Венера Жылдызча: Камыштарым - байыркыларым!

Эссе-күндөлүк

Бозоргон түстө, ушинтип топтошуп, тирелип өсүп турган учуруңарда, кокустан, бир "жалт" карап көрүп калгам силерди. Күн ушинтип так төбөбүздөн тийип турган, анда да силер сансыз көп элеңер, анда да мен жалгыз элем...

Алгач ушул тарапты караганда эле: бул талаа, тигил асман, асмандын Күнү, булуттарым, силер, мен, ал тургай күз мезгили да баарыбыз биригип байыркы бир доордо "бир үй-бүлө" болуп жашап алгандай туюлган мага!

Ал менин өзүнчө бир өзгөчө туюмум эле, бирок ал туюм кийин сезимимден ың-жыңсыз жоголуп кеткен жок. Силерди самап, сагынып жөнөгөндө же келе жаткан жолумда эле пайда боло калат. Анан, башка бир дүйнөгө кирип жашап калам...

Жаныңардагы жымжырттыкты жамынган бейиттер да сүрдүү, бирок сырдуу кооз байыркы жашоого алып барып коёт окшойт...

Ошондон бери "камыштарым" эле дебестен, "байыркыларым" деп да эркелеткенимди биле жүргүлө! Башка мезгилдерде силерди унутуп калганым кызык. Эстеп же элестетип да койбойт экенмин. Кышта, жазда, жайда кандай болот болдуңар экен??? Көңүлүмө, көкүрөк-көөдөнүмө керек учурда эле айланчыктап, жаныңардан чыкпай калган мени кечиргиле, керилген Камыштарым! Башы ыргалган Байыркыларым! Мен кандай жаралсам, ошондой окшойм...

Силерди алгач кандай көрсөм, ошондой күз мезгилинде гана көргүм келеттир. Ошон үчүн он жылдан бери, күз кирер менен үч же төрт күндүн биринде эле жаныңарга жетип келем, жөө жетчү жолум -- бир сааттык.

*     *     *

Эски бейит анан өзүңөрдөн башка эч ким, эч нерсе жок силерге келе жатканымды көрүп калгандар көп. Ар дайым суроо бере беришет.

- Мүрзөлөр жакка барасызбы?!.. - деп сурайт, кичүүлөр көздөрүн алайтып.

- Ал жакка барып алып эмне кыласың?..

- Эмнең бар ал жакта?

- Бир барып көрүп келиш керек экен, бекитип койгон алтының бар болсо керек!.. -- деп улуулар тамашага салып сурашат.

А мен жооп бере албайм, ичимдеги, күз маалындагы өзгөчө бир "күзгү сүйүүмдү" сөз менен айтып бере албайм. Сөзгө жокмун, жооп бергенден качып, атайын керең да боло калмай адатым бар. Анткени, сыртка жакшылап сүйлөй албай, жооп бере албай, мукактанып, какап-чакап, кээде ыйлап, кээде чулдурап калам. Бирок ички дүйнөм булбулдай таңшып-сайрап турат...

Ичимдеги "булбулга" кээде түшүнбөйм. Унчукпай сүрөт тарткысы да келип калат, бир туруп так секирип бийлегиси келет...

*     *     *

Силердин же бейиттердин акыбалын сурап койгон бир эле адам баласы болсо?! Анда, азыркы силерге айтып берип жаткан бул сырымды -- ал адам баласына айтып бермекмин...

*     *     *

Менин келишимди күтүп тургандай сезиле бересиңер! Күздүн ар бир күнүндө... Силерге эркелеп басып келеримди кийин байкадым, эки колумду жайып алып өзүмдү тегеренип айланып-айланып да алат экенмин. Нымдуу жашыл сазга жатып алып оонап, топтой тоголонуп алып силерге жетким келет экен... Анткени, тапталган жалгыз аяк жол дагы жок! Көркөмдүү жашыл талаа! Бул талаадагы тегиз өскөн назик чөптөр силерден кеч, кышка жакын саргайса керек.

Адамзатка эле эмес, камыш, чөптөргө да Кудайдын берген "өмүр" аттуу белеги ар кандай тура! Эрте... Кеч... Мурун... Кийин...

*     *     *

Жаныңардагы азыраак аянтты ээлеген бейиттерге да эч ким келбейт, "эски бейит" деген аты бар. Көп жылдардан бери сөөк коюлбай калган дешет. Эски бейитке караан, кайтаруучу болуп өсүп чыксаңар керек... Ошондонбу? Шуудуруңар, шыбырыңар муңдуу, муңайым угулат. А балким, мага угулган муңдуу, муңайым добушуңар өзүмдөгү ички дүйнөмдүн добушудур... Жандүйнөмдүн добушун силер аркылуу тыңшап, силерден угуп жүргөндүрмүн...

*     *     *

Ар дайым эки колум бош, кур келем. Силерге эч нерсе алып келип бере албайм. Мендеги бере турган, терип-тепчип жыйнаган жарыбаган дүнүйө, буюм-терим, тамак-аш сыяктуу нерселер силерге түбөлүккө кереги жок! Кандай Бактылуусуңар?!!

20-октябрь. 2020-жыл.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз