Сапалкан Арипов: Улуу устатым Сарман агай

  • 21.10.2020
  • 3333

Белгилүү көркөм өнөр иликтөөчү,  акын,  публицист,  котормочу,  театр таануучу,  жазуучу, журналист,  Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,  профессор Сарман Асанбековдун  85 жылдыгына карата...

Агай жөнүндө көптөн бери ойлондум. Ар кыл окуялар эске түштү.  Акыры Сарман агайды колуман келишинче эскерип коёюн деп чечтим. Эскербей турган адам беле? Эстебей турган адам беле? Аман болгондо көздөрүн күлүңдөтүп, акыл-насаатын айтып,  студенттерге дарс окуп,  музейде  же башка көргөзмө жайларда аксакалдык  кебин айтып арабызда жүрбөйт беле. Аттиң, андай болбой калды. Эртерек кетти. Шашып кетти. Дегеле табиятында шашмадай көрүнгөн. 

Агайды көргөнгө чейин мен ал адамдын макалаларын көп окудум. Көп көчүрдүм. Көрсө,  Г.Айтиев атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде иштеп кетиптир. Улуттук Илимдер академиясынын философия институтунун аспирантурасын бүтүрүптүр. Каап,  кандидаттык диссертациясын жактап койгондо болмок экен?!. Өкүнгөн менен не пайда? Устатым турган турпаты менен мен деген кандидаттарды “тебелеп” кете тургандай илим  кудугу бар инсан болчу...

Жети жыл С.А.Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайынын директору болуп көп эмгек сиңиргенин  замандаштары айтып калышканын эшиттим. Андан да  кызыгы, агайыбыз коомдук илимдин бардык тармактары боюнча билими терең, интеллектуал адам болгон.  Аны “ходячий энциклопедия” деп бекер жеринен айтышпаса керек. Ошондой эле болуптур. Бүгүн унутулду... Билген теңтуштары азыр жок. Билишимче жалгыз Бексултан Жакиев менен Кеңеш Жусупов аксакалдар гана калды окшойт. Агай кыргыз элинин каймактары менен  университетте бирге окуган драматург Жалил Садыков, илимпоз сынчы Салижан Жигитов,  драматург Бексултан  Жакиев,  эл жазуучусу Кеңеш Жусупов,  жазуучулар Ашым Жакыпбеков менен Сейит Жетимишов,  сынчы Камбараалы Бобулов,  драматург Мырзабек Тойбаев, акын Эрнис Турсунов.... Не деген гана адамдар? Бир курстаң  канчалык таланттуу  адамдар чыккан? Ар бири өзүнчө тарых...

Курсташтары агайды “Сашка” деп эркелетишчү дешет. Муну Б.Жакиев көп айтат. Агайдын курсташтарынан айырмасы ал бардык жагынан өзүн сынап көрдү. Театр,   живопись, поэзия,  проза,  сын,  искусствотаануу жаатында не деген гана эмгектерди жаратпады. Кыргыз театры тууралуу китептеричи? Достору драма жазып жатса бул залкар адам аларын семичкедей чагып сындап жатпайбы? Дагы  кандай деңгээлде дээрсиз? Москвалык театр сынчыларынан эч бир жагынан кем калбаган макалаларды жазды. Көркөм  сүрөт өнөрү жаатында  кыргыз тилинде Сарман  агайдай агын ак,  карасын кара  деп көзгө сайып көрсөтүп, көрүүчүнүн мээсине кыттай куйган макала жазган Кыргызстан да бир да адам жок. Ал киши акыркы Могикан эле... Эми  окурмандын көңүлүн азын-оолак агайдын  бейнесине жазылган штрихтерге бурайын....

*     *     *

... Сарман агайга учураша кетейин деп Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна барып калдым. Эшик жабык. Коридордо ары-бери чуркаган студенттер. Бир топко күттүм. Мынча келгенден кийин кетип калмак белем. Акыры  агай келди күлмүңдөп.

- Көпкө турдуңбу?

- Көп деле эмес...

- Кир бөлмөгө. - Эшигин ачты. Чакан бөлмө. Стол үстүндө китеп менен жаңы эле сыясы кургай элек кол жазмалар. Алар өтө эле көп. Агай оюн кууп жетишпей калган сыяктуу. Тамгалары бадыраят. Кол жазмалары даана окулат. Колу сулуу эле. “Агай,  аябай иштеп жаткансыз го?” десем. “Ойго ар нерсе түшөт. Унутуп калбайын деп жазып коём. Кагаз толуп кетти. Жетише албай жатам”. Агай көзүн жүлжүйтө мени сынаакы карады. Ал кишинин бул көз карашы мени бир нерсени байкадыңбы деп жаткандай. Бирок байкагам.

Дубал боорундагы багети жок сүрөттөр. Жерде да үйүлүп турат. Живопись. Кереметтүү живопись. Май боёктордун жыты каңылжаарыңды жарып, мээңе чыгат. Алапайыңды таппай каласың.  Дене боюң  чымырап өзүнчө бир ажайып  дүйнөгө сапар чегесиң. Ал дүйнө Сарман агайдыкы. Ал  Асанбековдун ааламы. Башкаларга окшобогон,  башкаларды кайталабаган агайдын жан дүйнөсүнүн поэзиясы боёк күүсүнө салынган.  Боёктору да бир башкача. Шилтемдери да бир башкача.  Абстракция десең абстракцияны,  примитив десең анысын,  карандай реализм десең мунусун чарпып түшөт.

Акыры чыдамым жетпей калды. “Сарман агай, аябай көп сүрөт тартыпсыз. Баары эле абстракция го?” Башын бир чулгуй каткырып калды. “Ооба. Колдон келгенин тартып жатам. Бу холст,  краска дегениң балакеттей кымбат турбайбы. Биринин артына бирин тарткан да учурлар болду. Акча түтпөйт. Кары кишиде уйку жок. Оля эжеңдин чайын ичем да эрте эле биякка баса берем. Анан булар менен алек болом. Сааты келгенде сабак окуйм”. Колун эки жакка жайып койду. Агайдын чакан бөлмөсүндө бут коёрго жер жок.  Боёкторунун жыты кете элек пейзаждары. Ар түркүн сюжеттеги сюрреализм сүрөттөр. Студенттерге көркөм сүрөт өнөрүнүн тарыхынан дарс окуп,  ара-чолодо живопись менен алектенип, ынгайы боло калганда лирикалык ыр саптарды жараткан агайдын күч-кубатына таң бердим. Акыры, “Сарман агай, бу картиналарды кийиндирип (багетке салып) көргөзмө ачсаңыз. Көргөзмөдө  өзүңүз поэтикалык саптарыңызды окусаңыз кандай сонун болор эле?” дедим. “Туура. Андай ой менде да бар. Ылайыгы чыкса  уюштурайын деп жүрөм” деген. Кийин уксам агайдын көзү өткөндөн кийин көргөзмөсүн уюштурушуптур. Аншлаг болду дешти. Ачылышына бара албай калдым. Бирок ошол кездеги агайдын күлмүңдөгөн көздөрү, мээримдүү жылмайганы өмүр бою эсте калды. Көрсө,  бул менин УСТАТ менен акыркы кездешүүм тура!...

*     *     *

... Бир күнү айылдан жээним телефон шыңгыратып калды. Анда биз 9 кичи райондо турчубуз. Не болду десем, “эгиздин түгөйү эки күндөн бери кыйналып жатат. Район борборуна алып барсак Фрунзеге жеткизбесеңер болбойт дешти. Эртең таң заардан чыгабыз. Үйдө болосуңарбы?” - дейт.  “Макул жумуштаң  суранайын”. Ангыча байланыш үзүлүп калды. Не кыларымды билбейм. Врач тааныш жок. Балдардын ооруканасы болсо төмөн мединиституттун артында. Ал жактаң  бирөө-жарымын тааныбайм. Айлам кетти. Болгон илик жарманын баарына чалып чыктым. Акыры бирөө чыкты. Башкы  врачка айтып коём деп  жубатты. Ага деле болбойм. Ичимен ишене бербей тобокелге салып  Сарман агайга телефон шыңгыраттым. Иним врач дегендей болгон. Агай телефондон менин арыз-арманымды шашпай тыңшап укту да: “Эртең менен саат 9 дарда бери чыгып кел. Аялдамага. Мен өзүм ээрчитип барайын. Кечикпе. Сүйлөштүкпү?” Кубанганымдан ыракматтаң  башка сөз келбептир оозума.

Эртеси айткан  учурда кездештик. Агай мени ээрчитип 3-балдар  ооруканасынын башкы дарыгеринин бөлмөсүнө алып келди. Көрсө,  иниси башкы   врач тура. Ал жигит мени карап: “Силерби,  кечөөтөн бери чуулдатып жаткан. Баары жайында болот. Бир-экөө да телефон чалышкан. Сизге макул дебедим беле? Убара болуп”. Агайды карады: “Убара болгондо не? Баланы жакшылап караш керек да. Өзүң жасабайсыңбы?” Кайра инисине буйрук берип  жүрөт. Ошондо мен агайдын  адамгерчиликтүү айкөлдүгүнө,  жанда жок боорукердигине таң  бердим.  Менин бир гана суранычыма өтө бийик жоопкерчилик менен мамиле жасаганына кубандым. Акыры баланы алып келишти. Операция жасалды. Баары ийгиликтүү. Агайдын аркасы менен алыскы айылдан келген бөбөктү аман сактап калышты. Көрсө,  бул устатымдын жанда жок боорукерлик касиетинин  бир гана тамчысы экен...

*     *     *

Сарман агайды мурун сыртынан таанып саламдашып коюп жүрсөм, кийин музейде чогуу иштеп ага-ини болуп кеттик. Ал мындай болду. Маданият министринин буйругу менен Бишкек шаарынын мемориалдык музейлер дирекциясынын башкы директору болуп калдым. Карамагыбызга С.А.Чуйковдун мемориалдык музейи, Г.Айтиевдин мемориалдык музей-өнөрканасы, О.М.Мануилованын мемориалдык үй-музейи,  Т.Сатылганов атындагы адабият музейлери кирет. Ар биринин өз башчысы,  кызматкери бар. Кеңсебиз  Г.Айтиев музейинде. Бир күнү кабинетте отурсам Г.Айтиевдин уулу, белгилүү сүрөтчү Сатар Айтиев менен Сарман агай экөө кирип келсе болобу. Бир топко аны-мунуну сурашты, акыры С.Айтиев “Сапалкан, Сарман Асанбековичти билесиң. Жардамы тиет. Жумушка албайсыңбы?”  дейт. Албетте. Агайды бүтүн Кыргызстаң  билет. Көктөн издегеним жерден табылган тура. “Агай менде бир орун бар. Ал илимий иштер боюнча директордун орун басары иштейсизби?” десем. Макул болду. Буйрук чыкты. Ошентип агай экөөбүз  бирге иштеп калдык.

Агайдын иштермандыгы, тапшырылган ишти так аткаргандыгы, жумуштаң  кечикпеген пунктуалдуулугу мени таң  калтырды. Көп иштерди бүтүрдүк. Музей иши жанданды.  Бир гана Г.Айтиевдин музей-өнөрканасына эмес башка мемориалдык музейлерге келген көрүүчүлөр көбөйдү. Бул бир жагы. Экинчи жактаң агай мага эл башкаруу искусствосунун “кухнясын” үйрөттү. Республикага атагы чыккан мындай адамдан сабак алыш өзүнчө эле бир бакыт экен. Муну мен учурунда жаштыгым менен кармай албай калыпмын. “Эл башкаруу чоң искусство. Ар бири менен мамиле түзө билүү керек. Мына биздин музейди эле алалы. Техникалык кызматкерлерди кошкондо алтымышка жакын кишибиз бар. Бир адам бир дүйнө. Баарына текши жага бербейсиң. Ушуну эсте,  Сапалкан!” деген насааты азыр да кулагымда жаңырат.

Агайдын айтканындай эле болду. Жан үрөп иштесең да  жакпайсың. Жакшылыкты түшүнбөгөндөр четтен чыгат. Жамаат ичинде котур таштары барлар да болду. Андан  да кызыгы,  бул аялдардын айткандары башка, жасагандары башка тура. Бири-бирин көралбайт. Биринин артынан бири сөз айтат. Жетекчи бул магнитофондой  болуп мээңе жаза бересиң. Эч кимисине айтпайсың. Байкоо жүргүзмөй. Кээ бирөө көп сүйлөйт. Жасаган ишинен майнап жок. Агай экөөбүз акылдаштык. Акыры Сарман агай “Сапалкан,  отпускага чык. Биякты мен жайгаштырайын”. Сөз бүттү. Отпускадан келсем баарын тууралап коюптур. Темирдей тартип. Келерим менен бир эжеке бар эле көп сүйлөгөн. Агайдын үстүнөн арызданды. Сөзүн уксаң, чыдап тура албайсың. Сарман агайды  тим эле Берия кылып салды. “Укугу барбы?” дейт. “Бар” дедим. Жогору жактаң директор отпускага кеткенде орун басарга буйрук чыккан. Ошонун негизинде жоопкерчилик ага жүктөлгөн десем унчукпай калды. Устатым Сарман агайдын кыраакы иш билгилиги менен музейлердин иши илгерлегинин учурунда  Бишкек шаарынын маданият башкармалыгы да баса белгилешти...

*     *     *

Сарман агай менен иштешип турганда музейге Кыргыз Эл сүрөтчүсү Жумабай Үмөтов көп келчү.

– Ии, Сарман кандай? Ишиңер жүрүшүп жатабы? Иш-чараларды көп өткөрүп жатыпсыңар. Гапар аксакалды ушундай жол менен даңазалаш керек. Туура кыласыңар...

Анан эки залкар менен узун сабак сөзгө кирчүүбүз. Декоративдик прикладдык искусствонун оош-кыйышы. Бүгүнкү күндөгү гобелен. Уздардын иштеринин келечеги. Жалпы кыргыз сүрөт искусствосу. Не деген гана сөздөр айтылбады. Баарын жаздырып албаганыма кейим. Бир айтылды. Болду. Көпчүлүккө жетпеди. Чакан бөлмө. Үч адам. Айтылган сөз ошол жерде калды. Жумабай агай менен Сарман агайдын кээде талашып-тартышканына да күбө болдум.

- Акыры, сен Сарман баарын билесиң! Болду. Сенин айтканың чын,  - деп Жумабай ава борсулдап күлүп калар эле.

Сарман агай болсо көзүн кымыңдатып,  мага көз кыса, “Алыңды билсең,  Жумабай!” - деп коёт. Ошондо мен улуу адамдардын биринин сөзүн бири укканына, азыркыларча жалакайланбай муюп калганына күбө болдум. Сөздүн кунун түшүндүм. Кептин баркын билдим. Кийин,  жан бирге курбусу жөнүндө Сарман агай китеп жазды. Жөн китеп эмес. Жан дүйнөсүнөн сызылып чыккан курбусуна болгон аяр мамилесинин туюндусу. Живопись менен прикладдык искусствону айкалыштырган кыл чеберге искуссто таануучунун айкын баасы болду ал китеп...

*     *     *

... Агай эртең менен жумушка келери менен мага кирет. Ар кандай темада кеп жүрөт. Акылдашабыз. Жүйөөлүү аргументтерин айтат. Музей иши тууралуу талашып-тартышып жатсак  колуна папке кармаган,  бою кичирек,  сары чийкил киши баш бакты. “Мүмкүнбү” дейт. Өтө сылык адам экен.

- Кел, Төлөгөн. Каяктан? Бу таң атпай кайсы буйткадан туруп келатасың? Деги сен үй көргөн жансыңбы? Жүдөп кетипсиң?

- Сарман,  чиновник болсоң эле ушинтип калмайың бар. Какшыгың калбайт экен  го? – Экөө тамалаша бирине бири кол сунду. Агайлардын акыйнегин угуп, экөөнүн көптөн берки курбу экенин эшиттим.

- Ээ,  Сарман,  кайсы бирин айтайын. Байбиче үйдө. Балдар  бөлүнүп кеткен. Пенсия аз. Бир аз жумуш болсо!? – Сөзүнүн аягына чыгарбай эле Сарман агай оозунан сөзүн жулуп кетти.

- Ии,  Төлөгөн,  бекерчимин де. Жумушуң болсо ордуңду жууйт  белең? Өзүң пенсионер болсоң,  сенде кайдагы акча? – Агай мага шектүү жылмайып койду. Төлөгөн аке болсо:

- “Баары болот,  болот!” – Күлүп жиберди. Штаттык орундарды караштырсак  “реставратор по литературе” деген орун бош экен.  

– Жаз арызынды,  Төлөгөн. Кандын өңүн көргөн адам суукка тоңбойт. – Төлөгөн аке күтүлбөгөн жагдайга күйпөлөктөп не кыларын билбей калды.

 –Не деп жазам? 

- Реставратор? Түшүндүңбү? Мени адабият боюнча реставратор кылып алууңузду өтүнөм.  Кол кой.

Арыз жазылды. Сүйүнгөнүнө чыдай  албай Төлөгөн аке тура калып арызды мага сунду.

– Бол, Төлөгөн! “Берекеге” чурка! Сен келгенче буйрук даяр болот. – Агай таптакыр эле демитип алды. Төлөгөн аке да элпек киши экен, Сарман агай айткандай папкесин таштап магазинге чуркап кетсе болобу. Элестетсең, атаңдай болгон кишинин жаш жигиттей болуп чуркап баратканын. Түш болуп калган. Төлөгөн аке март экен. Чайын да,  ага кошуп пайын да алып келиптир. Теңтуштар ойда тамашалашты. Агайлардын жоругуна курсант болуп мен отурдум.  Кыскасы, бүгүнкү Кыргыз  эл акыны,  80 жашты аркалаган Төлөгөн Мамеевди ушундай жол менен жумушка алганбыз.  Устатым менин да баркымды көтөрүп койду. Бир топко делөөрүп жүрдүм. Ошондо Сарман агайдын жакшылыгы жалпы адамга тең экенин байкадым.....

*     *     *

Устат Сүймөнкул Чокморов тууралуу айткандан тажачу эмес. Сөз удулу келе калганда Сүймөнкул байкени кыстара кетчү. Фрунзедеги  Көркөм сүрөт окуу жайында  директор болуп тургандагы учурун  көп эстер эле.  Сарман агай директор,  Сүймөнкул  байке болсо  студенттерге сабак бериптир. Сүймөнкул байкенин  ак “Волгасына” түшүп алып жогорку Байтик тарапка баргандарын, сүрөт тартып, кекилик-чил карап, табияттын ар кыл көрүнүшүнө байкоо жүргүзгөндөрүн кеп салчу. Чокморовдун жети атасына чейин айтып берер эле. Экөөнүн ынактыгы. Бири-бирин илгиртпей түшүнгөн сезимталдуулугу. Чанда кездешчү адамдык сапат эмеспи.

Сүймөнкулду Сүрөтчүлөр союзунун төрагалыгынан кээ бир сүрөтчүлөр кутумдук кылышып оодарып түшкөндө, ооруп жаткан кезинде “Волгасы” уурдалып,  ооруканага баралбай калганын айтып аябай кайгырган. Анан кайраттуулугуна таң  берип. “Чыныгы мырза жигит. Кыргыз болсо ушундай болсун!” деген эпитеттерди колдончу. Чокморовдун живопись менен кинону бирдей алып жүргөнүн кубаттап, кыл чебердин Жеңижоктун “Аккан суусу” боюнча тартылган живопистерине суктанчу.  “Аккан суунун”  тексттин жатка айтып, анын ар бир сабы менен Сүймөнкулдун тарткан картиналарынын шайкештигин далилдеген жүйөөлүү кептери дале эсте. Дегеле Сарман агайдын табиятынан сезимтал,  боорукердигин айт. Жапакечтигинин чеги жок.  Көчөдөн кайырчы көрсө акыркы тыйынын берип үйүнө жөө кеткенин көргөн күндөр болду. Биз чогуу иштешкен үч жылда. Үйү болсо онунчу микрорайондо. Биз иштеген туш Совет көчөсү менен Москва көчөсүнүн кесилиши. Бир топ аралык......

*     *     *

Сарман агай менен улуу кыргыз сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин мамилелерине бир аз экскурс жасайлы... Анткени мен бул эки залкар менен баарлашып калганыма курсантмын. Устат Гапар Айтиев тууралуу көп жазды. Себеби бирөө гана. Көрсө,  Сарман агайдын устаты Гапар аксакал тура... С.Асанбеков ал тууралуу тээ, 1962-жылдары эле 113 барактан турган китеп чыгарган. Кийин фундаменталдуу жазылган “Гапар Айтиев”. Ф.1972-ж. ”Кыргызстан” басмасынан жарык көргөн эмгеги бар. Болгону 75 барак. А бирок кыл чебердин  чыгармачылыгын терең талдаган, илимий баа берген  зор эмгек.  Гапар аксакал  жөнүндө көп жерде сүйлөдү. Баарында тең кыргыздын чыгаан кыл чеберин колунан келишинче даңаза кылды.  Г.Айтиевдин өнөрканасына келгендерге  сүрөтчү жөнүндө эч жерде жок фактыларды айтып, көрүүчүлөрдүн живописке болгон кызыгуусун арттырганын байкадым. Агайдын ырааттуу кеби, монотондуу үнү музей ичин жаңыртып, залкар  сүрөтчү Гапар Айтиевдин жандуу элесин жаратып салгандай.

Музейде сүрөтчү көп эскерилди. Учурунда Израилге кетип калган атактуу график Р.Нудель келип эки саат Г.Айтиев тууралуу кеп козгогон. Улуу, кичүү муундагы сүрөтчүлөр Гапар агай жөнүндө маек курушкан. Бирок бири да Сарман агайдай болуп Г.Айтиевдин образын ар тараптан таасындуу кылып айтышпады. Кечелерге  кыл чебердин жубайы Галина Закировна Айтиева катышчу. А киши албетте, өмүрлүк жарын жакшы билет. Эженин С.Асанбековго болгон ыраазычылыгына бир нече жолу күбө болдум. Агай болсо биз ээндеп сүйлөшүп калганда “Сапалкан,  улуу кишилердин айтканын уга жүрүш керек экен. Гапар аке мага көп жолу насаат айтты. Ар кайсыл тармакка умтулбай бир жагын карма. Чарчап каласың. Бир максатты көздөсөң. Көшөкөрлөнүп  иштесең майнабы чыгат. Сарман, энергияң чачырап кетет...” дечү эле жарыктык. Ошондой болоруна көзүм жетти”. Унчупай калат да кебин улайт “Эң негизгиси, жалкоо болбо. Г.Айтиевдин графикалары боюнча жакшы жазыпсың. Терең талдаганды үйрөн. Талдай берсең акыры бышасың. Картинаны көрө билиш керек!” деген сөзү  эске түшөт. Анткени  Г.Айтиевдин 80 жылдык урматына жеке көргөзмө ачууга даярдык жүрүп жатканда Көркөм сүрөт музейинин жетекчилиги Гапар Айтиевге мени жардамчы кылып коюшту.

Живопись бөлүмүн жетектеген кез. Менин милдетим эртеден кечке картиналарды Гапар аксакалга көрсөтүп, экспозицияга жайгаштырмай.  Ошондо бир жолу Гапар Айтиевдин: “Сапалкан,  сен эмне көрбөйсүң? Көрө билиш керек. Бул картинаны биякка кой. А жакшы. И болду. Жок. Кайра койчу. Эми тигини тиякка алып бар. Мына эми ордуна келе түштү. Экспозиция эми окшошту. Сүрөттү көргөндө гана аны түшүнөсүң....” деп айтканы менен  Сарман агайдын насааты дал келип, эки залкардын эки башка мезгилде мага берген кеңешине таң  калдым. Ооба,   картинаны көрө билбесең,  анан кантип талдайсың...

*     *     *

Сарман  агай кыл чебер Жоомарт Кадыралиев “Эл сүрөтчүсү” наамын алганда сыйлыкты өзү алгансып аябай сүйүнгөн: “Туура. Учурунда берилди. Эмгекти баалаш керек. Өлгөндөн кийинки наамдын кимге кереги бар? Көзү тирүүсүндө баркталбаса ошол тейден унутта калат. Жоомарттын Манасы кыргыз элинин чыныгы байыркы Манасы. Манас ушундай болушу керек!” Мага айткан  бу сөзүн Ж.Кадыралиевдин жеке көргөзмөсүнүн ачылышында да кайталады. Оргуп-баргып,  дем албай сүйлөдү. А чынында адам сүйлөй турган көргөзмө эле Жоомарт байкеники.  Алардын ортосундагы ага-инилик мамилелерди кийин байкадым. Дегеле Ж.Кадыралиев жараткан Манас темасы кыргыз сүрөт өнөрүндө бу жаатта эмгектенгендер үчүн революциялык ачылыш болчу. Албетте, кыраакы искусствотаануучу, эстет С.Асанбековдун көз жаздымынан сырт калбайт эле. Агай республикадагы кайсыл көргөзмө болбосун баарын электен кылдат өткөргөн эстет. Жашына карабайт. Ачыгын айтат. Кээде сүрөтчүлөр өздөрү байкабаган нерселерди аңтарып-теңтерип таап чыгат. Агайдыкы туура экенин кыл чеберлердин өздөрү да моюндашкан. Жоомарт байкенин “Сарман агай мени көп жерден колдоду. Манас боюнча кеп-кеңешин берген жалгыз гана ошо киши. Агай ак көңүл. Болгонун боло айтат...” бу сөздү мен Сары-Булакта боз үй ичинде Чоюн Өмүралиев  болуп бакылдашып жатып уктум эле...

*     *     *

...Сарман агай менен Бишкек шаарынын музейлеринин биргелешкен дирекциясында үч жылдай чогуу иштештик. Көп нерселер жөнүндө маектештик. Искусство, Тарых. Адабият. Айрыкча адабият айдыңы боюнча акын-жазуучулардын ар кыл окуяларын айтып берет. Мидиндин жоруктары. Райкандын тамашалары. Байдылданын ырларынан бир шингилди таштап койчу. Атай Огомбаев жөнүндө кеп козголгондо анын ырларын жатка айтмак турсун,  кыймыл-аракет менен күлмүңдөп алып музей жаңырта обон созчу. Музей музей эмес эле консерваторияга айланчу. Мыскал Өмүрканова, Муса Баетов, кайсы бирин айтайын, биздин кептин тематикасы өтө кеңири боло турган. Бир жолу сөздөн сөз чыгып отуруп Чыңгыз Айтматовду которгон Ашым Жакыпбеков тууралуу кеп козголду. Ошондо устат Ашым менен бирге окуганын, ал интеллекти жагынан курсундагы студенттердин баарынан жогору экендигин баса белгиледи. Ашым Жакыпбековдун түздөн-түз таасири аркасында дүйнөлүк адабият, орус жана казак адабиятын казып окуганын эскерди.

Жакыпбековдун котормочулук талантына баа берип,  Ашым гана Айтматовду дал өзүндөй которгонун жүйөлүү аргументтер менен кулагыма куюп койгон. “Сапалкан,  насаатчылар жакшы болсо шакирт өзүнөн-өзү тапталат. Мына мен, кимдерден сабак алдым? Константин Кузьмич Юдахин, Болот Юнусалиев, Калкабай Сартбаев, Бегимаалы Жамгырчинов.... Не деген агайлар? Ар бири өзүнчө илимдин чыгаан өкүлдөрү. Илим жараткан инсандар. Куйма кулак болсоң, дээриңде бир  нерсе болсо баары болот. Анан албетте, жалкоолукка алдырбаш керек. Бүттү.”- деп көзүн жүлжүйтө карап коёт. Агайга музей-өнөркананын экинчи кабатынан бир бөлмөнү бошотуп бергенбиз. Чакан бөлмө. Столунун үстү кагазга толо. Көпкө чейин жазбай жүрүп жазабы жарыктык, илхамы келгенде кол жазмалары үстү-үстүнө үйүлүп калат. Машинкага тергенге кыздарга берет. Ырлары да бар. Укмуш. Лирикалык ой топтомдоруна таң бересиң. Бизде ким көп? Акындар. Колунан келгени деле, келбегени деле эки сапты кураштырып чүргөй беришет. Устаттыкы башка. Окуганга жеңил. Көңүл жибитет. Көрсө, Сарман агайдын акындыгын сынчылык өнөрү басып кеткен турбайбы. Муну мен Б.Жакиевдин “Эгер Сарман сынчылык жакка ооп кетпегенде мыкты акын болмок” деген сөзүнөн улам ынандым. Ойлогон оюм туура чыкты. А бирок сынчы болуш кандай татаал? Не деген гана сөздөрдү укпайсың. Айтылган сының бутага тийип турса, авторго да, өзүңө да пайдалуу эмеспи. Учурунда агайдын театр жаатындагы сындары кыргыз маданиятынын өсүп өнүгүшүнө зор таасирин тийгизгени айдан ачык.

*     *     *

Устат кыргыз театрынын тарыхына өз атын алтын тамгалар менен жазып кетти десем жаңылышпайм. Анткени ал Кыргыз драма театрында жаңы коюлган ар бир  спектаклди көз жаздымында калтырбады. Пикирин айтты. Сунушун берди. Театр жылдызы Бакен Кыдыкееванын аткарган ролдору тууралуу кеп козголгондо устатым төкмө акындардай төгүп салчу. Аны абдан сыйлап,  талантын барктай билген.  Кыргыз театрынын феномени Бакен Кыдыкеева жөнүндө кеп учугу чыктыбы, агай агынан жарылчу. Ролдорун терең талдап, образ тууралуу таптакыр түшүнүгү жок адамдын да мээсине кыттай куйган  сөздөрүн айтаар эле... Театр ишмерлери жөнүндө опол тоодой эмгектерди жаратты. Четинен эле санайлы: Кыргыз эл артистери Алиман Жангорозова менен Мираида Далбаевалардын чыгармачыл портреттерин түздү. Ар бири 96 барак. Кыргыз эл артисти Марат Алышпаев боюнча монография жазды. 1980-ж. “Кыргызстан” басмасынан “Азыркы кыргыз драмасы” деген китеби жарык көрдү. Булардан сырткары агайдын “Изденүү жана табылга: Сын макалалар”.Ф.:Мектеп,  1977.91б.,  “Машакаттуу бийиктик: Сын-макалалар,  адабий портрет”.- Ф.: Кыргызстан 1986. 160 б.,  “Айтматов жана искусство: макалалар жыйнагы”. Ф.: Кыргызстаң , 1978. ,  “Поиски: Сборник статьей (в соавт)- Ф.: Кыргызстан. 1990.,  160 стр.,  “Турмуш жана искусство: Сындар жана очерктер.- Ф. Кыргызстан. 1970). деген китептери  С.Асанбековдун кыргыз маданиятынын өсүп-өнүгүшүнө  олуттуу салым кошконун айгинелеп жатпайбы.

Ар бир китеби бүгүнкү күндө таберик. Мындай эмгектер табылбайт. Кыргыз театрын изилдөөчүлөр үчүн баа жеткис байлык. Анан калса студенттер кыргыз театрынын тарыхын кайсы булактардан алып окуйт? Профессор С.Асанбеков көп жылдар бою Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтундагы “Режиссура жана актёрдук чеберчилик кафедрасында “Кыргыз театрынын тарыхы”, “Искусство тарыхы”,  “Материалдык маданияттын тарыхы”,  “Орус жана чет элдик театр тарыхы” сабактарынан студенттерге сабак берди...

... “Сарман агай мага атадай, агадай адам эле. Адамгерчилик жактан да,  кылган иши менен да дайыма жүрөктө сактала турган адам!”- деп эскерген бир кезде Кыргыз Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов. Көрсө, Дүйшөндүн артист болуп калышына Сарман агай себепкер болуптур. Эгер ошондо Байдөбөтов окууга өтпөй калганда анда кыргыз театр сахнасында дагы бир чыгаан таланттын пайда болушу даркүмөн эле. Мына Сизге окурман,  Сарман Асанбековдун адамды баалай билген кыраакылыгы...

*     *     *

Устат менен иштешкен үч жыл. Не деген гана окуялардын күбөсү. Музейдин иши сыдыргыга салгандай болгон жок. Муну да моюнга алыш керек. Кээ бир музей кызматкерлеринин агайга тили да тийди окшойт. Иш болгон жерде чыр да болот. Бириники бирине жакпайт. Мен кызуулукка алдырсам акырын тыйып коёт. Ар кандай сөздөргө кабак-кашынын бүркөлгөнүн көрбөдүм. Бир кызматкерге жаман айтпады. Токтоолугу. Мээримдүүлүгү. Тамашакөйлүгү. Жөнөкөйлүк. Адилеттүүлүк. Мына ушу мен терип-тепчип санаган адамдык сапаттар устаттымда уюп жатыптыр. Аны да кеч түшүндүк. Баарыбыз пендебиз. Кээде жүздөшкөн да күндөр болду. Жаңыдан жумушка кызуу киришкенде Сарман агай баш багат. “Ээ, мүдүр? (Ошол кезде негедир директорду кыргызсча “мүдүр” деген сөз тарап кеткен) Баш жаман. Кечээ Ольга эжең менен тойго бардык эле. Болбой турам.” “Агай,  кичине түшкө жетпейлиби?” - десем, “Жок, болбойт. Баш жазган менен көр казган соопчулук болот. Сейфиңде агы да, кызылы да бар. Билем!”- деп жылмаят.

Агайдын айтканы эки болчу эмес. “Ача бер. Мен тиги катчы кызга айтып коём”. Катчы кызыбыз Маданият министринин орун басарынын келинчеги. Болду. Бөлмө бек. Жарым сааттан кийин бака-шака болуп калабыз. Кекиртекке бир нерсе кирген соң дагы жетпегендей. Не кылабыз? Кайда баруу керек? Чөнтөк жука. Устатым менен эки жакты карап, бир топко турмай. Мындай кырдаалда да агай бир нерсе табат.

- Жүрү. Тиги жеңеге баралы...

- Кайсы жеңе? Агай.

- Гапар акенин байбичеси. Галина Закировнага...

- Уят ко. Эмне дейт...

- Ал жагын мага кой... Устат сырдуу жылмаят да, жол баштайт. Барар жерибиздин дареги Гапар Айтиевдин үйү. Ээрчишип жөнөйбүз. Көк дарбаза. Аны каккылоо менин милдетим. Оо,  бир топтон кийин халатчан Галина Закировна чыгат.

- Ии,  Сарман эмне болду? Тынччылыкпы? Таң  атпай кайдан ээрчишип...

- Жеңе, баары жайында... Мага көз кысып коёт. Киребиз. Чакан зал. Дубал бетинде Г.Айтиевдин фотолору. Жымжырттык. Агай столдун бир четинде. Мен каршысында отурам. Гапар аксакалдын байбичеси нан,  таттуу-патуусун коё баштады.

- Эч нерсенин кереги жок. Жеңе,  баягындан болсо.... Галина Закировна:

- Аа, ошондой дебейсиңби? Ошондой дейм да, ээрчишкениңерге караганда? Жарасы жеңил. Бир табак холодец. Эки вилка. Эки стаканды столго коёт. Анан айнек колбага ашык  кеми жок эки жүз грамм куюп келет. Көрүп алып байбичени аптекада иштейт ко деп ойлойсуң.

- Ой,  жеңе? Тактыгыңыз калбайт ко? Гапар акени сыйлап жүрүп... – Агай дагы бир нерсени айтып иейби дейби, Галина Закировна:

- Болду, Сарман. Бул жакка кара. – Өз колу менен  стакандарды толтуруп коёт. Бир топко маектешебиз. Байбиче керээли кечке үйдө жалгыз зериккениби, агайдан ар кайсыны сурай берет. Ал киши болсо акырын жооп бергенден тажабайт.

Улуу адамдардын адебине таң бересиң. Улууну урматтоо кандай жакшы. Талантты баалай билүү да чоң искусство тура. Муну мен агайды ээрчип жүрүп түшүндүм... Кийин.  Мындай окуялар көп кайталанды... Галина Закировнанын бизге берген менюсу эч өзгөргөн жок. Биз да аша чаппадык. Болгону агайдын эшикке чыкканда “Галина Закировна катуу... Гапар акени да үйрөткөн...” Айтиев тууралуу узун сабак сөз баштайт. “Мына ушу биз иштеген мастерскаянын чоюн батереясынын артына Гапар аке жанагы Лениндин сүрөтү бар жыйырма беш сомдуктарды тоголок кылып түрүп катып койчу. Анысын Галина жеңе билбейт. Гапар акенин шымын эчак тазалап койгон. Көңүлү жай. Сүрөтчү сүрөтүн тартып жатат. Гапар Айтиевич, кээде мага телефон чалат. Келем. Келсем, чарчадым Сарман, кичине эс албайлыбы дейт. Анан тетиги батерянын артын карачы бир деме болуш керек эле деп коёт. Өзү иши менен алек...” Агай мага өнөркананын биринчи кабатындагы терезе тушту көрсөттү. “Колум менен сыйпалап таап чыгам. Оо,  ал кездеги жыйырма беш сомдун куну. Көп нерсе келчү. Дүкөнгө  жөнөйм. Ал күнү бизде той. Багетке керилген таар бош бойдон калды. Боёктордун чачылганы чачылган. Ишибиз жок. Бака-шака сөзгө өтөбүз. Непаада,  Галина Закировна келип калса “Сарман гонарар алыптыр!” Мага шылтап коёт... Агай Гапар Айтиев тууралуу бир топ  эскерүүлөрүн айткан. Учурунда жазып албаганыма өкүнөм. Не дейбиз,  залкарлардын орду бош... Ал кенемтикти эч ким толтура албайт...

*     *     *

С.Асанбеков агай жөнүндө эскерип жатып бул улуу адамдын талантынын көп кырдуулугун айтпай кетсек тузу кем болуп калчудай. Комузда кол ойнотуп,  коңур үнү менен  кече-тойлордун көркүн чыгарчу. Кайсы бир жылдары Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер,  таланттуу живописчи Нарын Турпановдун элүү жылдык маракеси өттү. Алгач көркөм сүрөт музейинде жеке көргөзмөсү ачылып, кечинде “Достук” ресторанында той ээсинин салтанаты болду. Көргөзмөдө агай Н.Турпановдун чыгармачылыгы боюнча узун сабак сөз сүйлөдү. Кыл чебердин чыгармачылыгын терең талдап өз баасын берди. Ошондо ал: “Нарын кыргыз жеринин табиятын обонго салып ар кыл боёктордун гаммасы аркылуу күү чыгарган зирек жаратылыш жарчысы. Нарындын картиналарын карап туруп Кыргызстанды түрө кыдырасың. Живописчинин бүт чыгармаларын бир гана сөз менен “Кыргыз жери” деп атаса болот!” деп айтканы эсте калыптыр. Кеп чынынан бузулбайт. Агайдын айткан сөзүнүн калети жок. Абай салып карасак, Нарын байкенин пейзаждары устаттын сөзүнүн күбөсү экенин баамдайбыз...

Кечиндеги мааракеде агай тойдун тамадасы болуп мени жардамчы кылып алды. Той бүткөнчө үнү кардыкпай сүйлөдү. Кээде Сталинди туурап пародия айтып, кээде обон созуп шатыра-шатман кечени алып барганына таң калдым. Талас менен Нарын,  Көлдөн келген куда-сөөк, туугандардын эч кимисин зериктирбей шаңдуу маанай жаратты. Ошондогу агайдын  күч-кубатына,  жалпы элдин суроо-талабына ылайык кечени уюштура билген  талантына таң  бердим. Көрсө,  бул агайымдын чети оюлбаган шык-жөндөмүнүн бир гана үзүмү тура....

*     *     *

Эми акыркы кепти айтайын. Сарман агайдын живописин көптөр грузин сүрөтчүсү Нико Пиросманашвили же Нико Пиросманиге салыштырышат. Ал кургур адегенде бөтөнчө баркталбай жүрүп, акыры орус авангардисттери менен Пабло Пикассо баш болгон чыгаандар тарабынан жогору бааланган. Картиналар философиялык маанайда берилип, тондордун бир кылкалуулугу, түстөр менен  боёктордун айкалышуусу,  композицияны так түзө билүү Пиросманини башка кыл чеберлерден айырмалап турган. Ал Грузияны ар кыл маанайда тартса, С.Асанбеков кыргыз жерин, табиятын бөтөнчө көркөм ой толгоого салган. Ырас, агайдын живописи сырт жагынан Пиросманашвилинин композицияларына окшоп кетет. Жөнөкөйлүүлүкпү же абстракциябы – аны талдоо максат эмес. Сырткы гана  үндөштүктөр болгону менен, нукура улуттук колоритке тунган иштер. Пейзаждары бир башкача. Аларды жакшылап караган киши табиятка болгон кусаланууну табат.

Агай канчалык шайыр жүргөнү менен картиналары кандайдыр бир терең ой толгоого түртөт. Бирде шаттуу,  бирде муңдуу. Бир караган көрүүчү  Сарман агайдын живописинен боёктордун ырааттуу жайгашышын байкаса, кай бир учурда кескин шилтенип толук кандуу иштелгенин сезет. Устат Пиросманиге окшоп ыр да жазган. Грузин кыл чеберинин ырларын окуган жокмун. А бирок устаттын лирикасы чыныгы поэтикалык саптардан куралган поэзиянын керемет үлгүсүндөй болуп кулагыма жаңырып турат. Агай колду сермеп,  көздү чала жуумп окуй баштаганда Г.Айтиевдин музей-өнөрканасы өзүнчө бир консерваторияга айланаар эле...

Живопись менен поэзияны куштун эки канатындай бир сермеп кете бергенге устаттын  убактысы түгөнүп калгандай. Бүт дараметин кыргыз театры менен  көркөм сүрөт өнөрүнө сарптап жатып “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген наам алганга жетишти. Азыр болсо буту менен басып,  мурду менен тынгандар деле наам алып кетишкен заман. Устат нукура маданиятка эмгеги сиңген адам эле. Кыргыз маданияты дегенде от менен суудан кайра тартпаган патриоттуктун чыныгы үлгүсүн көрсөткөн. Кыргыз элинин маданиятынын жетишкендигине чын дилинен кубанып, кемчилигине кайгырган. Өз кызыкчылыгынан жалпы Журттун тагдырын жогору койгон  мындай адамдар сейрек жаралат.

Устат, биз сизди унутпайбыз. Кыргыз мамлекетинин байрагы желбиреп турганда Сарман Асанбековдой улуу адамдарды эскерип туруу биздин парз...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз