Эрнест Хэмингуэй: Каармандык

  • 30.10.2026
  • 165

АҢГЕМЕ

Франциянын кол салышынан бир күн мурун ѳзгѳчѳ кооптуу иштер үчүн тандалган адамдардын бирин - Жеймс Грантты Нормандияга аэроплан менен таштап кетишти. Ал жерге жетип, туура эмес жерге туш болуп калганын тез эле аңдады, анткени ал эки жагын каранганда, ага алдын ала сүрѳттѳлгѳндѳй ферма үйлѳр, жол, токойдун бирин да кѳрѳ алган жок. Солдаттардын бирѳѳ да кѳрүнбѳйт.

Ар кайсы тайпадагы кишилерди чогултуу үчүн ал полициянын ышкырыгы менен ышкыра баштады. Ышкырыкка жооп болгон жок. Ал тыңшап турду. Бир аз убакыт ѳттү. Ал дагы ышкырды. Дагы эле жооп жок. Ал аэроплан адашып калганын, душмандар курчаган ѳлкѳдѳ кара башына жападан жалгыз калганын билди. Жашынуу керектигин дароо түшүндү, антпесе аны туткундап кетиши мүмкүн. Кооз бакчадагы таш дубалдын жанынан орун алды.

Айланасында алма менен алмурут бактарын кѳрдү. Анча алыс эмес жерде чатыры кызыл ферма үйдү кѳрдү. Ал жакта жашаган адамдар англичандарга же немистерге жан тартаарын билген жок, бирок маңдайыма жазганды кѳрѳйүн деди. Машыгуунун акыркы апталарында ушундай учурлар үчүн үйрѳнгѳн французча сүйлѳмдѳрдү кайталаган боюнча үйдү кѳздѳй чуркап жѳнѳдү. Сулуу да эмес, нурлуу да эмес, бирок мээримдүү кѳздѳрү бар отуз жаштардагы француз аял эшик ачты.

Эртең мененки тамак даярдап аткан жеринен – чоң ашкана мешинен жаңы эле келди. Үстөлдө отурган жолдошу, үч кичинекей баласы – бийик отургучтагы бѳбѳк, аны таң калып тиктеп калышты.

- Мен британиялык солдатмын, - деди Жеймс Грант. - Мени жашырып коё аласыңарбы?

- Албетте, - деди француз аял чечкиндүү, анан үйүнѳ киргизди.

- Тез! Бол тез! – деди жолдошу.

Мештин аркасындагы чоң, жыгач шифоньердин ичине англичанды түртүп киргизип, эшигин жапты. Бир аз убакыттан кийин немистердин СС[i] алты кишиси келди. Алар аэропландан түшүп келаткан солдатты кѳрүшкѳн эле, эң жакын жердеги үй ушу болгондуктан, ал солдат ушу жерде жашынарына кѳздѳрү жетип турган. Алар тез, кылдаттык менен тинтип жатышты. Солдатты таап, шифоньерден алып чыгышты. Болгону аны француз фермери каткан болчу. Бирок согуш маалында ѳмүрдүн куну арзан жана акыйкаттык деген болгон эмес. Кечирим да жок. Аны ашканадан сүйрѳп келатканда, фермер аялына бирдеме дегиче, аны СС солдаттардын бирѳѳсү оозго бир койду эле, сѳзү да үзүлдү. Немистер французду ферманын дубалына артты каратып атып салышты. Балдары эмне болуп кеткенин түшүнѳ албай карап турганда, аялы буркурап ыйлады.

Британ солдатты – туткунду, эмне кылуу жѳнүндѳ талаш-тартыш жаралды. Ферманын жанындагы кичинекей кепеге камап коюшту. Кепенин аркасында кичинекей терезеси бар болчу. Ферманын жанында токой бар эле. Немис солдаттардын кайра үйгѳ баратканын Грант туйду. Ал терезеден чыгып, токойду карай чуркады. Анын качып баратканын немистер угуп калышты. Алар үйдү айланып, анын аркасынан түшүп, ага ок чыгара башташты, ал ушунчалык тез чуркагандыктан бири да тийген жок. Ал аркасын карап, ѳзү менен немистердин арасы ѳтѳ жакын экенин кѳрдү. Качып кетүү аракети ишке ашчудай эмес.

Ал араңдан зорго токойго кире качты, бири-бирине кыйкырып, аркасынан келаткан солдаттар туш тарапта эле. Алар чогуу эмес, ар кимиси ар тарапка ѳз алдынча кетишти. Алар токойдо издеп жүргѳндѳ; үндѳрү туш тараптан угулуп турду. Аны тез эле таап алышмак. Анын мүмкүнчүлүгү чектелүү эле.

Ооба, анын акыркы бир мүмкүнчүлүгү бар эле. Жеймс Грант болгон күчүн жыйнап, бактан бакка чуркап отуруп, келген жолуна артка жѳнѳдү. Ал токойдон ачык мейкиндикке чыкты. Ал үйдѳн ѳтүп, дубалдын жанында дагы эле жаткан француздун ѳлүк денесинин жанынан ѳттү. Дагы бир жолу үйдүн жанында ашкананын эшигин такылдатып англичан турду. Аял тез эле келди. Анын жүзү кубарып, кѳздѳрү жашка толуп турган. Алар бир саамга бири-бирин карап калышты. Аялы күйѳѳсүнүн денесин кармаганга даай албагандыктан ал тарапка жүзүн бурган жок. Анын келиши ѳзүн жесир, балдарын атасыз калтырган жаш англичандын кѳздѳрүнѳ тике карады.

- Мени жашырып коёсузбу? – деп сурады.

- Албетте. Бол тез!

Мештин аркасындагы шифоньердин ичине катып койду. Нормандиянын ошол бѳлүгү бошоп, ал ѳз дивизиясына кошулганга чейин үч күн ал жакта болду. Ал жакка ССтер аны кайра издеп келишкен жок. Ал жашына турган жалгыз үй ошол экендигине карабастан, ал үйдү тинтүү алардын оюна да келген жок; француз фермердин аялы күйѳѳсүн ѳлүмгѳ учураткан аракетти кайра кайталай турган чыныгы каармандык сапатка ээ экендигин түшүнүшпѳсѳ керек.

Англис тилинен которгон Алтынай Токтоматова

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

 

[i]  Немис полициялары.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз