
Жан РОСТАН
(1894-1877), француз жазуучусу жана биолог
Чыныгы жазуучу биздин оозубузду дайымкы билген нерселерибизге ачырат.
* * *
Жазуучунун жалыны кагазга түшөт, бирок ал өрттөбөйт.
* * *
Адилетсиз айтылган сын менен да эсептеш, бирок адилеттүү сынга да ишенбе.
* * *
Бир адамды өлтүргөндү кан ичкич десек, миллион адамды өлтүргөн кан ичкичти баскынчы, баарын тыптыйпыл кылган баскынчыны Кудайга теңейбиз.
♦ ♦ ♦
Марсель ПАНЬОЛЬ
(1894-1974), француз кинодраматургу
Оптимист үчүн жашоо көйгөй эмес, чечим.
* * *
Эчкимге ооз ачпаган сыр сыр эмес, бирөөгө шыбыраган же четке бөлүп барып айткан сыр анык жашыруун сыр.
* * *
Короосунан үрүп чыгар ити жок эркекти сүйгөн аялды өмүрүмдө көрелекмин.
* * **
Аял орой кемчиликтер менен жек көрүүнү кечирет. Бир гана шылдыңды кечирбейт.
* * *
Өзү жөнүндөгү пикирди жашыруу эчкимдин колунан келбейт.
* * *
Кыялга канчалык ишенбейин десең да барыбир андан ажырай албайсың.
* * *
Алсыз адамдар «Менин эрким бекем» дегенден чарчабайт.
* * *
Эркекти ойношунун эмес, бейтааныш айымдын көзжашы көбүрөк кайгыртат.
* * *
Жазмакерликтен колу бошобогон жазуучулар өз ойлорун электен өткөрүүгө да убакыт таппайт.
♦ ♦ ♦
Жорж Жин НЕЙТАН
(1882-1958), америкалык сынчы
Чыныгы куудулдун тез таанылганы – ал ооз ачелекте эле элдин оозу жалжайып калат.
* * *
Муштумун түйүп турган адам туура ой жүгүртпөйт.
* * *
Аялдар жаш өйдөлөгөн сайын косметикага, эркектер азилге басым коёт.
Которгон Олжобай ШАКИР