Бир түндө жашооңду түп тамыры менен өзгөртөр оюңду өзгөрт

  • 31.12.2023
  • 5053

Пикир көпчүлүк макул болгон үчүн эле туура болуп кетпейт.
Вильгельм Швебель

Биз, өзүбүздү жакшы болгонубуз үчүн жактырышат деп ойлойбуз. Алар жакшы болгон үчүн бизди жакшы көрүп жатканын ойлоп да койбойбуз.
Лев Толстой

Бир түндө жашоону өзгөртө албайсың. Бирок бир түндө жашооңду түп тамыры менен өзгөртөр оюңду өзгөртө аласың.

*     *     *

Аялдар эркектерге көрүнүш үчүн жана өзү ыракат алыш үчүн жасанып чыгабыз деп ишенишет; а чындыгында алар бири-бирине көрүнүү үчүн жасанышат.
Франсис де Миомандр

Жүрөккө бырыш кирбейт, анда жаракаттын гана изи болот.
Колетт

Эч качан бирөөдөн бир нерсени жалдырап сурабагыла! Айрыкча өзүңөрдөн күчтүүлөрдөн эч нерсе албагыла. Өздөрү сунуштайт жана алып келип беришет!
Михаил Булгаков (“Мастер и Маргарита”)

Алысты көрө албаган адамдар өздөрүнүн акылдары жетпеген нерсенин барын жактыра бербейт.
Франсуа де Ларошфуко

Өзүн сүйгөн адамдын атаандашы болбойт.
Цицерон

Биз досторубуздун жардамына караганда, ал качан болсо да жардам берет деген ишенимге көбүрөк муктажбыз.
Демокрит

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз