Мустай Карим: Ташка чыккан гүлдөр

  • 28.11.2026
  • 22

КҮЗДӨГҮ ЫРЛАР

Айтматов Чыңгызга

Өмүрүм оюн болду илме кайып,
Көңүлүм бирде толуп, бирде жанып,
Кээде утуп, кээде утулуп келе бердим,
Тагдырдын таштарына тайгаланып.

Жазмышым оюн болду илме кайып,
Жабыктым күндүз үшүп, түндө жанып.
Алмашып так менен жуп өмүрүмдө,
Кубулдум бир агарып, бир карарып.

Жөө бастым адыр менен колоттордо,
Тапканым тете болду жоготконго.
Дайыма махабатым жалгыз жүрбөй,
Кайгы-муң илештирип алат жолдо.

Жаңыдан ынсап кылып келе жатсам,
Азгырды кайра мени кара шайтан.
Маскарам чыкпасын деп чочуладым,
Макталып жатканыма карабастан.

Сезимге күн менен түн тамга басып,
Тез өттү жүрөгүмдөн жай талашып.
Шаттыгым жетти бакыт деңгээлине,
Кете элек анткен менен андан ашып.

Өмүрүм оюн болду илме кайып,
Көңүлүм бирде тоңуп, бирде жанып,
Кээде утуп, кээде утулуп келе бердим,
Тагдырдын таразасын кармап алып.

Ооматым мени сүйрөп кылды жигит,
Баркымды табылгалар койду бийик.
Бирок да мени чындап акын кылды,
Жоготуу, азап-жапа, кайгы-күйүт.

*      *      *

Карлар эрип, шылдырап суулар аккан
Ала шалбырт убагы эле.
Кырчын талдай кызарган өмүрүмдүн
Солкулдаган курагы эле.

Сага келдим сырларын махаббаттын
Айтайын деп бүт аңтарып.
Оозум ачып келатып такалдым да,
Туруп калдым мукактанып.

Жемиш бышып, салбырап бутактардан,
Жерге чейин тийип турду.
Дүйнө мени бышырды ийлегилеп,
Салабаттуу жигит кылды.

Сага келдим айтам деп маанилүү кеп –
Тагдырымдын жаңы кебин.
Алгылыктуу сөз кирбей калса боло
Акылыма дагы менин!

Араң айттым: «Кызарып жемиш бышты
Жалбырактар арасында».
Үмүт менен кусалык аралашып
Турган эле карашыңда...

Күздүн айы жаадырып жалбырагын,
Жер чыйрыгып үшүп турду
Өмүрүмө күз келип, менин дагы
Жалбырагым түшүп турду.

Сага келдим айтам деп маанилүү кеп –
Өкүнүчтүн ачуу сөзүн.
Бирок аны тиштенип айтканым жок,
Кармап алды акыл-сезим.

«Дарактарды ак бубак чалды...» - дедим,
Карай салсам жалт бурулуп:
Бетиң ылдый туруптур салаа-салаа
Ап-апакай жаш куюлуп.

*      *      *

Деңиз бойлоп бу сапар мага келдиң,
Таманыңда калың кум тебеленди.
Кумдун үстүн тебелеп келе бердиң,
Кум алтынга айланып кала берди.

Ак чардактар көгүлтүр канаттарын
Алтын ыраң туманга каккылады.
Колуңа алсаң үлүлдүн чанактарын
Янтарь болуп кубулуп жалтырады.

Сен келатып жай гана кылаа менен
Толкундарга эңилдиң көгүш жалдуу...
Толкун жалын акырын сылады элең,
Деңиз бүтүн алтынга чөгүп калды.

Күн көктө эмес, бир жүрдү өзүң менен
Алтын седеп сыңары түшүңдөгү.
Бул укмушту мен көрдүм көзүм менен
Өңүмдөбү? Биле албайм. Түшүмдөбү?

Токой ичин аралап кеттиң кайра.
Алтын жолго айланып изиң калды.
Дарактарды чырмады алтын сайма...
Бу күз эле... мага ушу күзүң калды...

КҮЗ
Тунук көл боюн жайлаган
Өрдөктөр кетти алыска.
Кош айтып калды аларга
Бирге өскөн сулуу камыштар.

Күз күнү тайып алынан,
Шамалдар ойнун баштады.
Кайыңдар жашыл жоолугун
Саргартып, жерге таштады.

Карт терек үйдүн астында
Бүтсө да төгүп жалбырак,
Өмүрүм кызыл гүл ачып
Кызгалдак мисал албырат.
1936-жыл.

ТУКАЙ
Жарык күнгө жетпей түпкүрдө
Калып калды шахтёр сыяктуу.
Монологун айтып бүтө албай
Эстен танды актёр сыяктуу.

Сокур түндө айсыз, жылчыксыз
Чагылгандай өчтү жарк күйүп,
Чөлдөгү бир жазгы булактай
Ташыды да, тынды жаш жигит.

Жазгы суук кыроо түшүрүп,
Жакшы ачылбай солгон гүл өңдүү,
Быкшып турган жаман абадан
Жигит өлдү - деми түгөндү.

Добул жүрдү – кара булуттан
Асманыбыз такыр арылды.
Тайфун болуп өттүк өзүбүз,
Эл-жерибиз кайра жаңырды.

Тукай ыры келди биз менен,
Жашай берет дайым элинде.
Тукай... Ал бир жанган чолпон го
Ырыбыздын чаңкай көгүндө.
1938-жыл.

АК ЖОЛУ
Тынчы жок деңиз бетинде
Ай жолу калды тартылып...
Кез келди, эркем, кетели
Кашаттын башын калтырып.

Толкунга карап кашатта,
Телмирдик көпкө экөөбүз.
Кел, эми айкөл деңиздин
Кеңдигин көздөй кетебиз.

Ай жолу менен баратат
Биз түшкөн кайык чайпалып.
Шор сууга шоола киринет -
Толкунга толкун айкалып.

Термелип деңиз бешиктей,
Ээрчитип барат ай жолу...
Ай жолу сындуу сызылып
Кашкаят үмүт ойдогу...
1940-жыл.

МАЙДАНГА КЕТЕМ, ЖОЛДОШТОР
Жалын өрүп, токуйт атакем
Акбоз аттын сүттөй аппагын,
Апам болсо сунат кылычтын
Далай жоону жеңип кайтканын.

Кан майданга кетем, жолдоштор.
Ишен, ата, аскер сабында
Акбоз атың туйлап алкынар.
Апа! Жашың тамган кылычтан
Кас душмандын каны тамчылар.

Жуурмун мен фашист канына
Жерибиздин ыйык жарасын,
Добулда да сынып кайрылбас
Өч менен кек берген канатым.

Заманамын коргоп актыгын,
Карылардын коргоп карттыгын,
Көркүн коргоп гөзөл Эдилдин,
Сулууларын сактап элимдин,
Бийик шаңын коргоп Уралдын -
Алчыланып жоого чыгармын.

Кайрылар жаз, атар таң үчүн,
Төрөлүүчү перзент-бала үчүн,
Жазда чайыт ачар гүл үчүн,
Ырдалуучу назик ыр үчүн,
Эл-журт үчүн, бейпил күн үчүн –

Кан майданга кетем, жолдоштор!
1941-жыл.

ТЕРЕЗЕҢ АЧ ДА...
Жашырынба чагылгандан,
Добулдан качпа,
Жайдын бүркөк түндөрүндө
Терезең ач да,

Көккө кара — көздөрүңдөн
Чачып отуңду,
Эске түшүр жакын көрүп
Алыс досуңду.

Чагылгандар бөлмөңдөгү
Түндүн карасын
Серпип өтсүн. Саамайыңды
Добул тарасын.

Добул, добул — тирүү деген
Менин кабарым,
Жаркылдаган чагылгандар -
Менин саламым.

Мен жашармын, күч тайбаса
Жаңкы добулдан,
Мен жанармын, өчкүчөктү
Соңку чагылган.
1941-жыл.

МЕНИН АТЫМ
Каз канаты кат-кат болот,
Эр канаты ат болот...
Акбозумду көрдүм түшүмдө:
Кең талаанын кыйрын тарсынып,
Палатамдын ачып эшигин
Кирип келди капыс алкынып.

Тилге кирди: «Үч ай башымда
Шалдырт-шалдырт ыйлайт жүгөнүм,
Үч ай болду,
Батып көбүккө,
Айталаада каңгып жүрөмүн.

Желкилдетти шамал жулгулап
Сен жалыма өргөн тасманы,
Үч ай болду,
Бирок жат киши
Үзөңгүмө аяк баспады.

Токойлорго карап ант бердим,
Көлдөргө да карап ант бердим:
“- Жалгыз гана сага түз келем! -
Ошон үчүн сага салт келдим.

Айыксаңчы. Доссуз кыйналдым,
Издеп келдим жаным ачынып.
Каның үчүн душман тобуна
Тийгим келет октой атылып!

Үзөңгүмө тепсең секирип,
Калар эле жарпым жазылып,
Көөдөнүмө сыйбай жүрөгүм
Кирер элем жоону качырып.

Бирок алыс, алыс, алыссың,
Күтө-күтө кыйын зарыктым,
Көңлүм зилдеп болдум мен куса...»
Кайып болду атым аңгыча...

Доктор, доктор, мени сакайтчы,
Ооруганга кандай акым бар?
Жайдакталбай жалгыз талаада
Желип жүргөн тулпар атым бар!..
1936-жыл.

ЖАМГЫР
Жай жамгыры төгүп турду
Бир калыпта, бир үндүү.
«Өсөмүн» деп ойлоп бала
Жыпжылаңбаш жүгүрдү.

Өстү бала. Жайкы жамгыр
Төгүлгөндө ой-тоого,
Төшүн ачып, шапкеси жок
Турду жыргап айдоодо.

Кургакчылык кыйнаганда
Акактатып жер-сууну,
Булуттарды деми менен
Оп тартчудай умсунду.

Бүгүн дагы көктөн жерге
Күмүш жамгыр бүркүлөт,
Турпак сууга кана тоюп,
Талдар турат шүмтүрөп.

Бирок бүгүн солдат капа,
Кубанбайт ал жамгырга.
Шинели суу. Окобу суу.
Суу чылкылдайт алдында.

«Асман түбү, караң калгыр,
Айланганбы калбырга!»
Өмүрүндө биринчи ирет
Тил тийгизди жамгырга.

Жарк эткенде от-чагылган
Кара булут сөгүлүп,
Айлындагы буудай аңыз
Кеткенсиди көрүнүп.

Айлын көрдү: куят жамгыр
Адам чыдап тура албас.
Илгиз аттуу тун баласы
Чуркап барат жылаңбаш.

Кусаланды, тууган айлын
Келип кетти көргүсү.
Суу шинелин кымтынды да,
Деди: «Жааса мейличи!»
1943-жыл.

*      *      *

Биринчи кар жаап жаткан кезинде
Чоочун жерде басып турам кечинде.
Дал ушундай качанкы бир кечки убак
Дале турат эскирбестен эсимде.

Жааган карга жетине албай кубанып,
Бир баскамын селкиге мен кыналып.
Туңгуч карда чыйырындай бакыттын
Кош из катар калган эле чубалып...

Байыр кылып кечтин көкчүл кечтерин
Карга далай из калтырып өткөмүн.
Бирок, чиркин, андан кийин эч качан
Андагыдай жаным жыргап өппөдүм!
1943-жыл.

*      *      *

Тумандар каалгып
Жайылат камышка.
Солдаттын кыялы
Зымырайт алыска!

Тууган үй оттору
Жылтылдайт ыраакта.
Жарымдын кылыгы
Жадымда турат да.

Камыкпа. Очокто
От күйдү балбылдап.
Жалындан көрүнөт
Көздөрүң жалжылдап.

Кармашта карышып
Канатың талбасын.
Көр, ана: чай койдум,
Шарактап кайнасын.

Камышты камтысын
Тумандар кучагы.
Биз кайнак чай ичип
Басалык кусаны.
1936-жыл.

*      *      *

Текчеңдеги гүлдөрүңдү таңкы убак
Желбиретип кең бөлмөңө жел кирсе,
Учуп келип, канаттарын каккылап,
Терезеңде ак көгүчкөн желпинсе,

Жүрөгүңө бекем катып кусаңы,
Самай-самай мени эстесең таңертең:
Ак көгүчкөн — жакшылыктын жышааны,
Согуш бүтөт, мени күткүн, жан эркем.
1944-жыл.

ӨМҮР БАШАТЫ
Сайфи Кудашка

Таштан ташка так секирип
Суу агат,
Адыраңдайт өзүн-өзү
Кубалап.

Бирок анын башталышы
Бир булак,
Үн чыгарган хрусталдай
Шыңгырап.

Башат суусу айнек мисал
Туптунук,
Куштар келип суу ичишет
Саксынып.

Өмүрүмдүн дайрасы да
Шар аккан,
Мен билемин, башталган бир
Булактан.

А кезде мен сыйкыр уста
Баламын.
Таштан салгам жомоктордун
Сарайын.

Мен издегем бойлоп айыл
Өзөнүн,
Алтын чачтуу суу перинин
Шакегин.

Кыялымды чын турмуш деп
Ойлогом,
Сарайымды бузуп, куруп
Ойногом.

Жандай өтүп баратып бир
Жаш жигит,
Мага бир аз карап турду
Көз тигип.

Колун сунуп — сарай салган
Балага,
Ээрчитти да, алып кетти
Калаага.

Калаа мага жаштык ырын
Ырдатты,
Кыялкечтик ышкымды да
Ырбатты.

Алыс кетип, кайрылып бир
Карадым,
Мунарыкка көмүлүптүр
Сарайым...

Сен болчусуң, акын агай,
А киши.
Айткан элең: «Биз – бир жердин
Жемиши.»

Калем кармап катыга элек
Колума,
Ыр чыгарып, түштүм сенин
Жолуңа.

Аркырады жаркыраган
Замандар,
Күүлдөдү күркүрөгөн
Шамалдар.

Шуулдады ак кайыңдар
Ыргалып,
Шамалдарга кошулуп биз
Ырдадык.

Кайталанбас күндөр алыс
Калды, ана.
Шылдыр булак айланды го
Дайрага.

Бирок дайра агымынын
Төркүнү -
Кашка булак, анын тунук
Мөлтүрү.
1944-жыл.

ТАШКА ЧЫККАН ГҮЛДӨР
Сен жазасың: «Жылдар жылга чиркешип,
Жолдор улам алыстатып араны,
Барган сайын каттарыңдан кунт кетип,
Мээримиң да бөксөргөнсүп барабы?

Илең-салаң күнүм өтүп, кеч кирип,
Көңлүм болду сарсанаанын түнөгү.
Кокус эркек калса тышта көп жүрүп,
Таштай катып калат белем жүрөгү...»

Жаз маалында Урал жакка бир барып,
Сен экөөбүз тоо аралап жүргөндө,
Эсиңдеби, караар элек таңданып
Таш үстүндө өсүп турган гүлдөргө.

Сабактары жарылса да чатынан,
Күн ысыгы күйгүзсө да бүрлөрүн,
Алар турчу жайды-жайлай жадырап,
Желбиретип керимселге гүлдөрүн.

Кан майдандын тозогуна какталып
Катуу ташка айланса да жүрөгүм,
Сага деген махаббатым таш жарып
Өнүп чыгып, гүл ачарын билемин.
1945-жыл.

Башкыртчадан которгон Салижан Жигитов

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз