Качандыр бир кезде биздин элде абдан акылсыз адам жашаган экен. Андай макоо мурда-кийин эч болбоптур. Анда эмесе анын бир жоругун айтып өтөлү.
Бир күнү биздин кемпай кошуна абышка-кемпир китеп окуган сайын көз айнек тагынышарын байкап, мындай жакшы буюмга өзү да ээ болууну чечет. Ошентип көз айнек саткан дүкөнгө келип, көздөп келген буюмун сурайт. Сатуучу кардарына карап кандайы туура келерин болжолдоп, бир көз айнекти алып берет. Макоо көз айнекти тагынып, чөнтөгүнөн жылнаама алып чыгып карайт. Бирок эч нерсе көрө албай кайра берет. Сатуучу башка көз айнек сунат. Жылнаамага каадалуу үңүлгөн кардар жаратпаган түр көргөзүп кайтарат. Ошентип сатуучу улам бир көз айнекти берет, макообуз аларды катары менен жактырбайт. Акырында сатуучу эң жакшы деген көз айнегин сунуп, аны мурдуна мингизген макоого жакшылап көз жүгүртүп, дале болсо көрбөгөндөй көзүн үлүрөйтүп баш чайкаган анын жылнааманы тетири кармап турганын көрөт. Буга абдан таң калган сатуучу суроо узатат:
- Урматтуум, эмне үчүн сизге бардык көз айнектер жакпай жатат?
- Анткени көз айнектериң начар экен! Жакшысын бергениңде кандай жазуу болсо да окуйт болчумун, - дейт макоо нааразы түрүнөн жазбай.
- Улуу урматтуум, билсек болобу, сиздин кат сабатыңыз жоюлду беле? – деп бүшүркөй сурайт сатуучу.
- Кат сабатым жоюлса сенин көз айнектериңе күнүм түшөт беле! – дейт кемпай оозу-мурду кыйшайбай.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ