Макелек Өмүрбай уулу: Барпынын «Аккан суусунун» акыл сүйөрлүк боосу

  • 28.09.2020
  • 6259

Макелек Өмүрбай уулу Кармыштегин – 1956-жылы Кытайдын Шиңжан Уйгур автоном районуна караштуу Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун Улуу-Чат ооданынын Улуу-Чат айылынын Жоюлган-Суу кыштагында туулган. «Тил жана котормо» журналынын башкы редактору. Кыргыз адабияты, кыргыз тили боюнча ондогон китептердин автору. Жуңго кыргыз фольлору боюнча диссертациясын коргогон. Профессор.

Адамзат кийинки кездерде акыл сүйөрлүк (философиялык) ыңгайды колдонуп, ошол аркылуу ааламга, табияттын кубулуштарына, адамдын өзүн таануусуна ой салуунун нугун таап, издеп келүүдө. Албетте, кыргыз жашоосу да ал ой салуу нугун куубай, «жөн эле жүргөн» эмес. Дүйнөдөгү бардык заттарга саресеп салуу, алардын мыйзамын байкоону, адам өзүн таанууну тынбай иштей турган үйүтү кылып, дүйнө карашын, жашоо карашын, нарк карашын каймактаткан.

Кыргыз тарыхында, «Кыргыз акыл сүйөрлүгү (философиясы)» аталган арналуу китеп көзгө көрүнүп, колго кармалбаганы менен, кыргыз акыл сүйөрлүк, жашоосундагы акылмандык эл ичинде дагы бир ыңгайда өксүбөй, атап айтканда, эл ооз адабият ыңгайын жамынып, ошондон башпагып көрүнүп, жашоосунда кадыресе колдонулуп келген. Адам таануусунда, жакшы-жаман адам, акылман, кеменгер, көсөм, олуя, андан да эң жогорку «айкөл» деген адамдык сапат, адамдык даража-белестерин белгилөөгө чамалары жетип келгени, ошого салган оюнун үзүлбөй жүргөнүн күбөлөйт. Ооба, акыл сүйөрлүк ою жок, акылмандыгы жок элдин ушул доорго чейин бар болуп туруусу мүмкүн эмес эле.

Кыргыздын акылмандуулугу, акыл сүйөрлүк идея, түшүнүктөрү чоң жомокторунда (эпосторунда), макал, ылакаптарында, санат, термелеринде ж. б. ширелип, шыкалып, ошолорго тепчилип, төөнөлүп бекем сакталып жеткен. Болуп да элдик адабиятында «Канткенде адам баласы адам болотко» (Ч. Айтматов) салган ою эч кимден чолтолук кылбай, айтканга тили кыскалык кылбай келиптир. Ушул сөзүбүздүн күбөсүн кечээги 20-кылымда эл ичинде эле жашап өткөн, эч кандай даражада «окуду» деген күбөлүгү жок, көзү менен эмес, дүйнөнү акылы менен көргөн, эл ырчысы Барпынын салган ою тээ дүйнөгө белгилүү чоң философтордон чолто чыкпаганын, ал айтайын деген түшүнүгүндө тили кыскалык кылбаганын көрсөтсөк сөзүбүзгө өбөлгө болот.

Барпы кыргыздын төкмө ырчылары (акындары) деген мартаба менен эл ичине таанылуу. Ал тургай, төкмөлөрдүн төрүнөн көрүнгөн киши. Кыргыз төкмөлүктүн төрүн санат, терме чыгарган ойчулдукту негизги чен кылат. Себеби кыргыз ырчылыгындагы «санат, терме» жашоонун жакшы-жаманын санаттаган, заттарды, адамдын адамдыгын, алардын мүнөздөрүн терип көрсөтүп, акыл сүйөрлүк мазмун менен жабдыган, адамдарга акыл кошкон чыгармалар эсептелет. Ошол кыргыз төкмөлүгүнүн төрүндөгү Барпы «Күн», «Жер», «Аккан суу», «Шамал», «От» сыяктуу тээ дүйнө бүткөн элементтерден сөз ачканы, заттардын жаралышы, алардын мүнөз-касиеттерин терип айтып, табият мыйзамына багып ой салганы, «Адамзаттын балдары», «Адам» деген темалар менен адам таануудагы «Канткенде адам баласы адам болот» деген дүйнөлүк улуу талашка үн катып, адамдык сапаттарды терип, «Эр жигит», «Болор жигит», «Болбос жигит», «Аялдын жакшысы», «Аялдын жаманы» ж. б. боюнча мүнөздөмө берип, адам таануунун кыргыз акылмандуулугунда кандай түшүнүктөрү бар экенин, адамдагы жаман-жакшы сапаттардын чен-өлчөмүн айтканы кадимки дүйнөлүк акыл сүйөрлөр (философтор) менен ой бөлүшкөндөй туюлат.

Карасаң, Барпынын айткандары акыл сүйөрлүктүн нугу менен жүргөн. Адамдар алгачында, жаратылышты таануунун философиясынан баштаптыр, ал эми Сократтан соң адам өзүн таануу акыл сүйөрлүгүнөн сөз козгой баштаган эле. Барпы да ошол жөрөлгөдөн тайыбай, жаратылыштан жана адамдын адам болуусунан сөз козгоп, барпылык система түзүүгө жетишип олтурат. Айтмак, ал акыл сүйөрлүктүн түшүнүктөрүн жөн айтпай, ыр менен көркөм айтканы өзүнчө өзгөчөлөнүп, кыргыз акыл сүйөрлүгү анын элдик адабиятында экенин, ал философтору эл акылмандары, ырчылары, жомокчулары экенин ырастап турат. Ошого, Барпыны адабияттык көз менен төкмө ырчы деп атаганы бир жөн, ал ыр менен айткан түшүнүк, салган ойлоруна карай, аны акылман, ойчул, философ деп атаса да чак келет. Анын айткан түшүнүгү, ою акыл сүйөрлүк менен шыбагалаш, табакташ турат.

Бул макалада, Барпынын жеткен оюнун баарына урунбай, тек анын акыл сүйөрлүк түшүнүгүнөн бир үзүм гана, «Аккан сууну» алып сүйлөөнү туура көрдүк. Себеби, «Аккан сууда» айтылган түшүнүктөрдүн байламта боосу кыргыз акылмандуулугунун жолун жолдоо менен калбай, дагы тээ 2500 жыл мурдагы Кытай философиясынын бабалары Лаозы (санактан мурдагы 571-471-жылдар), Конфуцийдин (санактан мурдагы 551-479-жылдар) «суу» жөнүндөгү түшүнүгү менен байламта боосу узактан уланат. Конфуций олуя өзүнөн жашы улуу аксакал Лаозыга ат арытып, тон кийип атайлап барып көрүшөт. Ошондо, Лаозы Конфуцийге таалим берип, – «Жакшы (олуя) болсоң суудай бол» (上善若水) – дейт (Лаозы, «Лаозы, Жуаңзы, Төрт китеп» «Лиаоның улуттар басмасы, 2001-жыл, «Болумуш басар жол жана муралнаама» 8-бап, 17-б.). Конфуций: «Суу кандай?» деп сурайт. Лаозы суунун мүнөздөрүн адамчалап, адам мүнөзү суунун мүнөзүндөй болсо, чыныгы адамдыкка, ал тургай олуялыкка жетерин айтып берген. Барпынын «Аккан суусундагы» сууга болгон мүнөздөмөлөрү Лаозынын айткандарын жаңыртып ырдагандай туюлат. Ошондуктан, Барпынын «Аккан суусунун» акыл сүйөрлүк боосу кыргыз акылмандуулугунда жана Лаозы, Конфуцийлердин айткандары менен бекем байланып турганын, «Аккан суу» түшүнүгү чыгыш акыл сүйөрлүгүнүн бир мисалы катары көрүнгөнүн айтууну максат кылды. Төмөндө «Аккан сууда» айтылган түшүнүктөрдү «Манас» жана кыргыз ойчулдугундагы түшүнүктөр, Лаозынын Конфуцийге айткан суу жөнүндөгү таалимдери менен жарытып карайлы.

1. «Аккан суу» мурда жаралган. Кыргыз акылмандуулугунда ааламдын жаралышы, дүйнөнүн бүтүшү, асман заттарынын аракеттери боюнча түшүнүктөрү бечел калбаган. Булар жөнүндөгү түшүнүктөрү өздөрү чыгарган аңыздарында өтө элестүү, кадыресе акылга шай, аңызды уккан киши ага ишенгидей даражада айтып келген. Дүйнөнүн бүтүшү, табияттагы заттардын жаралышы боюнча уламыштар чыгарып, адамдардын дүйнө карашын өз нугуна сала алган. Кыргыз аңыздарына карасак: «Ааламдын жаралышы», «Жердин каймакташы», «Айдын жаралышы» (айда чынар терек, жез кемпир турат имиш деген аңыз менен анда жандуунун бар экенин билгени) ж. б. аңыздар эл ичинде өтө көп чыгарылган. Ал эми кыргыз уламыштарын алсак: асман заттарынан үркөр, алтын казык жылдыз, үч аркар жылдыз, жети каракчы жылдыз сыяктуулар боюнча, айбандардан коёндун жаралышы, уйдун жаралышы ж. б. уламыштарды улап айтып, дүйнөнүн бүтүшүн, «жаратылыштын» жаралышы боюнча акылга ылайык ой салган. «Аккан сууда» ошол эле кичинесинен аңыз, уламыштарга бышы кулак болуп чоңойгон Барпы суунун жаралышы боюнча сөз козгогону кыргыздын дүйнө карашын өз заманында кайра жаңыртып айтканы болчу.

Барпы акын «Аккан суу» термесинде: «Жер бүткөндө жаралган,\ Элдең мурун, аккан суу», «Дүнүйада эң керек, Төрт такилет (элемент), аккан суу» - деп сууну дүйнө бүтүшүндө «элден мурда» жаралган элементтер катарына, ооба, «топурак, суу, от, аба» төрт элементтин тизмегине коюп айтышы дүйнөлүк акыл сүйөрлүк илимине өз үнүн кошуп турганын, дүйнөнүн жаралышы боюнча эмики илимдин кулагына жылуу угулар даражасына жеткире сөз айтканын баалап айтуу керек. Дагы келип, суунун табияты, мүнөзү боюнча түшүнүктөрдү айтуу менен кошо, суунун жаралышына кайрылганы Барпы акындын оюнун бийиктигин көрсөтүп бере алган.

2. «Аккан суу» – улук. Кыргыз акылмандуулугу аккан сууну «улук» тутунган. Аккан сууну улук билүү түшүнүгү кыргыз руху жыйналган «Манас» чоң жомогунда айтылып жеткен. Анда: «Суудан улук иш кылсаң,\ Кечиргенин жан билбейт» («Манас”. С.Орозбаковдун варианты. Интернеттен.) – деп дүйнөдө иштин улуугун аккан суу гана иштей ала турганын белгилеген. Аккан суунун андай улук болуусун жандууга жан киргизген «ырыстан» көрсөтүп: «Көл-дарыя ырыска,\ Көз көрүнөө баткандай!\ Акылга адам тапкандай,\ Айла кылып токтоткон,\ Аккан суудай ырыска,\ Алдам берсе баткандай» (ошол эле жерде), – дейт да, улуктук жандууга «ырыс» (жашоо) берчүсүнөн көрүнөрүн тактаган. Ошентип кыргызга аккан сууну улуктоо түшүнүгү жалпылашып, аккан сууну ыйыктоо: сууну сөкпөө, сууга түкүрбөө, сууга сийбөө, сууга балит нерселерди бастырбоо (сууга чылап таштабоо) сыяктуу көптөгөн тыйымдарды калыпташтырган. Бир жакка сапар тартууда «суусу буюрсун» деген тилек айтса, каза-катары келгенге: «суусу түгөнгөн экен» - деп, «өлдү» дебей, сылык айтуу менен туюнткан.

Кыргыз акылмандуулугу аккан сууну улук билүүсүн суу боюнча чыгарган макал, ылакап, учкул сөздөрүнөн да көрсөткөн. «Кыргыз макал-ылакап» жыйнагынан караса, башка заттарга салыштырмалуу суу боюнча айтылгандары эң көп. «Суу сыйлаган зор болот, суу кордогон кор болот» деген макалдын айтылышы сууну улуктоо карашынын жөрөлгөгө айланганын көрсөтүп турат.

Ал эми аккан суунун улуктугун Барпы акын: «Адамдын жүзү көрүнгөн\ Тунуклугуң, аккан суу.\ Дүйнөдө белгилүү\ Улуклугуң, аккан суу» - деп аккан суунун улуктугу жөн эле улук эмес, дүйнөгө «белгилүү» улук деген тепкичке көтөрүп айткан.

2. «Аккан суу» – тирүү. Кыргыз акылмандуулугунда, «суу» деген жалпы аталыштан «тирүү суу», «өлүү суу» деген түшүнүктөрдү бөлүп чыккан. Аккан сууну – тирүү, жандуу суу деп караган да, «алты аласалган суу өзүнчө тазарат (тирилет)» дегенге ишенген. Ал эми башында куймасы жок, аягында чыкмасы жок, акпай токтоп калган сууну «өлүү суу» атап, өлүү сууну ичүүгө катуу тыюу салган. «Аккан суунун» аракетинен улам агып турган суу тирүү деген түшүнүк калыпташкан. Барпынын «Аккан суу» аташы («суу» деп эле айтпай) ошол эле кыргыздын байыркы түшүнүгүн кууп айтканы болчу. Ал Барпы суунун тирүүлүгүн анын башка заттарга жан болгону, кан болгону менен ырастап: «Жарандардын жаны – сен,\ Жаратылган каны – сен», – деген түшүнүккө көтөргөн. Эл ичинде, суусуз калганды, суусаганды «каны катып калды» деген айтылыштардан суунун жандуулардын каны деген түшүнүк бар экенин билүүгө болот.

Аккан сууну тирүү, жандуу катары көрүү, акыл сүйөрлүк табиятты, андагы заттарды таанытууда адамды тааныгандай көзгө үйүр, түшүндүрүүдө адамды айтып жаткандай жеңил ыңгайды тандап, табиятты адам сыяктантып, аларга адам мүнөзүн берип (жан берип) айтуу; ал эми адамдыкты, анын мүнөзүн түшүндүрүүдө табияттын мүнөзүнө теңеп, заттардын көрүнгөн элесин өтүнөгө колдонуп, адамдык сапатты табият мүнөзү менен ченеп түшүндүрүү, табият менен адамдын мүнөзүн аралаштырып көрсөтүү ыкымын колдонуу жөрөлгөгө айланган ыкма болгон. Барпы акындын «Аккан суусунда» сууну адамчалап, адамдык касиеттерге, адамга айтылган сапаттарга ченеп, теңеп айтканы ошол жөрөлгөлүү акыл сүйөрлүктүн түпкү боосун бек кармаганы эле. Барпы акын «Аккан сууну» адамчалоодо, сууну: «Туулган жердин баласы,\ Такылетин (туураганын) карачы,\ Тарбиялуу аккан суу.\ Жаңылбай чыккан жолудан,\ Жаркырап жердин койнудан,\ Жайнап чыккан, аккан суу» - деп сууну жердин койнунан чыккан тирүү баласы, басар жолу (буту) бар, алган табийгы тарбиясы жерди туураган (такылет кылган) деген элестетүү менен, суунун жаралышына ой салып, анын атасын кайра эле жаратылыштан кылып көрсөтүп олтурат. Барпынын «Аккан сууну» тирүү сыяктуу түшүндүрүү ыңгайы чыгыш акыл сүйөрлүктүн бабасы Лаозынын суунун мүнөзүн адамдыктын үлгүсү катары айткандары менен окшош болуп, көрсө, «жаактан жаак калбайт» деген ушундай окшойт.

4. «Аккан суу» – сылык. Адамдын адам болуу каадаларын кармануунун, маданий адам болуунун эң башкы шарты «сылык, жумшак» болуу. Аны жаратылыштагы ар кандай заттан адамдын өзгөчөлүгү деп айтса да болот. Лаозынын акылы боюнча, суунун сылык, жумшактык мүнөзүн адам адамдыгына чен кылуу керектигин Конфуцийге насааттап: «Жумшак ар кандай катууну моюн сундурат, алсыз барып күчтүүнү жеңет» (柔能克刚,弱能胜强) - дейт да, мында, «жумшак, алсыз» дегени суунун көрүнүштөгү таасири гана экени, ал суунун ички кубаты, табийгы күчү катууну, күчтүүнү жеңет деген акыл сүйөрлүк түшүнүктү туюнткан. Биз ал түшүнүктөрдү толугу менен эмес, негизги мазмунун гана атап өтсөк: Суунун ар кандай нерсеге такашпай ийри агын жаратып өтүшү; кандай түскө жолукса, ошол түстү чагылдырышы; кандай кебете керек болсо (тегерек, чарчы ж. б.), ошол кебетеге ылайыкташуусу; бардыгы өр талашса (жогоруну), ал суу гана өр талашпайт, ылдыйга карай жүрүүсү; бардыкка жан берип, бирок алардан алары (талашаары) жок жүргөнүн сылыктык жана жумшактык мүнөз деп көрсөткөн. Ал эми суунун көрүнүшү сылык, суунун ушул сылыктык түшүнүгүн Барпы акын жаңыртып, анын көрүнүшүн: «Сымап менен окшошсуң,\ Сылыктыгың, аккан суу»- дейт. Суунун жумшактыгын (алпейимдигин) ал ар кандай кебетеге ылайыкташканы, такашкан жерден такашып токтоп калбай, ийрейип, буруп өтүү жүрүшүн «Манаста»: «Ийри-муйру суу менен, Имерилген тоо менен…» (С. Каралаев) - деп айтса, ал Барпыда:»Бурум-бурум жер болсо,\ Буруп аккан, аккан суу,\ Колу буту белгисиз,\ Жылып аккан, аккан суу» деген саптар менен суунун ийри агышы жер жагдайына бакканын, такашпай, башкага жол берүү, өзү түпкү жетер маарасына жол ачуунун сылыктык ыңгай экенин туюнткан. Ал адамдык, олуялык сапатты жетилдирүүдө, суудагы сылыктык касиеттерди иштей алышы менен ченелиши керек экен.

Барпы Алыкулов

5. «Аккан суу» – күчтүү. Суунун табийгы күчү адамдын табиятындагы чексиз күч сыңары, атап айтканда, адам да табиятты өзгөртүү (тоону томкоруу) курбатына, күчүнө салыштырып айтуу акыл сүйөрлүк (философиялык) түшүнүктөрдүн бирөө катары каралат. Жогоруда Лаозы «алсыз барып күчтүүнү жеңет» дегени, суу алсыздай, жумшактай сезилгени менен, суунун ичи күчтүү, тынбай аракеттенүүсү, тажабоосу ар кандай катуудан өтөт (жеңет), «тама-тама таш тешет», ал тыпылдап таамп турганы аны алсыздай көрсөткөнү гана экенин айтып өткөнбүз. Ал суунун күчүн С.Каралаев «Манаста»: «Ай балта күчтүү баш бузат, Чубак,\ Агын суу күчтүү таш бузат, Чубак…\, Жар жыгылса суу жөлөйт,\ Бул жалгыз кул өлсө ким жөлөйт?» ( Манас. С.Каралаевдин варианты. Интернеттен.) деген саптар менен жаратылышта аккан суу күчтүү экенин белгилеген. Ал эми «Аккан сууда» Барпы акын: «Толкуну тоону көчүрүп,\ Кыймылдаткан, аккан суу,\ Кара шагыл кумайды\ Жарып чыккан, аккан суу, Кесек жатса эритип,\ Майда кылган, аккан суу» деген саптар менен, аккан суунун табийгы күчү ошондой күчтүү кебелбес «тоону көчүрүү» кубатынын бар экенин, ал Лаозы айткан «алсыз барып күчтүүнү жеңет» болгонун жаңыртып айткан. Ал адамда олуялык, жакшы сапаттын чени да адамдык тубаса чексиз күчтү суу сыяктуу чыгара билүүсүндө экенин меселдеткен.

6. «Аккан суу» – таза. Жандууга жан, кан берген суу табиятында таза, ал өзүнүн аракети менен өзүн тазартуу жөндөмү бар. Өзү таза болгон соң табиятты тазартууну тубаса милдети катары көрөт. Лаозы: «Жер бетинде ар кандай нерсе таза жер менен жүргүсү келет, ушул суу гана балит жерлерди басып өтүүгө даайт» - дейт да, суунун балитке, таза эмеске батылдуу кирип барышы, балитти өзүнө жугузбай, аны тазартууга күчү жетерине ишенгени эле. Ал Барпы «Аккан суусунда»: «Эгизден түшүп пас жакка\ Шаркыраган, аккан суу,\ Жүрүп кетсе алтындай\ Жаркыраган, аккан суу,\...Макүр (кир) болсо бир жериң\ Таза кылган, аккан суу» – деп суунун тазалыгын «жаркынынан» белгилеп, ал суунун тазарткыч ыйык милдети «бир» жерди койбой тазартуу экенин көрсөткөн. «Жакшы болсоң суудай бол» (Лаозы) дегенде, адамдын дили таза жүрүү, өзү таза болгон соң, андан сууга окшош «жамандарды» тазарта алгыдай күчкө жетишерин, жаманды тазарта алган адам гана жакшы адам (олуя) болорун, жүрөгү таза, денеси таза адамдык сапаттын бир чени болорун көрсөткөн.

7. «Аккан суу» – тегиз. Бардыкка тегиз болуу, бардыкка бирдей мээрин берүү суунун жаратылыш мүнөзү деп каралат. Барпы «Аккан суунун» бардыкка тегиз мүнөзүн көрсөтүп: «Дүйнөдө эң керек\ Сен жаралдың, аккан суу. Кыбыраган жандарга\ Тең жаралдың, аккан суу… Жер үстүндө мөмөнү\ Сен сугарган, аккан суу.\ Курт-кумурска, бөй-чаян,\ Тең сугарган, аккан суу», - деп жер бетиндеги өсүмдүктөрдүн эң асылдарын түрдүү эгиндерден, ар кандай сонун мөмөлөрдөн тартып, тээ коко тикен сыяктуу абдан жамандарын, дагы башка уу чөптөрдүн да: «Жер бетинде гия чөп,\ Тамыр алып желпилдейт» -деп ал жандуулардын эң асылы адамдан тартып, тиги асмандагы канаттуу да «Сен болбосоң бир нечен\ Какшып өлөт, аккан суу.\ Бүркүт учса алыстан,\ Шаңшып өлөт, аккан суу» - деп ал тургай, эң жаман кыбыр жандуудан «курт-кумурска, бөй-чаян» ушулардын бардыгын атап айтып, алар суу менен жашарын адамдардын эсине салууну гана көздөп, терип айтып жатканы жок, Барпынын айткан акыл сүйөрлүк бийиктиги «тегиздик», «тең мамиледен» көрүнүп, жакшы адамдык, олуялык сапаттын чамгарагын «тегиздик» менен ченеп берип, жашоодо «колунда токочу бар бала сүйгүнчүк» гана болбой, жакшынын жакшыча көрүнүшүнө (жакшы экен деп), жамандын жаманча өсүү жолуна (бул жаман деп), ал жарды-жалчыны жагдайына (кемсинтпей, «бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет» боюнча) багып, тегиз байкоо салуу, коомдун, жашоонун бардыгына тегиз мамилени, карашты өз ылайыгында алып жүрүү «тегиздик» экенин «аккан суунун» миселинде өзгөчө белгилегенин, «тегиздик» адамдык сапаттын бийик өлчөмү катары айтып чыкканын «Барпы акыл сүйөрлүгү» катары атаса болот.

8. «Аккан суу» – майнаптуу. Кыргыз акылмандуулугу ар кандай жасаган жумуш, жеткен акылдын майнабы, натыйжасы менен баалуу болот, майнап аракеттен көрүлөт, «аракеттен берекет чыгат» деген макалы менен кортундулап жеткирген экен. Ал эми майнаптуулукту, берекетти мындан 2500 жыл мурда Кытай акыл сүйөрлүктүн бабасы Лаозы суунун аракетинин майнаптуулугуна теңеп: «Дайралар, тегеле бардык эле агын жүрүп олтуруп майнабын «байгу падышасы» (百谷之王 суу атасы) кылып чыгара алат», - деп көрсөтүптүр. Мында «суу атасы кылганы», суу башаты булак көзүнөн башталып агып (аракет кылып) соңку агынын майнаптуу (берекеттүү) көлкүтүп, көлгө, деңизге айланганын айтып, суунун тынбай жасаган аракети ушундай мол ийгилик алып келерин меселдеткен. Ал Барпы акын «Аккан суу» термесинде, ошол эле Лаозынын аракеттен берекет, майнап, натыйжа чыгат деген карашын андан ары жаңыртып: «Дүнүйада (дүйнөдө) белгилүү\ Алакеттүү (аракеттүү) аккан суу,\ Сузсаң ада болбогон (түгөнбөгөн)\ Баракаттүү (берекелүү) аккан суу», «Аккан суу элге жария (белгилүү),\ Чогулса болгон дария», «Жайы кышы мал ичип,\ Семиз болгон, аккан суу.\ Барган сайын көбөйүп\ Деңиз болгон, аккан суу», - деп суунун жеткен ийгилиги соңунда деңиз болорун ого бетер даңазалаган.

Мындай суунун аракетинен чыккан майнапты көрсөтө айткандары, даңазалашы сууну тааныштыруу эмес, кадыресе «жакшы болсоң суудай бол» деп кишиге айтып, суу сыңары ишиңдин майнабы, берекети көл, деңиздей болсо, анан жакшы адам, олуялык, бийик адамдык сапатка татыктуу болосуң деген адамдык сапаттын жогорку ченемин көрсөтүп бергени болчу. Дегинкиси, ар кандай «жакшы» анын элге, жерге жасаган салымы менен аталарын, ал үчүн Барпы айткан аккан суу сыяктуу: «Аяк башын билбейсиң,\ Бирдей кеткен аккан суу,\ Чарчаганын, талганын\ Билбей кеткен  аккан суу… Пурсат (чоло) жок тынчып жатышка» болуп эмгектенүү керек деген акылды адамзатка насаатап турганы экен.

Майнап: Адамзаттын сууга ой салуусу эч качан токтоп көрбөптүр. Жабыркагандар, жаңылгандар, кубангандар ж.б. суу боюна барып сыр төгүп, ичин эңшерип алганы үйүт болуп келиптир. Ал тургай, түшүн да суу боюна барып айтуу, сууга жорутуу, түшүн суу менен тазалоо аракеттерине караганда, сууну адам өзүнө жакын сезүү, суудан бүткөн каны ага жакындата тартып  турганын туюнтат. Ошого суунун табиятын, мүнөзүн ачууга ойчулдар көп кайрылган экен. Ал кыргыз адабият тарыхында суу жөнүндө чыгарма чыгаргандар, чыгармасында сууну сүрөттөп айткандар (А.Осмоновдун Ысык-Көл темасына кайра-кайра кайрылуусу сыяктуу) абдан көп болгонун көрсөтүп, ал арналуу аккан сууну терип, насааттап айткандар Токтогул, Жеңижок, Бекназар, Ботобай, Алымкул сыяктуулар экени атайын белгиленип келет. Ал эми ошолордун ичинде ойдун бийиктиги боюнча, белгилүү окумуштуу Кадыркул Даутов: «Барпы «Аккан сууну» чындап айткан санатчы ырчылардын эң акыркысы жана жыйынтыктоочусу» - деп (Даутов К., Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү. – Б.: «БАСМА-ТАМГА», 2003. – 166-б.) белгилегендеги «эң акыркысын» туу чокуга чыга барган «акыркы» деп түшүнгөндө, Барпы «Аккан суусу» дүйнөлүк акыл сүйөрлүк (философиялык) түшүнүккө жеткен, кыргыз жаратылыштын табиятын, мүнөзүн тапканына өкүл болорлук «жыйынтыктоочусу» деген баасына кошулууга болот.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз