Өмер Сейфеддин: Пара

  • 03.11.2026
  • 223

АҢГЕМЕ

Базар аянтынын бийик чынар теректери, жерге түшкөн көлөкөлөрүн ала-була кылып шуудурап жатышты. Катуу шамал болуп жаткан. Адвокат Хажы Намык Эфенди, кагаздарым учпасын деп изумруд камера өңдөнгөн кичинекей дүкөнүнүн айнектерин түшүрдү. Анан жөнөдү, ачык эшигин бекитерде куржуну жонунда, токулган атынын чылбыры колунда, селдечен кыска бойлуу тоголок айылдашы жакындаганын көрдү.

- Салам алейкум, Али Молдо, - деди, - мындай убакытта эмне издеп жүрөсүз бул жакта? Базар күнүнө дагы эки күн бар эмеспи...

Айылдык, эки чекитке окшогон кара тоголок кичинекей көздөрүн ого бетер жүлжүйтүп:

- Алейкум салам, Намык Эфенди! Балаага кабылдым. Бир доо арыз боюнча келатам... - деп башын чайкады.

- Ии, кел бир аз сүйлөшөлү, көрөлү.

- Сүйлөшөлү.

- Маселеңди айт мага, көрөйүн.

- Ансыз да сенден башка кимге айтмак элем?

Атынын чылбырын отургучтун тирөөчүнө байлады. Кичинекей дүкөнгө кирди. Жаңгак үстөлүнүн оң тарабындагы шалча төшөлгөн жапыз сөөрүгө отурду. Куржунун жанына койду. Намык Эфендинин сунган кутусунан тамеки ороп атып дооматын айтты. Далил тартышы айыл башчы Хуйсузоглу эле. Ага тийиштүү жер тилкеге Али Молдо убагында бир имарат салдырганы бар. Эми ал эмнеден улам бул имаратты өзүнүкү кылып алууга бел байлады. Болбосо имарат кимдики болсо, жер да ошонуку эмеспи... Намык Эфенди буурул сакалын кашыды.

Көз айнегининин үстү менен карап:

- Али Молдо, сеники туура эмес, - деди.

- Туура эмес дейсиңби?

- Ооба.

- Жок, меники туура. Эмнеге имаратты куруп атканда үн катпайт?

- Үн катпасын.

- Меники туура экенин билем, Намык Эфенди. Доо арыздан баш тартпайм.

- Жеңилип каласың!..

- Мейли, зыяны жок. Бирок баш тартпайм.

Намык Эфенди туура эмес доо арыздарды ала албайт болчу. Али Молдонун бул сунушунан баш тарткысы келип турду. Бирок Бозойүк айылынын жашоочулары анын отуз жылдык кардарлары эле. Эшек акырды казгандай эле, дүкөнүн айланчыктап алышкан, өкмөттөгү ар бир иштери үчүн ага кайрылууну адатка айландырышкан. Кышкы аштыгы да дээрлик толугу менен ал жактан келчү.

Акыры:

- Болуптур, сенин бул ишиңди карайын. Утулуп калар болсоң мага таарынбайсың! - деди.

- Таарынбайм, бирок эмнеге утуласың?

- Анткени сеники туура эмес.

- Сотко жакшы бир кочкор жиберсем.

- Эмне?..

- Ошондо соттон утуп чыкпаймынбы?

- Ошондо чындап эч күмөнсүз утуласың.

- Эмне үчүн?

- Жаңы сот сен билген адамдардан эмес...

- ...

Али Молдо адвокаттын тынчсыздануусун түшүнө алган жок. Андан жаңы сот тууралуу мактоолорду көпкө дейре угуп олтурду. Бул адам паранын, белектин коркунучтуу душманы экен. Абдан чынчыл бир доогер ага пара берүүгө аракет кылса, анда ага карата туура эмес чечим чыгарат экен.

Али Молдо:

- Жараткан мындай чынчылдарды дүйнө жүзүндө көп кылсын! - деп дуба кылды.

Намык Эфенди:

- Оомийин, оомийин! - деди.

Доомат, тууралык боюнча бир сааттай сүйлөшүштү. Ишеним кат тууралуу макулдашышты. Адвокат үмүтсүз эле. Бул ишти көңүл үчүн алып жатты. Иштин туура эместиги бештен белгилүү болчу. Эки жумадан кийин дал ошол убакытта Али Молдо жашыл түстүү дүкөндүн эшигинен көрүндү. Намык Эфенди бир өтүнүч кат жазып олтурган. Көз айнегинин үстүнөн кардарын көрөр замат күлдү:

- Келип калыпсың! Не дейсиң? Соттон утуп чыктык, - деди.

Мындай туура эмес чечимди соттун кандайча чыгарганына бир жума бою таң калып жүргөн.

Али Молдо тек гана:

- Мен жиберген кочкор аркылуу утуп чыктык! Жообун берди.

- Эмне?! Сен сотко бир кочкор жибердиңби?!

- Ооба.

- Ошого дитиң барды э...

- Ооба, бирок сен мага анын пара душманы экенин, ким белек берсе, ага туура эмес деген чечим чыгарарын айткан эмес белең?

- Айткам.

- Мен дагы кочкорду алпарарда өзүмдүн атыман дебедим.

- Анан эмне кылдың?

- Атаандашым, айыл башы Хуйсузоглунун атынан дедим.

- !!!

Карыган адвокаттын калеми колунан түштү. Аркасына жөлөндү. Маңдайындагы кичинекей кара көздөрдү кадалган бойдон катып калды. Аянттагы чоң чынар теректердин күүлдөгөн шуудурагы, эшикте тикесинен турган Али Молдонун төбөсүнөн, буттарынын арасынан кирип, дубалдарына эски облусттук гезиттер чапталган дүкөнчөнүн ичин толтуруп жатты.

БАСА: Ылайым эле биздин соттор да ушундай болуп калса атаганат... Анда да минтип айласын тапкандар чыгат да эми...

Түркчөдөн которгон Нурзада Кубанычбекова

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз