Тогузунчу кылымдабы же онунчу кылымдабы, Орто Азияда эки мамлекеттин өкүмдарлары бири-бири менен чатакташып жүрүшүп, акыры ал чоң согушка айланат.
Окуучулар оңой кабыл алыш үчүн бир өкүмдарды Ахмед, экинчисин Амр деп атап алалык, ал эми негизги каарманыбыздын аты Мухаммед болсун.
Амр армиясын алып Ахмедге согуш ачат. Чөлдө чоң кармашуу болот. Амрдын армиясы жеңилип, кыйратылат. Аман калгандары туш тарапка качып жашынышат.
Амр башкалардан бөлүнүп жалгыз качты. Ал оор жарадар болчу, аты да жаракат алып араң басып калган. Тишине чейин куралданган жаш жоокер артынан түшкөн көрүп, ажалы чындап жеткенин түшүнөт. Кургап калган кудуктун жанына кыбыланы карап, намаз окуй баштайт.
Артынан жете келген жоокердин аты Мухаммед болчу. Ал Ахмеддин эмирлеринин бири эле. Ал Амрды таанып, бирок анын жарадар болуп, мусапырдын кебетесин кийип турганына боору оруп мындай дейт:
- Кудукка түшүп кыймылдабай олтур. Артымдан биздин жоокерлер келатышат. Мен аларды башка жолго салып жиберем.
Амр кургаган кудукка түшүп эмне болорун күтүп олтурду. Жоокерлер келгенде Мухаммед аларды ээрчитип алып кетти.
Амр кудукта караңгы киргиче олтуруп, анан чыгып өз жоокерлеринин калгандарын таап, үйлөрүнө кайтышты.
Жыл айланбай Амр кайрадан армия топтоп, Ахмедге согуш ачты. Чоң кармашуу болуп, бул жолу ийгилик Амрга жылмайды. Ахмед өлүп, анын бийлиги Амрга өттү. Мухаммед туткунга түштү.
Амр аны бошотуп, өз жанынан кызмат берди. Бирок Амрдын эмирлери ага келип мындай дешти:
- Бул адам өз өкүмдарына чыккынчылык кылып, анын өлүмүнө себепкер болду. Эртеңки күнү ал сени да сатып кетет. Аны тирүү калтырышка болбойт!
Амр ойлонуп көрүп, эмирлердин айтканын туура көрдү. Ал Мухаммедди өлүм жазасына буюрду.
Мухаммед бир кезде аны аман алып калганын эске салып, анын өмүрүн сактап калышты жалынып сурана баштады.
Амр ага мындай жооп берди:
– Адам катары бир кезде мени сактап калганың үчүн ыракмат айтам, сени өлүм жазасына буйрук кылуу мен үчүн өтө кыйын. Мен сени аяп турам. Бирок өкүмдар катары сени жазалашым керек! Бийликтин мыйзам-заңы ушундай. Кожоюнуна чыккынчылык кылган адам өлүш керек!
Ошентип Мухаммедди дарга асышты.
Бүгүнкү күнү өз кызыкчылыгын көздөп, үзөнгүлөштөрүн сатып, бир лагерден экинчи лагерге өтө качып жаткандар, бийликтин жана саясаттын мыйзамына ылайык өлүм жазасына татыктуу экендиктерин билүүлөрү керек.
Аларга канчалык убадалар берилип, кепилдиктер берилбесин – кереги жок болуп калган кезде талаада калышарын унутушпасын!
(Рашид ад-Диндин эмгектеринен)
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ