АҢГЕМЕ
Күндөрдүн биринде Саша Краюшкина төрөлгөн жана жашаган шаар – Канавинскиде өрт болду. Шаардагы эң чоң “Универмаг” деген аталышы жаңыдан элге сиңе баштаган дүкөн өрттөнүп кетти.
Өрт болгон жерге милийсалар төрт күн катары менен шаардык тергөөчү, облустан чакырылган адам, канаевдиктер айткандай, - өзгөчө маанилүү иштер боюнча прокурордон бөлөк эч кимди киргизбей жатты. Төрт күндөн кийин түнкүсүн жамгыр жаап, мончо жыттанган, кара күйүк чычала устундарды жылаңачтап, өрттөн калган акыр-чикир, көөнү жууп кетти.
Мурдагы канавинскилик универмаг турган жер күйүк, чирик жыттанып, коолдоган жерге эч ким мурдагыдай кызыкпай, милийса кайтарбай, тергөөчү менен маанилүү иштер боюнча прокурор кабинетке жамынып алып, Канавинскиде мындай мүшкүл эмнеден болду – атайын жасалган ишпи же кырсыкпы деп ойлонуп жатышты.
Эл кызыкпай, тартип сактаган милийса кайтарбай калары менен, өрт болгон жер чөкөтаандын үйүрүндөй болгон канавиндик балдардын ээлигине өттү.
Алар жок болуп кеткен универмагдын ары караңы, ары сырдуу урандыларын бүт эси-дарты менен берилип, кызуу аңтарып, ар түрдүү буюм-теримдерге: бирде ачкычы жок кулпу, бирде коньки, эшиктин туткасын, бирде өрттөн такыр эле эмне экендиги билинбеген бир нерсе таап алып жатышты. Анан баары чогулуп калганда - ал эмне буюм, бүтүн болсо эмнеге керектелет деп талашып, бири-бирине макул болбой, ал талашты адамдарда байыртан келе жаткан адат – мушташ аркылуу чечип алышчу.
Күн санап өрт болгон жерге келген балдардын саны өсүп, караңгы, түнт жайлардан табылган олжонун саны азая берди. Олжо табуу барган сайын кызыктуу болуп, азгырыгы артат. Жеке үйлөрдө жашагандарга караганда, топтолуп жүргөнгө көнгөн, баракта жашаган балдар, өзүнөн өзү пайда болгон артелдерге биригип, издөөнү чогу жүргүзүшчү. Жалгыз издөөчүгө караганда коллектив менен издегендер жолдурак болгондой. Бир жолу жалаң бир тууган Краюшкиндерден турган артел, жарым пуд чамалаш, эрип, ыпыр-сыпыр аралаш жабышып калган, шоколад конфеттеринин түймөгүн казып алышты. Мындай баалуу олжону көргөндө эмгекчи балдардын кандай сезимде болгонун эч ким жазып жеткире да албайт.
Мындай табылга издөөгө багытталган балдардын эмгегин ого бетер шыктап, күчүнө күч кошту.
Кыздарды казуу иштерине жолотушчу эмес. Жалгыз Саша Краюшкинага гана көпчүлүктүн унчукпаган макулдугу менен, олжо табылары арсар, четирек жакта чукулаганга уруксат берилген. Сашага мындай мамиле болгону деле жөнөкөй, казуу иштеринде, жалгыз карындашын абдан жакшы көрүшкөн, эч кимге жемин жедирбес, чечкиндүү беш агасы иштеп аткан. Карындашы сырга бекем болгондуктан, кайда, качан болбосун агалары өздөрү менен ала жүрүп, балдардын коллективинде “өз киши” болуп калган эле. Ошондуктан мындай ары кызыктуу, ары олуттуу иш-чараларга карындашын кошпой коюу агаларынын оюна да келмек эмес.
Саша да бул чөйрөдөгү өз ордун жакшы билчү, ошондуктан агалары – эркектердин талаптарын кыйшаюусуз аткарып, казууга уруксат берилген жерде, четте, тартип бузбай жалгыз иштеп атты.
Казуу мезгилинде Саша бир эле топчу тапты, көп аракет менен жаркырата тазалангандан кийин, жылдыз гана ошондо бар экени билинди. Саша мындай табылганы да ийгиликке жоруду, анткени кандай айтканың менен, анын изилдөө аймагы такыр четте эле да. А агаларынын табылгалары, ийгиликтери менен такай кубанычта болду. Агалары үйдөн күрөк ала келип, изилдөөлөрүн кеңири жана жигердүү жүргүзүштү. Краюшкиндердин сарайына бир топ баалуу буюмдар кирди, алардын ичинде баш-аягы биригип калган темир керебет да бар болчу.
Баса, алар таап алган шоколад конфеттерин башка изилдөөчүлөр менен адилет бөлүшүп, тең жарымын күрөк менен бөлүп, өздөрүнүн ийгилик саатын күткөн балдарга берген. Калган жарымын үйгө алпарып, Краюшкиндердин үй-бүлөсү бир топ күн нанга конфет кошуп жешти. Краюшкиндердин үйүндө буга чейин шоколад конфеттери болгон эмес, ошондуктан ата-энеси балдарын мактап, бирок мектепте окуган улуу балдарын сабактарын калтырбай, кийимдерин мүмкүн болушунча айырбай, таза сактоосун өтүнүштү.
Күндөр өтө берди. Бир айдан кийин издөөчүлөрдүн саны азайды. Алар чычыла, кирпич, күлдөрдү аңтарып, жерге чейин казып, баалуу катмардагыларда табылгылар азайып, ишке мурдагыдай кызыгуу солгундады. Эми талкаланган, четтерин чөп баскан универмагдын урандыларынын арасында жолу болгондон чыккан жеңиштүү кыйкырык, аз угулуп калды.
Өрт болгон жерде балдардын чурулдаганы угулбай, чоңдор арасында сөздөр басаңдап, канавинскийликтерди толкундаткан окуя эстен чыга баштады. Мындай тез унутулушуна, канавинскийликтер сөз кылган жаңы универмаг, өрттөнүп кеткенден да чоң имарат курула баштаганы себеп болду окшойт. Ал имарат Маданият үйүнө окшоп кирпичтен, кире беришинде төрт кырдуу үч коланнасы менен курулуп жатыптыр.
Бир тууган Краюшкиндер издөөдөн акыркылардан болуп баш тартышты. Алар эми өрт болгон жерге анда-санда каттап, каттаганда да олжо табууга эмес, казактар-каракчылар ойногону келишчи. Саша гана бул жерди унута албады. Мезгил-мезгили менен келип турду. Бирок издөө үчүн эмес, күйүк жыты сиңип калган жымжырттыкты, күбүлүп түшүп жаткан топурак, ала бата, кекиренин уругунун тыбышын, коңулдагы чычкандардын чыйылдаганын угууга келчү.
Жашоо бүткөн жок, ал урандылардын артына жашынып, акырындык менен тумчуктурган ачуу уйкудан ойгончу. Кичинекей кыз ошол ойгоно баштаган аяр жашоону сезип, өзүнчө эле жаны сыздап, ойго чөмүлчү, белгисиз бир кусага батып, карарган устундарга жөлөнүп кыйлага турчу. Кээде муң баскан кыздын аруу жан дүйнөсүнөн жаш сыгылып, анын жан дүйнөсүндө тирүү дарактагыдай болуп жашыл ийнелер чыга баштагандай, алардан чайырдын тамчылары созулуп түшүп жаткандай сезилчү.
Саша үйүнө жоошуп, чарчап кайтчу. Чоң, тынчы жок, чуру-чууга көнгөн краюшкиндердин үйүндөгүлөрдү, ансыз да жумшак мүнөздүү кыздын күндөн күнгө мээрими, боорукердиги артып баратканы таң калтырды.
Өрт болгон жерди жарып, меңдубана, чалкан, уйгак, андай жерди жандап жүрчү ат кулак чыгып, күндөн күнгө көбөйүп чөп баса баштады. Камгак учурган коко, сүт тикен каптаган жерге ит, мышык, эчкилер – эч нерседен кайра тартпаган, шаман көздөнгөн шаардын эчкилери каттай башташты.
Күзүндө, мурда универмаг турган дөбөчө чөп, куурайга басылганда, трактор пайда болуп, чөп-чарды таптап, кышка карай күйүк устундардын коңулуна жашырынган чычкандардын кызыл эт балдарын, араң жан кескелдириктерди чочутуп, устундарды болот троско чалып оодарып, тазалай баштады.
Саша ал жерге чуркап жетип, жетери менен оодарылган устундун астында топурак менен жарым жартылай көмүлүп калган чымчыктын эски уясын, анын жанында кагаз түйүнчөк жатканын көрдү. Чүңкурга секирип түшүп, түйүнчөктү алып, балдарчасынан “Тур, меники!” – деп кыйкырайын деп, бирок кыйкырбай, таң калганынан оозу ачылып туруп калды.
Жылтылдаган, кычыраган, кантип сакталганы белгисиз кагаз түйүчөктөн Сашаны сары селдечен, кызыл плащчан көк көз азамат карап туруптур. Анын артында сарысөңгөк пальмалардын жайылган бутактары жапжашыл болуп, арасында краюшкиндердин үйүндөгү мышык – Мурашкага окшогон, муруттуу, сары жолборс бир нерсе аңдып баратат.
- Индия! – деп шыбырады кыз сүрөттү тиктеп, түйүнчөктү жыттап. Түйүнчөктөн ушундай бир сонун жыттанып, жыпар жыт мурдун жарып, бечара кыз энтиге түштү. Түйүнчөктү бооруна кысып, сүйүнгөндөн көздөрүн жумуп, эми алыскы, табышмактуу өлкө ушундай жыттаныш керек деген толук ишеним менен “Индия!” – деп кайталады да, тызылдаган бойдон үйгө чуркап, дарбазага жетип-жетпей, кыйкырды: - Апа! Ата! Балдар! Мен Индияны таап алдым!
Канттай аппак түйүнчөктө мала-кызыл түстөгү самын бар экен. Самынды Сашанын апасы сандыкка катып, балдарга майрамдарда жана мектептеги экзамендердин алдында жуунганы гана берчү.
Самын оролгон сүрөттүү кагазды Саша өзүнө алып калып, принц, пальма жана жолборсу бар сүрөттү карай берүүдөн тажачу эмес. Кичинекей кыз сүрөттү караган сайын жаңы нерселерди: бирде принцтин селдесиндеги жылдызды, бирде пальма бутагындагы кушту же жаңгакты таап алчу. Качан сүрөттөгү бардык нерселер дайын болуп, ал эмес жазуулары изилденип болгондон кийин, али тамга тааный элек кыз жазуулардын түспөлү аркылуу: СА-МЫ-Н, - деп окуп, жомоктогудай Индияда дагы кандай буюмдар, куштар жана айбандар, бак-дарактар болушу керек деп ойдон чыгарып, элестетип кыялга батчу.
Саша кийин деле ошол самын оролгон сүрөттү көргөндө эмнеге Индия элестеп кеткенин түшүндүрө албайт эле. Балким, агалары үн чыгарып китеп окуганда, ошол өлкө тууралуу бирдеме укса керек; балким, алар киного бир-эки жолу өздөрүнө кошуп ала барды эле, ошондо көргөн нерсе эсинде калганбы; же Индия деген сөзгө байланыштуу жомоктогудай окуялар кыялкеч кыздын түшүнө киргенби.
Саша эс тартып мектепте окуй баштады, география, андан кийин тарых сабагында да Индия тууралуу окушту. Бирок сабакта айтылган Индия Сашаны эч кызыктырчу эмес, сабакта айтылгандардын ал өзү ойлоп таап алган, жан дүйнөсүндө аяр сактап жүргөн сонун өлкө - Индияга эч тиешеси жок эле.
Жетинчи класстан кийин ата-энеси Краюшкиндер Сашаны шаардык байланыш бөлүмүнө үйрөнчүк кылып орноштурду. Агалары баягы өрт болгон жерден табылган керебетти сарайдан алып келип, даттан жалтырата тазалап, ортоңкү чоң бөлмөнүн бурчуна коюп беришти. Керебет өзүнчө турбайт эле, ошондуктан агалары анын баш-аягын, ооруган адамды даки менен таңгансып, жез зым менен чырмап, атасы башын жана аягын шлагбаумдай кылып ак тилкелерди салып, көк сыр менен сырдап койду. Саша керебеттин тушуна өз колу менен түрдүү түстөгү чүпүрөктөрдөн чакмак кылып куралган килемчени илип, керебетин жука торчолор менен саймаланган шейшеп салынга жууркан менен жаап, башына мык менен баягы сүрөттү – Индияны тагып, жашоосун уланта берди.
Бир аз мезгил өтүп, Саша үйрөнчүктөн телефонистка болуп которулуп, үйгө айлык маянасын алып келгенден баштап, өз алдынча маяна топтогон адамдардай токтоолук пайда болду. Темир чойгон станда иштеген улуу агасы, бир жолу аны телефондон таанып, сүйүнгөнүнөн: “Алё! Шурка! - деп кыйкырды эле, Саша ошол замат анын кыйкырыгын так жана катаал: “Бул жерде Шурка жок! Бешинчи угуп жатат!- деп үзүп койду.
Биринчи май майрамына карата Саша чач тарачка барып чачын тармалдатып келди, агалары башында чачын дайыма эркек балдардыкындай көкүл коюп жүргөн карындашын тааныбай да калышты. Алар аны тамашалап, бирок ошону менен бирге өздөрүнө түшүнүксүз, кандайдыр бир урматтоо сезими пайда болду, аралары мурдагыдай болбой, жик түшкөндөй болуп калды.
Анан дагы бир маанилүү жагдай: Сашаны райондук байланышта техник болуп иштеген жигит жандап калганы байкалды. Формачан, билимдүү, маданияттуу жигит. Энеси эки кишилик, жибек тыштуу, сатин жууркан шырый баштады, Саша болсо жумушунан кийин эки терезе парда: бири – сары гүлдөрү менен, экинчиси – кара көгүш- көйнөк тигип алып, баарын жакында эле Канавинскиде жаңы салынган, коланналары бар универмагдан алынган чемоданга бекитип алды.
Агалары Саша эми Краюшкиндин чоң үйүндө көпкө калбай турганын, аны техник-байланышчы кандайдыр бир белгисиз турмушка алып кетерин боолголоп, андайга көнбөгөн жандары, карындашы башка үйдө жашаарына ишене алышпай, элестете да албай жүрүштү. Таламандын тал тушунда эле бирөө алардын жакшы көргөн карындашын тартып кетип, аны бербей, коргоп калууга арга жок, колдорунан келбегендей сезимде жүрүштү. Аргасыздыгын, таарынычын чымчыма тамашага, каймана сөздөргө жашырып, алардын мындай жоругу Сашаны уялтып, убайымга салчу.
Бирок энеси кооз жуурканды шырып бүтпөй, Саша турмушка чыкпай калды. Жайында фашистер менен согуш башталды, үч улуу агасы, андан кийин техник-байланышчы мекени үчүн согушканы фронтко кетиши.
Кандуу, узакка созулган чоң согуш эле. Фронтко көп адамдар талап кылынган, согуш башталгандан бир жылдан кийин Саша да чакырылды.
Сашанын эки агасы да артта үйлөрүн калтырып: бири - танкист, экинчиси – зенитчик болуп согушта жүрүштү. Саша үйдөн эң акыркысы болуп кетти. Тунжурап жетимсирей түшкөн чоң үйдө атасы менен энеси гана калды. Саша мындай аңгыраган үйдө жалгыз калуу ата-энесине абдан оор болорун түшүнүп, кайгы тартып, санаа жебеш үчүн, үйгө квартирант кылып эвакуацияланган үй-бүлө киргизип алууну сунуш кылды.
Согушта Сашаны кесиби боюнча байланышка ишке коюшту. Ал жакшы иштеп, командирлердин жана башка башчылардын айткандарын так, тез аткарууга аракет кылчу. Байланыш үзүлүп калганда, өзү согушуп жаткан артилериялык батареянын командирине караганда, Саша көбүрөк убайым тартчу. Жакшы согушуп, бир нече жолу ок жааганына карабай, байланышты улап турганы үчүн эки медаль берип, орден убада кылышты.
Сашанын бою пас, иште ыктуу, шамдагай болуп, кайрадан эркек балдардай чачын кырктырып, согушта көп эркектин көзүнчө юбкага караганда шым ыңгайлуу деп эсептеп, гимнастёрка жана шым кийип жүрдү.
Райондук байланыш бөлүмүнүн техниги – Сашанын жигити фронтто курман болуп, бир улуу агасын да өлтүрүп коюшту, эки улуу агасы согуштун башынан бери эле дайынсыз, кыязы, туткундун азабын тартып жүрүшөт окшойт.
Ансыз да ойчул, көп сүйлөбөгөн кыз, кайгылуу кабарлардан, оор фронттук турмуштан такыр эле унчукпас, ал эмес катаал болуп алды. Аны менен сүйлөшкүсү, кыздын сырын тарткысы келген жигиттерди чечкиндүү кагып койчу. Кээде гана фронтто сейрек болор тынчтыктын убагында, батареянын командири байланышчынын катаал өңү жумшарып, ойго баткан көздөрүнөн жылуу мээрим чачыраганын байкап: кыз бул убакта согушта эмес, ок жааган алдыңкы катарда эмес, а кандайдыр бир алыскы-алыскы жакта жүргөнүн сезчү. Байланышчы кызды аталык назик сезимде жакшы көрүп, аяп жүргөн комбат бир жолу ошондой мезгилде сурап калды:
- Кандай кыялга батып, эмнеге эле күлүңдөп атасың?
- Мен, жолдош капитан, Алексей Васильевич, Индия тууралуу ойлоп атам,- деди кыз шар эле.
Кыздын мындай жообу комбатты убайымга салып, ал эмес коркутуп да койду. Дагы бөлөк нерселерди сурамжылаганга даабай, бирок азыр өнөктөшү менен алмашып, жакшылап уктап, эс алууга кеңеш берди.
Харьковдун астында кышкы оор согуш жүрүп жаткан. Саша байланышчы болуп иштеген батареяда адамдар да, замбиректер да аз калды. Ага карабастан батарея душман менен согушуп, снаряддары менен аларды талкалап, а артилеристер күнү-түнү үзгүлтүксүз байланышка муктаж эле.
Согуш күндөрүнүн биринде, кечкурун, фашистер Сашанын батареясынын байкоо пунктуна артналет[1] жүргүзүп, осколка линияны үзүп кетишти. Саша согуштан талкаланган, кар баскан украина кыштакчасынын жалгыз көчөсү аркылуу тартылган линияга чыкты. Кар сапырган алай-дүлөй бороон болуп, линия кар күрткүлөрдүн астында калган. Белине чейин күрткүгө батып, зымды улам кардан сууруп, Саша үзүлгөн жерди тапты. Бир жак учун жол боюндагы сынган даракка илип, Саша ойлоно баштады – экинчи учун кантип табат? Ал тажрыйбалуу байланышчы болуп калган эле, ошондуктан байланыш линиялары кандай жерге тартыларын байкап жүрчү. Колу, буту менен солкулдаган жыгач кашаанын түбүн күрөп атып, зымдын экинчи учугу өтүгүнө илинди. Бирок зымдарды улай албады. Оор кар басып калган зымдарды чоюп улаганга Сашанын күчү жетпей, шашып атып кошумча зым ала чыкпаганына кейиди. Артналет күтүүсүздөн болгондуктан Саша блиндаждан жеңил, жалгыз шинели, жалгыз телефон аппараты менен гана чуркап чыккан. Жашыруун чөнтөгүндө техник-байланышчынын сүрөтү, ата-энесинен келген каттар, аскердик китепчеси катылган шырмалы да блиндажда калыптыр.
Суук сөөктөн өтүп, ишти тезирек бүтүрөм деп, жеңил чуркап чыккандыгына өзүн күнөөлөдү. Бир азга ойлонуп, кандай кылышты түшүндү. Улам бир бутуна алмак-салмак секирип кичине жылыгандай болду, анан колдорун өз деми менен жылытып, жыгылган кашаага кадалган тикендүү зымды чыгара баштады. Тикендүү зым согуш боло электе, ууруларга каршы кадалган болсо керек.
Тикендүү зымды телефон линиясынын бир учуна жалгап атканда фашистер кыштакты миномет менен күчөп аткылай башташты. Жакын жерден жарылган толкун Сашаны кар күрткү менен кошо өйдө ыргытып, кайра жерге урула бергенде, ичи менен бир курч нерсеге урунгандай болду. Саша кардын астынан чыгууга аракет кылып, бирок тегеректе мина жарылып, кызды улам тереңдетип карга көмө берди. Ал ооналактап, бирок өзүн кардан сууруп чыгууга күчү келбей, акыры алы кетип, кандайдыр бир жылуулукту сезгендей, ичинин ачышканы да басаңдагандай болуп, тынчып калды.
Улам эстеп, шалдырап уйкусу келди.
Ошол замат Сашанын көзү жабылары менен, Урал тоосунун этегиндеги темир жол линиясынын ары жагындагы ыштан карарган жыгач устундардан тургузулган үйдү, шлагбаум сыяктуу тилкелери бар көк керебетти, керебеттин баш жагына сүргүлөнгөн, акталган жыгач дубалга илинген – Индия өлкөсүн көрдү.
Аны күүгүмдөгөн бурчтан кызыл плащчан, сары селдесинде көз уялта жалтылдаган алмаз жылдызы бар, бала кезинен жаны бирге татынакай принц, сүйкүмдүү көк көздөрү менен тиктеп турат. Принцтин артындагы пальмалар бутактарын термелтип, ичин каарып, жүрөгүнө жакындап кызарган чокту сууткан салкындыкты жиберип жаткандай. Чарчагандан, чыдатпаган улам ысыктан жарылып кечидей жүрөгү дүкүлдөйт...
Талкаланган кыштакчада араба менен улгайган солдат келатып, жолдон карга көмүлүп калган аскер тумакты көрдү. “Аскер тумак болгон жерде солдат да болуш керек” деп ойлоду арабекеч. Ал атын токтотуп, тегерегин каранды, эч нерсе көрө алган жок. Күрткүнүн үстүндө, кашаада тикендү зымга жыгач сандыктагы телефон байланып, трубкасы шамалга чайпалып турган экен: “Телефон болгондон кийин байланышчы жоокер да ушул жерде болушу керек” деп, карт солдат күрткүнү колу менен күрөй баштады.
- Алда байкушум ай! - кызды кардан казып алып, карт солдаттын үнү кардыкты. Жылуу колдору менен кыздын бетинен карды сүртүп, алсыз шалкылдаган башына тумагын кийгизди. Аяр көтөрүп саман төшөлгөн арабасына жаткырды. Жакшылап карап, кыздын шинелинин астында, ичинде кан сызылган чоң жараатты көрдү. Өзүнүн жалгыз пакетин жыртып биринчи жардам - жараатты таңа баштады, алаксытыш үчүн сүйлөй берди:
- Чыда, чыда кызым, азыр жаратыңды таңып, анан санротага алып барам, коркпо, таштап кетпейм. Кай жердик болосуң?.. Эмне унчукпайсың? Мейлиң, унчукпа, унчукпай эле кой, күчүңдү сакта. Күч керек болот... Үйлөнүү тоюңа керек болот. Үйлөнүү тоюңа жетиш керек, сөзсүз жетишиң керек.
Солдаттын үнүнөнбү, сууктанбы, кыз бир азга эсине келди, ошол замат чечилген галифе-шымын мыкчып, эркектин колун жылаңач денесинен алсыз түртүп, коргоно баштады.
Солдат кыздын каршылык көрсөткөнүнө карабастан жараатты таңып, ошол эле маалда кызды ишендиргиси келип, кудайга шүгүр, эки кызын Барнаул шаарында жакшы адамдарга турмушка узатканын, ошондуктан кыздын денесине ата катары гана карап жаткандыгын, анын үстүнө азап тартып, кансыраган ага эч жаман ою жогун сүйлөнө берди.
Жаратты таңып, камдуу карт солдат өз флягасынан от менен жалын болуп, араң дем алган кыздын оозуна бир ууртам арак куюп, кыздан өңүн буруп, бетине жабышкан карды мээлейи менен сүрдү.
- Ушуларды кантип... Ушундайларды эмне үчүн?.. - деди солдат айласы куруп, бурганактап жаткан ааламды күбө тартып. Сууланган кирпиктерин ирмеп, шинелинин этегине мурдун тазалады. Андан кийин шамалга далысын сала олтуруп, калтыраган колдору менен дивизиондук газетанын жарымындай болгон килейген тамеки ороду, оттугунан от чагып, күйгүзүп, өзүнө окшоп карыган жана каржалган атын жылдырды.
Бурганак басылбай, бороон улуйт. Көпшөк карда каржалган ат араң жылат. Кар бурганагын, асманды чүмкөгөн булутту трассер октор[2] каршы-терши тепчип, кечигип, шашып жаткансыган пулеметтордун чочуган үнү угулат. Мезгил-мезгили менен бирде жакын, бирде алысырак снаряд жарылып, кайдандыр тыгылган танкт үзүлүп-кесилип, айбанча жан талаша кыркырайт. Кыйшайган телеграф мамыларында үзүлгөн зымдар озондойт.
Тынчтык мезгилдеги турмуш мыйзамына ылайык, түнкүсүн бардыгы тынчып, талаадабы, токойдобу, - түнгө калган бардык жандык, бардык жолоочу отко, жашоого ыңгайлуу жайга, адамдарга шашылат. Айбандар - ат же уй болобу, түнкүсүн өздөрүнө – атка же уйга тишелүү маселесин ойлонуп жылуу сарайда үргүлөп турар эле да. Бул согуш ушундай мезгилде да басылган жок.
Жарадар кыз бирдеме дегендей болду. Арабакеч терең ойдон эсине келип, эриндерин чопулдатып суу болгон, өчөйүн деген тамекисинин түтүнүн соруп, атын токтотту. Бурулуп аны эмес, жинденип жаткан бороон-чапкынды эмес, көздөрүн ачып, күлүмсүрөп бир жакты тиктеген кызды таң кала карады. Солдат эңкейип кулагын кыздын оозуна алпарды.
- Саламатсыңбы, Индия! Саламатсыңбы...
Кыз дагы кимге: “Саламасыңбы!” – деп айтканын солдат уга албады, кыздын үнү өчүп, өңгөчүн тартып, жеңилдене түшкөндөй, карт солдаттын кулагына узун дем чыгарганы гана угулду.
Ал башынан шапкесин алып, кыздын өзүнө гана белгилүү кубанычтуу нерсени көргөндөй болуп чачыраган, жумулбай калган көздөрүн кар басып жатканын тиктеп, бир нече убакыт арабанын жанында мүңкүрөп турду.
Жолго жакын жоокерлер бомбадан жашырынчу, жаңыдан казылган аңгектер бар экен. Ошолордун бирине карт солдат кыздын денесин түшүрүп, үстүн шинели менен жаап, кар аралаш топурак менен көмдү.
Жакын бакчада кандайдыр бир гүлдөрдүн кургаган сабактары, карга чейин ийилип калган күнкарама шамалга ыргалып турган экен. Солдат күрткү кечип бакчага барып, гүлдөрдүн уруктарын, бир ууч күнкараманын данын ушалап алды. Алаамат салган чоң согушта кыздын сөөгү жаткан жер белгилүү болсун үчүн, агара баштага мүрзөнүн тегерегине уруктарды чачты да, өзүнүн жоокердик иштери менен, алай-дүлөй бурганактаган бороондуу кечке сиңип кетти.
Кышында согуш бул жактан батышка карай жылып, жайында жол жээгиндеги солдаттар казган окопто – гүлдөр менен сары желектүү ирбийген күнкарама өсүп чыкты.
Азыр ушул украиналык айылга келип калган бирөө жол жээгинде кимдин сөөгү коюлгандыгын сураса, айылдыктардын жообу: Индия деген солдат. Айылдыктарга бул адаттан тыш солдаттын атын кырк экинчи жылы кышында алдыңкы чепке араба менен ок-дары тарткан карт солдат айтып кеткен экен.
Орусчадан которгон Марсел ИСАЕВ
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR