
Еврейлердин акылдуулугу тууралуу көп айтылып жүрбөйбү, бул жөн жеринен чыкпаганын алардын төмөндөгү макалдарынан байкасаңыздар болот.
Акчанын бары да жаман, жогу да жаман.
♦ ♦ ♦
Адам — бактылуу адамдардын эң биринчиси, анткени анын кайненеси болгон эмес.
♦ ♦ ♦
Эгерде көйгөйдү акча менен чече алсаң, ал көйгөй эмес, чыгаша.
♦ ♦ ♦
Жаман аялдардан Кудай сактасын, жакшыларынан өзүң сактан!
♦ ♦ ♦
Ичиңе шарап киргени — сырыңдын сыртка чыкканы.
♦ ♦ ♦
Кудай бир убакта эле бардык жерде боло албайт — ошондуктан энелерди жараткан.
♦ ♦ ♦
Таттуу болбо — жеп салышат. Ачуу болбо — түкүрүп салышат.
♦ ♦ ♦
Текенин астынан чыккандан корк, аттын артына баргандан корк, жинди кайсы тарабынан чыксаң да коркунучтуу.
♦ ♦ ♦
Мейман менен балык үч күндөн кийин сасый баштайт.
♦ ♦ ♦
Билим көп орун ээлебейт.
♦ ♦ ♦
Сакалы жок еврей, еврейсиз сакалдан жакшы.
♦ ♦ ♦
Кудай кедейлерди жок дегенде кымбат баалуу күнөөлөрдөн сактайт.
♦ ♦ ♦
Карган кыз күйөөгө тийсе, жаш келинге айланат.
♦ ♦ ♦
Алыстан бардык адамдар жакшы.
♦ ♦ ♦
Жумуртка балким тооктон акылдуудур, бирок ал бат бузулат.
♦ ♦ ♦
Аялдар аз сүйлөсө, эркектер көп иш жасамак.
♦ ♦ ♦
Чыдап унчукпай коюу, жакшы сүйлөгөндөн кыйын.
♦ ♦ ♦
Жаман аял — жамгырдан өткөн кокуй: жамгыр үйгө кубалап киргизет, а жаман аял үйдөн кууп чыгат.
♦ ♦ ♦
Дүйнө адамдар көбөйүп кеткенден жок болбойт, адам сымал айбандар көбөйгөндөн жоголот.
♦ ♦ ♦
Оо жараткан, бутума турганга жардам кыл, — а жыгылганды өзүмө кой.
♦ ♦ ♦
Сүйүү канчалык таттуу болбосун, андан компот кайната албайсың.
♦ ♦ ♦
Эки жаман нерсенин бирин тандап ал десе, пессимист экөөнү тандайт.
♦ ♦ ♦
Баары эле акчам жок деп ыйлайт, акылым жок деп айткан бирөө жок.
♦ ♦ ♦
Ак чач акылмандуулуктун эмес, карылыктын белгиси.
♦ ♦ ♦
Кары адам көзү начар көрсө да, көптү көрөт.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ