Темирбек Акматалиев: Ак Мөөр жөнүндө чыныгы окуя

  • 10.10.2020
  • 14100

Мен кереметтүү Чоң-Кемин өрөөнүнүн эң башында, ушул эле аталыштагы дарыянын оң жээгинде жайгашкан өзүмдүн сүйүктүү айылым Тегирментиге көп барам.

Кайра кайтканда бир топ алыс болгонуна карабай, мелтиреген кенен жолдон бурулуп, Жол-Булак, Боролдой деген айылдарды аралап өткөн, каралбай калган жаман жолго салам. Жолдун 15 чакырымдан ашык узарганына кайыл болуп, ушул түз жеринен ой-чуңкуру көп өңгү-дөңгүл жолго салышымдын жалгыз эле себеби, ошол жолдун боюнда салынган Ак Мөөр апанын күмбөзүнө токтоп куран окуп өтүү. Ал жерде ары-бери өткөндө токтоп же мен сыяктуу эле атайын кайрылып куран окуп жаткан адамдардын аягы суюлбайт.

Ак Мөөр апабыздын өлүмү тууралуу түрдүү кептер айтылып жүрөт. Ал сөздөр элдин аң-сезиме көбүрөк сиңгени, Ак Мөөрдүн тарыхынын телефильм болуп экранга чыккан окуясы. Ал фильмде сулуулугу айтып бүткүс керемет секелек кыз Ак мөөрдү, Болот экөөнүн ортосундагы тунук махабатына карабай, карыган чал Жантай ханга алып беришет. Жантай хан өлгөндөн кийин да аны Болотко кетип калат деп чочулашып, мыкаачылык менен муунтуп өлтүрүп, ал жаткан боз үйдү өрттөп жиберишет.

Мындан тышкары, Жантай хан өлгөндөн кийин деле аны Болотко ыраа көрүшпөсүнө көзү жеткен Ак Мөөр өз жанын өзү кыйган деген божомол бар. Эки окуя тең кайгылуу аяктайт.

Канча жолу барып, анын рухуна, бул дүйнөдөн өткөн ата-бабаларыбыздын арбактарына багыштап, алардын азыркы жашап жаткан урпактарына бардык жакшылыктарды тилеп куран окуганымды так айта албайм. Ар бир барган сайын, кайра кайтып жолдо келатканда Ак Мөөр апабыздын тагдыры тууралуу, ал жашаган доор жөнүндө легендага айланган ар кандай сөздөр таралганын ойлой берем. Убакыт өткөн сайын ал жөнүндө айтылган кептердин чындыгына көзүм жетпей, күмөн саноолорум көбөйө баштады.

Жол Булактагы анын мүрзөсү эле анын өз жанын кыйбагандыгынын далили. Шариат боюнча өз жанын кыйган адамдарга жаназа окулбайт жана аны жалпы көрүстөнгө койдурушпай, обочо жерге көмүшөт. А Ак Мөөр апанын күмбөзүнүн айланасында дөбөчөлөр бул жерде ондоп саналат, демек бул жер жалпы көрүстөн болгонунда эч шек жок.

Анда эмне аны өлтүрүшкөнбү? Мындай болушу мүмкүн эмес. Мен билгени, кыргыз тарыхында хандын зайыптарын, болгондо да балалуу энени өлтүрүшкөн бир да маалымат жок. Тескерисинче, хандын жесирлерине кам көрүшүп, аны урматтап, сый көргөзүп турушкан.

Атактуу Эдгар По улуу талантынан тышкары, эң күчтүү аналитикалык ой жүгүртүү жөндөмүнө да ээ болгон. Кайсы бир учурларда Америкада шахмат оюнун ойной алат деген аппарат деп элдин башын айлантышып, аны сатып чоң акча таба баштаган алдамчылардын тобу пайда болот. Ал кезде ойлоно алаар аппараттар жомоктогу нерселерден эле. Алардын аппараты эч кимге уттурчу эмес, бирок аны менен ойноп көргүсү келгендердин бардыгы утулууга мажбур болушчу. Аппарат кылдаттык менен ойлонулуп жасалгандыктан, анын ортосунда катылган адам бар экенин эч ким далилдеп бере алышпайт эле.

Аппарат аны менен ойногон адамдардын баарын ута баштайт, анын укмуштай машина экендигине олуттуу адамдар да ишене башташат. Бирок улуу жазуучу өзүнүн мыкты жазылган аналитикалык макаласында ал аппараттын ичинде адам олтурарын далилдеп берет. Макалада айныгыс логикага таянган аргументтер келтирилгендиктен, бул шумдук аппараттын авторлору, чоң айлакерлик менен жасалган фокус экендигин моюнга алышкан.

Муну айткан себебим, популярдуу фильм жараткан Ак Мөөр тууралуу легендага көптөн бери ишеничим кете баштаган эле. Бирок фильмдин мыкты тартылышы, андан дагы зор таланттуу актёрлор Муратбек Рыскуловдун, Таттыбүбү Турсунбаеванын, Болот Бейшеналиевдин чебер оюндары ал фильмдеги окуянын жүрүшүнө бекем ишеним жаратып келген. Бирок бизге легенда эмес, чындык керек, анткени сөз тарыхый инсандар жөнүндө болуп жатпайбы. Чындыгында эле окуя ошол фильмде тартылгандай болгонбу? Бул жаңылыштыкпы же атайылап бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн бурмаланганбы? Же ал тууралуу жазылган поэманын жана фильмдин авторлорунун кыялдарынан жаралган, турмуш чындыгынан алыс көркөм чыгармабы?

Жүрүп-жүрүп олтуруп, Ак Мөөр тууралуу кезиккен фактыларды салыштырып, ал жөнүндө уккан-билген көптөгөн адамдардын айткандарын угуп, жөнөкөй логикага таянып фильм сунуш кылган версияга карама-каршы келген пикирге келдим.

Тарыхта болуп өткөн факт ошол учурдун идеологиясына ылайыкташтырылып, оңбогондой өзгөртүлгөн экен. Наполеон: “Жазылган тарых – бул бардыгына жаккан калп” деп айткан экен. Бул жерде да дал ошондой. “Тарыхка өзгөртүү киргизгендер” таланттуу адамдар болушкан. Оңдоп-түзөө ошол учурдун кызыкчылыгына, идеологиясына жана саясатына туура келген. Жыйынтыгында, эң бир көркөм трагедиялуу окуя келип чыккан. Бирок ошол учурдун Жантай хан, Баяке баатыр сыяктуу белдүү адамдарынын, ошондой эле Ак Мөөрдүн өзүнүн кадыр-баркына да көө жабылган...

Ооба, албетте, атактуу Жантай хандын керемет сулуу Ак Мөөрдү алганы шек жаратпайт. Ал аны алган кезде Ак Мөөр 15 жашта, ал эми хандын өзү болгону 53 жашта экени жакшы белгилүү. Ортосундагы жаш айырмачылыгы 38 жаш болгон. Биздин замандын көз карашында, албетте, бул айырма өтө эле чоңдой сезилет, ал учурдун шарты менен таанышы жок, биздин замандашыбызга кызындай болгон сулууну, эч нерсеге жарабаган чал алып алгандай элестетип, мурдун чүйрүү белгилүү иш.

Бирок ошол учурда, мындан бир жарым кылым мурда 15 жашка чыккан кыз ким эле? Ал кезде он бешке чыгып, ата-энесинин төрүндө олтурган кызды “кара далы” деп коюшкан. Анткени кыздардын чачын ал учурда кыркышчу эмес, өрбөй артына таштап койгондо коюу кара чачы кыздын далысын жаап калчу экен.

Сөздүн маанисине келсек, бул эр албаган карыган кыз деп айтылган шылдың сөз болгон. Ал кезде кыздарды азыркы афган кыргыздары сыяктуу 11, 12, 13 жашка чыкканда эле күйөөгө узатышчу. 15 жашка чыккан Ак Мөөр туугандарынын көз карашында “кара далы” болуп калган эле.

Жантай хан Ак Мөөрдү биринчи жолу көргөндө ал 53 жашта болгон. Эл бийлеген белгилүү баатырдын үй-бүлөсүндө туулуп, эч бир жаманчылыкты көрбөй бардар турмуш кечирген хан үчүн 53 жаш деген эмне? Ал уруусундагы эң кадырлуу, тажырыйбалуу адамдардын тарбиясын алган.

Тарбиячылар кебетеси ошол замандын билимдүү да, акыл-эстүү да адамдарынан болушкандай. Акыл-эси ордунда болбосо, билимсиз болсо, эл алдында өзүн бардык жагынан таза алып жүргөндү билбесе, андай адам бийликтеги адамдын көңүлүнө төп келе алабы да, андай адамга өз баласын тарбиялоого ишенип бере алабы? Адатта мындай жогорку эшалондогу адамдардын балдары өспүрүм кезинде эле бир топ билимге ээ болуп, жазганды, окуганды мыкты өздөштүрүп алышкан. Бала кезинен жокчулук эмне экенин билбей ток жүрсө, кыймылдуу оюндарга катышып, наристе курагынан баштап ат үстүнөн түшпөсө, жеген тамак-ашы экологиялык жактан таптаза болсо, 53 жаш деген ал үчүн эмне болуп калыптыр.

Өзүнүн коомдогу абалына жараша ал дайыма ат үстүндө болуп, жүрүштөргө, чабуулдарга жана аңчылыкка дайыма чыгып турган. Ошондуктан анын ден-соолугу карапайым адамдыкынан да мыкты болгону талашсыз. Ал эми азыркы замандын адамы менен салыштырсак, аны тамеки чекпеген, арак ичпеген отуз жаштагы жигиттей көрсөк туура болчудай.

Андан тышкары, Жантай хан мурда белгилеп өткөндөй өз заманын билимдүү адамдарынан болгон. Анын эл менен сүйлөшө билүү, аларды ынандыра билүү, абалга анализ жүргүзүп, маанилүү чечимдерди кабыл алуу сыяктуу жөндөмдүүлүгү бар экенинен эч бир шегим жок. Мына ушундай сапаттары болбосо, кандай хан болбосун кадыр-баркка жетмек эмес, ал эми Жантай хандын эл ичиндеги кадыр-баркы жогору болгон. Ушундай касиеттери болбосо ал өзүнүн карамагындагы эли башкара да албайт болчу, ал өлөр өлгүчө бийликтин башында болгон.

Эми андан ары кетелик. Легенда боюнча Ак Мөөрдүн атасы кедей адамдардан болуп, ал анын жалгыз кызы болгон. Чындыгында эле ошондой болсо керек. Эгерде ал бай адам болсо, аялы бир кыз төрөгөндөн кийин кандайдыр бир себептер менен төрөттөн калса, ал токол алмак. Ал каражаттын жетишсиздигинен экинчи аялдыкка жок дегенде кедейдин жесирин алганга да чамасы жетпептир. Кыргыз үчүн ал кезде эле эмес, азыркы учурда да эң эле маанилүү нерсе – бул аркасынан тукум улачу бала калтыруу. Бул жерде андай болгон эмес. Демек, анын экинчи аял алып, ага калың төлөөгө шарты жок болгон. Ал ошол учурдун шартында да өтө жакыр болгон. Ак Мөөр ошол кезде 15 жашка чыгып калган кыз эле. Ал кезде 15 жашар кыздын атасынын төрүндө олтурушу уят иш болчу.

Ал эмне үчүн ошол жашка чейин күйөөгө чыккан эмес деген суроо жаралат. Жакырчылыкта жашаган ата-энесине албетте, калың алуу ашык болбойт эле. Келишимдүү сулуу кыз 15 жашка чыкканча кантип эл көзүнө чалынган эмес? Балким ал чындыгында эле бир жылкычыга ашык болуп калган жери барбы? Анда эмне үчүн ага күйөөгө тийген эмес? Эмне ал калың бере алган эмеспи?

Мындай болушу мүмкүн эмес эле. Ак Мөөрдүн атасы жалгыз кызы үчүн чоң калың талап кылып, анын бактысын байлай алмак эмес, анткени “кара далы” кыздын атасы болуу эл ичинде ага анча деле кадыр-барк алып келмек эмес. Анын үстүнө, кызы бирөөнү жакшы көрүп калса, ошондой “кооптуу” куракта ал күйөөгө тием десе, ата-энеси каршы деле болушмак эмес.

Бир жагынан, эркек баласы жок жакыр жашаган кемпир-чалга күйөө баласы бир топ эле каралашып турары бышык. Андай болсо, эмне болду? Балким анын ошончолук эле кыялы чатак же денесинде бир кемчилиги болгонбу, ошондуктан аны эч ким аялдыкка алгысы келбегендир? Бул пикир да түккө татыбайт. Ал кездерде мындай майда-барат нерселерге анча деле көңүл бурушчу эмес, буту-колу, башы-көзү соо болсо болду. Болбоду дегенде кызынын жашы өтүп кеткенине байланыштуу аны аялы өлүп калган жесил адамга деле берип жиберишмек, андайлар ал кезде жетишерлик эле, аялдар көп учурларда төрөттөн улам эринен мурда өлүп калышчу.

Башка жагынан карасак, Жантай хан көзүнө көрүнгөн кызды эле ала бермек эмес. Легендада Ак Мөөр акыл-эстүү, керемет сулуу катары сыпатталат, биз аны менен макул болбой коюуга эч негиз жок. Жантай хан кааласа сулуу кыздардын ичинен эң мыктысын тандап алууга мүмкүнчүлүгү бар болчу, кедейдин бир кара кызына көңүлүн буруп карашына ишениш кыйын. Бул Ак Мөөрдүн ченемсиз сулуу болгондугун дагы бир жолу айгинелейт.

Кайрадан суроолор жаралат. Эмне үчүн кедей ата кыйналганына карабай кызы “кара далы” болгуча аны күйөөгө бербей, унчукпай элдин шылдыңына чыдап жүргөн? Биз жана белгилегендей; кедейчиликте жашаган, жалгыз кыздын атасына кызын узатуу бардык жагынан пайдалуу эле да?

Дагы бир жолу талдап көрөлүчү. Биринчиден, азбы же көппү кандай болсо да калың алуу кедей адам үчүн чарбасын бир аз көтөрүүгө жардамы тийбей коймок эмес. Экинчиден, кызынын “кара далы” болуп үйдө олтурушу ата-энеси үчүн билинбеген психологиялык жүк, бөтөнчө ошол заманда мындай нерсе ар кандай шылдыңдоолор менен маскаралоолорго себеп болгон. Анын үстүнө башка балдары жок чал-кемпирге күйөө бала жакшы болсо өз баласындай эле болмок. Демек, бардык жагынан алганда анын ата-энесине жалгыз кызынын күйөөгө кетиши көңүлдөрүнө төп иш болмок, эгерде кызы кааласа анын каалоосуна эч тоскоолдук жаралмак эмес.

Ошондо Ак Мөөрдүн күйөөгө чыкпаганын жалгыз эле себеби, анын өз көңүлүнө жаккан кишини жолуктура албай жүргөнү болсо керек деген божомол калат. Жалгыз, эрке кыз болгондуктан ата-энеси анын каалоосуна анча деле каршы болушпай, өз эркине  коюшу толук ыктымал. Бирок Ак Мөөрдүн кыялы башка окшобойбу.

Эми эмне үчүн сулуу кыз күйөөгө чыккысы келген эмес деген суроого жооп издеп көрөлү. Убагы келгенде кайсы кыз эле өз теңин таап күйөөгө тийгиси келбесин? Болгондо да теңдешсиз сулуу болсо, кантип эле ага сөз айттырып кызыккан жигиттер болбосун. Жыйынтык чыгарсак, Ак Мөөр апабыз кыз кезинде эле өз баасын жакшы билген жана акыл-эси эрте жетилип, өз жашындагы кыздардан айырмаланып, алдына чоң максаттарды койгон көрүнөт. Жок, ал күйөөгө тийгенден качкан эмес, бирок карапайым адамга эмес, даражасы бийик хан тукумундагы адамга барууну кыялданган шекилдүү. Анын бул кыялында эч кандай эрөөн көрчү нерсе жок, анткени ар бир адам өз кыялынын ээси.

Эми Ак Мөөрдүн жашоосу жана өлүмү жөнүндө өз божомолумду сунуштайын. Мен аны Ак Мөөр жөнүндө чыныгы окуя деп атадым. Бул Лу Синдин чыгармасына үндөш, анын Кью жөнүндө чыныгы окуя деген чыгармасы бар (улуу классикти бир аз туурап койсом, анын эч кандай уяты жок деп ойлойм). Анда эмесе карап көрүңүз.

Ак Мөөр жакыр үй-бүлөнүн жалгыз кызы болгон. Кудай ага табыгий сулуулукту ченебей берген. Ал саяк уруусунан болгон. Ушул жерде белгилей кетчү нерсе, бул атактуу уруудан сулуу кыздар көп чыккан. Башкасын айтпаганда да, сулуулугу көптөгөн жигиттерди суктандырган атактуу балерина Бүбүсайра Бейшеналиеваны, атагы, сулуулугу да андан кем эмес актриса Таттыбүбү Турсунбаеваны эстеп көрүңүздөрчү. Ушул убакка чейин сулуулуктун эталону болуп келе жаткан бул экөө, саяктын кыздары.

Ак Мөөр бойлуу, денесинин эч бир жеринде кемчилиги жок, сөөгү таза, турпаты сөөлөттүү келишкен сулуу болгон. Айжаркын жүзү, балбыл жанган бакыракай кара көздөрү, аппак кебездей жумшак, жибектей жылмакай денесинде чындыгында эле сулуулуктун мөөрү басылгансыган... Ошондуктан аны Ак Мөөр деп атай башташкан, бара-бара анын азан чакырылып коюлган Калича аты унутулуп, биротоло Ак Мөөр аты менен калың элге таанылган. Ал ашкан сулуу эле болбостон, акыл-эси эрте жетилген зирек кыз болгон.

Ата-энелери мындай акылдуу, сулуу кызы менен сыймыктаныша турган. Анын жашы ондон жаңы эле өткөндөн баштап, колун сурап келген жуучулардын аягы суюлбаптыр. Чал-кемпир жалгыз кызын дагы бир-эки жылга чейин колдон чыгаргылары келген эмес. Колунда бар адамдар жакшы калың беребиз дегенине да көнүшкөн эмес.

Ушинтип жүрүп эки жыл өтөт, жуучулардын аягы суумак тургай, күндөн күнгө өсө берген. Ак Мөөр барган сайын сулуулугу артып, күндөн күнгө татынакай боло баштайт. Сулуулугу менен кошо өтө элпек, ата-энесинин оорун жерден, жеңилин жерден алган кайрымдуу, өзү теңдүү кыздардын арасында жарашыктуу жана өзгөчө кийинип, жаркылдаган кабагы, келишимдүү турпаты, ийкемдүү кыялы менен алардын сүймөчүлүгүнө ээ болгон.

Ал комузда кол ойното чертип, жакшы ырдаган, ал эми анын шыңгырган таза күлкүсү, жылдыздуу жүзүнө жарашып турчу. Ал баатырлардын, дүйнөдөн өтүп кеткен улуу, өрнөктүү адамдардын турмуштарын баяндаган аңгемелерди кызыгып уккан. Андай окуяларды өзү да көркөмдөп, ийине жеткизип айтып берчү. Ошондуктан курбулары анын аңгемелерин кунт коюп угушкан. Сулуу, колунан баары келген шайыр кыз жөнүндө аңыз кептер барган сайын эл арасына кеңири тараганы, таң каларлык деле окуя эмес болчу.

Бирок Ак Мөөрдүн акыл-эси жайында эле. Биз анын жаратылыш тартуулаган акылы жана ай-асманды чапчыган асыл кыял-тилектери бар экенин белгилебедик беле. Ал өзүнүн баасын жакшы билген. Балачагынан жакырчылыкта өсүп, өзгөчө сулуулук жана терең акылга ээ болуп, кыялында хан тукумуна күйөөгө тийүүнү самаган.

Бул эмне уят иш бекен? Анын кыялын туура эмес дегенге бирөөлөрдүн акысы барбы? Азыркы кыздар деле ошондой таттуу кыялдарга батышпайт дейсиңерби? Ошондуктан, ал 14 жашка чыгып, ата-энелери келген жуучуларды тандап, аны менен кеңешкенде ал быйыл күйөөгө тийбейм деп так кесе айткан. Ата-энеси анын оюнда катылган сырды билишпесе да, жанынан артык көргөн жалгыз кызынын көңүлүн калтыргылары келбей, анын эркине макул болушкан. Алар акылдуу, зирек кызынын жүрөгүндө кандай таттуу кыялдар катылып жатканын кайдан билишсин.

Мурда белгилегендей, Ак Мөөр бой жетип, өзүн аял катары сезе баштагандан тартып, түн уйкусун бузуп, атактуу эрге турмуш куруу тууралуу кыялданат. Намыскөй кыз кыялында да, айылдагы карапайым адамга турмушка чыгып, аны менен ата-энеси сыяктуу жетишпеген турмушта жашоого макул болгон эмес. Өзүн эч кимге белгисиз байдын баласына да ыраа көрбөгөн. Анын каалаганы хан менен бектин гана тукуму болгон. Артынан көп жигиттер чуркашкан, бирок алардын бирине да жаман сөз айтпай, көңүлүн оорутпай, сунуштарын сылыктык менен четке каккан. Кызыгы, анын сулуулугу, акылы менен бирге анда кандайдыр бир башкача аура болгон, өз максаттарына жеталбай калган жигиттерде таарынуу, адаттагыдай ала качып алам деген жаман ойлор жок болчу.

Чындыгында эле ал “жогор жактан” белгиси бар кыз эле. Жигиттердин ал эмне үчүн эч кимди тандабайт деп баштары катчу, себебин бири да түшүнө алышчу эмес. Анын ою алыста экенин алар кайдан билишсин.

Жантай хан менен Ак Мөөр кайдан, кантип көрүштү экен? Жантай хан алардын үйүнө Ак Мөөрдүн атасы менен учурашууга барбаса керек, экөөнүн абалдары таптакыр башка эмеспи. Ал кыздын сулуулугун угуп кайрылышы мүмкүн. Бирок элде айтылып жүргөн версия туурадай көрүнөт. Жантай хан Соңкөл жээги менен өтөрү элге дайын болгон. Хан жан жөкөрлөрү менен качан, кайсы жерден өтөрү, бүгүнкү күнү бизге президент жандоочулары менен качан жана кайсы жерден өтөрү белгилүү болгондой эле, белгилүү болчу. Ал аз келгенсип Ак Мөөрдүн айылы көлдөн бир аз окчун жерде жайгашып, андагы эл ханды тосуп, көйгөйлөрүн, арыз-муңун айтууга камданышып, тай союп жатышкан.

Мунун бардыгын биздин сулуубуз эң сонун билген, ал көл жээгин ой-чуңурунан бери жакшы билген. Жол, көл жээгинен эң жакын өткөн жери сууга түшкөнгө ыңгайлуу болгон.

Өзүнүн эч кимге билдирбеген кыялын ишке ашырууну көздөп, Жантай хан өтөргө бир саатча убакыт калган кезде Ак Мөөр эч нерсе ойлорунда жок курбу кыздарын дал ошол жерге сууга түшкөнү ээрчитип барат. Хандын жан жөкөрлөрү менен келе жатышканда кыздар суудан шашыла чыгып, каткырык-күлкү аралаш кийингенге үлгүрүшөт. Ак Мөөр тигилер жакындагыча суудан чыкпайт. Алар жакын келгенде гана ал башын бийик көтөрүп, аппак жибектей денесине күндүн нуру чагылышып, ылдый куюлган суунун тамчыларын шорголотуп, суу периштеси сыяктуу, көлдөн шашылбай чыга келет. Ханды балбылдап жанган бакыракай кара көздөрү менен арбай карап, жаштыктын кубатынан чатырап толуп турган денесин эч жаап-жашырбай, жээкте жаткан кийимин алып кийет.

Ал жаңылган жок. Хан анын сулуулугуна арбалды. Ошол эле күнү анын кимдин кызы экендигин аныктап, кечинде атасына анын колун сурап барды. Ата-энеси каршы болгон жок, хандан күйөө бала күтүш алар үчүн чоң сыймык эле. Алар адегенде кызы адатынча каршы болот деп ойлошкон, бирок ал макулдугун билгизип унчукпай олтуду. Албетте, Ак Мөөр, биздин сулуубуз өз сезим түк билгизген жок. Ошентип алар эрди-катын болушту. Ал каалаганына жетти.

Ак Мөөр Жантай хан ким экенин абдан жакшы билген. Биз мурда белгилегендей, ал жаштайынан санжырага кызыгып, аны жакшы билип алган эле. Ал хандын канча жашта экенин, кебете-кепширин да жакшы билчү. Ошол кезде жаштын айырмачылыгы анча деле маанилүү эмес эле, анткени улгайып калганда жаш токол алуунун эрөөн-төрөөнү жок эле. Бул адаттагы иш болчу, ага эч ким көңүл деле бөлчү эмес. Ошондуктан ортодогу 38 жаш айырма Ак Мөөрдүн оюна да келген эмес, келсе да ага башын оорутпаган.

Ошентип алар чогуу өмүр сүрө башташты. Ак Мөөр жөн эле сулуу аял эмес, күйөөсүнүн акылына акыл кошуп, оорун жерден, жеңилин колдон алган мыкты аял болуп чыга келген. Хан ага чын дили менен бериле баштаган. Ак Мөөр да хандын махабатына берилип, аны күндөн күнгө жакшы көрүп баратканын өзү да сезбей калды. Ал ага эки уул төрөп берди, бирок бакыт деген узакка созулбайт тура, хан ооруп көз жумду.

Өлүм алдында Баяке баатыр жана башка жакындарынын көзүнчө Ак Мөөргө ашы өткөндөн кийин башка бирөөгө баш айлап алууга уруксатын берди. Ал мындай деди: “Ак Мөөрүм, сени мага жолуктурган Алла таалага миң мертебе ыраазымын, сен мага балканактай эки уул төрөп бердиң, сен али жашсың, бир жылдан кийин ашымды өткөзүп, андан кийин каалаган кишиңе турмушка чыгып ал. Мен сага жетишерлик оокат калтырдым, менин тууган-уругум сага ар дайым жардам берип турушат...”

Ак Мөөр шолоктоп ыйлап, Кудайдан анын айыгып кетишин гана суранган. Бирок хан көз жумду. Айта кетчү нерсе, ал фильмде көрсөтүлгөндөй 80 жашка чыгып баса албай калчылдап калганда өлгөн эмес, ал 65 жашка да толук чыга электе каза болгон.

Хандын сөөгү жерге берилди. Жесирдин кайгысынын чеги жок эле. Алардын кандай таттуу жашагандарын бардыгы билишчү. Бирок кийин түшүнүксүз  иштер башталды. Жаш жесирдин кечкисин бир жакка чыгып кетип, түн оогондо же таңга жуук келгени жөнүндө имиш сөздөр чыгат. Кийими топурак чаң болуп, көздөрү бозорот... биринен бири жаман кептер эл аралады. Бул сөздөр Жантай хандын ишенимдүү жигити Баяке баатырга да жетти.

Бир түнү ал жесир канышаны текшерип көрмөкчү болду. Ал өргөсүндө жок экен. Боз үйдө илинип турган жоолуктарынын бирин алып тайганына жыттатып, аны изине түшүүнү буюрду. Тайган Баякени көрүстөнгө ээрчитип барды.

Ак Мөөр Жантай хандын мүрзөсүн кучактап боздоп ыйлап жаткан экен. Ал акырын аңдып жакын барды. Ак Мөөрдүн: “Мени кимге таштап кеттиң... Ала жат... Мен сенсиз жашай албайм” – деген сыяктуу сөздөрү тоо ылдый соккон айдарым желге аралаш үзүл-кезил угулуп жатты. Көпкө чейин байкап турган Баяке аны чочутуп албайын, эртең сүйлөшөйүн деген чечим кабыл алып артка кайтты.

Эртеси ал Ак Мөөрдүн өргөсүнө келди. Көпкө чейин сүйлөшүп олтурушту. Баяке баатыр мындан ары кечээкидей жорукту жасабоосун суранды. Анын кайда барып жүргөнүн билбеген айылдаштары, аны ойношу менен жолугушуп жүрөт деген имиш сөздөрдү чыгарып жатканы тууралуу да айтпай койгон жок. Бирок мындай сөздөргө Ак Мөөр көңүлүн буруп да койгон жок, кайдадыр бир алысты тиктеп, ою менен башка жакта жүргөнсүйт.

Айтмакчы, Баяке баатыр жөнүндө. Таластан ал жөнүндө мындай маалыматты уккан элем. Баяке Аксыдан чыккан экен, ал бала кезинен эле шок, оттон-суудан жалтанбаган бала болуптур. Ошол шоктугунун айынан 16 жашында Таласка качып барган. Ошол жерден өзүнө колукту издеп жүргөн Жантай хандын уулу Шабдан менен жолугат. Ал Жанкороз баатырдын уруусунан Шааке деген кызды алып кетмекчи болуп, той өтүп жаткан кезде казактар Жанкороз баатырдын жылкысына тийип, айдап кетишет. Жаңы күйөө бала куугунчулардын катарына кошулат. Казактарды кууп жетишип, катуу уруш салышып, жылкыларды кайрып алышат.

Урушка Баяке дагы катышкан. Ал өзүнүн шамдагайлыгы, эрдиги менен ошол учурдагы 19 жашар Шабданга аябай жагат. Ал Баякеге өзү менен кошо Кеминге кетүүгө чакырат. Бирок азыр кеткенге болбойт дейт Баяке. Эртең эле эл  Шаакенин калыңына келген дешпейби. Ошондуктан жыл өткөзүп барайын деп макулдашат. Шабдан сураштырып анын аксылык экендигин, ал жактан бирөөлөр менен маанилүү бир нерсе тууралуу талаша кетип Таласка качканга аргасыз болгонун угат.

Мындай окуялар ал кезде көп учурачу, ал ошол боюнча Таласты жердеп туруп калган экен. Баяке айткан сөзүнө бекем эле. Бир жылдан кийин ал Кеминге келип Шабданга кызмат кыла баштаган. Бара-бара ал Жантай ханга жагып, ал аны өзүнүн жанына алып алган. Ал анын эң жакын адамына айланган.

... Аны менен кимдер гана сүйлөшкөн жок, кадыр-барктуу байбичелер да, ак сакалын жайкалткан Жантай хан менен бирге жүргөн адамдар да барып айтып көрүштү. Ага биринин сөзү да таасир берген жок. Ал көрүстөнгө барганын койгон жок. Ал жөнүндө элдин баары билип калышты. Акыры Баяке баатыр жана хандын жакындары анын оюнан кайтпасын, эртеби, кечпи, өз жанын өзү кыярын түшүнүштү. Анда эле алардын уруусунун элге шермендеси чыгып, жаманаттысы кылымдарга кала бермек. Жантай хандын жесирин сактай алган жок деген кептерден кылымдар бою кутула алышмак эмес. Кыргыздарда мындан артык уят иш болгон эмес.

Эмне кылыш керек? Көп талашып, ойлонуп олтуруп бир бүтүмгө келишти. Өз жанын кыйгыча күтүп олтурушпай аны өлтүрүп тынмак болушту. Анткени шариатта өз жанын кыйган адам бейишке чыга албайт, алардын ою боюнча хан бейишке чыгышы керек эле. Демек, ал өзү каалагандай, акыретте ага жолуга алмак эмес. Өз жанын кыйса анын орду тозокто болмок, а Жантай хан бейиште эле да. Буга Жантай хандын туугандарынын эч күмөнү жок болчу. Ошондуктан аны өлтүрүүнү чечишти, бирок буга  анын өзүнөн сурап, ал макул болгондо гана бармак болушту.

Бул Ажалдын доктуру Геворкян жасай турган иш эмес болчу. Ак Мөөрдүн ден-соолугу таза жана ал алигиче  жаш эле. Бирок ал өлгүсү келди. Эгерде аны өлтүрүшсө, ал өз жанын кыйбайт эле жана бейишке чыгууга жана хан менен кошулууга мүмкүнчүлүк алмак. Бул күнөөлүү ишти аткарууну Баяке баатыр – маркум хандын эң жакын, жакшы көргөн эр жүрөк адамы өз моюнуна алды...

Чечим кабыл алынды. Баяке баатырдын Ак Мөөр менен болгон оор сүйлөшүүсү тез эле аяктады. Каныша алардын чечимин туура деп баалап, аны менен макул болду. Анын көңүлү көтөрүлө түшкөнү көрүнүп турду. Балдардын тагдырын Баяке өз моюнуна алды, ал аларды өз балдарындай эле жакшы көрчү.

Бир аз ойлонуп, акылман Баяке өз планына бир аз түзөтүү киргизди. Алар өз ойлорун өрттөө аркылуу ишке ашырмай болуп сүйлөшүштү. Баяке айтылган күнү боз үйгө өрт коёт да, бирок эшигин бекитпей ачык калтырат, эгерде акыркы көз ирмемде Ак Мөөр өлүмдөн жашоону артык көрүп, аман калгысы келсе, өргөөдөн чыга качмай болду. Мына ушундай чечимге макул болушту. Өмүрүнүн акырына чейин сүйүп кадырлаган Жантай ханды жоктоп аза күткөн Ак Мөөрдү жана анын эки баласын ойлогон Баяке баатырга бул чечимди аткаруу өтө оор болду. Бирок акылдуу адам катары бул абалдан чыгуунун жападан жалгыз жолу ушул экенин түшүнүп турду.

Белгиленген күнү эшигин ачык калтырып, боз үйдү өрттөп жиберишти. Ак Мөөр чыккан жок, ал бир да үн чыгарбай күйүп кетти. Сүйүүнүн күчүн караңызчы. Баяке баатыр окчун жерде байкап турган боюнча таң агаргыча ордунан жылбай турду, анын коркуп көрбөгөн жүзүнөн ылдый ысык жаш тамчылап жатты...

Бул окуянын канчасы чын, канчасы ойдон чыгарылганын билбейм, бирок аны кагазга түшүргөн соң бир топ жеңилдеп калганымды сездим.

Эгерде бир жеринен жаңылыштык кетирсем, бул аңгемеде эскерилип, аты аталган адамдардын арбагы мени кечирип койсун...

Темирбек Акматалиев

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз