Божена Немцова: Гонзиктин латын тилин үйрөнгөнү

  • 05.11.2026
  • 103

АҢГЕМЕ

“Ата, - деди бир күнү Гонзик атасына, - мындан ары карапайым адам болгум келбейт, мырза болгум келет”.

“Эй, өгүз! Мени да кимдир-бирөө мартабасы улук мырза кылып койсун деп айтмакмын. Гонзик, мырза латын тилин билиши керек экенин сен билесиңби?”

“Латын тили эмне болуп калыптыр? Дүйнө кезип, эл аралап, латын тилин бачым эле үйрөнүп алам.”

“Эгер тил үйрөнүү ошончо эле жеңил деп ойлосоң, жөнө, үйрөнүп көрчү.”

Гонза чөнтөктөрүнө челпектен толтуруп алып, латынча үйрөнүү үчүн дүйнө кезип жөнөдү. Ал дүйнө ушунчалык кенен экенин билген эмес, ошого жол азабын үйдөн узабай жатып сезди. Мурда короодон сыртка чыкпаган неме жолундагы биринчи дөңсөөгө чыгып, алдында чалкып жаткан талааны көрдү. Кыйырына көз жетпейт.

“Ой, тобо! - деди колдорун жайып.- Бул кучак жетпеген дүйнөнү кантип кыдырып чыгам?”

Учу-кыйырсыз дүйнөнүн буту каякка шилтенсе, ошол тарабын көздөй кете берди. Кайсы бир жерде кимдир бирөөлөргө жолугуп калса, алардын оозунан чыккан сөздөрдү кулак түрүп укту. Себеби, аларды латын тилинде сүйлөйт экен деп ойлоду. Алгач кезиктирген адамы үйдүн тепкичинде туруп алып: “Челек төгөрөк!”- деп бирөөгө түшүндүрүп жатыптыр.

Гонзик азыр уккан эки сөзүн унутуп калбас үчүн ошо замат он жолу кайра-кайра кайталады. Андан ары баратып, терезеде бутун салаңдатып отурган адамды көрдү. А терезинин астындагы көлчүктүн четинде турган бала: “Сүлөөсүн бул көлчүктөн суу ичет!”- деп  улам кыйкырып жатты.

“Челек төгөрөк-сүлөөсүн бул көлмөдөн суу ичет”,- деп Гонзик дембе-дем сөздөрдү кайталап, андан ары кетти. “Латынча жети сөз билем. Эми, буюрса, мырза болом деп ишенем”,- деди кадамын шайдоот шилтеп.

Жүз кадамдан кийин  кайра бир киши жолукту. Ал колу менен арабаны көрсөтүп: “Бул араба!”- деп айтып жаткан экен.

“Челек төгөрөк-сүлөөсүн бул көлмөдөн суу ичет - бул араба”,- деп Гонзик тынбай кайталап баратты. Бул сөздөрдүн баарын жаңылбай айтып калгандан кийин эликтей секирип, өзүнө айтат дейт: “Атам эмне дегенин билбейм. Латын тили оюнчук ойногондой оңой экен. А-бу дегенче эле латынчаны чех тилиндей эле сүйлөй алам”.

Гонзик дагы эки жүз кадам баскандан кийин дагы бирөөнүн багына туш келди. Бакта багбан жер казып жатыптыр. Бакка ичкериден бир киши чыгып: “Ал ор казат!”- деди көк түтүнү оозунан чыгып.

“Челек төгөрөк-сүлөөсүн бул көлмөдөн суу ичет - бул араба, ал ор казат”,- деп кайталаган Гонза жолун андан ары улантты. Бир кезде тып токтоду да, ойлонуп туруп, өзүнчө күбүрөндү: “Латын тилин мынча көп үйрөнүп эмне кылам? Биздин кантор мырза болгону менен, латынчаны мен билгенче билбейт. Дагы мырза имиш. Азыркыдан да көп сөздү жаттап алмакмын. Бирок сөздөрдү токтобой жаттай берсем, мээм айнып калбайбы?!”

Ушундай акылдуу ойлордон кийин Гонзик мүдөөсүн өзгөртүп, кимдир-бирөө аны кармап калчудай болуп, үйүн көздөй жортуп жөнөдү.

“О-оо! Биздин Гонзик кайтып келген турбайбы!”- деди атасы дарбазадан кирип келаткан уулун көрүп.- “Кана, латынча сүйлөгөндү билесиңби?”

“Челек төгөрөк-сүлөөсүн бул көлмөдөн суу ичет - бул араба, ал ор казат”,-деп жооп берди Гонзик. Ал акылдуу болуп калгандыктан, эми латынчадан башка тилде сүйлөбөйт.

“Эмне деп тантып турасың? Сенин айтканыңды шайтан да түшүнбөйт”,- деди нааразы болгон атасы, Гонзиктин сөзүн андан ары уккан да жок.

Апасы да уулун сүйлөтпөй, кайда жүргөнүн сурады: “Cен, балакай, эртеден бери кайда жүрдүң? Шам болуп калбадыбы?”

“Бул араба - ал ор казат”,- деди кайра Гонза.

“Башың айлан көчөк болуп калган го... Эмнени эле кайталап атасың?”- деди ачууга алдырган апасы. Гонзик болсо өзүнүн латынча өлөңүн келмедей кайталай берди. Ким сурабасын, эмне сурабасын, баягы эле “Челек төгөрөк-сүлөөсүн бул көлмөдөн суу ичет - бул араба, ал ор казат” дегени деген. Анын бул баштан аяк кайталаган келмеси эмнени түшүндүргөнүнө эч кимдин башы жетпеди.

“Ой, дыйкан!- деди аялы бир нече күндөн кийин күйөөсүнө. - Биздин балабыз эмне сүйлөгөнүн билбей, башы желдеп калыптыр. Мен эски пастор менен акылдаштым. Билем – эмне кылганды”.

“Ии, эмне кылыш керек экен?”

“Жогору жактан башынан ылдый суу куюп жибериш керек экен. Ошондо башындагы шайтан-пайтанын кошо алып түшөт экен”.

“Кел анда, азыр эле жасайлы. Гонзик аткананын түбүндө тантып отурат. Бар, бир челек муздак суу алып кел да аткананын үстүнө чыгып, башынан ылдый куюп жибер. Эмне болуп кетерин көрөбүз.”

Апасы бир челек муздак суу алып келип, аткананын үстүнөн ылдый карай куюп жиберди. Ойго терең батып отурган Гонза атып туруп, эки колу менен башын мыкчып, тамагы айрылганча: “Апа, ата. Жардамдашкыла, башым!”- деп  кыйкырды. Атасы билмексенге салып: “Алда жубарымбек ай, эмне болуп кетти?”- деп  таң калгансып сурады.

“Мен үйрөнгөн латынча сөздөрүмдү сүйлөп отургам. Капыстан эле асман жарылып, төбөмө бир нерсе түштү. Өлүп кете жаздадым”,- деди Гонза көздөрүн алайтып. 

“Мен сени чехче билбей калды деп ойлосом, чехче эле сөздөрдү оозуңдан оргуштатып жатпайсыңбы!”

“Жок. Мен коркконумдан латын тилин унутуп калыптырмын”.

“Ой, тобо! Кудай сенден чыгып кеткенден кийин мээң ордуна келип алды го? Дардаңбай мырза болгондон көрө, демейдегидей эле карапайым Гонза болгонуң артык. Муну эч качан унутпа!” Атасы бул сөздөрдү айтып, аялына кайрылып: “Оо, кудай! Гонзабыз айыкты. Эми уулумду жин-шайтан азгырбайт!”

Атасы чынын айтты. Ошондон кийин Гонзик оорусунан биротоло арылды. Эми Гонзикке латын тилинин таптакыр эле кереги жок болуп калды.

Чех тилинен которгон Амирбек АЗАМ уулу

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз