Көчкөн Сактанов: Венера

  • 26.11.2026
  • 135

АҢГЕМЕ

- Сүйүү — экинчи өмүр, досум, ушуну эсиңе тут,— деди Дакин.— Ал кыз менен эртең эле тааныштырам, макулсуңбу ?

- Убара болбосоңчу?

- Эч кандай убарачылыгы жок. Эгер ал кызды көрө турган болсоң... Чүрөк тим эле...

- А... аты ким?

- Венера.

- А мүмкүн... а мүмкүн, мен ага жакпай калармын?

- Ой, эмнеге жакпайсың. Сени жигит дейт. Тим эле арбап албайсыңбы? 0, ата десе...

Дакин кесиби боюнча токарь. Аны менен жан дос болбосом да, алыш-беришим бар жарма досмун.

- Эх, дос, кызды коюп, окууну айтсаң. Эгер быйыл да өтпөй калсам, анда... Эгер ал кыз менин жүк ташыгыч экенимди билсечи?

Дакин станок патронун эки бурады да, штангели менен мени кезей, тыржыя чүчкүрүп алды.

- Албетте, эрке өскөн кыз жигит тандайт. А бирок сен ага сыр бербе да. Окуудан жыгылып, кара жумушчу болуп иштегениңди айтпа. Жаның барбы, жалган айт. Атамдын «Волгасын» өзүм айдайм деп кой... Ха, антпесе болобу?!

Дакиндин бул сөзүнө маани бербедим. Чындыктан алыс жүргөн адамды өзүм жактырбайм. Чындыкты эле айтсамчы? Атамды эбак эле аркы дүйнөгө узаткам. Үйдө «Волга» түгүл «Эшек араба» жок. Заводдо жүк ташуучу болуп иштегениме мына бир жыл болуп баратат. Ушул бир жыл ичинде мынабу кийип турган кара май фуфайкадан бирди жыртып жибердим. Эми тезирек эле экинчиси жыртылып, жай келип, анан көптөн эңсеген мединститутка студент болуп өтүүнү ойлосом, анда бир жерге тура албай кетем. Ээн жер болсо жүгүрүп-жүгүрүп алгым бар. Кантейин, бирок ошол мезгилге дагы үч ай күтүш керек.

Апам менден чоң үмүт кылып, тамга тааныгандарга минтип алыскы айылдан кат жаздырат: «Уулум, айланайын, бирөөнүн ала жибин аттаба. Атаңа куран окуй жүр. Анан өзүңдүн айтууң боюнча баягы «адам соёр» окуусуна кирбе, башкага кир. Ага-буга алаксыбай, керектүү нерселериң болсо талап кылып тур» — дейт.

Мына ушул энелик сөз да, кулагымдын сыртынан кетип, так ушул бурулуш жылы бир кызды жалындап сүймөккө көңүлүм ыйгара берди.

Дакин станогун токтотту да, май колдорун аарчып атып мындай деди:

- Бар киймиңди кийгиниң да, эртең вокзал аянтчасына тур. Анан мына бул сөз эсиңде болсун: өзүңдү зыңкыйтып карма — бул бир... Мен Венераны Чынара менен ээрчитип чыгам да, так вокзал алдынан өтөм. Мына ошондо сен бизди көзөмөлдөп ала бер, баатыр.

- А... экинчисичи?

- Экинчисиби?.. Экинчиси мындай!.. Сен салабаттуу басып келгиниң да, мени менен көптөн бери учурашпаган тааныш кишиче саламдаша кет. Өзүң актёрлукка окуп жаткан киши болуп, кечээ эле Ташкенттен келип, бүгүн шаарда сейилдеп жүргөнүңдү сыр алдырбай айта кет. Анан, менин ар бир сөзүмө байкап жооп бер.

- А койсоңчу, чындыкты эле айтсамчы?

- Ай, ата, сүт эле бойдонсуң да!—деп ал бул сөзүмдү жактырбай кетти. — Билесиңби, кыздар кандай калк? Кээлери утурумдукка тез берилет. Мына, сен беш жылдан кийин адам соёр бол... то есть, хирург бол, бирок сен бүгүн кимсиң, аларга ошол керек. Жүк ташуучумун деп түк айтпа. Анын эмнеси бар экен, Ташкенттеги театралдык институттун студентимин деп кой, бүттү... Ха, кызыксың!

*      *      *

Эртеси белгиленген учурда эң акыркы мода боюнча тигилген трико күрмөмдү кийип, вокзал аянтчасында басып жүрдүм. Мына ушул чыдамсыз күтүүнүн минуталарында эмнелерди гана ойлободум. Эмдигиче жаш кыздын үлбүрөгөн эрдине эрдимди тийгизбеген жанмын. Кылыктуу кыз жанымда турса, куулугумду такыр унутам. Жүрүшүм да карапайым. Кыскасы, Дакин айткандай али «сүтмүн».

Үчүнчү чылымды эми эле тамызып, тик тепкичтерге бут коё бергенимде, бет алдымдан эки кыз ээрчитип Дакин чыга келди. Жүрөгүм алып-учту. Анын түрсүлдөгөнү бүткүл денемди солкулдатып жибергенсиди. Дакин менден саал өтүп барып, анан чочугандай бери бурулду.

- А-а... Аз-ик! Досум!..

Тепкичтерден төмөн түшүп, Дакинге кол бердим.

- Саламатсыңбы?

- Саламатчылык.

- Шаарга качан келдиң?

- Кечээ.

- Карачы, иштин оңун... жолуктук да калдык. Кана, кыздар, таанышып койгула? — деп ал так эле артисттердей ийкемдүү болуп, бизден эки кадам ары турган эки кызга колун жаңсап салды.— Менин досум, Ташкенде окуйт. Актёр. Ах, досум, кандай өзгөрүлгөнсүң! Венера, сага айттым эле го, кыргыздын Ольивиеси али Ташкенде окуйт деп... Мына, ошол мырза алдыңда турат.

Мен кыздарга кол бердим. Биринчи кыз колун илбериңки сунуп:

- Венера, — дегенде көзүм көзүнө уруна түштү. Чиркин, деги заказ менен бой жеткен кызбы, тим эле... Ничке бели, тунук жүзү, иши кылып жаратылыш андан эч нерсесин аябаптыр.

Дзержинский бульвары менен төмөн карай бастык.

- Азик, машинеңди минип келе койсоңчу?

- Кайда барабыз?

- Кайда болсо да. Маселен, дачага барууга эмне үчүн болбойт? Чынара, сен машинеде сейилдешти жактырасыңбы, секетим? А сенчи, Венера?

- Биз үчүн баары бир...

- Анда азыр дачага барабыз,— дей салды Дакин. – Кана, кимиңер макулсуңар, кол көтөргүлө?

- А биз машинени сатып жибергенбиз,— деп жибердим Дакиндин кечээги эскертүүсү боюнча астейдилденип.

- Мына десе... Эмне үчүн?

- Ал «Москвичти» сатып, эми «Волга» алган атабыз.

- Охо-о, ошондой де... Анда күтө турат экенбиз да.

Биз тез эле «Ала-Тоо» кинотеатрына жете келдик.

Дакин мени өзүнө чакырып алды.

- Кана... бир нерсе барбы?

- Эмне?

- Ой, эмнеге дейсиң да?! Акча. Киного, пивого...

- Мына, эки сом...

- Тиги үч сомуңду да соз, акча жерге кирсин, бизге кыздардын көңүлү керек. Фу, сенин шымыңды кара, мешок тим эле!..

- Кинодон кийин Венера экөөбүз тар аллея менен жай келаттык. Кыз туфлисинин тыкылдаган дабышы, жаңы гана ойгонгон жүрөк сүйүүмдүн терезесин черткилегенсийт. Тез эле бири-бирибизге батынып ынак боло түшкөнсүдүк. Кантсе да кыз эмеспи, митаам... Сөзү менен оюмду да, боюмду да ченеп көрдү. Сыр алдырбадым. А бирок кыз жүрөгүн комуз кылындай күүлөп алууга али тажрыйбасыз элем. Кээ кыздардын жүрөгү жүрөк эмес эле шапалак дешет... Балким, бул кыздын жүрөгү да... Жок, андай болууга мүмкүн эмес! Венера андай кыздардан эмес!

Биз бир маалга чейин көпүрө үстүндө сансыз чырактар жаркыраган шаардын түнкү көрүнүшүн карап турдук.

*      *      *

Ашыктык оту ошентип күтүлбөгөн жерден денемде дүрт этти. Ойчул болуп кеттим. Эки күн жумушта мас кишидей жүрдүм, үчүнчү күнү коңшу бөлмөдө жашаган достун жалгыз күрмөсүн сурап кийдим да, болжошкон жерге бардым.

Бул жолу өткөндөгүгө караганда көңүлдүү жүрдүк. Жаш кезинен эле Венера балерина болууну эңсейт экен, бирок апасы аны педагог болосуң дептир. Мына ушул себептүү окууну бүтөрү менен университетке кирерин айтты. Ошентип, баары эле жакшы болчудай сыяктанат, бирок бир нерсе жүрөгүмдү өйүйт. Ал — азырынча бетиме кармаган жалган «актёрлук» эмеспи. Кудай-ай, бул иштин аягы эмне менен бүтөр экен?!

А күндөр болсо өтө берди. Жакында экзамен тапшыруум керек, бирок даярдануу кайда. Эки күндүн биринде үчүнчү көчөнүн башынан Венераны күтөм. Эки ак көйнөгүмдү кезеги менен жууп кийип, жакалары да жыртылып бүттү. Ушинтип жүрүп, жакында экзамен болот деген күнү гана китепканага барып, биринчи сыноо боло турган сабакты үстүртөн көз жүгүртүп өттүм. Түшкө чейин китептен баш көтөрбөгөн жаштар арасында араң отурдум, анан үстөл алдынан кол шилтеп салдым. «А, ушу китептегилердин баары билетке кирет дейсиңби. Айтмакчы, Венераны бүгүн телеграфтан күтөт эмесминби».

Сыноо болор күн да келип жетти. Эң артында кирсе оңой өтөт имиш дегендеринен, аягынан эсептегенде «биринчи» болуп кирип бардым. Көз жума салып, так ортосунан бирди сууруп чыктым. Карай салсам мен күткөн темалар эмес. Бул темаларды кечээ китептен кездештиргем, бирок окуган эмесмин. Билеттеги суроолорго болгону эки ирет мыңкылдадым, андан тышкары бир суроо беришти эле, эки жөтөлүп, бир умтулуп жөн болдум. Алымы сезген экзаменатор акырын минтти:

- Кой, жигит, бул темпиң менен өтө албайсың. Жакшылап даярданып, келеркиде тапшыр.

- Агай, аг-ай, дагы сурасаңыз?..— Бирок ал сурабады. Окуунун күйүтүнөн эки күн жатаканада сулк жаттым.

Үчүнчү күнү Венерага бардым. Ээн орундукта ал мени узакка чачымдан сылап отурду. Анан күтүүсүздөн башын ийниме жөлөдү да, кайдадыр караңгылыкка телмире сүйлөй баштады:

- Мына, жакында академиялык отпускаң да бүтөт. Анан Ташкенге кетесиң... А менчи?..

- Сен, секетим, чыда... мен келип турам.

- Эмнегедир сен жөнүндө көп ойлончу болдум. Ойлонуудан эч тажабайм. Ал эмнеси?

- Демек, сүйөсүң.

- А сенчи?

- Менби... сен азыр көпүрөдөн боюңду төмөн ташта де, кенедей да баш тартпайм!

Чын эле «отпусканын» бүтөрүнө аз калды. Күндөрдүн биринде заводдо машинеге бочка жүктөп атсам, заводдун ичи менен таанышмакка онунчу класстын өспүрүмдөрү биздин цехке кирип калышты. Мен аларга анчейин көңүл бурбай, цех алдында трап менен жогору бочка түртө албай аткам. А алар машинени тегеректеп, мени таңыркап карашат. Жиним келди. Эмнеге таңыркашат?..

- Карма дурус! — Жардамчым чаңк этип калды. Көрсө, бочка траптан кыйшайып бараткан тура. Катыгү-үн, эми тиги жардаган суу мурундарга тамаша болбогой элем! Бочкага бар күчүм менен тырмыштым, бирок болбоду. Бир кыйшайган ишти түзөө кыйын да, Асылбек экинчи тарабынан жеткенче, бочка жай оодарылып барып оңкосунан түштү.

- Сен эмне, уктап турасыңбы? — Жардамчым ого бетер чаңкылдап коё берди. Башымды жерден алдым. Карасам, бет алдымда Венера турат. Капырай, эмне болуп кетти? Көргөн көзүмө түк ишенбейм да? Чын эле Венерабы?

- Ой, сен бүгүн иштейсиңби ия?! — Жардамчымдын ушул чаңырганынан кийин гана селт эте эсиме келдим. Ылбырап барып бочкага тырмыштым.

- Лом кайда?

Чекемден тер кетип, ломго чуркадым. Аңгыча Венера бет маңдайыма келип тура калды.

— Азик, сен чын эле окууну таштадыңбы?

- Сиз бизге тоскоолдук кылбаңызчы! —деп жардамчым бортту карс жапты.— Кайдагы окууну айтасың? Бул эч жерде окубайт. Мына, экинчи жылга кетти, болгону арамза жүк ташуучу. Ой, сен эмне турасың, жүгүр ломго?

Венера бир саамга мени боор ооруп тиктеп турду. Анан шарт бурулду да, өспүрүмдөр тарапка жөнөп кетти. Нес сыңары селейген денемди жыйырып ломго чуркадым. Чуркап баратып цехтин ээн бурчуна бурула калып, кичине ыйлап алгым келди, бирок ага да убакыт тар эле да.

Эртеси эмнеси болсо да ачыгын билүүгө кечке маал Венералардын короосуна жакын келип турдум. Чоң сумка кармаган кодоо киши мен күзөткөн үйгө кирип кетти, ага удаалаш эле Венера көрүндү. Ал короого жакын келгенде караңгы бурчтан чыга келдим.

- Венера!

Ал селт эте бурулуп, мени көрдү.

- Венера, токточу?

Ал токтогон жок. Төш чөнтөгүнөн дароо эки эли кагаз алып мага сунду, анан короосуна кирип кетти. Баракта бар болгону төмөнкү сөздөр жазылыптыр:

«Кечириңиз, ардактуу «актёр», мен сиздин жумушчу костюмуңузду кечирер элем, бирок жалганды эч качан. Кошуңуз!»

Караңгы түндө каргылдана аянычтуу жөтөлдүм. Бул короодон дале үмүтүмдү үзбөй, тосулган дубалдан моюн созо короо ичин карап коём.

Жерге чырт түкүрдүм да, Дзержинский бульварында жай басып келаттым. Шаар жымжырт.

- О, апа! — Бульвардын ээн жериндеги кайсы бир кара жыгачка теңселе барып жөлөнө кеттим.— Уулуң ушул жылы же аштан, же баштан жок моминтип жалгыз калды... Ах, баарынан да окуучу!

Канчалык жигиттиктин темирдей сабыры кармаса да, көзүмө жаш келе түшүп, анын ысык тамчылары кара жыгачка утуру тамын жатты...

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз