Аристотель: Адамды көзүнө мактоо – кошоматчылыктын белгиси

Мадам Хельга: Аристотелдин адам өмүрүнүн аягында гана түшүнүп баалай алаар акылман ойлорунан

Эгерде мага билим берүү тармагында реформа жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк беришсе, анда мен адабияттан баштамакмын. Милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон программадан дворяндар менен дыйкандар тууралуу узун романдарды алып салмакмын.

“Теманын актуалдуулугу” жана “кызыкчылык” деген түшүнүктөр бар, аларсыз, туш келди нерселерди окуу – убакытты бекер кетирүү дегендик. Балдарды башында китепти сүйүп окуганды үйрөтсөк, кийин чоңоюшканда китепсиз жашоону элестете албагындай жашашмак.

Бирок бизде бардыгы тескерисинче – мектепте “Согуш менен тынчтыкты” зордоп окутууга аракет кылышса, чоңойгондо колуна Дарья Донцованы алгылары келишет. Жок, Дарья Аркадьеванын өзүн эмес, албетте, анын чыгармаларын.

Бала кезимден биздин шкафта турган санат сөздөр жазылган (анын ичинде Аристотелдин акылман ойлору да бар) эски китепти жакшы билем. 14 жашымда анда жөн гана кооз сөздөр жазылгандай сезилчү. Алардын маанисин кийинчерек 25-30 жашка барганда түшүнө баштадым.

“Акылман курак” жөнүндө Игорь Губерман өзүнүн төрт сап ырында жакшы айтыптыр:

Оңоду деп айткандар – жалган айтат.
Тажырыйба оңобойт эч нерсени;
Тажырыйба – түшүнүү, бул турмушта,
Оңой албай турганын кеткендерди.

Тилекке каршы, көп чындыкты биз кечигип түшүнөбүз. Ортодогу байланыштар үзүлүп, айтылбачу нерселер айтылып, мамилелер сууп, нервдин баары шалактап бошоп, иштин баары ашмалтайы чыкканда гана аттиң деп бармагыбызды тиштеп калабыз.

Билген чындыгыңды балдарыңа, неберелериңе түшүндүрөйүн десең, алар сенин акылыңа кулак салышпайт, баарын өздөрү баштарынан өткөзмөйүн уккулары да жок. Айтпайын десең акылдары кыска.

Мени силер азыр ушул макаланы окуп жатканыңар жана байыркы заманда жашаган гректин акылман ойлорун кабыл алууга даяр экениңер кубантат.

Анда эмесе Аристотелдин терең ойду камтыган  сөздөрүн сунуш кылам:

  • Биз эс алуу үчүн, бош убактыбызды коротобуз, тынчтыкта жашаш үчүн согушабыз.
  • Адамды көпкө чейин созулган жалкоолуктан жаман эч нерсе бузбайт.
  • Жакшы нерсе бузулса, аябагандай жаман нерсеге айланат.
  • Күнөөсүн моюнуна алганды билбеген адам эч качан оңолбойт.
  • Кээ бир адамдар түбөлүккө жашачудай болуп дүнүйө чогултат, кээси эми эле өлүп кала тургансып болгон дүйнөсүн чачып жүрөт.
  • Адам эки жыл бою сүйлөгөндү үйрөнөт, а калган өмүрүн унчукпай калууну үйрөнүүгө жумшайт.
  • Эркин адам – бул бирөө үчүн эмес, өзү үчүн жашаган адам.
  • Адамды көзүнө мактоо – кошоматчылыктын белгиси.
  • Окуган адам билимдүү адам дегенди билдирбейт.
  • Билимдин тамыры ачуу, мөмөсү таттуу.
  • Бийликти сатып алган адам, андан пайда табууга көнөт.
  • Ар кимдин эле жини келет – бул оңой нерсе; бирок кимге, канча керек болсо ошончо, качан, кайсы убакта керек болсо дал ошол убакта жана кантип ачууланыш керектигин билиш – бул ар кимдин эле колунан келбейт.
  • Билими боюнча алга жылып, нравалык жактан артта калган адам, алдыга караганда артка көбүрөк жылып бараткан адам.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз