койбойсузбу, аксакал?!.

Бектен чөнтөгүнөн тамеки каккыча шашылды. Тамекини газетке ороп жатып, жолоочунун колу калтылдап турду. Ал эмнегедир, ачыктан-ачык толкунданып жатты. Коштошуп, кең-кең аттап, бакка сиңгенге дейре Бектен аны артынан элее карап, узатып турду. Бир оокумда багбан ордунан сенейип катып турганынан селт этип чочуп кетти, туш-тушун кылчак-кылчак каранып алып, жолоочунун артынан далбактап желип-жортту:

- Токто-о! Ток-тоо, э-эй, жолоочу балам!

Жолоочу артына кылчайды.

- А силер, доктурга кайрылгыла. Доктурга?! - Күйүгө жетип токтоду багбан.

- Жолоочу унчуккан жок. Бир паска илең-салаң турду да, кайрадан бир калыптагы сапарын улантты. Анан нарыраак барып Бектенге кылчайып, жеткилең үндө минтти:

- Корком доктурдан. Доктур чындыкты айтат. А кокус «—Жок»,— деп койсочу? Кайрылбады дейсизби, аксакал!.. Рахмат.

- Бекте-ен! Бектеен! Кайдасың кибиреп! Кел, мында-а!— Муратаалынын чакырганын угуп, багбан артына бурулду. Ал толгон токой бак-дарактын арасынан Алтын түс шабдаалыны көрө коюп, анын үзүлүп түшчүдөй жерге жете ийилип, мөтүрөйүп турган мөмөсүнө карады. Ал шабдаалыга өмүрүндө биринчи жолу өзү түшүнбөгөн, кандайдыр өзгөчө мааниде карады. Шабдаалы эртерээк эле кызыл каптал болуп эзилип бышышын каалап, а эмне үчүн каалап жатканын нарыраак узаган соң эстеп алып, ичинен аң-таң боло сакалын сылады...

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз