Удмурт эл жомогу: Ач көз соодагер

  • 14.04.2024
  • 4182

Бир соодагерге күн абдан кыска сезилди: кеч чыгат да эрте батат. Чөп чабууга жалдаган батрактары талаага жетип жаңы эле иштеп баштаганда күн кечтеп баратты. Тимеле жасалбаган жумуш үчүн акы төлөп жаткансып бушайманданып жүрдү. Минтип отурса жай аяктаса да талаанын жарым чөбү жыйылгыдай эмес. 

Аргасы кеткен ал бир күнү айлакер эле деп Лопшо Педунга келип арызданып турду:

- Күн аябай кыскарып кетти. Жалдаган жумушчуларым талаага жеткиче эле кеч кирип кетип жатат. Кыска күн үчүн аларга көп акча төлөп атам, түшкү тамагын да бериш керек, – деген Лопшом үчүн күндү узартыштын бир аргасын табыш керек болду.

- Ээ акеси, чындап эле чыгым болуп аткан турбайсыңбы. Эбак эле мага келсең күнүңдү да узартып, чөбүңдү да жыйнатып бермек экенмин. Мен күндү узартыштын көп жолун билем. Ошолордун эң жакшысын сага үйрөтөйүн, акысына беш пуд буудай берсең болду, - дейт бул сараңды торуна түшүрө албай жүргөн Лопшо Педунь ичинен кымыңдап.

- Беш эмес он пуд деле берейин, эртерек үйрөтчү деги.

- Угуп тур анда, үстүңө кышкы тонуңду, бутуңа чокоюңду, башка жүн малакайыңды кий да, колго узун айрыны алып, бийик кайыңга чыгып күндү кармап тур. Ошентсең күн бир ордунда токтоп калбаса да, жай жыла баштайт.

- Түшүндүм, түшүндүм! Ыракмат сага жакшы кеңешиң үчүн. Күздө беш пуд буудайыңды аласың, коногум да болосуң! – деп сүйүнгөн соодагер үйүнө келип кечтен баштап күндү кыскартууга даярдык көрдү.

Эртеси таң эрте батрактарды талаага жөнөтүп, кечте белендеп койгон кышкы кийимдерин кийип, бийик кайыңга чыгып, узун саптуу айры менен күндү кармай баштады. Аптап күчөп турган жай ортосу болгондуктан; калың кийинген жаны боргулданып тердеди, айрыны көтөргөн колдору, бутакты тепкен буттары талыды. Кыскасы, азапты чындап жеди. Бирок күндү кармаш оңойбу! Аракетине берекет болуп күн ордуна токтоп калбаса да акырындан жылып, убакытты кыйла узартты. Кыйналса да батрактарды мөөнөтүнөн көпкө иштетип жатканына кымыңдады. Алар эми гана төлөгөн акысын актап жатышкансыды. Бирок түш оогуча араң чыдап, бактан түшүп келип, үйгө эптеп жетип бүк түштү. Уктап баратып өзүнө-өзү ыраазы болду, бул акылды айткан Лопшо Педунга жакшылап сый көргөзүүнү ойлоду.

Ал күнү чөп жыйнаган батрактар жакын туруп жанды чыгарчудай шаштырган кожоюн жок жай иштешти, түшкү тамактан кийин көлөкөдө бут чоюп, дене жазып тук этип да алышты.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз