АҢГЕМЕ
Ашканада экөөбүз эле болчубуз — мен жана Бум. Мен үстөлдүн астында салаңдаган буттарымды ары-бери ала качып, а Бум жылаңаяк сороңдогон согончогуму кубалап, акырын тиштегилеп ойноп кирди. Ал жетип тиштеген сайын кытыгым келип, каткырып аттым. Үстөлдүн үстү жагында атамдын жакында эле апам экөөбүз чоңойттуруп келген чоң сүрөтү илинип турган. Атам ал сүрөтүндө көңүлү ачык, жадырап-жайнап сонун түшүптүр. Бирок Бум экөөбүз ойноп, мен олтургучка олтуруп алып, үстөлдүн четин кармап ары-бери чайпала баштаганымда атам эмнегедир мага карап баш чайкагандай сезилди...
— Карап тур, Бум... — деп шыбырап, оозумду жыйгыча, катуу күүлөнүп алгандыктан жыгылып кетчүдөй жанталашып, үстөл үстүн жапкан тасмалды кармай калдым. Үстөлдүн кыры колумдан чыгып кетти. Шыңгыр эткен үн чыкты... Жүрөгүм оозума тыгылды. Акырын олтургучтан жылбышып түшүп карасам, жерде чынынын кызгылтым сыныктары чачылып, кырбыларындагы алтындын буусуна карматылган сыныктары күнгө чагылышып жалтылдайт тимеле. Бум үстөлдүн астынан чыгып, сыныктарды шимшилеп жыттады да, башын бир жагына кыйшайтып, бир кулагын көтөрүп чокчоюп олтура кетти.
Ашкананы көздөй ылдам келаткан кадамдын үнү угулду.
— Эмне болду? Ким кылды? — Апам бетин алакандары менен жаап, тизелеп олтура калды. — Атаңдын чынысы... атаңдын чынысы... — деп күйгүлтүккө түшүп, кайталады. Анан башын көтөрүп жекиргендей карады: — Сенин кылганыңбы?
Чынынын өңү бозомтук тарта баштаган күлгүн сыныктары анын алаканында күнгө чагылышып жаркырайт. Тизелерим титиреп, тилим күрмөөгө келбей мукактанып калдым:
— Бул... бул... Бум!
— Бум? — Апам өйдө турду да, кайра тактап сурады: — Бумбу?
Башымды ийкедим. Бум, өз атын угуп, апам экөөбүздү алмак-салмак карап, кулактарын тикчийтип, куйругун шыйпаңдатып койду.
— Ал эмне кылып сындырды?
Кулактарым ысып чыкты. Алаканымды жайып:
— Секирип ойноп аткан... таманы тийип...
Апамдын өңү кара көк тартып чыкты. Ал Бумдун каргысынан алып, эшикти карай жетелеп сыртка чыгарып салды. Мен анын артынан чочулай карап турдум. Каалга жабылып, сыртта калган Бум жаны-алы калбай каалганы тырмалап, үрүп атты.
— Мындан кийин ал короодо жашайт, — деди да, апам олтургучка шалдайып, унчукпай ойго батып олтуруп калды. Эмне кылып атканын билбей нес болуп, үстөл үстүндөгү нандын майда күкүмдөрүн чогултуп, майда шариктерди жасап кирди. Айланасында эмне болуп атканы менен иши жоктой, бир чекитти кадала тиктеп мелтирейт. Анын жанына даап бара албадым. Бум, үйгө кире албай каалганы тырмалайт.
— Аны киргизбе! — деди апам бир кезде башын өйдө көтөрүп, анан мени колумдан тартып, өз бооруна кысты. Чекемден өпкөндө, мен анын дагы эле бир ойдон арыла албай атканын сездим, ал менден акырын сурады:
— Сен аябай корктуңбу?
Албетте, коркком: анткени атам өлгөндөн кийин биз анын буюмдарын көздүн карегиндей сактап жүрчүбүз. Бул атам чай ичкен чыны эле...
— Сен аябай корктуңбу? — кайталап сурады апам.
Башымды ийкеп, аны мойнунан бекем кучактадым.
— Эгер сен... байкабай... — деп акырын баштады ал.
Бирок мен шашкалактап анын сөзүн оозунан жулуп кеттим:
— Жок, мен эмес... Бум... Ал секирип аткан... Бир аз секирип ойногусу келген... Аны кечирип кой!
Апамдын моюну кулактарына чейин кызарып чыкты. Ал ордунан чечкиндүү турду.
— Бум экинчи бөлмөгө кирбейт, мындан кийин ал короодо жашайт.
Мен унчуккан жокмун. Үстүл үстүндө илинген сүрөттөн атам мени карап турду...
* * *
Бум алга сунулган буттарына акылдуу башын жөлөп, жабык эшиктен көзүн албай, үй ичинен чыккан шырп эткен шыбыртты тыңшап, кире бериште жатты. Үйдөн үн чыкса башын көтөрүп кыңшылап, куйругу менен жерди чапкылап коёт... Башын кайра буттарына жөлөп, кадимки адам сыяктуу күрсүнөт.
Убакыт өтө берди, барган сайын кыжаалат болуп, өзүмдү жаман сезе баштадым. Кеч кирип, үйдөгү жарыктар өчүп, эшиктин баары бекип, Бум караңгы түндө жалгыз каларын, анын суукта үшүгөнү аз келгенсип, коркоорун ойлогондо жонумдан муздак тер чыгып, жанымды коёр жер таппайм. Эх, арман ай... чыны атамдыкы болуп калганын карабайсыңбы... эгер атам тирүү болгондо... таптакыр мындай болбойт эле да...
Апам мени эч качан байкабай жасаган кылыктарым үчүн жазалачу эмес... Мен апам жазалайт деп корккон жокмун, жаза канчалык коркунучтуу болбосун чыдамакмын дечи. Бирок апам атамдын буюмдарына кандай гана кылдат мамиле кылат! Анын үстүнө, күнөөмдү дароо мойнума албай, аны алдап койбодумбу, мына эми убакыт өткөн сайын күнөөм оорлоп, калпымдын азабын тартып атам...
Сыртка чыгып, кире бериште жаткан Бумдун жанына барып олтурдум. Анын жумшак жүнүнө башымды жөлөп олтуруп, байкоосуздан өйдө карасам, апам ачык терезеден бизди карап турган экен. Менин кебетемден эмне ойлоп жатканымды билип албасын деп чочуп кеттим да, сөөмөйүмдү Бумга кезеп, апам уккудай катуу айттым:
— Чыныны сындырбашың керек эле.
Кечки тамактан кийин аба ырайы бузулуп, кайдан-жайдан чыга калган түнөргөн кара туман айлананы каптап калды.
— Жамгыр жаайт,— деп койду апам.
Мен андан сурана баштадым:
— Бумду үйгө киргизеличи...
— Жок, болбойт.
— Жок дегенде ашканага... апаке!
Ал башын чайкады. Мен көзүмдөн сыгылып чыккан жашты андан жашырып, дасторкондун чачысын кармаламыш болуп унчукпай калдым.
— Болду, укта, — деди апам үшкүрүп.
Чечиндим да, төшөгүмө көмкөрөмдөн кулап түштүм. Апам чыгып кетти. Чала жабылган каалганын ачык жеринен менин бөлмөмө, апамдын бөлмөсүнөн чыккан жарыктын саргайган тилкеси түшүп турду. Терезе сыртында капкара туңгуюк оңураят. Шамалдан ыргалган дарактардын шуулдаган дабышы бирде тынчып, бирде катуулайт. Мага дүйнөдөгү коркунучтуу, тири шумдук желмогуздардын бардыгы ошол терезе сыртындагы караңгынын коюнуна чогулуп алгансыды. Ошол капкара туңгуюк ичинен, шамалдын шуулдагына аралаш чыккан Бумдун добушун эшиттим. Мага анын тереземдин түбүнө келип үргөнү үзүл-кесил угулду. Чыканагыма жөлөнө калып тыңшап калдым.
Бум... Бум... Керек болсо ал да атамдыкы эле. Акыркы жолу атамды кемеге чейин чогуу узатып барганбыз. Атам кеткенден кийин Бум тамак жебей бир нече күн жатып алганда, апам жалдырап атып араң жедирген. Ал ага атам сөзсүз келет деп убада кылган. Бирок атам келген жок...
Бумдун жалооруй үргөн үнү бирде алыстап, бирде жакындан угулат. Ал эшиктен терезеге, терезеден эшикке чуркап, каалганы тырмалап, кыңшылап, жалдырап суранып жатты. Апамдын бөлмөсүнөн дагы эле жарыктын тилкеси тийип турган. Мен ооналактап, төшөгүмдө тынч жаталбай, тырмактарымды кемирип эмне кыларымды билбей айлам кетти. Аңгыча болбой, катуу шамал жамгырдын чоң тамчыларын терезеге айдап, айнек барабан каккансып дабырттай түштү. Мен секирип турдум. Жылаңаяк, жалаң көйнөкчөн апамдын бөлмөсүнүн чала жабылган каалгасын жулкуп ачтым:
— Апа!
Ал башын үстөл үстүнөдөгү эки колунун бүгүлгөн чыканактарына жөлөп олтурган боюнча уктап калыптыр. Мен эки колдоп анын башын өйдө көтөргөндө, колундагы нымдуу, бырышкан бет аарчысы жерге түшүп кетти.
— Апа!
Ал көзүн ачып мени жылуу кучагына кысты. Шатырап жааган жамгырдын дабышына аралаш кыңшылаган иттин добушу угулду.
— Апа! Апакебай! Чыныны мен сындыргам. Мен сындыргам! Мен! Бумду үйгө киргизеличи... Анын бет булчуңдары титирей түштү, мени колдон алып, сыртты көздөй жүгүрүп жөнөдүк. Караңгыда олтургучка чалынып жыгылып, үнүмдү катуу чыгарып ыйлап жибердим.
Бум, жүзүмдөгү көз жашты муздак тили менен жалагылап, андан жамгырдын жана суу болгон жүндүн ысык жыты уруп турду. Апам экөөлөп аны кургак сүлгү менен аарчып кургата баштадык. Ал төрт бутун асмандатып, жерге ары-бери оонап чексиз кубанычын өз тилинде билгизип жатты. Анан тынчып калды да, ордуна барып жатып, көздөрүн ирмебей бизди карады. Ал: «Мени эмне үчүн сыртка кубалап чыктыңар, эми эмне кайра киргизип эркелетесиңер?» — деп ойлонуп жаткансыйт.
Апам да көпкө чейин уктай албай: «Уулум эмне үчүн чындыкты дароо айтпай, түн ортосунда мени ойготтуң?» — деп ойлонуп жатты.
Мен да керебетимде жатып: «Апам эмне үчүн мага бир ооз жаман кеп айтып тилдеген жок, эмне үчүн чыныны Бум эмес, менин сындырганыма кубанып кетти?» – деп ойлодум.
Бул түнү көпкө чейин уктай алган жокпуз, үчөөбүздүн башыбызда “эмнеге?” деген чоң суроо турду.
Орусчадан оодарган Абийрбек Абыкаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR