Бир жолу жылкы чөбү жайкалган жашыл талаага туш болуп, бир топ күн өзү жалгыз ээн-жайкын жайылат. Жөн жайылбай жал байлап семирет. Бир күнү бул талаага бугу сулуу келет. Ага да талаа жагып, байырлап калат. Жалгыз оттоп көнө түшкөн жылкынын бугуга ичи тарыйт. Кандай болбосун бугуну бул талаадан кетирүүнү ойлойт. Кубалап чыгайын десе, колунан келбейт. Ошондо айласы кеткенде адамга кайрылат.
- Мен бугуга жете албасам аны талаадан кантип кууп чыкмак элем? – дейт киши. Анан ал ойлоно түшүп мындай деп кошумчалайт: - Эгер мен сага жүгөн катып минсем, анда башка иш эле. Экөөлөп аны кубалап чыгат элек. Кел, ушундай кылабыз?
Жылкы адамдын сунушуна макул болот. Адам ага жүгөн катып минип, жашыл талаадан бугуну кууп чыгат. Бирок ал жылкынын жумшак үстүнөн түшкүсү келбейт. Адам ошондон бери жылкыны минип келатат дейт.
Ич тардык менен ач көздүктүн арты мына ушундай болот.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ