- «Жашоо – театр; анда жаман адамдар жакшы орундарды ээлеп алышкан».
- «Адам, сенде жан-дүйнөңдөн башка эч нерсең жок».
- «Бакытты кубалап издебе: ал дайыма өзүң менен жүрөт».
- «Өз кыйындыгыңды күн чыгып келе жаткандагы көлөкөңө карап баалаба».
- «Жашоодогу басар жолуңду чаңдатпа».
- «Акмакчылык өз көлөкөсүн күн төбөңдө турганда деле түшүрө берет…»
- «Адегенде акылдуу болгонго тырыш, окумуштуу болгонго бош убактыңда деле жетишесиң».
- «Жакшы жана сулуу адамдар жер жүзүндө эс алып, ойноо үчүн эмес, а жакындарына жардам бериш үчүн жашашат».
- «Эстеликти көрүнүшү, адамды кылган иши сулуу көргөзөт».
- «Жашоо оюн сыяктуу: кээ бирлер ага мелдешип ойноо үчүн, кээ бирлери соодалашуу үчүн, ал эми эң бактылуулары көрүүчү болуп келишет».
- “Ооба” жана “жок” деген сөздөр канчалык кыска болсо да, терең ойлонууну талап кылат».
- «Курулай мактоо сүрөттөгү курал сыяктуу, көргөндө көздү кубанткан менен эч бир пайдасы жок».
- «Тозокту баалай билсең, бейишке барасың!»
- «Жакшы нерсени тандап ал, адат аны жагымдуу жана жеңил нерсеге айлантат».
- «Дүйнөнү сандар бийлейт!»
- «Жиндиге кылыч берген менен, уяты жокко бийлик берген бирдей эле коркунучтуу».
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ