Салкынай Шайылдаева: Желим кайык

  • 17.11.2026
  • 294

АҢГЕМЕ 

Караңгы түн. Жээги калың токой менен курчалган деңизде желим кайык менен бараткандар үчүн шамалдын ышкырыгы кулакка сайылып, караңгылык сүрдүү да, каардуу да сезилет. Беш метрлик желим кайыкта жыйырмадай ар улуттун адамдары кан күйгөн өз журтунан качып, бөтөн жактан баш паанек издеп, үмүт сапарында деңиз үстүндө чайпала жол жүрүп келет.

Үстүндө – асман, алдында – деңиз... Тээ асмандын бир четинен кээде чагылган жарк этип, ошол жарыкта ар кимдин жүзү бир көрүнүп, кайра караңгылыкка сиңип кетип жатты... Ар кимдин арманы ар башка, тагдыры ар башка, улуту, тили да башка. Бирок бир кайык ичинде бир максатта бейпил жашоо көздөрүнөн учуп, аны эңсеп баратышат. Кайыкка бир түшкөндүн жаны бирге. Жүздөрүндө чарчоо, көкүрөктүн тереңин кооптонуу ээлеп турса да, бүлбүлдөгөн үмүт ишеними аларды бири-бирине жакындатып барат.

Алардын катарында кызыл күрмөчөн беш жаштагы сириялык Айлан, бешиктей термелген кайыкта энесин бек кучактап, атасынын жанында эле...

– Ата, деңизден, караңгыдан, токойдон коркуп атам.

– Коркпо, кызым, жаныңда мен отурбаймынбы.

– Токойдогу жапайы камандар, ажыдаарлар бар эле го. Алар кайыкка келбейби?

– Келбейт. Алар деңизден коркот, а сен коркпо, кызым. Сен биздин жана Айдын кызысың. Ошондуктан атың - Айлан. Баарыбыз сени коргойбуз.

– Апа, эми досторум жок, ким менен ойнойм? Бир эле досум Халима калды эле, үйүнө бомба түшкөндө ал да өлүп калды.

– Халима бейишке кетти, кызым. Биз барган жерде досторуң көп болот.

– Халима бейиштен кайра келсе болбойбу? Аны менен ойногум келет, сагындым... Апа...

– Азыр сен ай, жылдыздар менен достош. Карачы, асмандагы жылдыздар сени карап, достошкусу келгенин.

– Апа, эчкиге, аюуга, итке, топко, балмуздакка, чөмүчкө окшошкон көптөгөн жылдыздар бар экен, ээ... Бир, эки, үч, төрт, беш... Жылдыздар учкан учурда, менин да учкум келет.

– Айлан, карачы! Сени коркпосун деп Ай чыгып келатат.

– Мага келатабы?!

– Албетте, сага.

– Айды жакшы көрөм, апа. Ал дайым мага жылмайып турат. Жарык берет. Айга баргым келет. Кучактап өпкүм келет. Жаныма, кайыкка келсе болобу?

– Кайыкка келсе, жарык бере албай калат. Ай бийикте болсо, бизге жакшы жарык берет.

– Ата.

– Оов, ширин кызым!

– Биз бара жаткан жерде согуш, бомба жокпу?

– Ошо согуш жок жерге баратабыз да. Ал жакта согуш болбойт.

– Ал жерде көптөгөн досторум менен Халима менен ойногондой кубалашмак, жашынмак ойносом болобу?

– Болот. Дагы көп кызыктуу оюндарды ойнойсуң. Сага абдан сулуу куурчак сатып беребиз.

– Апа, эмнеге биздин жаныбыздагы кишилер ар башкача сүйлөшөт? Мен аларды түшүнбөй атам.

– Алар биз жашаган жакта эмес, башка жакта жашагандар башка тилде сүйлөйт.

– Сен, өзүң жакшы көргөн Айды карап жатсаң, ал сени уктатып коёт. Уктасаң коркпой каласың.

– Деңиздин муздак суусу улам бетиме чачырап уктатпай атпайбы. Курсагым ачты. Апа, тахин (кунжут эзмеси) менен таттуу жупка жасачы элең го, ошону жегим келип атат.

Кызынын ушул сөзү Салиханын жүрөгүн тилип кеткендей болду. Айланды көкүрөгүнө дагы бекем кыса кучактап, жаш толгон көзүн ирмеп: “Я. Алла, ушул наристемдин курсагы ачпай, коркпой жашай турган күнгө жеткирчи. Таттуу жасай албай калганыма канча убакыт болду, өзүм да билбейм. Жалаң коогалаңдуу коркунучтун кучагында күн көрүп, акыры жан соогалап, качып жүрбөйбүзбү... Эми дагы кандай күнгө туш болобуз? Көксөгөн жерге жетебизби?”

Санаасы санга бөлүнгөн эне эрдин кесе тиштеп, ичтен сызып ыйлап, улам-улам кудайга үнү жетчүдөй кобуранып, алаканын жая тилек тилеп, жаратканга жалбарып, муун-жүүнү бошоп, бүткүл денеси чымырап, калчылдап кетти. Аңгыча деңиздин катуу толкуну желим кайыкты аңтарып салчудай катуу аласалганда, муздак деңиз суусу Айланды ортого алып, бүжүрөп олтурган бул үй-бүлөгө өчөшкөндөй, муздак суунун ичиркенткен чачырандысы менен бир жайпап өттү.

Айлан желим кайык ичинде атасы Сахиттин күрмөсүнүн чөнтөгүнө бир колун салган бойдон атасынын денесин мыжыга кармап, көздөрү алайып, ата-энесин жал-жал карап алды да, башын апасынын колтугуна катты.

– Кызым, коркпо! Жакында жетебиз. Бардыгы жакшы болот, – деп кызын, аялын толкундардан чачыранды келген жакка чыга калып, денеси менен сууну тоскон Сахит бушайман абалда алдастап калды.

Жаш үй-бүлөнүн кичинекей айдай кызы караңгы токойдогу күн-түн тынбай жол жүргөн узун сапарда деңиздин муздак суусунун илебинен үшүп, дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп баштады. Бул азаптуу деңиз жолу согушта эң жакындарынан ажырап, айла кеткенде калганын жаны алып, айрымдары кара башын ала качкан азалуу адамдар эле. Бир кемеге түшкөн соң, деңиз жолу аларды бири-бирине жакындатып, максаттарына карай чечкиндүү чечимдерге барууга түрткү болгон.

Ал эми Сахиттин үй-бүлөсү өздөрүнөн да, ушул чолпондой кызына бейпилдик издеп, жолго чыгышкан. Эртерек токойдон алыстоо үчүн жел толтурулган кайык уюштуруучу далдалчыларга, кайык ээсине акчаларын берип, үч баласынан жалгыз калган беш жаштагы кызы Айланды сактап калуу максатында үмүт сапарына бел байлашкан.

Кайыкта мотордун, толкундардын үнү, шамалдын улуганы гана болбосо, башкача жымжырттык өкүм сүрдү. Баардыгынын көздөрү жалындай балбылдап, бири-биринин тилдерин жакшы түшүнүшпөсө да көздөр, жүрөктөр сүйлөшүп атты. Кээ бири алаканын жайып:

– Жолубузду ача көр, жараткан! – деген сөздү ар кимиси өз тилинде зар какшады.

Ар кимиси ар түрдүү кобурана берди.

Ак деңиздин үстү бирде тынчып, бирде толкуп, барган сайын түндүк-чыгыштан соккон шамал күчөгөндөн күчөп барат.

– Кайыкка олтурганда деңиз тынч эле, аба бузулду окшойт, – деп кара сакал, орто жаш бирөө тесмесин шакылдатып санап күңк этти.

Жооп берген эч ким жок. Арасынан түшүнгөндөрү гана “ооба” дегенсип баштарын ийкешет. Айлан энесинин колтугунан башын чыгара мончоктой тесмени бир жалт карап, кайра башын катты.

Деңиз кудайы Посейдон каарданып, аса таягы менен Ак деңиздин ортосун жара чапкандай, толкундар күчөп, албууттанып, деңиз күчүн сынагандай, желим кайыкты бир муштап, кайра коё берип, бир муштап кайра коё берип, кайра тынчып... Улам-улам күчтүү толкун кайталана берди. Аңгыча кайык оңго-солго термелди. Капысынан кайыкка суу кирип келгенде, алдастаган топ өзүн жоготуп, ызы-чуу бир заматта кыямат абалды жаратты. Кыйкырык, ый аралаш жаратканга жалбаруу менен биринин үстүнө бири кулаган адам...

– Апа-а-а, ата-а-а! – апасын бек кучактаган Айлан муздак сууга чөмүлө чыңырганы деңизди чочутчудай жаңырды. Долу толкун наристенин үнүн укпады.

– Жар бол, кудай!

– Я Аллах, сен улуулардын улуусусуң!

– Allah уаrdım et!

– Биз да жашагыбыз келет!

– Бизди кутка-а-ар!

– Бизге боор оору!

– Жарда-а-м-г-а!

Эч кимге угулбаган үндөр шамал менен кайдадыр жоголууда. Бир гана Азраил бирде шамал, бирде толкун болуп кайыкка жакындагандан жакындады... Адамзаттын кыйкырык, бакырык үндөрү согушка айткан наалат болуп, деңиз толкундары менен бетме-бет кагылышып, жашоо үчүн болгон улуу күрөш уланып жатты.

Сууну шаша-буша колдору, баш кийим, бут кийимдери менен сыртка төгүп, дене бойлору калтыраган жүргүнчүлөр улам кеменин ичине толуп келаткан тилсиз жоого туруштук бере албай алсырап барат... Бирок багытынан кайтпаган өркөчтүү бийик толкундар токтободу. Шамалдын кулак жарган ышкырыгы күчөгөндөн күчөдү. Буркан-шаркан бийик толкундар, кайыкты бир өйдө, бир ылдый чапчып, акыры аны оодарып салып гана тынчыды. Оодарылган кайык алдында Азраил менен кармашып, тыбырчылаган, кудайга жалбарган жандар түпсүз караңгылыкка сүңгүп, бир нече мүнөт өткөн соң толкун менен кармашкан кыймыл тынчыды...

Батышпы? Чыгышпы? Ким билсин? Учсуз деңиз үстүндө калкыган кичинекей Айлан “апа, ата” деп кыйкыра албай, ата-энесин таппай оозуна суу толуп, аптыгып, эмне болуп жатканын билбей, дем алалбай, бир гана айдыны карап, көзү балбылдап, “ай менин досум, айга учам, мени алып кет” – деп жалбарып, ачык деңиздин үстүндө чабалактап-чабалактап барып көрүнбөй калды...

Ал эми ушул эле Ак деңиздин башка жээгинде бул окуядан үч күн өткөн соң, күндөгүндөй эс алуучуларга жык жыйма толуп, бири сууга түшсө, бири кумда, бири бийлесе, бири шарап, сыра ичип, каткырык-күлкү, шаңшыган музыка деңизге жаңырып, балдар жээкте чурулдашып кум менен ойноп жатканда, калкып келатканын эч ким байкабаган Айландын кызыл күрмөчөн муздак денеси жээкке келип урунду...

28.09.2025 Саат:12:30

Бул аңгеме Орто Чыгышта Сирия, Ирак, Ливан, Йемен, Палестина, Газа, Афганистан ж.б. мамлекеттерде 10 жылдан ашкын токтобогон согуштардан качкан “Үмүт сапарына” чыгып, Ак Деңиз, Эгей Деңиз, Жер Ортолук Деңиздеринде каза болгон миңдеген Айлан сыяктуу күнөөсүз наристе периштелерге арналат.

Салкынай Шайылдаева, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы КУМИУ

Жогорку Адабий Курс

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз