Михаил Зощенко: Романтикалуу окуя

  • 21.10.2026
  • 174

АҢГЕМЕ

“Турмушка утурлап” деген китептин автору, келбети келишкен сымбаттуу бир жаш акын курорттон татынакай бир бийкечти сүйүп калды.

Ал кыз акын деле эмес эле, бирок качан болсун жан дүйнөсү поэзияга умтулуп турчу, ошон үчүн биздин акын ал кызга элжиреп кетти көрүнөт.

Анын үстүнө кыздын келбети да сонун экен. Башкача айтканда,  кебете-кешпири акындын көксөп жүргөнүндөй эле бар экен, чиркин.

Акын айткандай, ал жактагылар, тигил түштүк тараптагы кыздардын көбүнчөсү поэтикалык шыкка анча таасир бербей, кара торусунан келет экен.  А бул кыз ак саргылынан келип, башкалардан өзгөчө эле. Анын үстүнө акын лирик,  өзү айткандай, революциялык турмуштун жарчысы болчу. Ошондуктан ошол бийкечке акылынан адаша ашык болуп калды.

Эми... дегинкиси түшүнүктүү да – акын. Дүйнөтаануусу, аң-сезими. Жалындаган, унутчаак мүнөз. Ыр жазат. Гүлдү, даамдуу тамакты жакшы көрөт. Сулуулукту жактырат, аны сезе да билет. Психологияны түшүнөт. Аял затын жакшы билип, бул турмуштагы алардын бийик милдетине ишенет.

Акын ал кыз менен  сентябрь айында, жолдомо менен түштүк жээктеги курортко келгенде жолугуп калды. Кыз дагы өзүнүн жолдомосу менен сентябрь айында ошол курортко келген экен. Ошол жерден күтүүсүз жолугушуу бактысына ээ болуп калышпайбы.  Таанышышты. Акын кызды жактырып калды. Кыздын да көзүнө андан башка киши көрүнбөйт.

Ошентип алар үчүн бир ай кандай өткөнү билинбей, бир көргөн түш сыяктуу  өтүп кетти.

Түшүнүктүү да, бир жагында – деңиз, жаратылыш, даяр тамак, капарсыз жашоо, экинчи жагынан – бири-бирин көз караштардан түшүнүү, поэзия, бири-бирине болгон умтулу, сулуулук.

Ошентип бир күнүнөн экинчи күнү сонун бир ай түш сыяктуу закымдап өтүп кетти.

Ажырашуу мезгили да келип калды. Айрылууга мезгил жетти.

Кыз өзүнүн Ленинградына келип бир укмуш илим боюнча окуусуна  киришти. Акын болсо өзүнүн Ростовуна кайтты. Ошол жакта өзүнүн поэзиясын улантмак болду.

Бирок кызды эстей берип, уланта алган жок. Куса болду.  Лирик эмеспи,  кайгыгы-муңга чөмүлдү.

Ошону менен түштүктөгү өзүнүн шаарында эки жумача араң чыдап, анан күтүүсүздөн эч кимге, эч нерсе айтпай, алыскы Ленинградга жөнөп кетти.

Кетээрдин астында гана аялына:

- Башка бирөөнү жактырып калдым. Ажырашабыз. Акчаны почта аркылуу жиберип турам, - деди.

Ошол сөздөрдөн кийин Ленинградга шуу койду. Анын үстүнө тиги кыз да аны улам чакырып жаткан. Ал кыз уламдан улам:

- Тезирээк келе гөр. Мен бул жакта такыр эле жалгызсырап жатам. Жападан жалгызмын. Илимдин курсун бүтүрөйүн деп калдым. Эч кимдин көзүн карабайм. Биз бул жакта өзүбүздүн ыйык сезимибизди улантабыз,- деп чакырып  жаткан.

Биздин акын азыр ошол терең маани катылган назик сөздөрдү эстеген сайын жалындап күйүп, тезирек жолугууга шашып жатты.

Ал эмес өзүнө өзү таң калат, ушундай сонун шарт болгондон кийин эмне үчүн кызына дароо эле кете берген эмес?

Кыскасын айтканда, акыныбыз Ленинградга келип, кызды кучагына алды.

Экөөөнүн бактысын айтып да бере албайсың.

Кыз: “Көпкө келдиңби?- деген суроосуна акынчасынан: “Түбөлүккө” – деп салды.

Экөө тең кубанычка бөлөндү. Бирок кыз жатаканада жашагандыктан акын аныкында кала албайт эле. Күтүлбөгөн жерден кыздын жакшынакай бөлмөсүндөгү төрт керебетти көргөндө бушайман болуп, жүрөгү болкулдап кетти.

Кыз:

- Чогу окуган үч кыз менен жашайм, - деди.

Акын:

- Мен түшүнбөй жатам. Сиз жалгызмын дебедиңиз беле, мен ошон үчүн келбедимби. Сиз, кичине... мактанып койгонсуз го.

- Мен “жалгыз жашайм” дегенде бөлмөнү эмес, өзүмдүн сезимимди, үй-бүлөлүк шартымды айттым эле да.

- А-а, ошондойбу? Анда мен түшүнбөй калган экем.

Ошондон кийин алар көпкө чейин кучакташып, ажырай албай турушту.

Акын:

- Мейли анда, мен азырынча мейманканада деле жашай турам. Анан бара көрөбүз. Балким сиз окууңузду бүтүрөсүз, а балким мен бир баалуу ыр жазып калармын.

Кыз:

- Жакшы анда.

Ошону менен акыныбыз “Гермес” мейманканасына келип жашап калды.

Бирок ал тыйын-тыпыр жагынан бир топ эле каржалып, эми кандай болуп кетерине түшүнбөй турду. Андан да окшошконго мушташкан болуп, ал келгенден кийин эле, катары менен эки күн кыздын жеке майрамы болуп калбадыбы. Башкача айтканда, биринчи күнү кызга ат койгон күн экен. Биздин акыныбыз анча-мынча салт сактаган адам болгондон кийин, эми ушуну менен чыгым бүттү го деген үмүттө эле, эртеси эле бүгүн туулган күнүм дейт. Ушул чыгымдардан улам акыныбыздын айласы кетти. Биринчи күнү таттуу крендель сатып берип, кутулдум деп ойлогон. Туулган күнү тууралуу укканда айласы кете түштү, бирок шуру сатып берди. Шуруну алып жатып:

- Ушул шуруну элге көрсөтүп, бүгүн менин туулган күнүмдү ресторанда өткөрүүнү каалайм, - деп салды. Ага кошумча, ресторангабарганды жакшы көргөнБлок[1] тууралуу бирдеме дегендей болду.

“Эми ал Блок да...”,- дегенден башка эч нерсе айта албай, айла жок кечкисин ресторанга барышты. Ал жердеги тамактын баасын көргөндө байкуш акыныбыздын анык айласы куруду. Ростовдо тамак ошондой баада болорун угуп да көргөн эмес.

Жок, ал сараң эмес эле. Бирок ресторан, мындайча айтканда, аны такыр эле күбүп салды. Анын үстүнө буржазиялык тарбиядан улам, тыйын-тыпырдан кысылып жатканын кызга айта алган жок. Ошентсе да, мейманкана ага анча жайлуу болбой жатканы тууралуу каңкуулап көрдү.

Кыз болсо анын акын экендигин, алар сезимтал болорун ойлоп туруп:

- Өзүңдү колго алышың керек. Чыдаш керек, – деп койду.

Ал өзүн колго алууга аракет кылып көрдү. Кыздын туулган күнүнө карата өзүнүн акындык шыгына салып, журналдарга сатыш үчүн эч кур дегенде бир нече майда ырларды жазайын деп аракет кылды. Бирок эч нерсе чыкпады. Илхам көпкө келбей, а келгенден кийин жазгандарын окуп алып, эмнени жазып салганына өзү таң. Кыскасын айтканда, ал ырларга калем акы төлөйт деп үмүт этпей эле койсо болчудай. Мындай болчу эмес эле. Акын анысын шашып жазгандыгына, жаны бир жерде болбогонуна жоруп койду.

Ошонтип биздин жаш акын тагдырдын жазмышы менен поэзия - жеңил оокат кылууга мүмкүндүк бербеген иш экедиги тууралуу ойлонуп, пальтосун базарга алпарып сатып жиберди. Ошол акчагаөзү жарым жылаңач калып, кызды ресторанга алпарган.

Ошондон кийин эки-үч күн эч нерседен кам жебей жашоону, мындайча айтканда, эми... ресторанда жегендин каймагын калпыйм, ошондон кийин анан... өзүнүн абалын ойлонуп көрөм деп чечти. Эптеп бир амалын табыш керек. Болбой баратса кыздан карыз ала турат.

Бирок туулган күндүн эртеси күтүлбөгөн жерден эле Ленинградга катуу суук түшүп калды. Биздин акыныбыз жеңил кийимчен, көчөдө тынч тура албай секирип тыбырагандан башка айласы жок, андан да:

- Мен, тиги өзүм жашаган түштүктө суукка абдан бышкам, ошондуктан суукта жарым жылаңач деле жүрө берем,-дегенин кантесиң.

Кыскасы, ал суук тийгизип алып, өзүнүн “Гермес” мейманканасында жатып калды. Ал жактагылар анын көк бет шумпайлыгына таң калышып, жашаган бөлмөңдүн акысын төлөп анан оорубайт белең,- деп чыгышты.

Ошентсе да анын акын экендигин билгенден кийин кичине жумшарышып, айыгып кеткичекти тийишпей турганын айтышты. Бул сөздөрдөн кийин акыныбыз такыр эле шалдырап, алты күн төшөктөн тура албай, меймананадаушул советтик шартта да ооруп жаткан адамдан бөлмө үчүн соо адамдай акы эсептелип жатканына үрөйү учуп жатты.

Кыз болсо каттап, ал эмес тамак алып келип турду, болбосо кандай болуп кетерин ким билет эле. Балким өлүп да калмак.

Айыккандан кийин акын өз шыгын дагы бир жолу “бутага алып” кармагысы келди. Бирок анысынан деле оңдуураак эч нерсе жазылган жок. Акындын такыр эле көңүлү чөгүп, ушул абалдан жакшылык менен чыгып кетсе, жалгыз эле искусствонун көзүн карабай башка да кесипке үйрөнүүнү чечти.

Ырас, мейманкананын директору бөлмөсүнө келип кеткенден кийин, акын өзүнүн поэзиясына үчүнчү ирет кайрылып көрдү, бирок үч саптан башка эч нерсе сыгып чыгара албай койду.

Асманды тиктеп турам,
Пропеллердин үнү угулат,
Кимдир бирөө ылдый...  кулап.

“Парашют менен” деген сөз ырдын ыргагына такыр коошпой койду. А “парашютта” деген сөздү авиациялык терминдерди билбегенден кийин кошуп койгонго батына алган жок. Ошондон кийин акын такыр эле айласы кетип, ыр жаратуу аракетин токтотту.

Кыздан карыз ала турам дегени да ишке ашпай турган үмүт экен. Аны таң калтырганы,карыз сурайын деп оозун камдагыча, кыз өзү андан карыз сурап киргени болду. Ошентип акыныбыз кандай абалда калганын байкабай да калды. Кыздын айтымында ал жөлөк пул алганга да бир жума калыптыр, ошондуктан бирөөдөн карыз сураса да ага акча таап бериши керек экен, анткени ал ооруп жатканда ага тамак сатып алып жатып, байкуш кыз, такыр каржалып калыптыр.

Акыныбыз: “Жарайт” , - деп атпайбы...

Кыз кеткенден кийин өзүнүн коверкот костюмунан айрылды. Костюмун базарга соодалап, маселелеринин анча-мынчасын бүтүргөндөн кийин майкачан, спорт шымчан биздин ленинграддык Литфондго келиптир, башынан өткөн окуясын ошондо өзүнөн уктук.

Бул аңгемеси үчүн өз мекенине кайтканга билетке деп жүз сом бердик.

Анда анын айтканы:

- Бул акча мекениме кайтканга жетет. Бирок мен бул жерде дагы бир жума калсамбы дедим эле. Мага ушунчалык керек эле...

Биз ага:

- Токтоосуз кет. Тигил жакта ишке орнош. Ошону менен катар жакшы ырларды жаз. Ошонуң туура болот, - дедик.

- Мейли анда, ошондой кылам го. Силердин айтканыңар да чын. Жаш акындар поэзиядан бөлөк да башка бир жумуш менен алакеттенбесе болбойт экен. Болбосо ушундай болуп калат тура. Жаштарды ошого үндөгөнүңөр туура окшойт, - дейт.

Ырахматын улам-улам айтып кетти. Биз, Литфонддогулар бир акындын төмөнкү саптарын эстеп, кала бердик.

Жалгыз сен деп жаралган бул дүйнөгө
Түгөйүңдү табалсаң сенин бактың.
Бирок жазмыш... адамдар көп учурда
Түгөйүнө жолукпайт... аттиң... аттиң...

Жаш акындын романтикалуу окуясы ушундайча бүттү.

​​​​​​​Которгон Марсел ИСАКОВ

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.


[1] Блок Александр – XX кылымдагы орус адабиятынын классиги. Акын, жазуучу, драматург. Орус символизминин көрүнүктүү өкүлү. (1880-1921)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз