АРКАБАЕВ Кубаныч: КУБАНЫЧБЕК АРКАБАЕВ: БАКЕҢДИН БАШКАРМАЛЫГЫНДА

Бармак: — Манжала-ар, бой боюнча тизилгиле!

Манжалар: — Тизилдик, Бармак аке.

Бармак: — Тизилсеңер катар боюнча санагыла.

Манжалар: (санашат) — Бир, эки, үч, төрт.

Бармак: — Төрт? Бешөөбүз болушубуз керек эле. Ким жок?

Манжалар: — Билбейбиз.

Бармак: — Жана пиларамада болдук эле, жан-жагыңарды карагылачы бош орун жокпу?

Манжалар: — Жок.

Бармак: — Анда ким жок? Таак, тизме боюнча түгөлдөйм. (Бармак окуйт, манжалар жооп берет) – Сөөмөй – Мен, Ортон – Мен, Аты жок – Мен, — Чыпалак – Мен, Бармак…

Бармак: — Бармак дейм!

Манжалар: — Бармак өзүңүз.

Бармак: — Өзүмбү? …Аа ха ха ха. Өзүммүн да. Та-ак, түгөл болсок маселе мындай манжалар… Сөөмөй! Түшүнбөдүм сени! Буйрук бой боюнча тизилгиле болгон.

Сөөмөй: — Өзүңүз көрсөткөнгө, чукуганга кыйын экенсиң деп биринчи койбодуңуз беле.

Бармак: — Аа… Ооба. Мындай анда манжалар. Мамлекеттик май бар майкандайбызбы?!

Сөөмөй: — Майкандаса майкандайлы.

Ортон: — Элди кантебиз?

Аты жок: — Кантмек элек, эптейбиз да.

Чыпалак: — Ээх бир чайнасаң май чайна дейт!

Бармак: — Анда мындай. Май идиште, силер аны астынан көтөрөсүңөр, мен кырынан кармап туруп эңкейип келип башымды майга малам.

Манжалар: — Дагы эле сиз, кайра эле сиз, а качан биз…

Бармак: — Уксаңар эй! Качан эле май кармаган сөөмөйүн, ортонун же болбосо аты жок, чыпалагын жалайт деген сөз бар эле, аа? «Май кармаган бармагын жалайт» деген гана улуу сөз бар билсеңер.

Ортон: — Кымыш кылган бармагын тиштейт деген да сөз бар.

Бармак: — Эй курку, азыр манжалар менен сүйлөшүп туруп кеңешип кескен ортон оорубайт кылып коюп жүрбөйүн. Же жерди бир сайып көрсөтүп тындым кылдырып салайынбы, ыя?!

Манжалар: — Бир ачууңузду бизге бериңиз, Баке.

Бармак: — Же жата калып ортоңордон башымды көрсөтүп, ме десем барыңар майдан куру калып жүрбөгүлө.

Манжалар: — Баке, Баке, теректей бою болгону менен теменедей акылы жок немени кечириңиз.

Бармак: — Маанайды жаман түшүрдү, жайлап салайынбы, ыя?

Манжалар: — Өзүңүз кайкалай калып эле асманды “воо” деп көрсөтсөңүз эле маанайыңыз көтөрүлүп, баары сонун, баары май көл-сүт көл болот да калат, Баке.

Бармак: — Воо сонун сөз болду мунуңар. Мына анда!

Сөөмөй: — Кайкайган позаңдан, Баке!

Аты жок: — Буйругуң оозангын, Баке!

Бармак: — Манжала-ар мамлекеттик майды карай марш!

— Ур-ре!

— Алга!