Абдыкерим Муратов: Сел

  • 29.10.2026
  • 93

АҢГЕМЕ

Чакан шаардын адамдары ар кимиси өз тиричилиги менен алпурушуп, жалпы калаа бейпил жаткан...

Бул жерде мындай сел болгонун мурда-кийин эч бир жан көрбөптүр да, укпаптыр...

Баарына «Кара-Деңиз» айыптуу! Албетте, өз аты Кара-Деңиз эмес деңизчи. Кайсыл бир жылы шаардагы кайсыл бир ишкана өкмөттөн алган акчасын кантип жок кылышты жана чоңдору кантип жеп тынышты билбей, шаардын жогору жагына – адырлар менен калаанын ашташкан жерине чакан бир суу амбар куруп ташташкан. Бири аны «суу кампа» десе, бири «ауз» деп, бири «көл» деп жүрүп, адырлардан агып келген жошолор толо берип, суусу ылайкаланып, түбү баткакка толуп кеткендиктен карарып турган үчүн какшыкташып «Кара-Деңиз» деп коюшчу. Аптаптын огуна туш келгенгеби, же суусунун балиттигиненби - адамдар түгүл мал дале анын тегерегине турбайт. Ээлик кылган ишкана да таланып кетип, бул көлмөсүн ала турган кардар жок, ээн талаада кароосуз калган.

Кокус бул сел болбогондо «Кара-Деңиз» эч кимдин деле эсине келмек эмес...

Кырсыктуу сел кечке жуук жүрдү. Ошол күнү түш аралаш аба үп тартып, саратандын аптабы бир ай эрте келгендей, бардык жокту күйгүзүп ийе тургандай бир башкача ысыктаган. Мектепти бүтүрүп аткандар дил баян жазып, мугалимдер текшере баштаган, жумушчулар иштен чыгып, кызматкерлердин бир бөлүгү жайкы эмгек өргүүсүнүн биринчи күнү деп шашылып, Ысык-Көлгө кетип атышкан.

Кечке маал кайдан-жайдан келгенин эч ким дале билбей калды, арамза катындын казанынын түбүндөй капкара булут шаардын жогору жагындагы ичи толо көмүр жаткан, чөптөрү майдын ысыгына эле какталып өрттөн калган аңыздай күйүп бүткөн адырлардын үстүнө ала келген жамгырларын көнөктөтүп төгүп салды. Куураган чөп-чар, майда-чоң таштар, кара-ак топурак катуу жаанга туруштук бере албай, орду-ордунан козголуп, суунун агымына кошулуп отуруп «Кара-Деңизге» топтолуп, бир убак эч ким элес албаган эски суукананын пас жагы жырылып кетти да, азоо суу алкынып, атырылып чыкты...

  •  

Чакан шаардын адамдары ар кимиси өз тиричилиги менен алпурушуп, жалпы калаа бейпил жаткан...

Бул жерде мындай сел болгонун мурда-кийин эч бир жан көрбөптүр да, укпаптыр...

Кыздын аты – Салийма. Бүгүн эле дил баянын жазып, жазылган дептер барактарын акырын «алтын медаль» алып кел, бешенем сага байланышат» деп маңдайына тийгизип, аманат кылып сүйүктүү эжекесине кубана тапшырган да, шаар башындагы солкулдак көпүрөгө жөнөгөн. Ал жерге дагы бир классташы – Самат келет. Экөө сайдын суусуна тийейин-тийейин деп кыймылдап турган, алма шадалары таар шалчадай согулуп тизилип коюлган көпүрөнүн үстүндө туруп алышып, келечекти сүйлөшкөнгө ушунчалык куштарланышат...

Кыз аппак көйнөкчөн эле. Эмелеки шаардын аптабы бир жакка сүрүлүп кеткендей тоо тараптан жагымсыз бир жыт аралаш, ичиркенткен муздак жел жортуп келди да, кыздын назик денесин чыйрыктырып ийди. Анан ал өз денесин өзү кучактагандай колдорун кайчылаштыра белдерине алып барды. Эч бир жигит колу тийбеген белине өз колу тийгенге чочуп кетти. Тээ төмөн жактан келе жаткан бир караан – Саматтын карааны көрүнгөндө ал өзүнүн ушул бейадеп кылыгын көрүп коё тургансып жүзү чымырай түштү.

Салийма жакында аттестатты алары менен Самат экөө окууга бирге кетерин – Ошто чет тилдер факультетинде бирге окурун элестеп өзүнчө элеп-желеп болуп кубанычка балкыды.

Самат жакты атайын карагысы келбеди. Кыз башы менен биринчи келип, эркек кишини күтүп турганы уят да. Ошон үчүн өзүн аны күтүп тургандай эмес, жөн гана суунун шарына карап кыялданып тургандай, Саматтын келгенин билбей калып, келип, солкулдак көпүрөгө чыгып, аны солкулдатып ийгенде чочуп кеткендей көрсөткүсү келди...

Бир убакта Самат кыйкырып жиберди. Ушунчалык катуу бакырып ийди. Не кырсык болду деп ойлонгуча эле солкулдак көпүрө менен Самат жакка денеси бирде оңго, бирде солго оой жөнөй бергенде күүлдөгөн бир катуу үн чыкты да, албууттанган сел көпөлөктөй көчөт кызды басып жыгылды...

  •  

Чакан шаардын адамдары ар кимиси өз тиричилиги менен алпурушуп, жалпы калаа бейпил жаткан...

Бул жерде мындай сел болгонун мурда-кийин эч бир жан көрбөптүр да, укпаптыр...

Алым шахтёр эле. Мектепти бүтөр менен кен казуучу атасына кошулуп, жер астына кирип кеткен. Бул шаарлыктардын көбү эле ошентет, атасын, агасын ээрчип көмүр кендеринин бирине жайгашат да, аскерге да ошол жерден кетип, аскерден келип эле кайра шахтысына кирет. Шаардын эле эмес, атарабындагы айылдардын астын да тешип бүтүштү, бири-бирине тамашалашып «бир күн күп этип жер тагина түшүп калбасак болду» деп карсылдап күлүп калышат.

Бекер күлүшкөн экен. Акырын-акырын көмүр казган, көмүр ташыган, шахтерлорду ары-бери алып жүргөн не бир кубаттуу техникалар өзүнчө эле жоголуп отуруп, көмүр алган да, көмүр сураган да адам калбай, жумуштар да токтоп, «Орто Азиянын отжагарыбыз» деп мактанышкандар «Орто Азиянын челнокчуларыбыз» деп чаар сумкаларын көтөрүнүп Орусияга кетишти. Алардын катарында Алым да кетти. Эки жылдай иштеп келип, олжолуу кайтты. Олжосу белине түйгөн беш тенге пулу менен ошол белин сыздатып ооруган оорусу. Келсе, иш жок. Оор иш кыла албайт. Күчүн аракка чыгарат. Дал ошол аракташтар менен отуруп, мектептин директору менен таанышат да, анын Орусиядан алып келген пулуна кызыккан директор, эртеси эле буйрук чыгарып, өзүнө орунбасар кылып дайындайт. Албетте, чарбалык иштер боюнча. Дал ошол акчасын аябай туруп, дене тарбия мугалиминин дипломун сатып алды. Баалашпай туруп, айткандарын шарт берип туруп алды.

Анан директор экөө шаардын чоңдоруна кирип атып, берчүсүн берип атып, сай ичинен сегиз гектар жерди мектепке деп алып, ал жерге окуучуларды тындырбай ишембиликке алып келе берип, сегиз миң тез жетиле турган терек тикти. Теректердин арасына кокон гилас, курма отургузду. Эс алып турганга деп үжүрө салды. Ошондой күндөрдүн биринде директор досу бак ичинде сөрүдө арактар толо дасторкондун четинде жаткан бойдон жан берди. Анын өлүмүн ар ким, ар кандай деген бойдон кала берди...

Ошол күндөн Алым арагына бутун да жуубай турган болуп, беш маал жайнамазга чекесин тийгизүүгө өттү...

Директордун кыркылыгы берилген күнү эле Алым досунун ордуна мектеп директорлугуна буйрук алып келди. Мектептин багын болсо өзүнүкүндөй пайдаланат, эски мугалимдердин баарын кетирди, бир-эки закончу эжекелерди жаңы жылда, сегизинчи мартта белек-бечкек менен колго алды. Бара-бара «шахтер-директор» деген ылакап аты «эмгек сиңирген директор» дегенге алмашып, шаар чоңдорун тынбай коноктоп жүргөн сай боюндагы сая жайына бул калаанын башчысы да келе албай, башка майда-чүйдөлөрү мышыгын пыш демек түгүл, чычканынына да тап бере албай калды. «Алым кайда, Бишкекте», «Алым кайда, Кашкарда», «Алым кайда, Мөскөөдө» дешип анын өмүрүн, жашоосун өрнөк кылган аталары балдарын ошол директорундай жашоого үндөштү.

Сай боюна облустун бир да адамында жок төрт кабаттуу, отуз алты кааналуу там салды. Тамды айланта тайган иттерин байлап, багында бөдөнө сайратып, керилип чабак ура турган бассейин курду. Машинадан машина тандады...

Ошол күнү Алым мойнуна сүлгүсүн артып, бассейндин четине эми эле келгенде адегенде мурунга ушундай бир жаман жыт уруп, анан эле күрүлдөгөн катуу доош угулуп, селдин алдында агып келе жаткан бир даракка жармашты да, аны менен кошо ылдый агып жөнөдү...

  •  

Чакан шаардын адамдары ар кимиси өз тиричилиги менен алпурушуп, жалпы калаа бейпил жаткан...

Бул жерде мындай сел болгонун мурда-кийин эч бир жан көрбөптүр да, укпаптыр...

Бу адам дегениң пешенесиндеги жазуу менен гана жашайт дейт. Туулганда эле маңдайына кийинки тагдыры жазылат экен. Эгер Тотуя кемпирдин ошол маңдайындагы жазуусун энеси окуп алган болсо, туулганда эле эмчегин салбай өлтүрүп койсо керек деп ойлойсуң. Беш айлыгында апасы кагындап өлүп, кемине жете электе атасы аттан жыгылып жан берип, бирде бул тууганы, бирде ал тууганы эптеп багып жүрүп, кичине ишке жараганда өзбекстандык пиллачылар алып кетип, курт бактырып, тыт кестирип, ал жакта он төртүндө аңыздан бир зөөкүр зордуктап салып, ошол бойдон анысы көрүнбөй жоголуп, он алтыга толгондо өз жерине качып келип, жолдо дагы бир кызыл камчыга туш болуп, анысы алты жыл күндө, күн алыс сабап, оорулуу кылып, өзү да өлүп тынды. Оорукчан төрөлгөн эки баласынын бири он төрт жыл баса да албай, сүйлөй да албай, экинчиси сегиз жыл бечел болуп курсагын жерден тартууга жарабай, экөө тең ичтен чыккан ийри жылан болуп, апасын азапка салып акыры кете берди.

Тотуянын иштебеген жери, кайыр сурап кайрылбаган адамы калбады. Карылык менен оору акыры аны жүдөтүп, чачын жулуп, белин сындырып, көзүнүн нурун түгөтүп, бутун шилтенгис кылып алсыратып, ушул сай боюндагы бир кезде самолёттор бир жумада эки жолудан учуп-конуп турган аэропорттун эски дааратканасына алып келип таштады. Адегенде ары-бери өткөндө көрүп калгандар, ити жоктор ашып калган тамактарын алып келип берип жүрдү. Катын-калачтардан эрикккенде ушуну адам сыяктантып сүйлөшүп кетчүлөр да бар эле. Анча-мынча өкмөт адамдары, мектеп балдары да келип, тыйын-тыпыр берип, эшик-элигин жыйнаштырып берип да жүрүштү.

Бара-бара алар да каттоосун үзүп, Тотуя кемпир сексенден өткөндө унутулуп калды. Мурда-кийин аны анча-мынча көрүп-билгендер өлүп калса керек деп жүргөн. Өзү да таң эртең кичинекей терезесинен кирип келген күн нурун көрөрү менен «эртеңки күндү көрбөй өлсөм экен» деп кудайдын тиленчү. Адамдар тоңуп өлгөн суукта да ал өлбөдү. Өлүм саатын ушунчалык зарыгып күттү. Келбеди.

Ооба. Азыр келе жаткан. Тоо жактан өлүм сааты сел болуп көп жыл азап-тозок менен өткөргөн өмүр-тагдырына чекит койгону келе жаткан. Ал өлүмдөн да, өлгөндөн да коркчу эмес, менин өлгөнүмдү эч ким билбей калып, сөөгүмдү иттер жеп кетпесе экен деп коркчу. Ага өлүм башкача келе жатат. Эми анын сөөгү да табылбайт. Кулагы да укпай калган. Жытты да билбей калган. Селдин жытын да, үнүн да билбеди. Жөн гана ага кошулуп, өлүгү иттерге жем болбос, өлүгү көмүлбөс бир дүйнөгө кете берди...

  •  

Чакан шаардын адамдары ар кимиси өз тиричилиги менен алпурушуп, жалпы калаа бейпил жаткан...

Бул жерде мындай сел болгонун мурда-кийин эч бир жан көрбөптүр да, укпаптыр...

Кандуу сел эми туш келген дарактарды түбү менен оодарып, майда машиналарды кошо талашып, вагонеткаларды ордунан козгоп, токтой түрү жок албууттанып келе берди. Үч адамдын канына забын болсо да эски сайдын жээктерин жеп, төртүнчү адамды да издеп аткандай бир башкача канкорлонду. Төртүнчү адам...

Токтой туруңуз – сөз башынан болсун!

Толкун деген кыз атына заты жарашкан, Ысык-Көлдүн толкундары менен жарыша сүзүп чоңойгон. Медициналык институттун акушер-генеколог деген адистигин бүтүргөн соң дипломун колго бербей бир жыл интернада болосуң деп Түштүктүн ушул чакан шаарына жиберген. Саратандын аптабында келиптир. Самолёттон түшөрү менен эле өрттүн ичинде калгандай болду. Аэропорттогу асфальт көлкүлдөп эрип туруптур, шиш такасы ага из салып, акактап суу саткан жерге араң жетти. Шаардын жыты да көмүр, газ сасып, кускусун келтирди. Келген самолёт менен кайра борборго кайтууну ойлонду. Бирок коркту. Чоң атасынан коркту. Ал бир кезде ушул шаарда чоң болуп иштеп кеткен экен, барасың деп туруп алган. А папасы менен мамасы ал кишиден коркот. Эч нерсе дей албады, мамасы гана таякесин ортого салып, бир-эки айдан кийин Ошко эптеп котортуп аларын айтып жооткотту.

Толкун шаардык төрөт үйүнө келгенде андан бетер эси ооду. Имаратынын эскилиги жетип бүтүптүр. Жазда анча-мынча атыргүлдөрдү сайып койгон белем, алары суусап, чаңкагандан чүрүшүп, бүрүшүп бүтүптүр.

Дарбазадан кире бериште бир киши – кийин билсе бул жердин кароолчусу экен, итин кайра-кайра эркелетип, жондорунан сылап атыптыр. Орсок тиши бүт бетин гана куник көрсөтпөй, дене-боюн да алда кандай коркунучтуу көрсөтөт. Башкы врачтын кабинетин сураса, эки чемодан сүйрөгөн аппак шымчан, үстүнө майкесин илип алган кызды аябай таңыркай, циркке биринчи жолу барып, маймылды карап турган балакайдай оозун ачып, колу менен ичкери жакка жаңсай итин сылаганын уланта берди.

- Келиңиз? – Кыз «Башкы врач» деп эшигине кичинекей тамгалар менен эптеп эле жазылган каанага кирер менен ичиндеги орто жаш оогон ак халатчан аял ордунан тура калды.

Толкундун иштегени келгенин уккан соң, анан калса чоң атасы бул шаарда көп жыл башкаруучулук кызматта жүрүп, элдин баары кадырлаган, өзү да жакшы билген киши экенин билгенден кийин андан бетери сүйүнүп кетти да, арманын бир четтен айта баштады:

- Союз таркаганы акча да, айлык да жок, элдин пейили да бузулду. Дарыгерлер Орусияга, Казакстанга, болбоду дегени Чүй бооруна ооп, аяктарга кете албагандары базарга чыгып чалды-куйду болуп эле жатып калдык. Ага карабай бу катындарың тууй берет эмеспи. Коё тур десең болбой чууртуп туушат. Алардын төрөтүн бирөө кабыл алыш керек да. Врачтарым да, медайымдарым да жок. Ушул түйшүк эми экөөбүзгө калат. – Анан Толкундун ыраң-башына, илмийген денесине баштан аяк көз жүгүртүп айтты: - Сен кетип калганча, албетте!

Бирок Толкун кетип калбады. Ошол эле күнү башкы врач өз үйүнө мейманга чакырып, анан алар менен жашап калды. Жашаганда да келин болуп жашап калды. Кайын энеси да, кайын атасы да жакшы кишилер. Кайын атасы шаардык милициянын башчысы. Күйөөсү болсо – эрке неме. Ичип келеби, чегип келеби – Толкун билбейт. Кээде түн бир убакта милиционерлер жетелеп, же көтөрүп, же жөрмөлөтүп алып келип таштайт. Толкундун аны менен дале иши көп болбоду. Төрөт үйүнүн бүт түйшүгү адегенде кайын энеси экөөнө түшүп, бара-бара иштен жадаган башкы врач – кайын энеси жумуштарды келинине эле өткөрүп берчү болду. Толкун болсо чакан шаарда оозго алына баштады, атына «Толкун эже», «Толкун апа», «Киндик эне», «Толкун Базылбековна» дегендер кошулуп айтылчу болду. Борборго да, Ошко да кетүү оюна да келбей калды.

Анан кайын энеси менен менчик клиника ачты. Орсок тиш кароолчу төрт күн шаардык төрөт үйүнөн түндөп ал жакка бир нерселерди милициянын машинасына салып ташып берди.

Эми боюна болбой жүргөн келиндер, боюнан алдыргысы келген кыздар, жакын арада төрөй тургандар, балалуу боло албай аткан эркектер, кыскасы, шаардын жарым калкы булардын менчик клиникасына келе баштады. Бара-бара булардын клиникасы базарга айланып кетти: адагенде күйөөгө чакпай эле боюна бүтүрүп алган кыздарды карап, төрөтүп, балдарын кезекте турган баласыздарга сатып атты. Анан ар кандай дарылар чыгып, алар да азайып кетип, эгиздин бирин, үч эмдин бирин сатууга өттү. Ага да ыраазы болбой кардарлар келсе, УЗИден сенин балаң ичиңде өлүп калыптыр деп, башка өлгөн баланы көрсөтүп, тирүү баланы орсок тиш милициянын машинасына салып алып, кошуна өлкөгө өткөрүп келчү болду.

Баарынан да Түштүктүн бул шаарында эркек бала төрөбөгөн аял эрден чыгат, эрден эле эмес, элден чыгат, андыктан да келиндер же алардын төрөгөн апалары кыз баланы эркекке алмаштырууга буйуртма бере башташат. Толкун муну да аткарып берет. Ошол аял менен чамалаш төрөй турган аялды ичиндегиси уул болсо, кыз экен деп кулагын бышырып барат. Анан экөөнүн толгоосун бир күндө келтирип, эми ал жагы оңой болуп калат, камырдан кыл сууругандай бүтүрөт.

Дал ушул жерде не бир аялдар төрөттөн өлгөн баласын кучактап, «балам өлбөш керек эле, эмне болду» деп зар какшады. «Меники эркек болушу керек эле, кыз болуп калыптыр» дегендер чыкты. Алар милицияга арызданып барышса, ал жакта Толкундун кайын атасы.

Бара-бара булардын бул кылыктары шаарда ушак-айың болуп олтуруп, анын чындыгы ашкереленип, бир күнү кармалышты. Чек арадан өтүп баратканда Бишкектен келгендер кармашты. Машинасын бергени үчүн кайын атасы милициянын начальниктегинен айдалды, бүт күнөөнү жалгыз өзү мойнуна алган кайын энеси Толкунду куткарып, төрт жылга камалып кетти...

Клиниканын кадыры кеткени менен кардарлар чорт үзүлбөдү, бири-экин келе берди. Бир гана Толкундун өзүнүн боюна бүтпөдү. Миң балага киндик эне болгондугу катталган күнү Толкун өксүп-өксүп ыйлады. Эми күйөөсүн милиционерлер алып келмек түгүл көчөдө уруп-тээп койчу болду. Толкун машинасын минип, түндөп өзү чыгып, издеп таап алып келет. Аялы да, иши да жок калган кайын атасы да иче баштады. Ичип алышканда баласы экөө сөгүшүп барып, мушташып да кетет. Мында да экөөнүн ортосуна тура калып Толкун ажыратат.

Кайын энеси камалып кеткенден кийин эки жылдай мыйзамсыз иштерге кол сунбады. Бирок эл дегениң эл экен. Адамды ошолор жолдон чыгарат турбайбы. Бир күнү бир өзбек аял ыйлап келиптир. Боюндагысы сегизинчи бала экен. Эри таштап кетиптир. Жети баласы ар жерде темселеп калыптыр. «Ушул боюмдагы баланы сатып бериңиз, эч доом жок, канчага болсо да сатып бериңиз» деп буркурап ыйлап туруп алыптыр. Чек аралар бекемделип, эми кошуна өлкөлөргө да чыгара албайт. Эски байланыштарына чыкты. Аларда чет өлкөлүк кардарлар бар экен. Балдар колго тийсе эле документтерин өздөрү даярдап алып кетет дешти.

Өзбек келин долларларды колуна алып өксүп-өксүп ыйлады. Бирок кете берди. Толкундун колуна да жүздүктөн жыйырмасы тийди.

Эми ал ушундай жолго өттү – балдарды чет жактарга жиберүүнү көбөйттү.

Кайын энеси абактан оорукчан болуп араң келди, аны да, күндө мас, күндө уруш-талаш чыгарган кайын атасын да, күйөөсүн да таштап туруп, сай боюна келишкен особняк салдырып, өзү жалгыз чыгып кетти. Клиникасы да өзүндө калды.

Кара кочкул сел дагы көбөйүп, алдынан туш келгенин мойсоп, ааламдын баарын агызып кете тургансып чамынып, эки жагын жар кылып, тосмолорду тоголотуп, тегерек чети жайылып барып, тамаркаларды каптап, анан анча-мынча үйлөрдүн короолоруна да кирип барып атты...

Толкун Базылбековна жумушунан кошко чегилчү айылдын жалгыз атындай чаалыгып келип, жатып албай саамга алаксыйын деп короонун сай жагына тигилген бакчасына, какшып турган брусчатка тратуарларга шланг менен суу себе баштаганда сергий түшкөн гүлдөрдү карап өзүнүн да бир аз көңүлү көтөрүлүп, атырылган сууларга кошо бир-эки жылдан бери башынан чыкпай келе жаткан ойлору кайра чырмап алды. Ооба, ошентет. Быйыл күздө. Бир жаш келинди даярдап келе жатат. Ден соолугун карап, керектүү дарыларды маал-маал берип атат. Эркек бала. Үч айдан кийин төрөтөт да, баланы алып, там-ташын сатып, «Кош бол, Кыргызстан» деп бир топ жылдан бери чакырып жүргөн Кипрдеги өнөктөштөрүнүкүнө кетип калат.

Бир убакта жаман бир жыт келип, ага кошуп шарылдаган үн келип, Толкун кыйкырып кача бергенде селдин бир чети аны басып жыгылды да, думуктуруп, тумчуктуруп өзү менен кошо ала кетти...  

  •  

Чакан шаардын адамдары ар кимиси өз тиричилиги менен алпурушуп, жалпы калаа бейпил жаткан...

Бул жерде мындай сел болгонун мурда-кийин эч бир жан көрбөптүр да, укпаптыр...

Ошол сел малды алганга, тамдарды талкалаганга, бак-дарактарды түбү менен омкорүп кеткенге, кылым бою кыймылсыз жаткан таштарды кошо агызып кеткенге, дүйнө-мүлктөрдү гана эмес, адам өмүрүнө забын болгонго канаат кылбады. Эми көрүстөндүн бир четин жайкай берди. Ырас, сел эски мүрзөлөргө кирген жок. Шаар бийлиги бир кезде сай жагын чектеп, темир тосмолор менен мыктылап тосуп берген. Тирүүлөр көбөйгөн сайын өлгөндөр да көбөйөт. Өлгөндөр көбөйгөн сайын мүрзөлөр көбөйөт. Мүрзөлөрдү көбөйтүш үчүн жер керек.

Бул көрүстөндү беш түрк менчигиндей ээлеп алып, бара-бара жанагы тосмону алты метр ары жылдырып, ал жерлерди билдирбей акырын-акырын дөмпөйтүп, ал дөмпөктөргө болор-болбос тактайча сайып, ага жок эле адамдардын аты-жөнүн, туулган, өлгөн жылдарын жазып, кыскасы ээлеп коюшту. Кийин бир четтен сата баштады. Ооруп төшөк тарткандар көбөйгөн сайын, ооруканадан чыгарып бергендер арбындаган сайын беш түрк алаканын сыйпалап, пулун санап, маркумдар үчүн жайын саздап койчу болду. Кийинки кезде жол кырсыгы күндө-күн алыс экиден-үчтөн сөөк даярдап, кылмышкерлер өз ара териштирүүлөрдөн жапжаш жигиттерди чала өлүк кылып алып келип бул көрүстөн да көбөйүп кетти.

Селдин бир бөлүгү ошол көрүстөндүн адам көмүлгөнсүп, дөмпөйтүлүп коюлган, кимдир бирөөлөрдүн жайы экенин кабарлап турган тактайчаларды алып, үйүлгөн бош топурактарды өзүнө кошо кеткенде ал жерлер мүрзөлөр эмес экендиги кашкайып көрүнүп калды...

  •  

Чакан шаардын адамдары ар кимиси өз тиричилиги менен алпурушуп, жалпы калаа бейпил жаткан...

Бул жерде мындай сел болгонун мурда-кийин эч бир жан көрбөптүр да, укпаптыр...

Сел эми шаардагы эң коркунучтуу жайга – бийик дубалдарынын үстүнөн тикен зымдар тартылган имаратка чирип калган бир жерин оюп чакыртпай кирип барды. Бул – психикалык оорулар диспансери, же жөнөкөй адамдар айткандай «жиндикана».

- Сел! Сел! Кач! – Жиндилер туш тараптан кыйкырып, ызы-чуу болуп, темир эшикке барып кыпчылышты.

- Ох, ушул жиндилердики өттү! – Жалгыз кишилик палатада жаткан Буркан ачуусу келип, ары жакты – дубалды карап чүмкөнүп жатты.

Буркан – жиндилердин арасындагы жалгыз тазасы. Бирок документи «жинди». «Жиндиканага жатып тур» деп жаткырып коюшкан. Жатат. Бир айдан бери жатат. «Жиндилерге окшоп жүр» дешкен. Жиндилерге окшоп коёт. Бирок жинди боло албайт. Ар кандай дарыларды ичип эле коёт. Же бирөө кабар алып келбейт. Же жиндилер менен тил табышып сүйлөшө албайт.

Мындан сегиз жыл мурда спорт залда машыгып аткан жеринен бирөө келип, карап-карап туруп, ээрчитип кеткен. Ошондон бери ээрчип жүрөт. Эски пакет көтөрөт да, тигини мергенчинин ач тайганындай ээрчип, ал барган жерге барат, ал жолук деген адамга жолугат да, пакетин берип келе берет. Башка эч нерсени билбейт. Дудук сыяктуу сүйлөбөйт. Жанагы ээрчиткен кишисине суроо да бербейт.

Адегенде Ошко барып жүрдү, анан Бишкекке, кийин Москвага барчу болушту, самолёт, такси, поезд, кичи автобус... – булар отурбаган унаанын түрү калбады. Бир жумада сөзсүз бир жолу жолго чыгат. Кимден эмне алып, кимге барарын билбейт. Билгенде эмне? Анын алдын да, артын да башкалар тазалап кетет. Ошолор аны үйлөдү, ошолор үй алып беришти, ошолор машина мингизди. Тамак-ашы жетиштүү. Адамга дагы эмне керек? Албетте, эркиндик керек. Анда ошол эркиндик жок. Айылына жалгыз бара албайт, достору менен ойноп-күлө албайт. Жекшембиде гана балдарын ойнотууга 4 саат убакыт беришет, бирок анда да артынан бирөөлөр аңдып жүргөнсүп сезиле берет.

Сегиз жылдан кийин кармашты. Автоматчандар, маскачандар, ит жетелегендер, чүмбөттөлгөн машинадан секирип түшүп эле жерге жаткырышты. Иттери келип пакетти жыттап жатып калды. Алдында жүргөнү да, артында жүргөнү да көздөн кайым болду. Анан көзүн таңып «Баңги заттарга каршы күрөшүү» бөлүмүнө алып барды. Тыным алдырбаган сурактар, сүрөткө тартуулар болуп атып эле, бир күнү бирөөлөр келип алып чыгып кетти да, ушул жиндиканага тыгып салды.

- Сел! Сел! Кач! – Жиндилер темир эшикти талкалап чыгып кетти.

Жиндиканада жиндилерге кошула албай, ал жиндилердин кыйкырганына ишене албай бирөө гана калды. Катуу келген кандуу суу анын палатасына атырылып кирип, заматта жомоктогу жети баштуу ажыдаардай жутунуп, жанагы олбурлуу жигитти өзүнө оп тартып алды...

...Чакан шаардын адамдары ар кимиси өз тиричилиги менен алпурушуп, жалпы калаа бейпил жаткан...

Бул жерде мындай сел болгонун мурда-кийин эч бир жан көрбөптүр да, укпаптыр...

2019-жыл, июнь

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз