Америка эл жомогу: Үч жүйө

  • 19.05.2024
  • 3674

Бир вермонттук кошунасынын казанын сурап келип кызылча ширесинен шекер тартып, жумушун аяктаган соң кайрып берет. Бирок казандын ээси оокатын жарактан чыгарганы үчүн аны сотко берет.

Сотто коргонуп жатып вермонттук неме үч жүйөсүн келтирет:

- Биринчиден, мен казанды эч кандай сындырбастан, бүлдүрбөстөн бүпбүтүн бойдон кайрып бергем. Экинчиден, казанды алганымда эле анда жарака бар болчу. Үчүнчүдөн, мен мындан эч кандай казан алган эмесмин. Мага жөн эле жалаа жаап жатат, ошон үчүн мунун өзүн сотко берем.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Комментарий калтырыңыз