Вьетнам эл жомогу: Ааламда жок жылан

  • 03.11.2020
  • 3096

Илгери бир кыштакта калп айтып мактанганды абдан жакшы көргөн киши жашаптыр. Бир күнү жунглиге отунга кеткен ал кайтып келип аялына мындай дейт:

- Мен бүгүн жунглиден ушундай бир чоң жылан көрдүм дейсиң! Тим эле укмуш, андайды биздин жети атабыз көрбөгөнү аз келгенсип, тукумдарыбыздын жети мууну өткөнчө эч ким көрбөсө керек! Калп айтпасам, анын туурасы жыйырма тхыок, узуну жүз жыйырма тхыок экен. (Тхыок дегени – 43 сантиметрди билдирген вьетнамча узундук өлчөмү).

Анын калп айтмай адатын билген аялы уяткармай болуп суроо узатат:

- Жүз жыйырма тхыок болушу мүмкүн эмес! Балким сексен тхыоктур?

- Билбейм, сексен тхыок деле оңой эмес, ооба, узундугу сексен тхыок болчу! – дейт калпычы аялынын шекшип калганын байкап.

- Узундугу сексен тхыоктук жылан болбойт! Балким алтымыш тхыоктур? – дейт аял баш чайкап.

- Ооба, алтымыш тхыок болчу!

- Алтымыш тхыок дегениң деле өтө эле аша чапкандык ко...

- Кандай ишенбеген немесиң! Болуптур, кырк тхыоктук жылан көрдүм деп койоюн.

- Мынчалык узундуктагы жылан болбойт. Балким узундугу жыйырма тхыоктук жыландыр. Жыйырма тхыоктук жыланды деле эч ким көргөн эмес.

- Ооба, ооба! Жыйырма тхыок узундуктагы жылан болчу. Туура айтасың! – дейт акыры аялын ишендиргенине кудуңдаган калпычы колдорун эки жакка керип.

- Ошондо сенин жыланыңдын туурасы жыйырма тхыок, узуну жыйырма тхыок болсо, анда ал төрт чарчы экен да! – деп каткырып жиберген айлакер аял күйөөсүнүн калпын чыгарыптыр.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз