Фарук Өзкан: Токоч уурусу

  • 13.11.2026
  • 133

АҢГЕМЕ

Ар кандай улуттагы адамдардын бири-бирине карап сүйлөп жаткандагы ызы-чуусу, ары-бери өткөндө дөңгөлөгүнөн чыйылдап үн чыгарган түркүн түстүү чемодандар, улам жаңы рейстерди айтып жаткан кыздын ар тараптан жаңырган жагымдуу үнү, жаңы эле учактан түшүп, сыртка чыгып бараткан адамдар калдайган чоң сумкасын көтөрүп бараткан туристтер... Бул жер албетте, сиз билген аэропорт.

Ошол аэропортто түн бир оокумда бир аял өз рейсин күтүп жатты. Бирок самолёттун учуусуна дагы бир топ убакыт бар эле. Ал жердеги кичинекей дүкөндөн китеп жана бир таңгак токоч сатып алып, бош, темир отургучтардын бирине барып отурду.

Колундагы окуп жаткан китептин ичиндеги окуяга ушунчалык берилип кеткендиктен жанында отурган кишини да байкабады. Акырын көз кыры менен караса, баягы өзү алган бир таңгак токочко уялбастан колун салып, бирден алып жеп отурат. Бир жактан китеп окуп, бир жактан токочунан алып жеп, улам-улам саатты карайт.

Ошол учурда токоч уурусу акырындан токочту да түгөтө баштады. Кулагын саат жебесинен чыккан тик-тактарга төшөсө да, алар аялдын ачуусун токтото алган жок. Өзүнчө: “Эгер бейтааныш адамдарга сылык мамиледе болбогонумда, ушул кишинин көзүн көгөртө урмакмын!” деп ойлонду...

Аял колун таңгактын ичине салып токоч алган сайын, жанында отурган киши да улам бирден алып жеп атты. Аягында таңгакта бир эле токоч калды. Киши ошол токочту алып, аялга жылмая карап, тең экиге бөлүп койду. Токочтун жарымын оозуна салып атып, экинчи жарымын да аялга узатты.

Аял корстон мүнөздө узатылган токочту колунан жулуп алып: “Ушунчалык да уяты жок, копол адам болобу?!”- деп өмүрүндө мынчалык катуу ачууланганын эстей албады.

Самолёттун учуу убактысы айтылганда аял бир аз өзүнө келди. Отургучтагы буюмдарын топтоп, эшикти көздөй басты. Артында калган токоч уурусуна кайрылып карап да койбоду. Самолётко чыгып, жумшак отургучуна отурду да дээрлик соңуна чыгып калган китебин ачып окуй баштады.

Сумкасына колун салары менен көздөрү чайыттай ачылды. Баягы өзү сатып алган бир таңгак токочу сумкасынын ичинде экен. “Эгер булар менин токочторум болсо, отургучтагы токочтор да тигинин токочтору турбайбы.” Кишинин жанына барып, кечирим суроого кеч болуп калганын ойлоп кайгырды. Уяты жок, копол токоч уурусу өзү болуп чыга келди.

Түрк тилинен которгон Мыскал КОЧУМКУЛОВА 

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз