Радьярд Киплинг: Саис мисс Йол

  • 25.11.2026
  • 161

АҢГЕМЕ

Аял менен эркек тил табышып алса, казы эмне кыла алмак?
Арап макалы

Кээ бирөөлөр Индияда романтика жок деп ойлошот. Андай эмес. Турмушта бизге канчалык пайдалуу нерсе жолукса, ошонун бардыгы романтика. Кээде андан да көбүрөк.

Стрикленд полицияда кызмат өтөчү, эл аны көп түшүнө бербей, шектүү адам деп эсептеп, мамиле түзгөндөн качышчу. Мындай абалга Стриклент өзү күнөөлүү. Ал Индияда полицей жергиликтүү эл өздөрү жөнүндө эмнени билсе, ошонун бардыгын билгенге аракет кылыш керек деген болбогон теорияны жактаган адам болчу. Айта кетиш керек, Түндүк Индия боюнча бирде индуис болсо бирде мусулман, чамар же факир болуп, каалагандай кубулганга жөндөмү бар бир гана адам болор эле. Гхор-Катхриден - Жама-Масджилге чейинки жергиликтүү калк аны сыйлап да, андан коркуп да турушчу.

Ал адам көз боолап, кайып болуп кеткенге жөндөмдүү шайтан-шабыр, жиндерди башкара билет деп ишенишчи. Бирок ошондой шыгы бар адам өкмөттүн кандай сыйлыктарына ээ болду? Эч кандай. Ага Симланы башкарууну ыраа көрүшкөн жок, англистерге анын аты-жыты да белгисиз болчу.

Стрикленд акылы жоктук кылып, ошол адамды пир тутуп алды, өзүнүн акылсыз теориясына ылайык, адептүү адам көз салгандан жийиркенер ыплас жайларга барып жүрдү, жергликтүү элдин анык азган-бөзгөндөрү, кудайдан жөө качкан ууру-кескилери менен мамиле курду. Ушундай өзгөчө ыкма менен жети жыл бою алардын салтын үйрөндү, бирок эл аны баалаган жок. Ал качан болсо эле жергиликтүү элдин ичинде, акылы бар бир да адам ишенбей турган, тигил же бул диний агымдын шакирти катары аралашып жүрөр эле. Бир жолу ишинен өргүү алып, Аллахабадда Сат-Бхаичилердин коомуна кабыл алынган; санси элинин “Кескелдирик ырын” билчү, өзгөчө жанрдагы диний канкан - халь-е-хак бийин көргөн.

А кандай адамдар халь-е-хак бийин бийлегенин, кандай жана кайда бийлегенин көрө алган адам – бир нерсеге жетише алган адам, өзү менен сыймыктанса болот. Бул жергиликтүүлөрдүн сырын “терисинин сыртынан” эле эмес, терең билет дегендик. Бирок Стриклент анысы менен мактанчу деле эмес, ошентсе да бир жолу Жагадхариде бир да англис катышмак тургай, көрүп койгонго да мүмкүн болбогон Өлүмдүн Букасын сырдаганга катышкан; чангар ууруларынын каймана тилин да билчү, Аттоктон алыс эмес жерде жеке өзү юсуфзайлык ат ууруну кармаган, чек аралаш жердеги мечитте мимбардын астына туруп, сүннит-имам катары элди намазга жыккан. Анын эрдиктеринин туу чокусу болуп, он бир күн Баба-Аталланын амритсардагы багында факир кейпин кийип, Насибананын өлүмүнө байланышкан оор кылмышты ачканы болду. Бирок эл:

- Кудай албаган Стрикленд, өз башчыларынын колунан эч нерсе келбегенин ашкерелебей, унчукпай отчёт жазып, кеңсесине томпоюп олтура бербейби? - дешти. Алардын айтканынын да тууралыгы бардыр.

Бул оор кылмышты ачандиги үчүн аны кызматтык жактан жогорулатышкан жок; башында абдан ызаланып жүрүп, өзүнүн адам түшүнбөгөн жоруктарына ылайык, кайрадан эле жергиликтүү элдин турмушуна тумшугун салганды уланта берди. Дегинкиси, эгер адам бир жолу ушундай бир өзгөчө убакыт өткөрүүнүн даамын татып жактырып калса, андан өмүрүнүн акырына чейин баш тарта албайт.

Бул сүйүү сыяктуу эле, жашоодогу эң кызык иш. Башка кызматкерлер эс алганы он күнгө Гималайга кетсе, Стрикленд өргүү алып, өзү айткандай, шикарга, ошол ыңгай талап кылган, өзү тандаган кебетеге түшүп, кочкул түстөгү адамдарга аралашып кетчү, алар да аны убактылуу сиңирип алчу. Ал токтоо, кара торусунан келген, кара көз, арыкчырай жаш жигит – бир нерсеге ойго батып турбаган убакта аны менен маектешүү да абдан кызыктуу. Жергиликтүү элдин турмушу тууралуу өзү көргөн-билгенин айтып отурса, Стриклендди угуп эле отургуң келет. Жергиликтүүлөр Стриклендди жек көрүп, коркушчу. Ал жергиликтүүлөр тууралуу абдан көп билчү да.

Шаарга Йолалар келгенде, Стрикленд ар бир нерсеге баш оту менен берилип кеткен адатында, мисс Иоланы абдан берилип сүйүп, бир аз мезгилден кийин кыз да аны сүйүп калды, себеби бул эмне деген адам экенин такыр түшүнө албай койгон.

Анан Стрикленд ата-энесинен кыздын колун сурады; ага миссис Йол (энеси) өз кызын империя боюнча абдан аз акы алган мекеме кызматкерине бере албайм десе, атасы Йол, Стрикленддин ишмердигин, жоруктарын жактырбай турганын ачык айтып, мындан кийин алардын кызы менен сүйлөшпөөнү, кат да жазбоосун суранды.

- Макул, - деди Стрикленд, анткени өз сүйгөнүнүн турмушун бузгусу келген жок. Мисс Йол менен көпкө сүйлөшкөндөн кийин, ал өз мүдөөсүнөн баш тартканын билдирди.

Апрель айында Йолалар Симлага кайтып кетишти.

Июль айында Стрикленд “өзүнүн кечиктирилгис иштерине” байланыштуу үч айлык өргүү алды. Үйүн бекитип-бекитпей койсо деле бул провинцияда “Истрихин-сахибдин” оокатына кол салчу адам табылбайт эле – Тари-Таранга, өзүнүн картаң боёкчу досунукуна кетти.

Ошону менен анын кайда жүргөнү билинбейди, бирок бир күнү эле Симледеги бульварда, бир саис мага төмөндөгүдөй кызык кат берди:

“Кымбаттуу досум, ушул адам аркылуу бир куту чирут берип жиберчи, жогорку сорттогу №1 болсо жакшы эле. Алардын тазасын клубдан тапса болот. Кайрадан жолукканыбызда акысын төлөп берем, азырынча мен коомдон тышкарымын.
Досуң Э.Стрикленд”.

Мен эки куту тамеки алып аны саиске бердим да, салам айтып кой дедим. Көрсө ошол саис Стрикленддин өзү экен, ал Йола абышканыкында ат кошчу болуп иштеп, мисс Йолдун араб тукумундагы атын багат экен. Байкуш англис тамекисин сагынып, ушунун бардыгы аягына чыккыча, эмне болуп кетсе да тилимди тишиме катып сыр сактап жүрөрүмө ишенген тура.

Көп узабай дайым эле малайлары менен алпурушкандан колу бошобогон миссис Йол, өзү конокто болгон бардык жерде алардыкында иштеген үлгүлүү сиас жигит тууралуу, качан болсо эрте туруп, эртен мененки тамакка, үстөлгө гүл үзүп келгендигин, аттардын туягын тазалаганы - капкара кылып, лондондук кучерден кем эмес тазаларын айта берди.

Мисс Йолдун арап аргымагы абдан жакшы багылгандыктан, жөн эле укмуш, карап эле тургуң келет. Стриклентке болбосо Далуга – мисс Йола ат менен сейилдеп жүргөндө ага айтылган мээримдүү сөздөр, кызматынын акысы болду. Кыздын ата-энеси кызы жаш Стриклендге болгон келесоо сүйүүсүн унута баштаганына кубанышып, акылдуу кыз деп эркелетип калышты.

Стрикленд ошол малай болуп жүргөн эки ай, жан-дүйнөсүнүн токтоолугун, чыдамкайлыгын чыңдаган катаал мектеп болду деп калар эле. Саис досторунун бирөөнүн аялы ага ашык болуп калып, Стрикленд көңүл бурбай койгону үчүн мышьяк менен ууландырып коё жаздаган жагдайды кеп кылбаганда да, мисс Йола кайсы бир жигит менен чогу атчан сейилде жүргөндө, ага тийишип сөз айтса, Стрикленд колунда шапалагы турса да алардын артынан желдирип, бардык сөздөрүн угуу кандай гана чыдамкайлыкты талап кылат! Ал эмес кайсы бир полисмен ага Бенмордун алдында кыйкырганда – айрыкча Айсар-Жан кыштагында өзү кызматка алган наик сөккөндө, андан да жаманы, кайсы бир жаш офицер жолду тез бошотпогону үчүн чочко деп сөккөндө да чыдоого туура келди.

Бирок мындай турмуш да бир топ пайдалуу нерселерди берди. Ал саистердин бардык салттарын, уурдоо ыкмаларын жакшы билип алды. Эгер өз кызматында болгондо пенджаптык чамарлардын жарымын дүңү менен сот жообуна тартууга болор эле. Түнкүсүн Өкмөт үйүнүн же опера театрынын жанында кожоюндарын күтүп турганда, бардык жампандар жана саистердин көпчүлүгү жакшы көргөн чүкө менен кумар ойноо боюнча күчтүү оюнчулардын бири болуп калды. Жарымынан көбүнө уйдун кургатылган жампасы кошулган тамеки тартканды үйрөндү; Өкмөт үйүн тейлеген бардык саистердин ак чач жамадарасынын акылдуу кеп-кеңештерин укту. А бул кеп-кеңештердин наркы - алтынга тете. Өзүн кызыктырган көптөгөн окуяларга күбө болду. Айтымында саистин көз карашы менен көрмөйүнчө, эч ким Симланын толук баалабайт. Анын айтымында, көргөндөрүн кагазга түшүрүп коюуну ойлосо, башын жарып салышмак.

Стрикленд жамгырлуу түндөрдө Бенмордун жарык терезелерин тиктеп, андан чыккан музыканы тыңшап, буттары вальс бийлегиси келгенин, а башын ат жабуу чүмкөп турганын кызыктуу сүрөттөйт. Качандыр бир кезде ушул окуялар жөнүндө китеп жазам деп жүрөт. Бул китеп сатып алууга татыктуу, андан да чоңурак денгээлде – аны колдонгонго тыюу салганга татыктуу китеп болот.

Ошентип, ал чын дили менен Иаков Рахилди алыш үчүн иштегендей өз милдетин абдан жакшы аткарып жүрдү, эмгек өргүүсү да бүтөйүн деп калган, анан жарылып кетти. Мен жогоруда айткандай, Стрикленд анын көзүнчө кызга тийшип атса, карманганга бардык күчүн жумшар эле, бирок акыры бир күнү кармана албады. Улгайып калган, эл арасында баркы бар эле генерал, мисс Йол менен атчан сейилдеп жүрүп, аял кишиге “ал эми кичинекей кыз эместигин” түшүнө тургандай жагымсыз ыкмада тийише баштады. Жагымсыздыгы ал тийишкендикти жеңил-желпи эле кагып коюш абдан оор, а угуп турсаң жиниң башыңа чыгат. Мисс Йол анын саиси да генералдын сөздөрүн угуп атканын билип, коркконунан калчылдап кетти.

Далу – Стриклент жакшы эле чыдады. Анан күтүлбөгөн жерден генералдын атын суулуктан алып, таптаза англис тилинде аттан түшүүсүн, болбосо аты менен кошо жардан ылдый кулатып жиберерин айтты. Мисс Йол ыйлап жиберди, ошондо Стриклент өзүн билдирип койгонун, бардык аракети текке кеткенин сезди.

Генерал эсин жоготуп коё жаздады, мисс Йола, бышактап, ага куда түшкөндө ата-энеси болбой койгону тууралуу бардык тарыхты айтып берди. Стриклет ачууланып, биринчи кезекте өзүнө, андан да катуу аны ачыкка чыкканга мажбур кылган генералга жини кайнап, ошондуктан унчукпай атты суулуктан мыкчып, аз да болсо көксөөсүн суутуш үчүн, генералды камчы менен сабаганга даярданды. Бирок генерал окуяны анча-мынча түшүнүп, Стриклент ким экенин билгенден кийин күлкүсүн тыя албай, аз жерден аттан ооп түшүп кала жаздады. Генерал Стрикленге саистин жабуусун кийип жүргөн эрдигиң үчүн эле “Виктория крести” менен сыйланууга татыктуу жигит экенсиң деди. Андан кийин өзүн-өзү тилдеп, анын жоругу токмок жегенге татыктуу экенин, бирок аны Стрикленден жегенге картаң экенин мойнуна алды. Анан мисс Йолага кайрылып, ушундай сүйгөнү бар экени менен куттуктады.

Бул окуя чатак мүнөздө болсо да генерал ачууланган жок, аялдарга тийише бермей жаман адаты болсо да, ал абдан жакшы абышка экен. Анан кайрадан каткырып, Йол чал келесоо экен деди. Стрикленд аттын суулугун коё берип, ошондой ойдо болгондон кийин, аларга жардам бербейби дегендей кыйытты. Йол жогорку кызматтагы, ысымдарынан кийин дагы бир канча тамгалар жазылчу даражасы бийик адамдарды сыйлай турганын Стрикленд билчү.

- Мунун баары бир фарска окшошуп турат, - деди генерал, - бирок толук татыктуу токмоктон кутулуш үчүн болсо да, мен силерге жардам берем. Анда, саис - полисмен, үйүңүзгө барып дурусурак кийинип келиңиз, а мен мистер Йолго чабуул жасайм. А сиз, мисс Йол үйгө барып, бизди күтүп туруңуз.

  •  

Жети минуттан кийин клубдун ичи чаң-тополоң түшүп калды. Ат жабуучан, колуна жүгөн кармаган бир саис тааныш эркектердин баарынан:

- Кудай үчүн мага дурусурак кийим бергилечи! - деп суранып жүрдү.

Аны таанышпады, бир нече күлкүлүү окуялар да болуп кетти, айтор, акыры Стрикленд бир бөлмөдө ысык сууга сода менен жуунуп, башка бөлмөдөн көйнөк, үчүнчүсүнөн – жака, төртүнчүсүнөн – шым жана башкаларды алды. Анан, клуб мүчөлөрүнүн жарымынын көбүнүн кийими менен, чоочун бирөөнүн понисин минип, Йолдордукуна чаап жөнөдү. Генерал жука кийимдин үстүнөн кызыл мундирин кийип, андан мурда келиптир. Генерал эмне айтканы Стриклендге белгисиз, бирок Йол аны жакшы тосуп алды, а миссис Йол, сүйүү үчүн Далу болуп өзгөргөнүн укканда, ага мээрими төгүлүп турду десе да болот. Генерал жарпы жазылып, улам борсулдап күлөт; мисс Йол келери менен Йол абышка эсин жыйнап, тиги-бу дегиче ата-эненин макулдугу жулунуп алынды. Мисс Йол менен Стрикленд өз кийимдерин чакыртып алганы телеграфга жөнөштү.

Стрикленддин акыркы кыйынчылыгы, уурдалган понимди бер деген бирөө менен бульварда жолукканы болду окшойт.

Акыры Стрикленд жана мисс Йол төмөнкү шарттар менен баш кошушту. Стикленд жорук жосунун өзгөртүп, мындан кийин өз мекемесинде бекитилген тартипти сактоого тийиш. Анткеи ал “Симлага жол ачат”. Айла жок, Стрикленд өз колуктусун абдан сүйгөнү үчүн сөзүнө турганга аргасыз болду, бул абдан катуу сыноо эле. Анткени көчөлөрдөн чыккан шыбырт, базарлардын добушу көптөрдөн кабар берип, кайрадан мурдагы калыбына келип, ачылыштарды ишке ашырууга чакырып жатты.

Кийинчерек бир мезгилде, мен силерге Стриклент досуна жардам берүү үчүн бир жолу убданы бузгандыгы тууралуу айтып берем. Бул окуя кийин эле, бир кезде шикар деген аталышка ал татыктуу боло албай калган мезгилде болгон. Ал жергиликтүү элдин, кайырчылардын каймана тилин, сырдуу белгилерди, ишараттарды айтылган сөздөгү камтылган жашыруун маанилерди унута баштады, анткени анын баарын билгиси келген адам, аларды такай үйрөнүп турушу зарыл.

Бирок анткен менен, өз мекемесинин отчётун эң сонун түзчү.

Орусчадан оодарган Марсел ИСАКОВ

Сөздөргө түшүндүрмөлөр:

  • – ат кошчу, ат багар.
  • – Гималайдагы курорт. Индиянын вице-королунун жайкы резиденциясы. Адатта англичандар жайкысын ошол курортто эс алышчу.
  • – Индияда төмөнкү кастадагы адам – тери ийлегичтер кастасы.
  • - Жама-Масджилге чейин – Пенджаб өрөөнүнүн түндүгүндөгү Афганистанга жакын Пешавар шаарынан Делиге чейин. Гхор-Катхри – Пешавардын эски аталышы, Жама-Масджил – Делидеги мечит.
  • – Британ Индиясынын түндүк-батыш провинциясындагы шаар, диний борбор.
  • – диний секта.
  • – Индиянын түндүгүндө каракчылык, уурулук менен көп алакеттенген уруу.

Халь-е-хак – дервиштердин бийи.

Жагадхари – Гималайга жакын шаар.

Өлүмдүн Букасын сырдоо – Индия мифологиясында Шива минип жүрүүчү ак бука.

Атток – Инд дарыясынын боюндагы шаар.

Юсуфзайлык ууру – Юсуфзайлар – Афганистанга жакын, Хайбер өрөөнүндөгү пуштундардын көчмөн уруусу.

Баба-Аталанын амритсардагы багында – Амритсар – Пенджаптагы шаар, сикхтердин диний борбору. Баба-Атала – 17-кылымда сикхтердин жетекчилеринин бири.

Тари-Таран – Амритсардын жанындагы шаар.

Бенмор – Симла шаарындагы коомдук имарат.

Наик – староста.

Шикар – из кубар, мергенчи.

Жампандар – рикша сүйрөгөндөр.

Жамадар – туземдик аскердеги чин, бул жерде ат кошчулар коомунун аксакалы.  

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз