НУКУРА ЖАШАЙ БИЛЕЛИ
6-октябрда “Талас органик” агрокомплексинин расмий ачылышы болду. Бул иш-чаранын жүрүшү, андагы сүйлөнгөн расмий сөздөр, эсеп-чоттор жөнүндө башка журналисттер жаңылыктардан жетиштүү эле айтып, жазышты.
Мисалы:
1. https://www.facebook.com/share/p/1J6nv3NRJK/
2. https://www.facebook.com/share/v/19dfKHoHPd/?mibextid=wwXIfr
3. https://kg.eurasiatoday.ru/talastyn-organikalyk-azyktary-jemi-d-jn-l-k-rynokto-satylat/ ).
Мен бул саамалыктын жалпы социалдык, маданий жана рухий мааниси жөнүндө да сөз кылууну чечтим.
Табит жана табият
1977-78-жылдарда Душанбе шаарына жакын жайгашкан Дангара районунан Жерге-Талдын совхоздоруна короо-короо кара кой айдап келишкени эсимде. Алгачкы күндөрү чабандар гисар койдон союп жегенде, эти даамсыз экен, мындан көрө меринос эле жакшы болчу деп нааразы болушкан.
Бир нече апта жол жүрүп, бийик тоолорго жакындаган сайын кийинки союлган койлордун эти даамдуурак боло баштаптыр. Биздин жайыттарда багылган бул койдун эти бир айдан соң жергиликтүү койлордон эч айырмаланбай калган. Мал эти, сүтү, тартылуучу майы анын жеген жем-чөбүнө, ичкен суусуна, жуткан абасына жараша ушундай айырмаланат экен!
Америкада жашап келген жердештер ал жактагы тамак-аш даамсыздай сезилет, Кыргызстандагы азыкка дегеле окшошпойт дешет. Бирок химияга өтө басым жасала берсе, биздеги жагдай деле акыры ошондой болуп калары бышык.
Азыр шаарда сатылган эт дайыма эле таза чыкпай турганын элдин баары билет – малды семиртүү үчүн тоютка кошуп берилүүчү же сайылуучу дарынын таасири ошондой. Түшүмдүүлүгүн арттырып, отоо чөптөн арылтуучу химикатты ченемден ашыкча салып өстүрүлгөн жашылча-жемиштердин даамы да супсак болору жалпыга белгилүү. Мындай азыктын ден соолукка зыяны канчалык зор экени айтпаса да түшүнүктүү.
“Мен” жана “биз” таразасы
“Сатыла турган картөшкөгө селитра ж.б. химикатты каалаганча салабыз, өзүбүз жегенге эккенибизди этияттайбыз”, – деген эле бир тааныш жигит. Бирок ал кийин дыйканчылык кылбай, бир топ жыл ооруп жүрүптүр.
Дагы бир кишинин айтканы эсимде калыптыр:
“Ижара жерде химикатты аз салып өстүргөн картөшкөнү Ош базарга апкелип жар салдым:
– Сапаттуу, таза картөшкө! Бир кило алпарып, бышырып жеп көргүлө – даамы жакпаса, келгиле, акчаңарды кайтарып берем!
Бир-эки кардар алып кетип, тез эле кайра келди мүшөгү менен бер деп. Аларды көргөндөр кезекке тизилди.”
Ошол киши азыр да жер иштетет. Базарда жемиш да сатат. Элдин дээрлик баары таразадан алдаган 1990-2000-жылдары да анын чынчылдыгын билген туруктуу кардарлары арбын болчу.
Утурумдук гана пайда көрүп, анан тапкан байлыгынан кол жууп калгандар өтө көп болду окшойт. Узак мөөнөттө өнүгүүнү көздөгөн ишкерлер кенен ойлонуп, өзүн эле эмес, өнөктөштөрү менен кардарларын да ойлошу керек экенин түшүнгөндөр көбөйүп бараткандай болду эле, бирок таразадан алдагандар көбөйдү деп кечээ жакында парламенттен кайра айтылды...
Органик – оң жол багыты
Экологияга шайкеш азык өндүрүү азыркы замандын талабы боло баштады. Ырас, капиталисттик коомдо көпчүлүк ишкерлер – дээрлик баары – киреше алууну эң башкы максат деп билет.
Экспорт менен импорт үчүн чек аралар ачык коюлган шартта биздей чакан өлкөлөр атаандаштыкка туруштук бериш үчүн таза азык өндүрүүнү колго алышы зарыл дешет адистер. Бул идеяны жүзөгө ашыруу үчүн “Талас органик” агрокомплексин негиздөөчүлөр баштаган саамалыкты бүткүл республиканын аймагына жайылтуу керек экен.
- Органика бир гана Талас же Кыргызстандын эмес, бүткүл дүйнөнүн келечеги. Анткени бул бир гана экономикалык тармак эмес, бул өзүнчө чоң философия, биздин аң-сезимибизге шайкеш келген тармак, - дейт “Кыргызстандын жашыл альянсынын” мүчөсү Азамат Темиркулов.
Бул ишкананын өнүмдөрү Кыргызстанда биринчи болуп эл аралык деңгээлде сертификат алганын казакстандык мейман, Qazaq Bio Control компаниясынын өкүлү Илья Пампур айтты. Тийиштүү стандартка шайкеш иштегенин бир нече жыл бою далилдеген чарбалар атайын жол-жоболор аркылуу ушундай сертификат алууга жетишерин белгиледи.
Алматыдагы дистрибютердик тармактын төрагасы Ренат Жапаров: “Айыл чарба продукциясынын экологиялык талаптарга шайкештиги менен кирешенин адилеттүү бөлүштүрүлүшү да чоң мааниге ээ, – деди. – Органик өндүрүш системасында фермерден тартып соңку керектөөчүгө чейин товардын артыкбаш ортомчуларсыз ачык-айкын жеткирилиши зарыл. Ошондо дыйкандар ак эмгегинин үзүрүн көрө алат”. Масштабы азырынча өтө чакан болуп жаткан бул багыттагы өндүрүшкө уюштуруу, юридикалык жана каржылык жактан жетиштүү колдоо көрсөтүлөрүн айтты адис: “Кыргыз Республикасынын өкмөтү бул иштин мыйзам базасын түзүп, колдоо көрсөтүп жатканы абдан жакшы. “Талас органик” баштаган саамалыктын келечеги кең болоруна ишенем”.
Алматы облусунун Талгар районундагы Taipa Tam эко фермасынын ээси Жанна Прашкевичтин тажрыйбасы да кызыктуу. Сугат суу, ичер суудан баштап жер семирткичтерге чейин баарын экологиялык жол менен тазалап, нукура органик жемишти өндүрүү ишине кызыгып, дүйнөдөгү ар кайсы өлкөлөрдөн келгендер көп экен. “Биздин тажрыйбаны үйрөнүү үчүн ыктыярдуу жардам беришет. Бул жардам биздин элдин салтындагы ашар ыкмасына окшош. Өзүбүздүн жергиликтүү агротуристтердин 80 пайызы кайра-кайра келип турушат”.
Казакстандык дагы бир мейман – эколог, “Гүлстан” илимий-тааным журналынын баш редактору, бул багытта балдар үчүн борбор уюштурган, атайын журнал, китепчелерди чыгарып, мектептерге таратып жүргөн Гөзел Кулжабаева (сүрөттө) органик өндүрүштүн абдан дилгир жактоочусу экен:
- Органиканы жайылтуу үчүн кошуна элдер ынтымактуу болуп, бири-бирин колдоп турушу зарыл, - деди ал.
“Талас органиктин” деректири Мыктыбек Алмамат иштин жүрүшү тууралуу мындай деди:
– Аманбаев айыл аймагындагы кунарсыз жайыт категориясындагы жерден 308 га ижарага алдык. Сугат сууну толук камсыздоого жетишпегендиктен быйыл 40 гектарына гана картошка айдадык. 1,5 га бадыраң өстүрдүк. Келерки жылы сууну көбүрөөк жеткирсек, айдоону 100 гектарга кеңейтип, жашылчанын башка түрлөрүн да өстүрөбүз.
Сыйымдуулугу 1,5 миң тонналык сактоочу жай, өндүрүштүк линияларды куруп, таттуу, ачуу калемпир сорттоочу станоктор, түшүмдү жыйноочу бункер, транспортёр, жашыкка салгыч ж.б. жабдууларды алганбыз. Биздин долбоор өкмөттүн экспортту колдогон саясатынын нугуна шайкеш келгендиктен, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаевичтин колдоосу менен, “Альянс алтын” өнүктүрүү фондунан алынган 320 млн сомдук жеңилдетилген насыяны иштетүү менен бул жумуштарды жүргүздүк. Жаадырма сугат үчүн 10 миң кубдук суу кампасын салдык.
Жердин түшүмдүүлүгүн көтөрүү жана отоо чөптөрдү жок кылуу тийиштүү убагында айдап, үчүн жалаң гана органик азыктарды, мисалы, микробиологиялык каражаттарды колдондук.
Органик өндүрүш сертификатын алдык, эми биздин продукцияны сырткы базарларга чыгарууга болот. Айтмакчы, 18-октябрда бизге Испаниядан өнөктөштөр – биологиялык каражаттарды өндүрүүчү компаниядан агрономдор келип, дыйкандарга органик чарба жүргүзүү боюнча алдыңкы тажрыйбаны баяндап, сабак берет.
Агрокомплекстин органик секторунун өнүктүрүү боюнча кеңешчиси Бермет Турсалиева бул саамалык тууралуу 2012-жылы сөз башталганда, азыркыдай чоң ишкана ачылат, эл аралык сертификат алабыз деген кыял гана болчу. “Талас органиктин” иши – келечектеги өзгөчө ийгиликтердин данеги, чоң бийиктиктерди көздөй салынып жаткан чыйыр.
Бул багыттагы иштердин келечеги кең болот. Ошондуктан башка ишкерлерди ушул жакка бурулгула деп чакырам. Органик өндүрүшкө өтүүчүлөрдүн катары калыңдаса, чет өлкөлөрдүн буюртмасын жетиштүү өлчөмдө аткара алабыз. Жергиликтүү керектөөчүлөр да экологиялык таза продукциянын даамын таткандан кийин туруктуу кардарлар көбөйөт.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR