Айрым келкилери ички маңыздык биримдиги менен жуурулушпай, мезгил жана мейкиндикте тышкы катышта гана байланышкан бүтүндүк механикалуу болот. Мындай бүтүн көрүнүштүн бөлүктөрү жанаша, бири-бирине тийишип турса да, бирок өзүнчө бири-бирине чоочун келет.
Адамзат маданиятынын үч жааты – илим, искусство жана жашоо – аларды өзүнүн чулу турпатына сиңирип турган инсан аркылуу гана биримдикке жетишет. Бирок бул байланыш механикалуу, үстүрт болушу мүмкүн. Тилекке каршы, көбүнчө ушундай эле болот.
Сүрөткер жана адам баёо, көбүнчө механикалуу түрдө бир инсанга биригет; чыгармачылыкта адам «тиричилик убайымынан» оолактап, «эргүү, мукам үндөр жана сыйынуу» деген башка дүйнөгө кетет. Мунун натыйжасы кандай болот? Искусство өтө дымактуу, өтө эле шаңдуу келет, ал өзүнө караандай албаган турмуш үчүн жооп бергиси келбейт.
«Бизге ким коюптур, - дейт жашоо, - ал деген искусство, а биздики демейки эле тиричилик».
Адам искусствого киришкенде, жашоодон четтейт, жашоосунда болсо, искусствого аралаша албайт. Булардын ортосунда эриш-аркак биримдик, инсан биримдигиндеги жуурулушуу жок.
Инсандын элементтеринин ички байланыштарын эмне бекемдеп турат? Жоопкерчилик биримдиги гана. Жашоодо баштан кечирип, түшүнгөндөрүмдүн баары жарабай калбашы үчүн мен искусстводо баштан кечирип, түшүнгөн нерселериме жооптуу болушум керек.
Акын жашоодогу пастыктары үчүн өзүнүн поэзиясы күнөөлүү, а искусстводо алгылыктуу нерсе жарата албагандыгы үчүн турмуштук маселелерге талаптуу, олуттуу карабагандыгы себеп экендигин көңүлдө тутууга тийиш.
Инсан бүт бойдон жооптуу болушу керек: анын өмүрүндөгү учурлардын баары убакыт-сааты жагынан эле ырааттуу болбостон, бири-бирине күнөө жана жоопкерчилик тутумдаштыгы боюнча да өтмө-катар жуурулушуп турушу керек.
Жоопкерсиздикти актоо үчүн «эргүү» жок деп шылтоо кылыштын эч кажети жок. Жашоону чанган жана жашоо чанып койгон эргүү эч кандай эргүү эмес, ал жөн гана жээлигүү.
Искусство менен турмуштун өз ара мамилелери, таза искусство ж.б.у.с. эзелки суроолордун аталма эмес, нукура мааниси – искусство жана жашоо ар бири өзүнүн иш-милдеттерин жеңилдетүүгө умтулгандыгы, жоопкерчилигин тануусу; анткени жашоо үчүн жооп бербестен чыгарма жаратуу оңой, искусство менен эсептешпей тиричилик кылуу да кыйын эмес.
Искусство жана жашоо бирдей эмес, бирок аларды мен, менин жоопкерчилигим бириктирип туруш керек.
Которгон Жолдош Турдубаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR