Дэниел Верон: Аркы жээкте

  • 26.10.2020
  • 3207

АҢГЕМЕ

Айлана кулак-мурун кескендей, жымжырттыктын кучагында көшүлүп турду. Акырындык менен мелтиреген көлмөнү туман каптап келатты. Жээктен үч адамдын карааны көрүнгөндө, бак башынан чочуп, пырп эте уча качкан куштун чырлыйттаганы угулуп барып басылды. Чөлкөм кайрадан жымжырттыкка тунду. Тигил үчөөнүн бири саргайып, кургап калган жалбырактарды же бактан сынып түшкөн какжыраган бутактарды кез-кезде басып алганда кырс этип, ушул аймак бүтүндөй селт дей түшкөнсүйт.

Алар жомоктон жаралган керемет, адам буту тийбеген ууздай таза жерде жүргөн сыяктуу сезишти. Аларды кандайдыр бир жан сергиткен жалгыздык ээлеп алгансыды. Бирок андай эмес эле. Бул жөнүндө Дарио бир нерсе деп сүйлөмөкчү болгон көз ирмемде, бул чөлкөмдү башкалардан мыкты билген Клаудио тигинин оюн билип койгондой, Буэнос-Айрестин түштүк-чыгышы болгону менен, акыры алар шаардан болгону он төрт чакырым алыстыкта жүрүшкөнүн эскертти. Ушул саякат үчүн аба ырайынын климаттык шарттын ыңгайсыздыгын, бака-шака түшкөн турмуш шарынан ажырап калган жалгыздык сезимдин себебинен улам алганда бул кыйла узак алыстык эле. Өткөн түндөн тартып, көлмөнү узун көйнөктүн этегиндей сүйрөлгөн коюу туман чулгай баштаган. Бирок шаар сыртына чыгып, таза абадан дем алып, эс алып келели деп, делөөрүп алган балдарды бул токтото алган жок.

Эмнеси болсо да туман чулгаган көрүнүш абдан кызыктай көрүндү. Суунун агыш түстөгү буусу ичке жипчелер сыяктуу чачырап, көлмөнүн дал ичинен чыгып жаткан сыяктанат. Кээде алар бараткан жол чөлдүү, чаңдуу болуп сезилип, баш-аягы жок туман деңизинде адашып, жоготуп алып да жатышты. Бирок буга карабастан ар бир биолог-студенттин көнүмүш адаты боюнча жерге үңүлө калып, бул же тигил жандык кайсы түркүмгө кирерин, изин, жашын, ал тургай бул жерде жүргөн себебин да аныктап атты. Бул түшүнүктүү эле. Ал бала кезинен бери жаратылышты жакшы билчү (ал Тандиленсес тоосунда чоңоюп-өскөн), ошондуктан башкалар көрө албаган нерсени көрө алат эле. Клаудио үчүн ал басып өткөн ар кандай саз, бак-дарак же жан-жаныбар ошол жер тууралуу баяндай турган ачык китеп сыяктуу эле.

Көлмөнү бир саат бою айланып жүрүштү, бирок барган сайын ортодогу кобур-собур кептер уламдан-улам азайып баратты. Акыры кайык токтой турган жерге келип, үн-сөзсүз отуруп калышты. Серджио бир нерсени күткөн сыяктанып атты. Ушул күнү эртең менен ал бул үчөөнүн арасынан эң сергеги эле. Кадимки шаар тургуну болгондуктан, баардыгы ага жаңылык катары туюлчу. Алыскы шыбырттан тартып, ошол жерде өскөн бак-дарактарга чейин көңүлүн буруп, көзүнө алда немедей көрүнчү. Ошондуктан бул ал үчүн таптакыр чоочун дүйнө эмес эле. Бирок бул анын өмүрүндөгү сейрек кездеше турган окуя болгондуктан, аны текке кетиргиси келген жок.

Алар күткөндөй, кайыкчы өз кайыгында жок эле. Бул бир кыйла таң калыштуу нерсе болду. Анткени мындай тумандуу күнү акыл-эси жайында болгон адамдын балык кармоого кетиши күмөн. Ушундан улам, ал ушу чөлкөмдө жашагандыктан, наркы жээкке бүгүн эч ким барбайт ко деген жоромолдо алыскы коңшуларынын бириникине кетсе керек деген ойдо болушту.

Эмнеси болсо да адаттагыдай эле ал бир нече кайыкты даярдап койгон экен. Анын мунусу тууралуу бир аз сүйлөшүп турушту да, балдар саат тогуз жарымда кете тургандыктары жөнүндө кагаз жазып калтырып, кайыктардын бирине олтуруп, сүзүп жөнөштү. Кайра келгенден кийин кайыктын акчасын төлөп кетүүгө мүмчүнчүлүктөрү бар эле.

Ошентип, Дарио кайыкка олтуруп, калактарды шилеп кирди. Клаудио менен Серхионун көзөмөлү астында жээктен алыстап, өлүк суудан өтүштү да, көлмөгө киришти.

Адегенде алар жаратылыш кубулушунун кереметин аңдоого үлгүрбөй да калышты. Анткен себеби жээк көз ирмем аралыгында көздөн кайыды. Бүтүндөй жок болду. Кайда гана карашпасын, коюу туман гана суу үстүндө жайылып турду.

Бирок Клаудио үчүн бул көрүнүш болуп жаткан окуяга саресеп жүргүзүп, ой-пикирин билдирүүгө демейдегидей эле жакшы мүмкүнчүлүк болучу. Ошентип, ал өзүнүн адаттагы ишин, мисалы, ушул деңиздин эски жеңиндей болгон көлмөнүн болжолдуу (эгер кааласаңыз, бир кыйла) көлөмүн түшүндүрүп, анын температурасы жана буга чейин классификацияланган фаунасы жөнүндө айтып кирди. Ал толкунданып, ушунчалык кубаныч менен баяндап жатты. Аны карап турган ким болбосун бул көлмөнүн анык ээси экен деп ойломок. Албетте, чынында андай эмес эле. Бирок ал бул чөлкөмдө көп күндөр бою жүрүп, тыяк-быягын жакшы билери ачык көрүнүп турду. Антсе да бир кыйлага чейин ыйкы-тыйкы болуп, акыры Дарио өз оюнан кайтып, калакты Серхиого карматты. Көп өтпөй, аралчага жетип, жерге түшүштү. Деңизде кемеси чөгүп, кудум пенде буту тийбеген аралда калган адамдарга окшоп, тыяк-быягын иликтеп чыгышты. Бирок көзгө толумдуу эч нерсе жок болучу. Дагы бир кыйла аралашты. Акыры Клаудио бул жерде эч нерсе жок экенине берки экөөнү ынандырды. Алар кайрадан кайыкка келип олтурушту.

Бир саат бою үн-сөзсүз жүрүштү. Жаратылыштын ажайып керемети алардын сезим кылдарын дирилдетип жатты. Акыры Серхио убакыт жөнүндө эскертти. Дал чак түш болуптур. Ошол замат алар дагы бир нерсени байкашты: чак түш болгонуна карабастан, алар келген кездегисинен да караңгы эле.

- Биздин төбөбүздө кандайдыр бир булут, чагылгандуу булут каптап турса керек деп ойлойм, - деди биологдун окуучусу.

- Жамгырбы? - күңкүлдөп койду Дарио. - Мындай учурда жааган жамгырга таң калуунун кереги барбы?

- Билбейм, буга мен деле кызыккан жокмун.

Бир саамга алар унчукпай турушту. Акырындык менен деңиз тараптан шамал жүрө баштады. Ал адеп коюу туманды сүрүп таратканы менен, удургуган кара, чагылгандуу булуттарды үйрүп кирди.

- Эгерде күтүлбөгөн жерден чагылгандуу нөшөр башталар болсо, аралда жашынып, баш калкалоочу жай табылат, - деди Серджио.

- Жок, бул болбойт. Жамгыр узакка созулушу мүмкүн, жашынып отуруудан пайда жок. Кайра кайтканыбыздан өтөрү жок, - деди Клаудио ишенимдүү.

Ушул бүтүмгө келип, ал кайыкка олтурду да, жалгыз калакты шилтеп, кайыкты артка бурду. Алыс жактан канаттуу куштардын кооптоно чурулдаганы угулду. Клаудио кулак төшөп калды, уламдан-улам жакындап келаткан деңиз шарпылдагын, шамалдын дуулдагын укту. Ушул учурда Серхио кыйкырып жиберди:

- Карагылачы, тигинде толкун келатат!

Бул чын болучу. Шамалдын эпкининен суу бети чайпалып, тирилип кеткендей толкуду. Көлмөнүн бетинен түрүлгөн толкун кыр-кырларды жайпап жатты. Алар кыйындык менен кетип баратышты. Катуу шамал бет маңдайдан эмес, каптал тараптан уруп, кайыкты бараткан багыттан улам сүрөт. Клаудио калак шилтөө жагындагы өзүнүн көптөгөн чеберлигин көрсөттү. Бирок шамал менен толкундун күчү эбегейсиз эле. Бүтүндөй бир саат бою кара жанды карч уруп алпурушкандан кийин, сот столунда эмес, кандайдыр бир башка жерде болуп калышканын сезишти. Бул эми мааниге ээ эмес эле. Көлмөнү түндүк тараптан тегерете каптаган аскаларга жакын келмейинче, кооптоно турган жагдай жок.

Ушул учурда алардын төбөсүндө кадимки кара бороон дуулдап жатты. Эми нөшөрдүн төгүп киришин күтүүдөн башка арга калган жок. Асмандан кандайдыр бир сырдуу күркүрөк чыгат. Кезек-кезек менен көз уялткан чагылган жаркылдайт. Барган сайын түн коюуланып түнөрөт. Жаратылыштын өзү солкулдап, титиреп жатканы сезилет. Кайыктагылар элейип, тунжурашат. Алар биринчи жолу чыныгы коркунучтун эмне экенин билишти. Ал эми алдыда жол али узак эле. Саякаттын делөөрүткөн кызыгы алда качан тарап кеткен.

Нөшөрдүн алгачкы тамчылары түшө баштады. Мурдагыга караганда температура жогору болгондуктан, атмосфералык басым адаттан тыш экендиги анык.

Туш-тарапты теше тиктеп келаткан Дарио, акыры жээк кай тарапта экенин көрсөтө катуу кыйкырып жиберди, Кладио ошол замат кайыктын башын бурду.

Кайык жай, күчүркөнө жылып келатты. Дуулдаган шамал менен думуктурган тумандын арасынан жээкте кыбыраган караандарды байкашты. Алар жарыша кол булгалап, кайыкта келаткандарды көрсөтүп жатышты.

Клаудио ордунан туруп, колундагы кызыл кездемени бардык күчү менен булгалап кирди. Анан күтүлбөгөн жерден абада ышкырып келген найза дал көкүрөгүнө сайылды. Диркиреген кан туш-тарапка чачырады, анан жаш жигит алая ачылган көздөрүн жумбастан, бүтүндөй сууга кулады. Жээк тараптан жапайы кыйкырык-чуу чыкты.

Жүрөктөрү кабынан чыга жаздап корккон берки экөө бир нерсе кылууга жандалбас кылышты, бирок эч нерсе кыла алышпады. Одоно териден жасалган кийимчен, сакалчан бир топ адамдар чуркап келип, экөөнү басып калышты... Эки дос коркунучтан, таң калуудан кыйкырып жиберишти, мындан башкага убактылары да жок болучу. Бир нече секунд ичинде алар бул адамдардын бычактарынын курч экенин сезишти. Анан экөөнүн өмүрү шарт кыйылды. Үч адамдын өмүрү башка өмүрлөр үчүн жем болуп берди.

Испан тилинен которгон Мусакун САТЫБАЛДИЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз