АҢГЕМЕ
“Адамды жок кылып коюуга болот, бирок жеңүүгө болбойт”.
Эрнест Хемингуэй
Абышка боз үйдөн чыгып, Кенес-Анархайдын учу-кыйрына көз жетпеген жайык талааларына карап турду. Кардын калыңдыгына карабастан күндөгүгө караганда аба ырайы бир кыйла жылуу болчу. Түндүк тараптан ызылдап уруп турчу муздак шамалдын куйругун күндүн илеби керткен сыяктанат. Чилде чыкпай жатып Кенес-Анархайдын минтип жибий түшүшү көптү көргөн абышканы кубантпады. «Согуш аралыгындагы тынчтыкка окшогон ушул бейкуттук койдун муунун бошотпос бекен?»
Абышка сөксөөлдөн каланып жасалган короо тарапка басты. Анда колхоздун борбордук сарайына алып барып кошо турган чабыр койлордон алтоо камалып жаткан. Чабыр койлорду бир жерге багуу жакшы натыйжаларды берет экен дешкенден кийин короого алып калышчу. Кечээ күнкү убада боюнча бүгүн машина келип, койлорду ошол жакка алып кетмек. Бирок эмнегедир кечикти.
Келаткан адамдын дабышынан койлор башын көтөрүп, абышканы таңыркап карап калышты. Бүткүл өмүрүн мал менен өткөргөн абышка камалып жаткан койлорго ичинен боор толгоду. Ал ушул короону мындан беш жыл мурда уулуна өткөрүп берген. Карып калса да уулуна көмөктөш болуп, чабыр койлорду багууга жарачу.
Абышка короонун четинде көпкө буйдалып турбады. Үйгө кирип, жылуу кийим-кечелерин кийине баштады. Бешик терметип отурган келини кайын атасынын бир жакка камынып жатканын көрүп, анын кайда бара тургандыгын билгиси келсе да суроодон айбыкты. Балким коңшу чабандыкына бараткан чыгар. Абышка келининин түйшөлүп турганын байкап, ага жолго камынган себебин түшүндүрдү.
- Балам, мен тиги чабырларды кошуп келейин. Машине келет деп күтүп отурабызбы. Күндүн жылуусунда жеткеним жакшы.
Колхоздун борбордук сарайына чейинки аралык алты чакырымча болчу. Келин кайын атасын аяп, ичинен кысылды. Өз оюн ортого салды.
- Машине менен эле жеткирсеңерчи. Алты чакырым оңойбу. Же алдыңарда атыңар жок...
Абышка кайраттанып сүйлөдү.
- Ээ балам, кезегинде атаң алты чакырым эмес, алтымыш чакырымды кебелбей басчу. Малды көп камай берсе сөөгү жашыйт. Машине келгиче бороон жүрүп берсе эмне болот. Бөөдө малды кырып албайбызбы. А көрөк Келдибек келгенде айтып кой. Бүгүн кайра келе албайт де. Төкөр койду эртең калтырып кетсин. Короого бакпасак жараты ырбап кетет.
Кайын атасынын чындап камынып алганын көргөн келин ордунан туруп, чыгдан тарапка кирди. Алар кечээ күнү уулунун тушоосун кесип, бир кой ырымы кылган. Келини челектен бозо куюп жатып, үн катты.
- Сардардыкына коносуңар го. Бир жилик эт калыптыр, энеси ооз тийсин. Той эмеспи, силерди көрсө үмүттөнөт.
Абышка жүйүртө басып, босогого олтура калды. Мелт-калт куюлган бозону тынбай капортолоп жиберди. Анан бозого малынган мурутун сылап тыныкты. Кой жайып кеткен уулу Келдибекти эстеди. «Ушу бозодон талаага ала кетсе болмок экен, куураган бала. Көтөрүп жүргөндөн эринет» деди ичинен.
Абышка алты чабырды алдына салып талаага чыкканда күн чак түш болчу. Короодо жатып бук болгон койлор адегенде тың басты. Кардан кылтыйып чыгып турган чөптөрдүн башын термелеп, биринен сала бири талашып, айдакка жарыша жүрүп беришти. Бозо абышканын боюн жибитип, кыштын абасы көңүлүн көтөрдү. Бир паска жашарып алгансыды. Шейшепке чачкан буурчактай жети караан Кенес-Анархайдын айдың талаасында кыбырап басып кете берди.
Бир топ жүргөндөн кийин алар калың куурайлуу адырга туш келишти. Бул жер башка жерлерге караганда оттуу болучу. Койлор басыгын акырындатып, чөпкө алаксый башташты. Абышка койлорду чөптөн калтыргысы келбей ою менен болду.
«Мейли,— деди ичинен,— жеткичекти тоюп алышсын».
Кар калың болгондуктан койлор көбүн эсе дүмүрдүн арасындагы чөптөргө чуркашат. Айланада кыбыр эткен жандык көрүнбөйт. Өлүү тынчтыктын кучагында жаткан талаанын бир жак кырбуусу бозоруп мунарык тартат. Кардын какарынан чыккан ушул мунарык ааламды өзүнүн муздак демине кактап жаткан сыяктанат. Абышка таягын аркасына алып, эки учун каруусунан өткөрүп, койду ээрчий жүрүп олтурду.
Жолдун экинчи чакырымын баскан ченде күн түш ооп калган. Чыгыш тараптан төөнүн чуудасындай самсаалаган суюк булуттар көрүндү. Абышка буга анчейин көңүл бурбады. Мындай булуттар талааны нечен ирет каптап, кайрадан талаага житип жок болот. Ал койлорду жалгыз аттын изине салып чубатып айдай баштады. Жүнү жыдый баштаган борук кыбырап баса албайт. Абышка аны моюндан алып, башкаларына караганда тыңыраак чоң ак койду алдыга салды. Самсаалаган ала булуттардын артынан кара кочкул тарткан булуттар көрүндү. Колду каарыган муздак жел жүрдү. Ага удаа бороондун эпкини желе жортту.
Абышка таягын колуна алып, койлорду шаштырып айдады. Болжоп айтканда алар жолдун жарымын өтүп калышкан. Мурда кыймылсыз турган куурайлар, эми жер сыдырып жүрө баштаган шамалга дирилдейт. Шамал катуулай берди. Ал кыймылсыз жаткан карларды жоруптады. Жалгыз аттын чыйыры шамал учуруп келген карларга толо баштады. Булуттар самсып жапыз учкандыктан жердин кырбуусу көрүнбөй калды. Жер менен асман заматтын ортосунда жуурулушуп калган сыяктанды. Шамал жакты карай кыйгачтап катуу жааган кар күчөгөндөн күчөдү. Абышка артына бурулуп карады. Кыштоонун карааны көрүнбөйт. Чыгыш менен Батыштын кайда экендиги белгисиз. Бирок абышка борбордук сарайды карай түз бара жаткандыгына күмөн санабайт. Андан көрөкчө жанагы жалгыз аттын изин жоготпоо керек. Абышка койлорду кыройлоп сүрөп, алган багытынан жазбады. Анын болжолу боюнча сарай көп алыс эмес. Мына ушул ишеним анын көңүлүн тынчытты.
Дагы бир сааттай жол басты. Эмнегедир сарайдын карааны көрүнбөйт. Шамал бир азга басаңдады. Бирок кар укмуштуудай балпактатып жаады. Ал өмүрүндө мындай катуу жааган карды сейрек көрсө керек. Анын оюна жанагы жалгыз аттын изи түштү. Ал койду айланып алдыга чыкты. Жалгыз аттын изи эчак көмүлгөн. Анын алдында жаңыдан төшөлгөн ак кийиз кейиптенип жумшак айдың талаа жатат. Абышка сестене түштү. Кайрадан койдун артынан түшүп, шаштырып айдай баштады.
Арадан жарым саат өткөндө айлана күңүрт тартып, түнөргөн мунарык коюуланды. Жанагы бапылдатып жааган кар басаңдап, шамалдын жүрүшү күчөдү. Ал жаңыдан түшкөн карды кызылдай сапырып, кээде куюндатып, айдың талаага жоруптады. Абышка жакасын көтөрүп, колундагы эт менен боорсок оролгон түйүнчөктү белине кыстарды. Үшүй баштаган колу эми жылыган сыяктанды. Басып жүрүүгө да эркин болгонсуду. Көз байланып, жерге толук караңгы кирген ченде койлор басыгын акырындатты. Алар катуу шамалга туруштук бербей, бири-бирине ыктап, жерге баштарын катышты. Абышка аларды ажыратып, моюндан тартып, аз болсо да алга жылдырууга аракеттенди.
Ошентип олтуруп алар дагы бир сааттай жол жүрүштү. Дагы эле сарайдын карааны көрүнбөйт. Бир маалда абышка калың караанды байкады. Жан алы калбай сүйүнүп кетти. Койлорду шаштырып, далбастап кыройлоп, үнүнүн бардыгынча кыйкырып жиберди. Алиги караан беш-алты түп сөксөөлдүн учтары шамал жүргөн жакты карай жүгүнүп далбас урат. Ыктоо жер таппай араң келаткан койлор ортодогу чоң түп сөксөөлдүн түбүнө ийрилип тура калышты. Түңүлгөн абышка үшкүрүп чөгөлөй калды.
«Куураган жаным адашкан турбаймбы,— деди ичинен,— карыганда үйдө олтура бербей мени кайсы кара теке сүздү. Эми эмне кылчумун?»
Ал мынчалык катуу келген бороондун оңой менен басыла койбосун жакшы билчү. Ошондуктан өзү туш болгон абалдан канткенде кутулууга боло тургандыгы жөнүндө ойлоно баштады. Түн катып, белгисиз жакка өжөрлөнүп кете берүү акылсыздык болмок. Өзүнүн ал-абалын ойлоп олтуруп, канткен менен тагдырдын ушул барханга алып келгенине бир эсе сүйүндү. Айла кеткенде мындай бархандардын колтугунан калың сөксөөлдүү ыктоо түнөктү табууга болор эле. Мына бул беш-алты түп сөксөөл өтө эле суюк жана жапыз болучу.
Абышка кыйынчылык менен болсо да калың бутактуу сөксөөлдүн тобун табууну максат кылды. Ал ордунан туруп, койлорду кайрадан алдына салды. Бархандарды аралап басты. Бул жердин кары талаадагыга караганда алда канчалык терең болот. Бирок ачык талаага караганда бархандардын арасы жылуу, шамалдан ыктоо. Алты кой айдаган абышка калың бархандарды аралап белгисиз жакты карай кетти. Ал түндүн койнун жиреп, алты кой менен өзүнүн жанын сактап турган калың сөксөөлдү издеди. Абышка купулуна толгон сөксөөлдөрдү түндүн бир оокумунда гана тапты. Шамалга жон тосуп өскөн тиги беш-алты түп калың сөксөөл боз үй сыяктанат. Алар жар сыяктанган бийик бархандын колтугунда.
Абышка койлорду сөксөөлдүн түбүнө айдап кирип, өзү кайрадан сыртка чыкты. Тегеректеги башка сөксөөлдөрдүн бутагын айрып, берки сөксөөлдөрдү короо сыяктуу калай баштады. Бул иш абышканын канын чуркатып, денесин жылытты. Ошондуктан көңүлдөнүп иштеди. Мүмкүн болушунча калың бутактардан көбүрөөк табууга аракеттенди. Акыры үңкүргө окшогон алачык пайда болду. Абышка алачыктын ичине кирип, сууктун алачыкка канчалык өтө тургандыгын текшерип билүү үчүн бир саам баамдап олтурду. Ачык талаага караганда бир кыйла ыңгайлуу жана жылууэле. Муну мындан да жылуу жана жайлуу кылууга болот. Аны кантип жасоо керек экендигин абышка жакшы биле турган. Анын турмуштук тажрыйбасы буга чоң көмөк берди. Ал кайрадан сыртка чыгып, кийиз өтүгү менен күрткү карларды алачыктын түбүн карай үйө баштады. Кар көтөрүлгөндөн көтөрүлүп, көкүрөккө чейин жетти. Андан ары үйүүгө мүмкүн эмес эле. Кереги да жок болчу.
Сөксөөлдүн учтары ичке болгону менен бир кыйла калың. Алар биринин үстүнө бири жаткандыктан шамалды анчейин өткөрбөйт. Абышка мына ушул иштерди бүткөндөн кийин алачыкка кирип, көңүлү жайланып, эртең күн ачылганда сарайды оңой эле таап ала тургандыгы жөнүндө кыялданды. Начар борукту чоңураак койлордун арасына киргизип жиберди. Өзү чоң ак койдун бир жак капталына ыктап, озондоп улуп жаткан шамалдын күүсүн тыңшады. Колун жеңине катты. Ушу бүгүн оолугуп, машиненин келишин күтпөй жолго чыкканына өкүндү.
«Балам менен келиним түйшүк тартып жатышкандыр,— деди ичинен,— издеп убара болбогой эле. Бөөдө аларды кууратпадымбы?»
Суукка далы төшөп, түн катып жалгыз отуруудан артык азап бар болду бекен? Жалгыздыктын жүрөк мыкчыган кусалыгын өмүрүндө биринчи сезген абышка ичинен толгонду. Сууктун катуулугунан эки бети анардай кызарып чыкты. Куюндап алачыкка баш бага калган шамалга сакал-муруту дирилдеди. Эки көз үмүттүү жалжылдады. Аны бирөө ушул барханды кайтартып койгонсуп, таягын колтугуна кыпчып, бир жарым саатка жакын телмирип олтурду. Бат эле таң атып, жерге жарык кирсе дегенде эки көзү төрт. Бирок таң атпады. Кыймылсыз отура бергендиктен буту-колу үшүп чыкты.
«Суук мурдагыдан күчөп калганбы?». Абышка ордунан туруп аркы-терки басты. Кулагын укалап, түлкү тумагын баса кийди. Кыймылдаганданбы, бир аз жылыгансыды. Шамал жүдөтпөгөндө дагы басмак. Анын үстүнө үй ордундай жерди таптай берүү аны тажатты. Алачыкка келип олтурду. Жаштыгын эстеди.
«Жаш болуу кандай бакыт. Жаштык дегендин өзү эле сулуулук турбайбы. Жигит кезим болсо ушинтип жыла албай отурат белем».
Көпкө кыялдана албады. Курсагынын ачканы көңүлүн алагды кылды. Белине кыстарган түйүнчөктү чечип, оозуна муздак эттен салды. Абышканын көпчүлүк тиштери күбүлүп түшкөндүктөн, тамак чайнаганда оозу-башы кемшеңдеп кетчү. Этти чайнап жутуу бир топ машакат туудурду. Ошондой болсо да ачкан курсакты тойгузуу абышкага ырахат алып келди.
Тамактанып болгондон кийин эрдине насыбай салып, денесинин чымырай түшкөнүн сезди, эмнегедир улутунуп алды. Абышка уктап алууга аракет жасады. Бирок озондоп улуп жаткан бороондун үнү уктатпады. Оюна алда немелер түшүп, караңгыда жалгыз олтуруу коркунучу жүрөгүн сестентти.
«Бороон бир нече күнгө дейре басылбаса эмне кылам? Мындай бороондо Кенес-Анархайдан адашкан кишини табуу кыйын».
Абалы канчалык кыйын болсо да абышка кайраттанды. Жок дегенде кардын жааганы токтосо ага бир кыйла жеңилдик болмок. Божомолдоп олтуруп башка колхоздун кыштоолорун таап алмак. Абышка көзүн жумуп, кыялында башка бирөөнүн төрүндө олтурган учурун элестетти. Анын сөзүн коңшу чабандар таңданып угуп олтурушат.
«Капырай,— дешет алар,— ушул бороондо кантип чыдадың. Талаада калмак тургай, үйдө жатып тоңуп кала жаздадык...»
Күтүлбөгөн жерден өзү жөлөнүп олтурган койду кимдир бирөө сүйрөп жөнөдү. Койго жөлөнүп отурган абышка чалкасынан жыгылды. Коркуп кеткендиктен шашып-бушуп тура калды. Эшик-төрдөй жерден кандайдыр бир айбандын койду тырпыратып баса калганын көрдү. Кыркыраган дабыш угулду. Дал боло түшкөн абышка таягын алып, алиги караанды карай чуркады. Көрсө карышкыр экен, койдон тумшугун көтөрүп, эки-үч секирип барханга чыга берди. Карышкырдын бычактай тиштери койду мууздап жиберген болчу. Бошоно түшкөн кой жан талашып, абышка жеткичекти туш келди мөңкүп качты. Заматтын ортосунда боз үй ордунчалык ойдуң кызыл жаян болуп, шыркырап атып чыгып жаткан канга боёлду.
Кансыраган кой бир оокумда күрткүгө барып жыгылды. Денеси диртилдеп, буттары тыбырчылады. Кыйналып атып жан берди. Мына ушул жагымсыз көрүнүштү абышка да, барханда соксоюп олтурган карышкыр да кыймылсыз карап турушту.
Кандын жытын сезген карышкыр тумшугун жаланып, кой жаткан тараптан жалжылдап көзү өтүп баратты. Ууртунан шилекейи чуурду, негедир калчылдап, такымына куйругун катты. Ачкалыгынан ичи-ичине кабышып, муздай элек эттин даамы көңүлүн арбады. Адамдын таяк кармаган карааны гана жүрөгүн лакылдатып коркутуп турду.
Абышка койду буттан алып, алачыкты карай сүйрөдү. Тикчийип карап турушкан беш кой коркунучту сезип, тынчсызданып бышкыра башташты. Ачык жер болгондо алар эчак туш келди качып беришмек. Алачыктын кучагы гана аларды кармап калган шекилдүү.
Ушунчалык алыс жолдорду басып, араң дегенде ээн жерден кой таап, адамдын этегинин алдынан коркпой жула качып, азыр эле өзү мууздаган койдун алачыкты карай сүйрөлүп баратканын көргөн карышкыр эмне кылар айласын таппай шашып калды. Алачыктагы калган койлордун бышкырыгын укту. Абышка жеткичекти ач неме алачыктагы койлорго чуркады. Кулагын жапырып алачыкты айланып өтмөкчү болду. Карышкырдан көзүн албай келаткан абышка анын оюн алдын ала түшүндү. Өлгөн койду таштай коюп, алачыкка далбастады. Аны ач карышкырдын коркпой кол салышы чочутту.
Көп күндөн бери тамактан өксү болгон карышкырдын жан кечти боло тургандыгын мурда уккан. Сойлоп келаткан карышкыр адамды көрүп кайра артына салды. Тобокел дедиби, өлгөн койду качырды. Жетери менен кан уюган тамактан бурдап сугунуп алды. Ал дүйнөдө болгон бардык коркунучту унутуп коюп, койду толорсуктан тартып өттү. Эшилип түшкөн иче-карындын жыты ач карышкырдын напсисин ого бетер агытты. Көзү кан талап, тумшугун канга матырды. Какап-чакап, оозуна эмне урунса ошону бүкүлү жутуп жатты. Тырмактары койдун денесине батып кетти. Тырмышып тиштеп, арка жалдары тикесинен турду.
Абышка эттин кызыгына кирип эч нерсени байкабаган карышкырга өңүттөп жылып барды. Таягын кош колдоп көтөрүп, жанынын бардыгынча чокуга салып калды. Таяк абышка болжогон жерге тийбеди. Карышкырдын бир жак кулагын какшатып өттү. Канча кылганы менен таяктан жалтандыбы, ооруксуна түшкөн карышкыр эки аттап четке чыкты. Абышка өлгөн койду кайрадан алачыкка сүйрөй баштады. Ал карышкырдан мурдагыдай коркпой калды. Карышкыр да абышкадан мурдагыдай коркподу. Экөөнүн бири-биринен кача турган жолу да жок болчу.
Карышкыр алачыкка дагы тап берди. Абышка сүйрөп бараткан коюн таштай коюп, алачыкка чуркады. Карышкыр кайрадан өлгөн койго жетип жабышты. Мына ушинтип экөө бир топко чейин куушуп жүрүштү. Экинчи жолу төбөгө чапканда абышканын таягы ортосунан бөлүнүп кетти. Абышка жедеп тажаганда тобокелге салды. Ал карышкырды басып жыгылып, муунтуп, же бычактап өлтүрүүнү чечти. Макисин алды. Кичине экен, сайганга жарачудай эмес. Абышка жакындап барып карышкырдын үстүнө жыгылды. Карышкыр абышканын алдынан суурулуп чыга баштады. Абышканын колуна карышкырдын куйругу урунду.
Кармалып калганын сезген карышкыр кайрылып абышкага жабышты. Тиштерин ырсыйтып, көзүнөн от чачты. Абышка карышкырды тамактан алды. Экөө тең тирешип тура калышты. Канчалык аракет кылса да абышка карышкырды жыга албады. Ал адамга караганда шамдагай болчу. Бирок адамда акылдуулук деген нерсе өнүккөн эмеспи. Абышка жер сыйпалап эптеп колуна таш алды. Оңтоюн келтирип, карышкырды төбө талаштыра берип калды. «Каңк» деген үн чыкты. Карышкыр булкунуп, абышканын колунан чыга качты. Бир жак кулагынан шорголоп кан агып баратты. Дөңгө чыгып, теңселип, баш силкип жата кетти. Абышка карышкырды ушуну менен кетет ко деп ойлогон болчу, бирок ал кетпеди, жанынан олжону артыгыраак көрдү. Жан сактоо инстинкти аны кетирбеди. Алдыңкы эки колуна башын жөлөп, адамдан жеңилип калганына өкүнгөн неме дөңдө кыймылсыз жата берди.
«Ата көрү — деп ойлоду абышка калчылдап,— жанымда мылтыгым болгондо минтип жатпайт элең го! Эчак териңди тескери сыйрып, ийниме салып албайт белем!»
Абышка энтигип сыңар тизеледи... Таңкуланөөк тартып калган. Кардын жааганы басылып, бороондун жүрүшү басылбады. Бархандан учуп түшүп жаткан борошо мындан бир аз мурда күрөштүн аренасына айланган аянтчаны кандуу изден тазалады. Ал абышканын жүрөгүндөгү өкүнүчтү гана тазалай албады.
Эми эмне кылуу керек? Карышкыр кетмейин койду айдап алачыктан чыгуу мүмкүн эмес эле. Адегенде кантип болсо да карышкырдан кутулуу керек. Абышка жер сыйпалап, томуктай таштардан эки-үч чогултуп алды. Болжолун келтирип, карышкырды таш менен урмак болду. Карышкыр абышканын оюна түшүнгөндөй ордунан турду. Ушул учурдан пайдаланып, абышка карышкырды таш менен шилтеп калды. Карышкыр учуп келаткан таштан көзүн албай, таш жакындаганда ойт берип орун которду. Таш күрткүгө кирип, дымы чыкпады. Жок дегенде сес берип, «чак» деп да койбоду.
«Баары бир эч нерсе кыла албайсың, андан көрөкчө өзүм өлтүргөн койду бергин да жолуңа түш». Карышкыр ушинтип мыскылдагансып дөңгө соксоюп олтуруп алды.
«Каап, ушуну эмне кылсам, ыя? — абышка туталанды,— таба кылгансып, турганын карачы! Ушул айбандан жеңилет экем ээ?»
Адам кыйынчылыкта дайыма бир нерсе ойлоп табат. Абышка чөнтөгүн аңтара баштады. Оң чөнтөгүнөн сызгыч сыяктанган, узундугу бармактай айнек тапты. Ал алакандай чүпүрөккө оролуу жаткан. Абышка устачылык кылган кезде алиги айнек менен жыгачтардын сыртын жылмалоочу. Эми ойлонуп турбады. Кардын алдынан жайык таш таап, ага айнекти талкалады. Кичинекей макиси менен койдун сан этинен бир тилим кесип алды. Ортосун оюп, алиги талкаланган айнектерди ошого шыкады.
- Мына сага,— деди абышка, этти карышкырга ыргытып жатып,— жесең акеңди таанырсың. Соксойгон гана ата-бабаңдын көрүнурайын!
Карышкыр адегенде ордунан тура качты. Этти көрүп чыдабай кайра келди. Оозу-башын жаланып, этти жыттагылап, анан абышкадан көзүн албай бүкүлү жутуп жиберди. Жаланып кайрадан ордуна жатты.
Абышка кубангандыгынан күлүп жиберди.
- Эми калган этти сага бердим, өлөр алдында бир тоюп ал. Бала-бакырамдын кырсыгы ушул эт менен кошо кетсин!
Абышка чөгөлөп олтура калып, оозун кыбыратып бата кылды. Анан өйдө болду да, койдун терисин сыйра баштады. Башын да кесип алды. Булар отчёт берүү үчүн керек болчу. Союлган эт бат эле суукка чалынды. Ала май тартып кардын үстүндө жатты. Абышка башты териге ороп, арчындап байлаштырды. Түйүнчөк кылып каруусуна илип алды. Койдун этин алысыраак сүйрөп барып таштады. Араң олтурган карышкыр абышка алачыкка жеткичекти болбой өлүккө жармашты.
Жерге кадимкидей жарык кирип калган. Балким күн эчак чыккандыр. Бороон кар сапырбаганда чыгыштын кайсы тарапта экенин баамдоого болмок. Абышка койлорду алачыктан араң дегенде чыгарып, башы ооган жакка айдады. Карышкырдан алыстаганда койлорду таманга калтырып, өзү бийигирээк бархандын кылда учуна чыкты. Бул жерден бир кыйла алыстык көрүнөт экен. Эки жүз саржандан кийинки бархандардын аркы тарабы түзөң сыяктанат. Кыязы бул кашат бархан менен ачык талаанын чектеш тилкеси болуу керек.
Бархандардын арасынан түзгө чыгуу алар үчүн абдан оор болду. Койлор күрткүгө тыгылып, бир кадам шилтөө кыйындыкка турду. Мындан көрөкчө ылай тебелеген жеңилирээк эле.
Адамдын колунан эмне келбейт. Ыйлап-сыктап жатып абышка койлорду бархандын четине алып чыкты. Шамал учуруп кеткенби, бул жердин кары алда канчалык тайыз болчу. Койлор жеңилденип, куурай учун сындырып калышты. Канчалык кыйын болсо да курсактын камын ойлоо керек эмеспи. Абышка белиндеги түйүнчөктү чечип, тоңгон боорсоктон оозуна салды. Муздак боорсок кытырап, бирин-эки тишти какшатып барып жибиди. Амал менен болсо да карышкырды жеңгенин ыраазы болуп эстеди.
Койлор кыбырап баспай, жол анчейин арбыбады. Бирок токтоп эс алуу өлүмгө барабар эле. Араң келаткан койлор бир жатса экинчи турмак эмес. Канчалык жол жүргөнү да өзүнө белгисиз. Чамасы таң аткандан бери үч саат убакыт өтсө керек. Шамал басаңдап, күндүн арты ачылгансып калды. Дагы бир саат өткөн ченде күндүн жышааны сол жактан көрүндү. Күн асмандын бир жак капталынын орто ченинде турганына караганда түшкө жакындап калган өңдөнөт. Булуттар көтөрүлүп, жердин кырбуусу алынга көрүнө баштады. Канчалык чарчаса да абышка баш оролгон терини колунан түшүрбөдү. Ал каруусуна кептелип катып калыптыр.
Бир маалда абышка машиненин изине урунду. Кубанганынан көзү жалжылдай түштү. Эмнеси болсо да ушул изди кубалап жүрүп олтурууну чечти. Жолго түшкөн бирин-эки чөптөргө караганда машина чөп салып өткөн өңдөнөт.
Бурулуштан өтө берген жерде бир боодой чөп жатат. Чөптү көргөн койлор кедеңдеп чуркап, жетери менен талашып сугунушту. Май жеген немеден бетер күтүрөтө чайнашып, аз болсо да өзөк жалгашты. Абышка түпкүлтүн ойлоп, чөптүн бир бөлүгүн оң жак колтугуна кыстарды. Жердеги чөп түгөнгөндө койлор абышканы тегеректеп, анын колтугуна моюн созушту. Абышка койлордун алдына түштү. Койлор аны ээрчигенде четинен берип жүрүп отурду. Мурдагыга караганда жол бир кыйла арбып калды.
Алар бир сааттан кийин жапыз адырдын экинчи тарабына чыгып абышка тээ алдында созулуп жаткан тааныш талааны көрдү. Талаанын бир жак капталында өзүнүн сөксөөлдөн каланып жасалган короосу, короонун капшытында түтүн булаган боз үй.
«Э кашайгыр,— деди абышка ичинен,— тетиги биздин короо го?! Аа... ата көрү, ушул эле тегеректе жүргөн турбаймбы?»...
Чубаган беш караан жайыкка түшкөн кезде кыштоодон машинанын карааны бөлүнүп чыкты. Ал абышкага бат эле жетип келди. Кабинадан бир жаш жигит ыргып түштү.
- Э, чоң ата, аман-соосуңбу? — Колунан кармалап жиберди.
- Соо болбосо сомуран калсын. Мени коё туруп тиги койлорду сал!
- Үстү-башыңдын баары кан да! Эмне болду, чоң ата?! — Шофер жигит кумсара түштү.
- Айта турган шай жок айланайын. Сураганды коё туруп, тиги койлорду сал дейм! Анан айтып берем...
Абышка кайраттанып үнүн көтөрдү. Алиги жигит алеки саатта койлорду машинага салып, абышканы кабинага олтургузду. Жолдо карата жигит иштин жөнүн сурап билгиси келди. Бирок абышканын үргүлөп кеткенин көрүп, ойготуудан айбыкты.
Ошол күнү абышка күүгүм киргенге дейре көз ачпай уктады. Атасын издеп чыккан уулу Келдибек келип, түлөөгө кой союлуп, казанда эт кайнап жатканын сезбеди. Абышка укмуштуу түштөрдү көрдү. Түшүндө баягы карышкыр кынжыйып арыктап, бархандын арасындагы баягы алачыкта кан кусуп жаткан экен.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR
Комментарийлер (1)
Абышка жана табигат аңгемеси абдан кызыктуу экен. Абышка тирүү калса экен деп, аягына чыккыча шаштым кетти. Бала кездин бааоы эске түщтү.Бир эсептен ошол союз учурундагы өткөн жашообуз жакшы окшойт деген ой кетет.