Павел Бажов: Жыландын изи

  • 02.11.2026
  • 84

АҢГЕМЕ-ЖОМОК

Соймон жылан байлык көрсөткөн баягы балдар, Левонтьевдер акырындан оокатын оӊдоп алышты. Атасы өлгөндөн кийин, жылдан жылга жакшыраак жашай башташты. Үй куруп коюшту. Эми укмуш болбосо да, түзүк эле үй. Уй сатып алышты, ат-көлүктүү болушту. Короосунда эки-үч кой кыштап калды. Энеси кубанычын жашыра албайт, жок дегенде карыганда жарык күн көрүп калды.

Мунун баардыгы баягы Семеныч деген абышканын көмөгү менен болбодубу. Баарына баш-көз болду. Башкалардын көзүнө көп чалдыкпай, контордогуларга анча байкалбай алтын менен кандай иштеп, кандай мамиле кылышты үйрөттү. Алтын менен амалдуураак болуш керек эмеспи! Туш-тарабыңды карай жүргөнүң эп. Өзүӊдүн эле алтын чайкоочуларыӊ карап турат, көпөс болсо айры куйруктай аӊдыйт, контордогу чоӊдоруӊ акыйып карайт. Мына эми бурулуп көр! Жаш балдар мындай иштерге кантип шаасын жеткирет. Семеныч баарын көрсөттү. Кыскача айтканда, окутуп үйрөттү.

Балдар жашап келет. Чоӊоюп, эрезеге жете башташты, баягы эле эски жерде издеп жүрүшөт. Башка алтын издегендер да кетпейт. Аз да болсо таап, чайкап алып жүргөндүр… А балдардын иши жакшы эле жүрүп жатат. Акырындап арттырып камдап, ката башташты.

Заводдун начальниктери да балдар жашоосу жакшы экенин байкап калышты. Бир  майрам күнү энеси мештен балык салынган пирог чыгарып жатса,  заводдон  жөнөтмө жиберишиптир:

– Приказчикке баргыла! Тез келсин деген.

Келишти, а приказчик атырылып коё берди:

– Силер качанкыга чейин колоктоп бош жүрөсүӊөр? Карагыла – ар бириң теректей болуп турасыӊ, а баринге бир күн иштеген жоксуӊар! Ага кандай укугуӊар бар? Кызыл шапкеге туш келгиӊер келдиби же?

Балдар, албетте,  түшүндүрүүгө аракет кылат:

– Атабыз ыраматылыкты алдан-күчтөн такыр тайганда, барин өзү эркиндикке бошоткон. Биз дагы ойлогонбуз…

– А силер ойлонбогула, – деп кыйкырды, мага ошол бошоткондугу жөнүндө акт кагазыӊарды көрсөткүлө! Балдарда эч кандай андай кагаз жок, алар эмне айтаарды билбей туруп калышты. Анда приказчик айтты:

– Беш жүз сомдон алып келгиле, кагаз аласыӊар. – Булар акчасы бар экенин билдирет деп ал балдарды сынап көрмөк болду! Бирок тигилер алдыра койгон жок.

– Эгер, – деди кичүүсү, – бүт чарбабызды ийне-жибибизге чейин сатсак да мындай акчаны жыйнай албайбыз.

– Анда мындай, эртеӊ эртелеп жумушка чыккыла. Нарядчик кайда барарыӊарды айтат. Кечигем деп ойлобогула. Болбосо биринчи жолкусуна жакшылап жонуӊарга таяк ойнотом!

Биздин балдардын ындыны өчө түштү. Энесине айтса ал такыр улуп-уӊшуп жиберди:

– Ой, бул эмне дегени, балдарым, шумдук болду го! Эми биз кантип күн көрөбүз!

Туугандары, кошуналар жүгүрүп келишти. Бирөөлөр бариндин өзүнө арыз жазгыла дейт, башкалары шаарга тоо начальниктерге барууну сунуштайт, дагы бирөө чарбаны сатса канча акча жыйналарын эсептейт. Бирөө дагы коркутат:

– Силер антип-минткиче приказчиктин чыканак тайоочулары кармап барып, сабап туруп тоого алып кетет. Чынжырга байлап салса, анан дабаасын тапканды көрөсүӊөр!

Ушинтип ар ким билгенин айтып жатып бирөө да билген жок, балдардын катканы приказчик айткандан балким, беш эсе көп экенин, бирок айткандан коркуп жаткандарын. А түгүл бул жөнүндө энеси да билген эмес. Семеныч тирүү кезинде аларга дайыма айта турган:

– Каткан алтыныӊар жөнүндө эч кимге айтпагыла, өӊгөчө аял кишиге. Энеӊ болобу, аялыӊ болобу же колуктуӊбу – баары бир унчукпа. Ар кандай болушу мүмкүн.  Мисалы, тоонун кароолу текшерип тинтип калса, коркутуп-үркүтө баштайт. Аял  канчалык сөзгө бекем болсун, күйөөсүнө же баласына жамандык болбосун деп каткан жерди көрсөтүп коё салат. Тигилерге ошол эле керек. Алтынды да алат, адамды да курутат. Аял болсо өз күнөөсүн тартып сууга башы менен, же мойнуна жип салып муунуп өлүп калат. Мындайлар да болгон. Байкагыла! Жашыӊар жетип, үйлөнгөндө – муну унута көрбөгүлө, а энеӊерге четин да чыгарбагыла. Алардын оозу ачык болот да, балдары менен мактанганды жакшы көрүшөт. 

Балдар Семенычтын бул насаатын эстерине бекем түйүп алгандыктан каткандары жөнүндө эч ким билбейт эле. Башка алтын издөөчүлөр  балким шектенсе да кандай, кайда экенин билмек эмес.

Кошуналар кайгырып, калп-чынды кобурашып отуруп тарап кетишти. Эртеӊ балдар разнарядкага баары бир чыгыш керек.

– Ансыз болбой калды го.

Бөтөндөр кеткенден кийин кичүүсү айтып калды:

– Жүр, байкеси, издеген жерибизге баралы! Жок дегенде коштошуп алалы…

Улуусу эмне жөнүндө айтылганын түшүндү.

– Чын эле, – дейт, – баралы. Желдеп келсек жеӊилдеп каларбыз.

Энеси майрамдык деп жасалган  тамагынан, бадыраӊ кошуп салып берди. Алар албетте, бөтөлкө да алып Рябиновкага жөнөп кетишти. Унчукпай кетип баратышат. Жол ийриле токойго киргенде улуусу айтты:

– Кичине жашына туралычы.

Чукул бурулуштан четке имерилип жолдун жээгиндеги ит мурундун артына жата кетишти. Бирден стакан ичип алышты, дагы бир аз жата турганда бирөөнүн келатканын  угуп калышты. Караса Ванька Сочень чөмүчү, башка шаймандарын көтөрө жол менен шалпылдап келатат. Таӊ атпай кен издегени бараткансып,  иштегенди катуу каалап калгандай, жарты бөтөлкө жетпей калгансып! Бул Сочень контордогулардын айдактаганы менен жүргөн неме болчу: бир деменин жытын билгенге ушуну жиберишчү.  Ал эчак эле белгилүү болгон. Канча жолу сабаса да өз кесибине жолотпой келди. Өтө арамза, зыянкеч неме эле. Ушул үчүн Жез тоонун ээси аны абдан сыйлап койду эле, акырында ажалы жетти. Бирок сөз бул жөнүндө болгон жок…

Сочень өтүп кетти, бир туугандар бирине-бири көзүн кысып койду. Бир аздан кийин щегарь[1] атчан өтүп кетти. Дагы жата турса – Пименов өзүнүн Ершиги менен чыга калды. Алганы жеӊил кутуча, арабасына кайырмактарды ыӊгайлап байлап койгон. Балык кармаганы жыйналса керек.

Бул Пименов ошол убакта Полевойдогу каткан алтындарды алган боюнча эӊ кыйыны болгон. Анын Ершигин да баары билчү. Талаанын аты. Өзү анча чоӊ эмес, кандай ат болсун жеткирбейт. Кайдан гана тапты десеӊ! Ал атты кош демдүү деп коюшчу. Элүү чакырымды бир токтобой жүгүрүп коё турган… Кууп жетип көр. Нагыз уурунун аты. Ал жөнүндө көп айтышкан. Ээси да андан өткөн неме эле, жалгыз аны менен кезиктирбей эле койсун. Тиги эки кабат үйдө жашаган анын мураскорлору жеткенче кайда ага.

Балдар тиги балыкчыны көргөндө чыдабай күлүп жиберишти. Кичүүсү бадалдан көтөрүлүп, акырын, бирок угулгандай кылып:

– Иван Васильевич, таразаӊды алдыӊ беле?

Көпөс жигиттин күлүп сүйлөгөнүн көрүп, өзү да тамаша менен жооп берди:

– Ушунча токойдон кантип табылбасын! Эмнени өлчөй турган болсо десеӊ.

Анан Ершигин тарта кармап туруп айтты:

– Жумушуӊ бар болсо, отур, жеткизип коёюн. – Анын ушундай адаты бар эле - алтынды ат менен жүрүп ала турган. Өзүнүн Ершигине абдан ишенген. Бирдеме болуп кетсе: «Ершик, чабам!» – чаӊ уюлгуп же туш-тушка чачырайт да көздөн кайым болчу.

Балдар жооп берет: «Жаныбызда жок», – а өздөрү сурайт:

– Эртеӊ эрте, Иван Васильевич, сени кайдан издесек болот?

– Ишиӊер кандай, – деп сурайт, чоӊбу же жөн эле бирдемеби?

– Билбегенсип каласыӊ да…

– Билерин билем, – дейт, - баарын билбейм да. Силердин экөөӊө тең төлөгөнгөбү же адегенде бирөөӊ элеби?

Артынан унчукпай калды да, эскерткенсип айтып калды:

– Карагыла, балдар, силерди аӊдып жатышат. Соченди көрдүӊөрбү?

– Ананчы, көрбөгөндө.

– Щегардычы?

– Аны да көрдүк.

– Дагы, кара, балким дагы бирөөлөрдү артыӊардан каратып койдубу. Балким бирөөлөр өз каалоосу мененби. Эртеӊ силерге акча керек экенин билишет да кайтарып жүрүшөт. Силерди эскертип коёюн деп келдим.

– Аныӊа рахмат, өзүбүз деле байкап жатабыз.

– Көрүп турам силер деле оӊой эмес экениӊерди, ошондо да сак болгула!

– Сенин колуӊдан чыгып кетпесин деп коркуп жатсаӊ керек!

– Меники го белгилүү го, ишенимдүү. Башкалар сатып ала албайт – коркот.

– А канчадан?

Пименов, албетте жакшы эле баасын кысып азайтып койду, канткен менен кулаалы да. Мындан тирүү этинен кессе кан чыкпас! – Андан, – дейт, – көп бере албайм. Себеби бул иш баарына белгилүү.

– Полинканын жээгинен өтүп баратып сала кетем…

Божусун силкип койду: «Жөнө Ершик, щегарды кууп жет!» Коштошор алдында дагы сурап калды:

– Экөөӊөбү же бирди эле даярдайынбы?

– Өзүбүз билбей жатабыз – канча жыйналганын көрөбүз го. Жарымысын эле аласыӊ го, -  деп жооп берди  кичүүсү.

Көпөс жөнөп кетти. Балдар бир азга унчукпай калышты, анан кичүүсү айтты:

– Байкеси, Пименов туура  эле акыл менен айтты го. Көп акчаны көрсөткөнүбүз  болбойт. Мунун түбү жаман болуп жүрбөсүн. Тартып алып койсочу.

– Мен да аны ойлоп жатам, кандай кылышыбыз керек эми?

– Балким  мындай кылсак кантет! Приказчикке баралы, жүгүнүп көрөлү, балким азыраак кемитер баасын.  Артынан айтабыз да, төрт жүздөн артык таба албадык, бүт чарбаны сатсак да болчудай эмес деп. Бирөөбүздү төрт жүзгө бошотор, эл акыркысын термелеп тапкан экен деп ойлоп калат.

– Минтсек жакшы болгону турат, - деди улуусу, - кимибиз крепосттук кулчулукка калабыз? Чүчү-кулак кармашабызбы дейм.

Эми кичүүсү көшөкөрлөнө баштады:

– Чүчү-кулак жакшы болот эле дечи! Эч кимге таарыныч болбой… аны айтканда, же айтпаганда не… Мына сенин кемчилигиӊ бар, бир көзүн зыян тарткан… Кокустан бирдеме болуп аскерге алабыз десе, сени жаратпайт, а мен эмне кылам. Алып кетет. Анда эркиндик дегенди көрбөйсүӊ. А сен анча-мынча азаптанып кыйналып койсоӊ, мен сени заматта сатып аламын. Бир жыл өтпөйт приказчикке барам. Канча сурасын, бере салам. Мындан кам санабасаӊ болот! Же менде  уят калбай калыптырбы? Экөөлөп тапкан дүнүйө го. Кантип аямак элем!

Улуусун Пантелей деп атаган.  Атына жараша өтө эле ак көӊүл эле. Абдан жөнөкөй аӊкоо. Айтсаӊ – көйнөгүн чечип бере салат, башкадан жардамын аябайт.  А тиги кемчилиги – көзүнүн кырсыгы аны далай басынтты. Жоош болду, акылы түзүк болсо да башкалар жөнүндө эч нерсе айта албайт. Көбүн эсе унчукпайт.

Кичүүсү Костька, такыр эле башка.  Бала кезинен жакырчылыкта өссө да, көргөзмөгө койчудай жигит, бойлуу, чымыр, тыӊ чыкты… Бир жаман жери – сапсары, а түгүл кызыл сары. Көзү жокто баары – жээрде Костька дешчү. Анан куу да болчу. Аны менен аралашып калгандар айтып калчу: «Костьканын айтканынын бардыгына ишене бербе. Кээде ал жөн эле жутуп коёт». Бирөөгө тийишкенге – биринчи  чебер. Түлкүнүн өзү, куйругу менен шыпырат, тап-таза шыпырат.

Пантюханы тез эле  тили менен жайкап, жайлап салды. Костька айтандай гана болуп чыкты. Приказчик жүз сомго кем алды, эртеси эле Костька башын ачкан кагазды алды, агасына аздап жеӊилдик аракетин кылды. Приказчик аны Крылатовскийге алтын издеген жерге жибергенге буюрду.

– Туура айтып жатат, – иниӊ дейт. – Сага ал жактын жумушу таанышыраак. Анда да кум менен иштейсиӊ. А кишилер тиякта да, бул жерде да жетпей жатат. Мейли эми, сага жеӊилдик болсун. Крылатовскиге жөнөй бер.

Ушинтип Костька ишти бүтүрдү. Өзү боштондук абалын бекитип алды, агасын болсо алыскы жерге айдата салды. Үй менен чарбасын сатайын деген оюнда да жок болду. Эл алдында гана аракет кылгансып койду.

Панталейди айдап кеткенден кийин Костька да Рябиновкага даярданды. Жалгыз кандай кылат? Бөтөн кишиден жалдаш керек, анда да коркосуӊ – башкалардан угуп алса, ал жерге баары жабылат. Акыры бир байкушту тапты, чоӊ эле киши, акылы кем аӊкоо, онго чейин санаганды билбейт. Костькага так ошондой керек.

Ал кем акыл менен иштей баштады, кумдун азып калганын көрдү. Костька, албетте андан жогоруда аракет кылды, төмөн түштү, эки жагын казып байкады. Кээде майда-чүйдө жылтылдап калганы болбосо – алтын жок. Аркы жээкке барып өтүп, Костька – тиги кайыӊдын түбүнөн, баягы Жылан токтогон жерден казып көрмөк болду. Түзүгүрөк, бирок Пантелей бардагыдай  болгон жок. Костька буга да кубанат, Жыланды алдап кеттим деп ойлойт. Костьканы көрүп башка издөөчүлөр да бул жээкке өтүп, бактысын сынай баштады. Аларга да жаккан сыяктуу. Бир ай өтпөй – адамдар толуп кетти. Бөтөн кишилер келип кошулду.

Бир артелден Костька  кызды көрүп калды, ал да сары, арыкчырай, ылайык келчүдөй. Бүркөктө күн чыга калгандай. А Костька аялзатына жармаша калган бузуку неме болчу. Приказчик же бариндин өзүндөй. Анын азабынан ал жердеги далай кыз көз жашы менен жуунган, а бул эмне, алтын издегендерден… Костька  канатын жайып катуу кетти эле, тез эле отко колун күйгүздү.

Кыз жапжаш, пайдакечтик ниети жок көрүнгөн менен жакын жолотпойт. Чыйрак кыз! Ага бир сөз айтсаӊ, ал сага – экини, анысы да шылдыӊдап тийишмей. А колуӊду коё берип көр – ал оюӊа да келбесин. Мына Костька, кайырмакка балык нанга алдангандай илинди.

Жашоодон тажагансып тынчы кетип, уйкусу качты. Тиги кыз ого бетер  айлантып, жетелейт.

Алардын арасында мындайга чеберлер табылат ко. Кайдан эле үйрөнүп алышат? Карасаӊ өсүп жете элек, кичинекей эле кыз, балакеттин баарын билет. Костька өзү ким болбосун башын айлантып койчу эле, эми такыр башкача ырдап калды.

– Мага турмушка чыгасыӊбы? – деп сурады. – Мындай, жөн эле эмес, ак ниет, чындап, мыйзам аркылуу… Крепосттон бошотуп, сатып алам.

Ал күлкүгө айлантты:

– Сен сапсары болбогондо эмне?

Костькага курч бычак менен ургандай – сары дегени жакпайт, тамашага айландырат:

– Өзүӊдү карасаң?

– Ошол, – жооп берет, – сага тийгенден корком. Өзүм сары, сен кызыл сары, балдарыбыз куйкалап койгондой болот да. – Анан туруп Пантелейди мактап калат. Кайдан тааныганын ким билсин. Крылатскийден кезиктирген го. – Эгер Пантелей колумду сураса сөзсүз барат элем. Менин көӊүлүмө жагып калды. Сүйүктүү жигит. Жалгыз көзү менен болсо да жакшы көрө алат.

Ал атайы Костьканын жинине тиет, а тиги болсо ишенет. Пантелейге жаалданып, тишин кычыратат, тытып салмак,  а тиги кыз кайра сурап коёт:

– Сен эмне агаӊды сатып албайсыӊ? Бирге дүнүйө таптыӊар эле го, эми сен бошсуӊ, аны эӊ жаман жерге алпарып тыгып салдыӊ.

– Жок, – дейт, – ага менин акчам жок. Өзү иштеп тапсын!

– Эх сен, – дейт, – уятсыз куучирен! Пантелей сенден аз иштеди беле? Көзүнөн кен казган жерде айрылган жок эмеспи?

Ошентип жатып Костьканы жеткизет, тиги кыйкырат:

– Бул шермендени өлтүрөм!

Тиги тоготоор эмес.

– Билбейм, анда эмне болорун, бирок тирүү кезимде бул сарыга чыкпай калайын. Сапсары да сандалган – мындан жаман эмне бар!

Канча шылдыӊдаса, Костька ого бетер ага жабышат. Сары деп айтпай аз да болсо жароокер карап койсо бүт баарын аябас эле. Бирок белекти такыр албайт. Кенедей да. Кайра ийне менен сайгансып кекетет:

– Сен андан көрө  Пантелейди сатып алганга сактасаӊ болмок.

Костька анда иштеген жерде көӊүл ачып сайран уюштурмак болду. Өз баамында ойлойт: «Баары мас болуп калганда, кимди ким билет. Алдап алып барам да көрөм, эртеси  эмне деп ырдаганын…»

Адамдар, албетте, акырын байкайт:

– Эмнеге биздин Жээрде чачылып жатат. Жакшы табылып жаткан го. Ошол жакка барыш керек, казганга.

Ойлогону ойлогон, бирок ким эле бекер сыйдан качсын? Тиги кыз да эч нерсе эмес. Костька менен бийге чыкты. Бийлегенге укмуш маш болчу дейт. Костьканы такыр эле байлап салды. Тиги ойлогон оюн Костька калтырган жок. Баары жакшылап ичип алганда кызды кармап алды, ал көзү менен тикирейе карады эле, Костька колун коё берди, буттары калчылдап, эмнегедир коркуп кетти. Анда кыз айтат:

– Сен уятсыз сары, Пантелейди сатып аласыӊбы?

Бул сөздөрү Костьканы кайнак суу менен чачкандай болду. Жини келип кетти.

– Ойлоп да койбоймун, - деп кыйкырды. – Андан көрө акыркы тыйынга чейин ичип түгөтөм!

– Ал, – дейт, – сенин ишиӊ. Айттыӊ болду, А ичип түгөткөнгө жардамыбыз тиет.

Ойдолоп бийлеген бойдон кетти. Так жыландай иймеңдейт, көздөрү тирмейет  – ирмеп койбойт. Ошондон кийин Костька ар жума сайын сайран баштады. Элүүдөй кишини мас болгончо тойгузуунун чыгымы бир топ эле экен. Анын үстүнө алтын издегендер мындайга кыйын. Кур кетпей дагы шылдыӊга көтөрмөй:

– Костьканын бош идишинен ичип коём деп бир жума башым ооруду. Эми чакырса өзүм эки бөтөлкө ала барбасам. Жеӊилирээк болобу?

Костька, албетте, ичкилик менен башкалары да жетиштүү болгонго аракет кылган. Колундагы акчасы бат эле түгөндү, а  ишинде эч нерсе жок. Кум кайрадан бош чыга баштады, таштасаӊ да болчудай. Бирге иштеген кишиси да айта баштады:

– Кожоюн. Жууганда эч нерсе жок ко, жылтыраган.

Тиги кыз болсо атайылап тийишет:

– Эмне, сары, ындыныӊ өчүп калган?  Такаӊды майрыйтып алып, жаматканга акчаӊ жетпей жатабы?

Костька көптөн бери көрүп жатат – жакшы болбой жатканын, баары бир өзүн кармай албай: «Коё тур, – деп ойлойт, – мен сага көрсөтөм, менин жамаганга жетпей жатканымды».

Пантелей экөөнүн каткан алтыны бир топ эле. Жерге көмүп салышкан. Өзүнүн эле огородунда, экинчи катмарда. Күрөк менен бир-эки казып алсаӊ алды кум менен чопо… ошол жерге каткан. Жакшылап белгини эстеп калган, ар бир карыш, укумуна чейин өлчөнгөн. Кокус тоонун кароолу кармап калган күндө да тийише албайт, жообу даяр: «Уюган алтын турбайбы. Мындай жакын жерде экенин кайдан билдик. Жердин баарын издесек – мына, өз огородубузда турбайбы!».

Бул жерде каткан, чынын айтканда, эӊ ишенимдүү, бирок андан алып чыгыштын убарасы көп, эки жакка алактап турасыӊ. Булар абдан жакшы эбин келтирген. Мончонун артына бадал отургузуп, таштарды үйүп койгон. Кыскасы, жакшылап катылган.

Мына, Костька караӊгыраак бир түндү тандап алып каткан жерине барды. Керектүү жерден үстүн казып салды да, жыгач челекке кум толтуруп алып мончого кирди. Ал жерге сууну даярдап койгон. Терезени бекитип, фонарды жакты да кумду сууга чайкай баштады, эч нерсе – кенедей да күкүм жок. Эмне болду деп ойлоду. Жаӊылып калдымбы? Кайра барды, жакшылап карап көрүп челекти дагы толтурду, дагы эле эч нерсе жок. Эми Костька сак болгонду унутуп фонарь менен чыга калды. Жарык кылып дагы карап көрдү. Баары туура. Так ошол жерди казыптыр. Дагы шилей баштады, балким тереӊ алып калдымбы деп ойлойт. Кичине көрүнгөнсүдү, болор-болбос эле. Костья андан да тереӊ казды – дагы эле баягы: анча-мынча жылтырайт. Костька эми өзүн жоготуп койду. Кадимкидей алтын издегендей каза баштады, көп тереӊдей албады – чоӊ ташка туш келди. Костька кубанып кетти, Соймон Жылан таш аркылуу алтынды ала албас. Демек жакын эле жерде. Анан оюна келе калды: «Муну Пантюшка эле уурдап алды!» Аны ойлоору менен баягы сары кыз пайда болду. Караӊгыда даана көрүнүп турат. Түп-түз, бийик болуп, казылган чуӊкурдун так четинде турат да Костьканы тиктеп калды:

– Эмне, Сары, жоготуп койдуӊбу? Агаӊа ойлоп жатасыӊбы? Ал  эми алат, сен карап каласыӊ.

– Сени ким чакырды, тосток көз шерменде?

Кызды буттан алды да болгон күчү менен чуӊкурга жулкуп тартты. Жерден бөлүнсө да кыз жыгылбай түз турат. Анан созулуп, ичкерип барып, жыланга айланды да Костьканын ийнинен артыла барып аркасына сойлоп кетти. Костька коркуп кетип куйругун колунан чыгарды. Жылан ташка башын урду эле учкун чачырап, көздү уялткан жарык боло түштү. Жылан болсо таш аркылуу өтүп кетти, ал сойлогон из боюнча алтын жаркырап, кээ бир жерде тамчыдай, кээ бири кесек-кесеги менен жатат. Аны көргөн Костька жыгылып түшүп, ташка башы менен тийди. Эртеси энеси аны чуӊкурдан тапты. Чекеси кичине эле жаракат алган экен, ага карабастан эмнегедир Костька бат эле өлүп калды.

Өлүк койгонго Крылатскийден Пантелей келди. Жиберишиптир аны.  Огороддогу чуӊкурду көрүп – каткан алтындарына бир нерсе болгонун түшүндү. Жаны жай албай калды.

Ал алтынды сатып, боштондукка чыксам деп ойлогон. Костька жөнүндө көп жаман сөздөр укса да – иниси аны сатып алат деп ишенген. Барып карап көрдү. Чуӊкурга эӊкейсе, астынан бирөө жарык кылгансыйт. Караса – түбүндө тегерек терезе сыяктуу аябай калыӊ айнек. А айнекте алтындан жол ийрилет. Алдынан Пантелейге бир кыз карап турат. Сары кыз, көздөрү капкара, киши карагандан коркчудай. Кыз мыйыгынан жылмайып, колу менен алтынды көрсөтөт: «Бул сенин алтыныӊ, алгын. Коркпо! Эркелете сүйлөйт, сөздөрү угулбайт. Анан жарык өчүп калды.

Адегенде Пантелей коркуп кетти: азгыртма шайтан көзүмө көрүнүп жатабы деп ойлоду. Анан кайраттанып чуӊкурга түштү. Эч кандай айнек жок, ак таш – скварец жатыптыр. Казынанын ишинде мындай таштарды  кезиктирген. Көнүп калган ага. Кантип алууну да билет. Ойлонуп көрдү: «Кана, карап көрөйүн. Балким чын эле алтын бардыр».

Эмне керек болсо алып келди да  алтын изин көргөн жерден баштап ташты майдалай баштады. Чынында эле ташта алтын чачырап эмес, чоӊ тамчылар менен да, уялап да жатат. Өтө бай катмар болуп чыкты. Кечке чейин Пантелей таза алтындан беш же алты кадактай жыйнап алды. Адегенде акырын Пименовго, анан приказчикке да барып үлгүрдү:

– Тигиндей-мындай, бошонсом дедим эле, акча төлөп кутулуп.

Приказчик жооп берди:

– Жакшы иш аныӊ, бирок азыр менин убактым жок. Эртеӊ менен кел. Бул жөнүндө салкында сүйлөшөлү.

Приказчик Костьканан жашоосун көрүп анын акчасы аз эмес экенин байкаган.

Ошондуктан эртеӊкини ойлоп тапкан, Пантелейди бекемирээк кыссам, көбүрөк төлөтсөм деп. Бирок Пантелейдин багына контордон кабар айтчу жүгүрүп келип, айтты:

– Чабарман келди, Эртең Сысерттен барин өзү келем дептир. Полдневкадагы көпүрөнүн баарын оӊдоп-түздөп койсун дептир.

Приказчик анын колунан жылып кетет деп корктубу, Пантелейге кайрылды:

– Келе, беш жүз сом, бирок кагазга төрт деп жазам.

Жүздү баары бир алып калды. Пантелей соодалашкысы келген жок.

«Ала бер, – деп ойлоду, – ит, бир күнү какап калаарсыӊ».

Пантелей эркиндикке чыкты. Короосундагы чуӊкурда дагы бир аз чукулады. Андан кийин алтын менен иштегенди такыр токтотту. «Ансыз эле, – деп ойлоду, – тынчыраак жашайын».

Ошондой болду. Кичирээк чарбалуу болду, оокат кылганга өзүнө жетет. Бир жолу мындай окуяга туш болду. Анда жаӊыдан үйлөнгөн.

Ал бир көзү сокур эмес беле. Анча тандабай эле үйлөндү, жакыр үй-бүлөнүн жоош кызына. Тойду да жөнөкөй өткөздү. Үйлөнгөндүн эртеси жаш келин өз шакегине карап ойлонуп калды: «Муну кантип тагып жүрөм. Кандай кооз, жазы шакек экен. Кымбат болсо керек. Дагы жоготуп алаармын».

Анан күйөөсүнө айтат:

– Сен эмне, Пантюша, бекер сарп кыласың? Шакек канча турат экен?

Пантелей жооп берди:

– Кайдагы сарп болгон, никеге талап кылат тура. Бир жарым сом эле төлөдүм.

– Өмүрү дагы, – деди колуктусу, – аныӊа ишенбейм.

Пантелей караса – чын эле башка шакек.

Өз колуна караса да – такыр башка шакек, дагы ортосунда эки кичинекей кара таштар көздөргө окшоп жанып турат.

Пантелей дароо, бул таштарды көрүп, ага таштагы алтын изди көрсөткөн кызды эстеди, бирок аялына эч нерсе дебеди.

«Анын бекер тынчын алып эмне кылайын».

Жаш аялы акыры ал шакекти тагынган жок, өзүнө жөнөкөйүнөн сатып алды. Ал эркек шакек тагынып кайда барат? Үйлөнүү тою өткөнчө Пантелей тагынып жүрдү.

Костька өлгөндөн кийин алтын издегендер кызды таппай калышты.

– Бийчибиз кайда кеткен?

Ал болсо жок. Бири-биринен сурашып калышты:

 – Кайдан келген болду экен?

Бирөө:

– Кунгуркадан десе, экинчиси:

– Мармар кесигинен келген, – дейт. Ар ким ар кандай…

Алтын издегендер белгилүү го, ар кошкон эл… Ким кайсы уруудан экенин сураганга деле чолосу болбос. Аӊгеме айтылбай ташталды ошол бойдон. Рябиновкада алтын көпкө чейин кармалды окшойт.

Орусчадан оодарган Бек Жайчыбеков


[1] Щегарь – тоо мастери.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз