Асланбек Сартбаев: Сейрек бырыштар

  • 03.11.2026
  • 192

АҢГЕМЕ

Экөөбүз капыл-тапылынан көрүштүк. Отурган жериңен тура калдың, нестейип. А мен заматта дендароо абалда абдырай түштүм. Саамга үнсүздүк басты. Ыңгайсыз учураштык. Айланама карап, артка бурулууга шаштым. Жер жарылса түшүп кетүүгө даяр элем. Бирок сөз дагы уланды.

– Аа... – дедим, – жакшы...

– Көрүнбөй кеттиң го? – деп тиктедиң.

Баш ийкедим. Балбылдаган каректериң мурдагыдай күйүп-жанбай күүгүм тартып, жүзүңдүн сууп калганын көрдүм. Ичим ачышты. Далбастап, басып кетүүгө дараметим жетпей эңгиреп, колдорумду укалап, аргам түгөнүп турду... “Иштеп жүрөсүңбү? Дайның чыкпай кетти, азыр каяктасың? Өзгөрүпсүң э-э?” деген суроолор биринен сала экинчиси, үчүнчүсү берилип атты. Кулагым тунуп, тилим күрмөөгө келбей кысылып, кыска жооп берүүгө жарап жаттым. Огобетер таңгала тигилесиң. Ак жуумал, саал муңайым келбетиңе сейрек бырыштар аралаганын байкадым. Көз карашың илгерки жылдарга жетелеп, жадыма баары тартыла баштаганын карасаң? Эстегим келбеди.

– Бул жакты карап, кайра келсем... – дедим буйдала.

– Макул, – деп сүзүлө карадың.

– Же туруп турсамбы? – баягы эки анжылыгым кармады.

– Өзүң бил...

Денем муздай түштү. Буттарым араң шилтенди. Сулуу аялдын тотукканы – дээрлик кайгы-касиреттин бурганагындай сезилгеничи... Эмнеге мындай болуп кетти?

Тек, экөөбүз тең махабатка кайдыгер элек...

А жерден кетүүгө шашылдым, денем үркүп, башым дүңгүрөй ысый ала качты, жулкуна басып, эл аралай ызгып, бийик имараттан кантип көчөгө атып чыкканымды, анан бейтарап баратканымды ойлоп алып, тык токтодум. Өзүмдү ичимен ушунчалык катуу жектеп, жийиркенип, башымды мыжыгып, кайра манжаларымды серпкенимде майда тал чачтар бут алдыма күбүлдү. “Эмнеге кечирим сураган жокмун?” деген суроо мээме ийнедей сойлоду.

– Кечир...

Шарт артка кайрылып, арыш салып, азыркы көргөн жериме жетүү кыяматтай сезилип, кайра тердеп-кургап биринчи кабатта баратканымда, оң жагыман туздалган балыктын жыты “бур” этти. Басыгым жайлап, кылчак карай бердим.

– Жок! Ичпеш керек, таштагам да... – дедим кимдир бирөөгө актангансып.

Аңгыча эле ал жактан жаланып-жуктанып кадимки акын чыкты. Залкар. Жеңил басышы менен түз эле келип:

– Салам алейкум! Ой, каяктан?

– Алеки... Ушундай жүрүш... Өзүң кайдан?

– Чыгып баратам. “Кирели” десең, каршы эмесмин, – деп күлө карап калды.

– Шашылыш да.

– Анда башка күнү сүйлөшөбүз.

Коштошуп, элге аралаша жөнөдүк. Кайра сыртка чыгып, таза абаны жирей бастым. А сага экинчи ирет бет келишүү оор болмок. Даай албадым, апкаарып. Ансыз да жылтыр каректериңен жаштык-мастыгымды, толгон-токой катачылыгымды көрдүм. Тимеле чубурду баары аралаш... Мезгил бүктөмдөрү өчөшүп алгансып, өткөн чагымдын өкүтү эсенгиретти. Кечээги бой салган жүрүшүңдүн кашаң тартып калганы көмөкөйгө урулган соккудай гана тийди! Өкчөлгөн өмүргө сыйбай, алапайды таппай санаага батканымчы! Карбаластап, кайыга кадам таштап барам... Биз мурда жаш эмес белек?..

А жүрөк ошо кездегидей согот, ишендирип... Кызык. Бирок сени көрүп, көкүрөк сөгүлүп, көп күндөр талаага кеткенине капаландым. Убакытты кайрый албаган алсыздыгыма заманам куурулду. Айла издегенде не? Ой-түйшүккө камалгандан башка арга жок.

Ошентип, бул күнү жандүйнөм бушаймандыкка камалып, өзүмдү капастагы буулуккан куштай сезип, түндү күттүм. Түпөйүлмүн. Ага чейин муздак дарыяга бой таштап, киргил ойдон, дегеле сезимдеги терс жабышкактардан тазаланууга чамындым. Бирок майнап чыкпады. Бүдөмүк кыжалаттык кайыктырып, матап, кыйнай берди. Күткөн түндүн сааты чыкты. (Убакыт учат эмеспи). Чылк караңгылык. Төшөктө ары оодарылып, бери оонап, уйкуга кете албай эзилгениң да жаман, ой түшкүрүң бүлүк салып, жанагы аялдын ченгелинде мыкчылып калгандай сезилесиң... Анан калса, караңгы үй, соңку жалгыздык...

Түшүмдө фильтрсиз чылым чектим. Ушундай рахаттанып, буркурата үйлөп, моокум канбай атканы бир башкача. Ойгонуп кеттим. Күнгө жекшемби. Дароо телефондон саатты карап, шаштым кете баштады. “Тамекиден, арактан арылдым. Эми кыз-келиндерди таштасам, мал болгонум ушулбу?” дейм. Жагымсыз собол. Ичиркенесиң. Алда кандай жашоо өтөт? Саамга элестетип алып, “селт” эттим. Өлсөң да мааниси жокпу? Мына туңгуюк...

О-о, көп жыл мурун! Акыркы коштошуу көз алдыма тартылды. Шаардагы Совет көчөсүнүн боюндагы көп кабаттуу үйдөгү батириңде отурабыз. Свет өчкөнү менен ачык терезеден ар түстүү жарык чагылышып, өйдө-ылдый өткөн машиналардын моторунан бери угулуп турат. Сенин колуңда кызыл вино, меникинде адатымча эле арак. Улам кагышып, кылт эткизе жутуп коёбуз. Бир маалда ордуңан турдуң. Бөлмө ичи күңүрт жарык. Музыка койдуң. Овсиенко ырдай баштады. Кучакташтык. Термеле бийлеп атабыз. Гүлдөй эле ыргаласың. Аңкыган жытың каңылжарды өрдөгөн сайын дүргүйм. Бир маалда кыналыша бергениңде курсагың тиреле түштү... Чымырадым. Жылуу денеңен жылмышып көйнөгүң ылдый кетти... Белгисиз түртүлүү күчкө кабылдым. Кудайдын башка салганыбы? Сени силкип таштап, шарт бурулдум да, сыртка чыгып кеттим...

Кайсы кара теке сүзгөнүн анда түшүнүп болобу? Экөөбүздүн акыркы мүнөттөрүбүз ушундайча тамамдалган. Аргасыздыкпы? Сени ошондо эбегейсиз таризде жек көрүп, бирок маңызын түшүнбөй ушу күнгө чейин чайналып келгенимдин шору катуу...

Эмнеге качып кеткенимди азыр деле чечмелей албай абдырап отурам. Чечкинсиздик. “Боюңда бар беле?” деген суроо жүрөк түпкүрүнөн берилип, бирок ооз көңдөйүмө жетпей жоголуп кеткеничи...

Кадам сайын кыжалаттык камай берди. “Кечирим сураш керек” дедим. Андан аркысын бара көрөм да. Бел байладым. “Дагы жүз көрүшөйүн, Кудай жалгагыр!” деп өзүмчө эрдемсидим. Үйдөн обочо аккан дарыяга чуркап барып, эки ирет чумкуп чыктым да, кайра сызган боюнча келип, камына баштадым. Сага...

Кечээги көргөн жериме үмүт артып, жаш баладай жетип бардым.

– Саламатсызбы! Бу жакта башка аял отурду эле... – дедим алактай.

– А сиз ким болосуз?

– Мен – таанышы...

– Айылга кетти! – келин эмнегедир жактырбагандай унчукту.

– Үйүнөбү?

– Ооба.

– Биякта иштейби?

– Жок, мага келген.

– Күйөөсү барбы? – шашкалактай озундум.

Ал мени таңыркай карап алды да:

– Өлгөн эчак! – деп бурк этти.

– Жаман болгон экен, – үшкүрүнүп алдым, – телефон номерин бересизби? – дедим.

– Бере албайм!

– Эмнеге?

Келин унчукпастан башын чайкап, жыландай тиктеп туруптур. Тайсалдай жер карадым. Жамандап кеткен окшойт, бирок мен ошого татыктуу элемин...

Кашайгырдыкы. Дүйнөм тарып, кайсалап калдым. Каршы-терши өткөн адамдар агылат. Эл да көбөйүп кеткенби? Айланада жарк-журк эткен жазуулар, афишалар. Шылкыя тартып жөнөдүм. Үйгө.

Күзгү жалбырактар короонун ичине төшөлүп, кооз килем сайгандай көз жоосун алат. Бак-дарактар жарым-жартылай жылаңачтанып, коргоосуз калгандай кунарсыз тартып, мезгилдин өктөмүнө баш ийгенин кара. Табигат да чарчаңкы. Жандүйнөгө үндөш. Коргон сыртындагы албууттанган агыны катуу суу буркан-шаркан түшүп, таштан-ташка урунуп, баш сергитип, мындан ары да жашоо бар экенин кепилдеп, өмүрдүн өрүн сездиргенсийт...

Жалган ирмемдер. Бул жалгыздык – Кудайга жакындоо беле?

Жалбырактар шуудурайт. Күүгүм баса баштады. Муздак жел. Ойлорго тушалып отурам. Мен бармын... Сен да үйүңдө болсоң керек. Тирүүлүк кандай керемет э? Ушуга кубанасың. Кыялдарга катылган жашоонун таттуу маңызын боолголоп туям, бирок тереңине башым жетпейт. Азгырыктарга чылк толгон чегилбеген дүйнөсү барбы? Ал айым бир көрүнүп, кайра алыстаган сыңарындай... Сейрек бырыштары менен...

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз