Хан элинен даанышмандарды издеп, ким өзүн акылдуу эсептесе алдына келүүсүн буюрган жарлык айттырат. Ар бир киши өзүн акылдуу сезгени менен хандын алдына барып акыл айтыш кыйын да: эки күн өтөт, бирок эч ким келбейт. Үчүнчү күнү хандын кабыл алуусуна үч абышка келет. Аларды чакырткан хан биринчи чалдын башында бир тал чач жок экенин, экинчи чалдын чачы куудай ак, муруту кара экенин, үчүнчү чалдын сакал-муруту жок көсөө экенин байкайт.
- Канча жаштасыңар? – биринчи суроосун берет хан.
- Жетимиштебиз, - жарыша жооп беришет чалдар.
- Тең-туш экенсиңер да.
- Ооба.
- Анда эмнеге сенин башың таз, булардыкы таза? – биринчи чалга кайрылат хан.
- Көптү көргөн кишинин акылы толот экен, акылы толгон кишинин башын чачтары таштай качып таз болот экен, - деп жооп берет биринчи чал.
- А сенин эмнеге чачың ак, мурутуң кара? – хан экинчи абышкадан сурайт.
- Чачым өзүм менен жашташ, муруттарым менден жыйырма жашка кичүү, ошон үчүн кара, - дейт экинчи чал.
- А сенин эмне үчүн сакал-мурутуң жок?
- Мен ата-энемдин жалгыз баласы элем. Ошон үчүн мен атамды таарынтпаш үчүн эркек болуп төрөлгөм, апамды таарынтпаш үчүн сакал-мурутсуз туулгам, - дейт үчүнчү абышка.
Ошентип хан менен үч абышка көпкө маектешет. Хан көптөгөн суроолоруна жакшы жоопторду алган соң абышкаларга ыраазы болуп бир кап алтын берип узатат. Хандын мындай марттыгына ичи чыкпаган кеңешчиси нааразы болуп: “Ушуларды акылман санаган хан деле макоо экен да. Карап тур, буларды үч гана суроо менен ордуна коюп, алтынды тартып албасамбы!” – деп ойлоп ханга кайрылат:
- Ханым, үч абышкадан андай деле акылмандыкты байкаган жокмун. Бир кап алтын бергениңиз чекилик болуп калды. Мен аларга үч суроо берип, жооп бере алышпаса алтыныңызды кайра алып келип берүүгө даярмын.
- Андай болсо артынан жетип ошол камдаган үч сурооңду берип, жооп бере алышпаса алтынды мага алып келбей эле өзүңө энчилей бер, - дейт хан.
Ошентип кеңешчи чалдардын артынан чаап жөнөйт. Катуу келаткан атчандан жакшылык күтпөгөн чалдар токтой калышат.
- Мен муну токтотоюн эмне дээр экен; кебин угайын, силер бара бергиле, - дейт бир чал, берки экөө макул болуп жөнөп кетишет.
Хандын кеңешчиси жетип келип сурап турат:
- Сен акылмансыңбы?
- Ошондоймун деп ойлойм.
- Андай болсо үч суроо берем жооп бер, жооп бере албасаң өзүңдөн көр! Дүйнө деген эмне?
- Дүйнө деген күн менен түн. Түнү уктайбыз, күнү иштейбиз.
- Жер деген эмне, суу деген эмне?
- Жер – адамдын энеси, суу – балыктын энеси.
- Убакыттын алмашуусу деген эмне?
- Ах курган башым, бул суроонун жообу тиги абышкаларда эмес беле! Мага бир азга атыңызды бере туруңуз жоопту алып келе калайын, - дейт абышка башын мыкчып.
“Кармалдыңбы как баш! Эми менден кутула албайсың”, - деп ичинен кымыңдаган кеңешчи атынан түшүп бере калат.
Абышка атка минген соң мындай дейт:
- Сиздин атыңыз бар эле, меники жок болчу. Сиз ээрде отургансыз, мен жерде тургам. Азыр мен атчан, сиз жөөсүз. Мына дал ушул убакыттын алмашуусу болуп саналат. Ыракмат сизге! Кош болуңуз! – деп чал атка камчы салат.
Алтынга ээ болгусу келген кеңешчи алтын турмак атсыз калат.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ