Улмас Умарбеков: Саресеп

  • 09.11.2020
  • 3362

Улмас Умарбеков 1934-жылы Ташкент шаарында туулган. 1956-жылы Ташкент университетинин филология факультетин бүтүргөн. «Ҳикоялар» (1958), «Хатингни кутаман», «Юрак сўзлари» (1960), «Бобоёнғоқ» (1961), «Юлдузлар», «Менга ишонмайсанми?» (1962), «Ҳаёт абадий» (1964), «Чарос» (1966), «Кўприк» (1968), «Болгар қўшиқлари», «Олтин япроқлар» (1972), «Қиёмат қарз» (1976, «Ер ёнганда» (1993) ж.б. аңгемелер топтомдору чыккан. Романдары: «Одам бўлиш қийин» (1970), «Фотима ва Зуҳра» (1994). Повесттери: «Севгилим – севгилим» (1963), «Кимнинг ташвиши йўқ» (1965), «Уруш фарзанди» (1972), «Ёз ёмғири» (1973), «Оқ қалдирғоч» (1974).

Ал таланттуу киносценарист, драматург катары да таанымал: «Оқар сувлар» (1971), «Туҳмат» (1987), «Оқсоқол» (1991), «Ўзинг учун ўл етим» (1992) ж.б. пьесалары жазылган.

Өзбекстандын эл жазуучусу (1992), Хамза атындагы Өзбекстандын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980).

Өзбекстан мамлекеттик телерадио комитетинде редактор, Өзбекстан КП БКда сектор башчы, «Узбекфильм» киностудиясында директор, Өзбек ССРинин кинематографисттер союзунда төрага, республиканын маданият министри, Жазуучулар союзунун башчысы, вице премьер-министр болуп иштеген.

1994-жылы Ташкент шаарында каза болгон.

АҢГЕМЕ

Отставкадагы майор Низамиддин ака Назаров аялынын көрүстөнүнө барып, зыярат кылып кайтып аткан. Бир убакта эле жүрөгү сайгылашып, дем алышы оорлошту, делдейген кулактарын басып турган эски тумагынын астынан муздак тер куду миңаяктай[1] эки чекесинен өрмөлөп куюла баштады. Жүрөгүнүн мыжыкканынан да Низамиддин акани ошол агып аткан муздак тер чочутту. Чөнтөгүнөн бетаарчысын алууга да чыдамы келбей, терин жеңи менен сыдырып таштады.

Негизи жүрөгүнүн сайгылаша калмайы төрт-беш жылдан бери жабышып жүрөт. А муздак тери жок эле, анысы эмнеден болду экен? Низамиддин ака тынчсызданып маңдайын сылады. Дагы чочуй түштү. Эмне кылса экен?

Эми көрүстөнгө келгенине да бушайман жеди. Бул мүрзөлөр соо адамды кесел кылат, жүрөктү ойнотуп, эсиңе миң кыл ойлорду алып келет деди ичинен. Ошон үчүн да аялынын жылдыгын өткөргөндөн берки беш жыл ичинде, бүгүнкүсүн кошпогондо – эки же үч жолу гана келген эле. Бүгүн дале келишти ойлогон эмес болчу. Таңга жакын түш көрдү. Иштен кайтып келсе, аялы короо шыпырып атыптыр. «Ооруп атып эмне турдуң?», - деп колундагы шыпыргыны алмакчы болгон эле, аялы бербеди: «Коюң, шыпыргы талашсак, урушуп калабыз», - деди.

Низамиддин ака бул кыска, үзүк түштөн улам көңүлү жамандыкка бурулуп, шарт эле ойгонуп кетти, кызы Вазира кетиши менен көрүстөнгө жол тартты.

Көрүстөндө алардын урпактарына ажыратылган жер этектеги коргончонун жанында эле. Бир апта мурун түн бою жааган кар күн табы бир аз оңолгонуна карабай али ээрибептер, мүрзөлөр ак кар жамынып жатыптыр. Күнгө бет жердеги айрым бир мүрзөлөрдүн үстү бир аз-бир аз карарып турат.

Низамиддин ака коргончого келип, кимдин кабыры кайсыл жерде экенин эстеди. Энесинин жайы коргончонун ушундай эле алдында болчу. Андан кийин эле жанында атасыныкы, эки аталаш абаларыныкы. Аялы акасинин сол жагында эле. Низамиддин ака аны болжоосуз эле билет. Зайыбынын кабырына анын өлүмүнөн кийин жыл өтүшү менен көрүстөн жанындагы устаканадан чоң мармар таш буйрутуп, өзү койдуруп кеткен. Таш салабаттуу, саргыч эле. Бирок Низамиддин акага жакпаганы – фамилиянын астына оюп салынган гүл. Мунусу да мейли деңизчи. Сүрөтчү жигит анын «кооз болсун» деген өтүнүчүн өзүнчө түшүнүп, гүлдүн бир бутагына кичинекей бир канаттуунун сүрөтүн оюп кондуруп койгон эле. Ушул кичине канаттуу аялын эстегенде, көрүстөнгө келгенде көңүлүн айнытат. Бир жолу муну биротоло буздуруп таштап, жаңыдан эстелик таш койдурмакчы да болду, бирок Вазира маакул таппады. Эмнегедир ага ушул гүл менен ушул канаттуу жагып туруп алды, тамашасыбы, чыныбы, «менин кабырыма да куду ушундай сүрөттөрү тартылган таш койдурасыз» деген.

Кар жабышып, ун себилгендей жазууларды да, сүрөттөрдү да бекиткен таш алдында бир топ турду да, анан Низамиддин ака көчөгө жол алды. Жымжырт көрүстөн, аппак кар, маркумдар шаары... Айрыкча аялынын кабыры, эрте жаздын демин ала келип, мурунга урган жылуу жел эртеден бери көңүлүн чөгөрүп ийген кайгыны айдап жиберди, өзүн кандайдыр бир таза сейил бакта жүргөндөй сезди, араңжан, оорулуу, бирок даттанууну билбеген, ошон үчүн дартын ичинде сактап өлүп кеткен аялы да, бүтүн айылда балбан деп таанылган сөөк-саактуу атасы, өмүрү тыным билбей, иш менен өткөн апасы да, азилкеч, ачуулары мурундарынын учунда турган абалары да азыр тирүүдөй сезилди. Аялынын өлүмүнөн кийин бирден бир азабы менен жүрөгүнө орношуп алган карылык аны тооруп алды. «Келип жакшы кылдым, элесинен өткөрдү ал. Тез-тез келип турам эми».

Ушул ой, ушундай көтөрүңкү маанай көрүстөндүн тосмолору бийик, темир дарбазасына жеткенде да андан бөлүнбөдү. Дарбазадан чыкты да, негедир жүрөгү дагы сайгылышты. Эгер муздак тер чыкпаганда буга да анчалык маани бербейт беле. Миңаяктай дене-боюн аралап, чекелеринен куюлган тер аны кабатыр кылды. «Бир жерде отуруп дем алуу керек» деди өзүнө өзү.

Көрүстөндүн дарбазасынан жүз кадамча арыда, суу боюнда чайхана бар эле. Аялынын мүрзөсүнө таш койдурганы келгенде кирген болчу. Көрүстөн жанында болгону үчүнбү, чайхананын кандайдыр бир түшүнүп болбой турган бейпилдиги, агын таза суу, узун жыгач сөрү жанындагы энине кучак жеткис, жарымы кургап катып калган, калган жарымы аптаптуу күндөрү бүтүн чайханага көлөкө берип, салкын кылып турган чоң мажүрүм тал ошондо аны оор кайгысынан алаксыткан, көңүлүнө бир жылуулуктун үрөнүн сепкен. Низамиддин ака ушул чайханага барууга, болгондо да акырын-акырын, жүрөктү алдап-соолоп, бир-бирден кадам шилтеп барууга дит койду жана ушул оюн тапканга бир аз жеңилдей да түштү.

Чайханада эч ким жок экен. Жапыз жыгач тосмолуу дубал жанына кар үйүлүп коюлган кароо-жай бопбош. Сууга караган чети айнектелген төрт бурч айванда пахталуу чапан үстүнөн кыска ак халат кийип алган чайханачы чалдан башка эч ким көрүнбөйт.

Низамиддин ака айванга кирип, терезе түбүндөгү төшөктүн үстүнө көчүк басты. Тумагын алып, маңдайын, кулактарынын артын аарчыды. Аппак батис кол жоолук суу болуп калды. «Эмнеден мындай болуп калдым?» Ал дагы ойго чөмүлдү. Ушуну ойлоп атып чайханачы жастык, тунуке падносто кант, нан жана чай алып келип койгонун да баамдабай кылды. Кол аарчы менен бешенесин аарчыган сайын бети-башы улам муздап кетип аткандай сезиле берди. «Кантип эле ушул өлүмдүн кабары болсун!?» – Ал чочуп кетти. Илгери ушундай пикир оюна келсе, дароо башка нерсе менен өзүн алаксытууга аракет кылчу. Азыр болсо андай кылбады, тескерисинче, ушул капысынан келген ойлорго жетелетип, көздөрүн жумуп жиберди эле, чайханачынын доошу чыкты:

- Бир нерсе болуп атасызбы?

Низамиддин ака башын көтөрдү.

- Жок, бир аз тер басты...

- Чарчагансыз, - чайханачы ишеним менен сүйлөдү. – Кант менен ысык чай ичиңиз эле. Өтүп кетет. Карыгандан кийин адам ушундай. Туруп өтү ооруйт, туруп буту ооруйт. Капа болбоң. Кечээ мен да өлүп каламынбы дедим эле, жүрөгүм мыжыгып. Мына, аттаймын. Жүрөгүңүзгө жакын албаңыз. – Чайханачы жылмайган болду. – Минтип эсеп китеп да кылып отурамын.

- Эсеп-китеп? – түшүнбөдү Низамиддин ака.

- Ооба. Кимде эмнем бар, кимге эмне беришим керек. Өлүмдү ойлогон адам тынч болушу зарыл. Кудайга шүгүр, бардыгы жайында экен...

Низамиддин ака «менин да жүрөгүм сайгылашып атат» демек эле, чайханачынын акыркы кеби оюн башка жакка алып качты. «А менин иштерим кандай? Жайындабы?» деди өзүнчө жана жүрөгүнүн сайгылашып атканы да, муздак тердин чыгып атканы да бул суроонун алдында эч нерсеге арзыбасын билди, бирок ушул күнгө чейин бул суроонун жообун ойлонбогонго, жалпы эле, эмне үчүн адам бул тууралуу карып, өлүм эшик кагып келгенде гана баш катырууга мажбур болушуна кыжырданды. Мисалы, анын өзү мурдараак, күч-кайратка толук, колу узун учурда бул тууралуу ойлонгондо, турмушу башкача болор беле? Дагы ким билет, балким турмуш дегендин мыйзамы ушундайдыр? Адам өмүрүнүн акырында ушул суроого жооп издешет, басып өткөн жолуна назар салышында кандайдыр бир маани бардыр?  

Низамиддин ака ушуларды ойлоп отуруп жүрөгүнүн кысылып атканын да унутту, миңаяктай жинин келтирип денесинен агып аткан тер да эсинен чыкты. Турмушу, алтымыш беш жыл ичинде башынан өткөндөрү суу толкундарындай кабат-кабат болуп биринин артынан бири көз алдынан өтө баштады...

...Ал көптүн бири катары өмүр кечти. Бирөөнү жөн жерден урушпады, өзү да жөн эле жерден бирөөдөн жеме укпады. Жаштыгы шаарда өткөн болсо да, акыл-эсин таанып, институтка киргенче уйлар менен музоолордун арасында эле чоңойду. Ата кесибин аркалап ат араба да айдады. Албетте, таң атып-атпай таттуу уйкуну бузуп, малдарга чөп-жем алып келгени кыштакка жөнөш, айрыкча, бала кезинде жанына батар эле, өпкөсү толуп, атасына билдирбей ыйлап-ыйлап да алчу. Бирок айла жок балдардын улуусу, барбаса болбойт. Ошон үчүнбү кийин чоң киши болгондо да айран-сүт дегендерди ичкиси келчү эмес. Институтка кирди да, музоодон да, уйдан да, чөп-жемден да, ат арабадан да кутулду. Анан калса шаарда мал багуунун өзү да кыйындап кетти.

Бир күнү окуудан кайтып келсе атасы менен апасы ички үйдө терезе пардаларын түшүрүп алып, акча санап отуруптур. Ал дароо эле эмне болгонун түшүндү. Малканага жүгүрүп эле кирди. Жегенге тойбой, дайыма жинине тие турган пилдей таргыл уй да, малкананы башына көтөрүп, эч кимге тыным бербей ойсоктоп турган төрт айлык ала музоо да жок эле. Ушул малдардан кутулуу бала күнүнөн берки тилеги болсо да, аңгыраган мал сарайды көрүп жаман болду. А түгүл үйгө кирип бекер кылыпсыздар деп да айтып ийди. Атасы Назар кербен унчукпады. Кечки оокат учурунда баарынын толук отурганын көрүп:

- Эми мал багуу да кыйын болот... - деди үнү буулуп.

Согуш жылдары майданда күйгөн буудайзарлардын, жүгөрүзарлардын ичинде, же токой четиндеги отзарларда ээсиз калган бир-эки уйду, же музоолорду көрүп, Низамиддин ака бир кездеги балалыгы өткөн малканасын эстеп кетет эле, караңгы бөлмөдө акча санап отурган ата-энеси көз алдынан өтөт эле жана дилин кандайдыр бир жылуулук каптачу, таң эрте туруп, көздөрүндө атасы сезбеген жаш менен короодон араба айдап чыгуу, али терең уйкуда жаткан шаардын сааркы салкыны, ар бир чөп-кашеги тааныш боло турган мал бакчу кашат жерлер, кулпунай, бадыраң, жалбыз жытын аңкыткан кыштак, шүүдүрүм баскан аңыздардагы кыял чаргыткан кездери, жүрөктү эзип ийчүдөй тарс-тарс эткен үндөр – эми аны кайгыга салат, балалыгы жалпысынан жакшы өткөндүгү, көздөрүнөн жаш сызылып аккан кездерди эми бир дарыя көз жашы менен да кайра кайрып болбосун капа тартып эстейт эле.

Институтту бүтүргөн жылы токуу комбинатына жумушка кирди жана ушул жылы үйлөндү. Үйлөнүү тою ага кубаныч алып келген жок. Дал ошол той күнү атасы каза болду. Сыртта – короодо оюн-күлкү, шаан-шөкөт, идиш-аяктын такыр-тукуру, ичкериде – өлүм, аза... Муну той таркап келин менен келинханага[2] киргенде билди. Чоң абасы айтты. Той бузулуп кетпесин деп айтпай отурушкан экен. Назар кербен болсо бир аз демим кыстыгып атат деп керебетке кыңкайган экен. Суюк тамак тартылып атканда оокат алып киришсе – өлүп жатыптыр.

Ушул себеп болдубу, Низамиддин ака жаңы алган зайыбын дароо жактырбай калды. Капа кылган деле жок, жаман да айтпады, ошол эле кезде эри катары бир жолу да эркелетпеди. Мастура эже аялдык ылаазатты да билбей, бул жашоого бөлөк бирөөдөй келип, бөлөк бирөөдөй кетти. Низамиддин ака өзү көмдү. Аялынын элүү бирде жаш өлгөнүнө кейисе да, ыйлабады, тагыраагы, көзүнө жаш келбеди. Алар үч перзент көрдү. Туңгуч уулу Бахриддин Бек-Абадда инженер, кийинки – Бадриддин Алмалыкта заводдун директору. Экөө тең үй-жай куруп, өздөрү менен өздөрү болуп кеткен. Кыздары – Вазира булардын ичинде ооматсыз чыкты. ТашМИде окуп жүрүп турмушка чыкты. Окуусун бүтпөй эле күйөөсүн ээрчип чет элге кетти. Жыл өтпөй коколой башын сүйрөп кайра келди. Ошондон бери атасы менен чогуу. Низамиддин ака эри менен неге ажырашып кеткенин билбейт. Вазира да жарылып айтпайт. Өзү сүйүп-күйүп тийген. Ошон үчүн да дарты ичинде. Күйөөсү тууралуу сөз боло калса, көздөрү чанагынан чыгып кете тургандай каарланат. Низамиддин ака кызына көп деле кайгырбайт. Али жаш, кыздын бактысы бирде болбосо бирде ачылат деп койчу. Вазира үйгө кайтып келген жылы, Низамиддин ака апасынан ажырады. Күйөөсүнөн кийин да отуз жыл жашап, турмуш курбай өткөн апасы ал үчүн мээр жана садакат булагы эле. Эч кимдин өлүмү Низамиддин аканин белин мынчалык майтарып кетпеген. Узак убак ал өзүнө келе албай жүрдү, үйдөгү ар бир бөлмөдөн, ар бир буюмдан апасынын майин, мээримдүү үнү угулуп турду. Кызынын бар экендиги, апасынын жашы улгайып калгандыгы гана аны бир аз жубантар эле.

Жакын кишилеринин өлүмүн, жалгыздыгын эске албаганда Низамиддин аканин үй-бүлөлүк иштери, чайханачы айткандай, өз жолу менен жайында эле. Аны кээде ичтен түпөйүл кылган нерсе – зайыбына мамилеси. Атасынын бейубак өлүм табышына анын таптакыр тиешеси жок экенин ичинен билет болчу. Анын айыбы ушул – кайын атасы өлгөн күнү эшик аттап бул үйгө келин болуп келгендиги жана Низамиддин ака аны сезбегендей, өмүр бою кечирбегендей болуп жүрүшү. Эгер сүйүп-күйүп махабат деп үйлөнгөндө балким турмуштары башка нук менен кетер беле, анысын эми ким билет?..

Бир күнү иштен кайтып келгенде көрпө каптап отурган апасынын жанында бир кыз да бар экен. Кыз буттарын бир тарапка жыйнаштырып, тизелерин жаап турган атлас көйнөгүн тартып-тартып, башын жерден көтөрбөй бир нерселерди айтып аткан экен. Низамиддин ака салам берип, өз бөлмөсүнө өтүп кетти. Чечинип чакса, кыз жок экен. Ал кыздын кимдигине кызыккан дале жок. Апасы өзү сурап калды:

- Мастура кандай экен? Жактыбы?

- Кайсыл Мастура? - Низамиддин ака түшүнбөдү.

- Баягы кыз да, Абыт тагаңдын кенжеси. Көптөн бери көрө элек болчумун, гүлгө окшоп ачылып кетиптир.

Низамиддин ака желкесин кысты. Ошол желке кысышы менен маселени чечип койду.

Ошол жылы той болду. Тойго чейин ал эч нерсени ойлобой эле жүрдү.

Тойдун эртеси, атасын жайга коюп келген соң, короону баштарына көтөрүп ыйлап аткан апасына, карындашына, тууган-уруктарына аралаша албай, көйнөгүнө окшогон капкара бешенесине байлаган чүпүрөктүн бир учун тиштеп эмне кылууну билбей бир четте сенек болуп турган аялын көрдү да, ага үйлөнгөнгө ушунчалык нааразы болуп кетти...

Жылдар өттү, бирок бул нааразылык таркабады, кенедей жабышты да, калды. Бирок бир жолу Низамиддин ака аялына карата мээрими түшкөнүн билет эле. Согуш бүтүп, ошондо үйгө кайтып келген. Айлуу түн эле. Төбөгө келген толгон ай ааламдын баарын жарытып турган. Мастура эже асманга карап тынч уктап аткан. Анын дем алып атканы да билинбейт. Жаздык менен бир болуп жаткан капкара чачтары ай шооларында сүлүктөй ары-бери термелет. Мойнуна чейин тартылган жука шейшеп ичинде назик, сулуу денеси, колдору таптак байкалып турат. Низамиддин ака эрксизден тигилип калды, бооруна баскысы, узун, коюу каштарынан, кичине кулактары аралаш бети-башынан, көздөрүнөн сүйгүсү келип, жанбашына оодарылганда зайыбы ойгонуп кетти.

- Эмне кылып атасыз? – деп сурады кабатырланып.

- Сага карап атам.

- Жаманмынбы?

Низамиддин ака башын кыймылдатты.

- Жакшысың... Чырайлуусуң...

Аялы оорулуу адамдай зорго жылмайды, көздөрүнөн жаш жалтырап ыргып кетти...

Бул окуя экөөнү бир аз жакындаткандай болду, бирок баары бир Низамиддин аканин дилинен ички бир муздактык такыр жоголбой туруп алды. Жалгыз калып гана, ага кейиди. Абал үйлөнбөш керек эле, үйлөндүңбү – ага жакшы кароо зарыл.

Муну ал эми – карыганда түшүндү. Андагы аялга карата болгон сууктук, тагыраагы, барктабоочулук, кайдыгерлик башка аялзатына да таркалды. Ошон үчүн ал аялына кыянаттык кылган жок.

Бирок бир жолу... Бир аялга карата көңүлүндө жылуулук пайда болгон. Муну да ал эми – карыганда, өткөн күндөрүн бир-бирден көз алдынан өткөрө баштаганда араң билди...

...Пуховичи деген жерде анын ротасы душманды кууп бара жатып, Горинь дарыясынын жээгинде токтоп калды. Гитлерчилер көпүрөнү бузуп кетишиптир. Низамиддин ака ушул талкаланган көпүрөнү, анын жанындагы кагаз жабыштырылган терезелери дарыяга караган балаканалуу жыгач үйдү бүтүн ошол-ошол туруш-турпаты менен эстеди. Үй суу жууп кеткен жээктен беш-алты кадам гана нарыда болуп, андан жылан изиндей жалгыз аяк жол дарыяга созулуп түшчү. Заң баскан эски там, анын төбөсүндө чириген, жем чокулап аткандай, тумшугу тамга тийип турган тунуке короз, анын көчө жагында кыркып ташталганданбы же көпүрө жарылганда үзүлгөндөнбү, жерге тиер-тийбес болуп салаңдап турган электр зымы, тепкичтүү астана жанында ным тартып жаткан шаты араба куду азыр көрүп тургандай көз алдынан бир сыйра тартылып өттү.

Жаңы көпүрө сала коюу тууралуу ротага буйрук берүүгө камынып турганда үй тараптан аял кишинин доошу угулду. Низамиддин ака карай салды. Астана алдында бала көтөргөн бир аял туруптур. Кырга жакындап барып анын сөздөрүн укту. Дарыя анчалык терең эмес, үйдүн тушунан салсаңар өтүп кетесиңер деди аял.

Низамиддин ака ал көрсөткөн жерден дарыяга түшүп, аркы жээкке өттү. Суу белинен келди. Танктар өтө бериши мүмкүн экен. Бирок бир коркунуч бар эле. Дарыядан өтүп, көтөрүлгөндө танктар үйгө тийип, аны бузуп кетиши мүмкүн болчу. Жыгач үйдүн бир жери бузулса, бүттү – баары бузулат. Низамиддин ака башын катырды. Анын оюн сезип аткандай:

- Ойлонбоң, үй бузулса, бузулар, - деди аял. – Мен... – анын жука эриндери калтырап кетти, - ыраазымын...

Низамиддин ака ага ырахмат айткандай карады да, дарыя тарапка чуркап кетти. Суудан өтө берүүгө буйрук берип, кайра жанагы аялдын жанына тез кайтып келди.

Аялдын эмнегедир... узун, кызыл ашыгына түшүп турган ыраңы өчкөн көйнөгүбү, апасыныкы сыяктуу көкмөк көздөрүн жалдыратып, сүрөөн-шоокум менен дарыядан өтүп жаткан танктар менен солдаттарга чоңдордой дыкат карап, ортоңку бармагын соруп турган арык баласыбы, айтор, бир нерсе жагып, согуштан чарчаган жоокерге мүнөткө болсо да тынчтык үзүрүн багыштап турган эле...

Ал ойлогондой эле биринчи танк үйдүн бир бурчун сыдырып кетти. Бирок үй бышык экен, бир кыймылдады да, анан ордунан козголбоду. Башка машиналар да эми этияттык менен ушул жерден өтө баштады.

- Күйөөм курган, - деди өзүн бир аз токтотуп алып аял.

- Ал каерде? - Низамиддин ака эч нерсе ойлобой сурады.

- Каза болгон... Өткөн жылы... – Аял үнүн араң чыгарып ушинтти да, кайгысын жутуп, баласын бооруна дагы бекемирээк кысты.

Низамиддин ака өзүн ыңгайсыз сезип, не кыларын билбей, баланын башына колун тийгизди.

- Как тебя зовут, малыш?

Бала башын алып качып, апасынын желкесине жабышты.

- Ваня... Иван... – деди аял күлүмсүрөп муңайым.

- Менин да уулум бар...

- Чоңбу? – деп сурады аял.

- Төрт жашка чыгып калды. Бирок мен али көрө элекмин. Мени тааныбаса да керек...

- Тааныйт... Аман болсоңуз болду...

Экөө тең жым болду.

Рота бүт суудан өтүп болгондо Низамиддин ака аялга колун узатты.

- Ырахмат. Чоң жардам кылдыңыз...

Аял тунук көгүлтүр көздөрүн ага тигилтти, бирок сөз кайтарбады.

Низамиддин ака анын азгын колун кысып атканда жүрөгүн дагы бир жылуулук тепчип өттү. Ички сезимдерин ыраазылыктан башка да бир белгисиз жакшылык каптап алгандай болду жана эмне дешин билбей, болгону бир аз гана ууртунан жылмайып койду. Ушул туруш, ушул абал бир топко созулуп кеткен окшойт, бир убакта аял колун тартып алып:

- Күтүп калышты... – деди.

Анын назик, жагымдуу үнү Низамиддин акани селт эттирип, өзүнө келтирди.

- Атыңыз ким?

- Таня... – деди да аял уурдангандай ыйбаа кыла ага карап койду.

- Таня, үйүңүздү оңдоп беребиз. – Низамиддин ака баланын маңдайынан өптү. – Албетте, оңдоп беребиз!

Аял башын кыймылдаткандай болду.

Минск шаары бошотулган соң, Низамиддин акалар полку менен резервге өттү. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай Низамиддин ака эки жоокерине Пуховичиге чейин барып келүүгө уруксат алды. Алар бир жума ичинде үйдү оңдоп, кайра кайтышы керек эле. Ротада элүүлөргө барып калган чимкендик Шекен Аманкулов деген солдат бар эле. Низамиддин аканин аскердик ишке катышуудан жашы өтүп калган бул кишиге боору ачып жүрөт эле. Аны дайым бир чети урмат кылып, бир чети азилдешип «Аксакал» деп койчу. Аксакалдын беш перзенти болуп, баары кыз экен.

- Мени немис аз жерге салсаңчы, - дечү аксакал да Низамиддин акани өзүнө жакын тутуп. – Кокус өлүп-нетип кетсем, беш кызым кандай күндө калат?

Низамиддин ака Пуховичиге ушул аксакал менен сибирлик бир балбан жигитти жөнөттү. Аялга деп жарым кап азык-оокат да атап берди. Бирок аларды кийин кайра көрүш насип кылбады. Брест шаарына жакын жерде Низамиддин ака санынан жаракат алып, Минскиге жөнөтүлдү. Ал жерден үйгө кайтарды. Бирок аны аскер кызматынан бошотушкан жок. Облустук аскер комиссарлыгында иштеди. Ушул жерден отставкага чыкты.

Низамиддин ака дарыя боюндагы ошол окуяны эстегенде көз алдына Пуховичке жиберген эки солдат келди. Алар үйдү оңдоп беришти бекен? Ал ушундай ойлоду, турмушундагы эң бир маанилүү иши ушул экенин да түшүндү. Аксакал да, сибирлик жигит да ишеничтүү адамдар эле. Анан калса алар солдат эле. Буйрукту аткарбоого чаралары жок. Бирок эми согушта эмнелер гана болбойт? Ушул ой бүт денесин бошоштуруп жиберди. Кийин элесинен аял кайра өттү. Таня... Татьяна... өзү тирүү бекен? Тирүү болсо, азыр кандай экен? Низамиддин ака канчалык аракет кылбасын, аны – ошондогу али отуздарга да жете элек, алтын чач, көгүлтүр көз аялды башкача түк элестете албайт. Мындай кылуунун зарылдыгы деле жок эми. Ал үчүн азыр эң башкысы күнөөсү өтө кечигип эске түшкөн кырызынан кутулуш, үйү бузулган азыркы кемпирди жана анын чоң киши болуп калган уулун бактылуу абалда көрүү эле...

...Ал ушундай чечимге келди. Алдында турган тунуке табакка чөнтөгүндөгү болгон тыйындарын таштап, чайханадан чыкты...

Эртеси эртелеп аэропортко жол алды. Кечинде Минскиге конду. Канча ашыкпасын, Пуховичке караңгыда кирип барууга буту тартпады. Көңүлү тынчыбай туруп алды. Анан мейманканада да жата албай көчөгө чыкты.

Согуштун запкысынан Минск толук кутулган экен. Телевизордон уруштан бүлүнгөн Минскинин жаңыланышы боюнча көп эле көргөн болсо да, көз алдында пайда болгон бийик имараттар, кең, кооз көчөлөр, каркыралардай тизилип өтүп аткан машиналар аны кубандырды. Жаңы Минск мынчалык деп ойлогон эмес эле...

Эрте таңда такси жалдап Пуховичке жөнөдү. Түшкө жакын айдоочу келдик дегенде ойлорун жыйнап алды. Бирок ал түшкөн жер эски Пуховичи эмес, бүтүндөй өзгөргөн, чоң шаар болуп чыкты. Бул шаардын Пухович экенин жол боюндагы токойдон жана калааны так ортодон кесип өткөн дарыядан гана билди. Дарыянын аты Горинь эле.

Низамиддин ака шаарга кирбей, машинаны чоң жолдо калтырып, токой тарапка басты. Көпүрө ушул токойдун аягында эле. Токой өзгөрбөптүр. Дарактар гана чоңоюп кетиптир. Муну ал кайыңдардан билди. Ошондо алар чыбыктай ичке, желге ийилип турган көчөттөр эле...

Токойдон чыкканда бир араба бата турган тар жыгач көпүрө көрүндү. Алар душманды кууп келген негизги жол ушул жерден өтөт эле. Эми болсо араба жолу болуп калыптыр. Низамиддин ака көпүрөгө келгенде жүрөгүнүн согуусу тездеп кетти. Дарыянын ары жагында эч кандай үй жок болуп чыкты. Анын ордуна жаш кайыңдар тигилиптир. Ал көргөн көздөрүнө ишенбей, көпүрөдөн өттү. Чын эле үй жок болчу. Оюна миң түрдүү пикир келди. Адегенде солдаттарды ошондо келишкен эмес экен да деп ойлоду. Бирок буга ишенбеди. Кийин Таня токойдун ары жагындагы жаңыдан салынып жаткан көп үйлөрдүн бирине көчүп баргандыр деп болжолдоду. Андай болсо кана эми? Ал ушундай ойлоду да, ушунча жыл ичинде бир жолу да кат жазбаганына өкүндү. Бирок Таня деген ысымынан башка эч нерсесин билбегенин эстеп, өзүн жемелеп да алды. Неге ошондо фамилиясын, адресин жазып албады экен? Неге аксакалга кат жазбады? Акыр анын фамилиясын билет эле го?!

Ушундай ойлор менен алышып ал көпүрөнүн үстүндө бир топ селейип турду. Алыстан ат араба келе жатат. Низамиддин ака ошону күтүп калды. Араба көпүрөгө жакындаганда, үстүндө өзү теңдүү мойсопут бирөө буттарын асылтып отурганын көрдү.

- Кечиресиз, ушул жердиксизби?

Мойсопут атынын тизгинин тартты.

- Эмне болду?

- Мына бул жерде жыгач үй бар эле...

Арабакеч аны андан ары сүйлөтө койбоду.

- Билбегендечи, Гилевичтер турар эле. Өткөн жылы үйүн бузуп ташташты. Ким керек эле?

- Таня. – Низамиддин ака секин, коркуп сурады.

- Э, Татьянабы? Өлдү ал. Эки жыл болду.

Низамиддин ака бошошуп кетти.

- Тирүү кезинде эл ушунча суранды, жаңы үйгө көчүп өт деп. Болбоду. – Ал сөзүн улады. – Маркум жакшы аял эле. Ушул жерден сөөгүм чыгат деп туруп алды. Айткандай ушул жерде жан берди.

- Уулучу? Уулу бар эмес беле? – Низамиддин ака шаша сурады.

- Бар азыр дале. Иван Фёдорович, – деди мойсопут. – Аскердик тарбия мугалими. Үйлөнгөн. Кызы бар, аты – Таня. Ар жылы күздө бир маал келип-кетип турушат.

- Мүрзөсүн билбейсизби?

- Неге билбейм? Билем! Тигил кайыңзардын этегинде! – Мойсопут дарыянын оң жээгиндеги кичи токойчону көрсөттү. – Кызык аял эле. Биздин көрүстөн бул жакта калып, эки солдат көмүлгөн жерге көмөсүңөр деп осуят кылган экен. Ошол айткан жерге көмдүк.

- Эки солдат? – таң кала сурады Низамиддин ака.

- Ооба, үйүн оңдоп берген эки солдат.

- Алар өлгөнбү?

- Каза болушкан. Ажайып жигиттер эле. Үйдү оңдоп бүтүп кетип жатканда минага жарылышкан. Экөө тең ошол жерде жан берген. Татьяна аларды өзү көмгөн. Тээ, тээтигил, кабырлары ушул жерден да көрүнүп турат. Мына эми өзү да алардын жанында жатат. Сиз ким болосуз?

- Мен да... мен да ушул жерде согушкам. – Низамиддин ака үнү буулуп, араң сүйлөп тигил киши көрсөткөн тарапка жол алды.

Жакында гана бой көтөргөн, анча чоң эмес кайыңдар өскөн талаанын этегинде үч мүрзө катар туруптур. Четте аксакал – Шекен Аманкуловдун кабыры, ортодо – сибирлик балбан Иван Стародул, анын жанында Таня... Татьяна Гилевич... Үчөөнүн тең мүрзөлөрүнүн үстүндө кызыл түскө боёлгон темир жылдыз. Низамиддин ака кабырлар жанында узак турду. Азилкеч аксакалды көз алдына келтирди, сибирдик балбан жигитти... Аларга боору ооруду, көңүлү ушунчалык чөктү. Берген убадаларынын өтөсүнөн чыккан экен, аны жалганчы кылып койгон эмес экен, азаматтар. Кийин Таняны көз алдына келтирди. Ал үйүнүн алдында баласын көтөрүп мээр менен, үмүт менен дагы деле ага тигилип карап тургандай...

Белорусияда ал беш-алты күнгө калып кетти. Брестте болду, Минскиде. Уруш кезинде өткөн жолдорун бир башынан эстеди. Согуштун бардык азаптары, совет кишилеринин эрдиктери чагылдырылган Хатынь шаарында болду. Каерге барбасын, бардык жерде Танянын баягы көздөрү элесинен кетпей туруп алды. Бул көздөрдү ал эми таптакыр унутпас эле... Жашоосунун эң соңку ирмемдерине чейин эми солдаттык жана адамгерчилик милдетин абийир менен аткарып келген майдандаш жолдоштору – аксакалды, сибирдик балбан жигитти эстетип турат эле...

Ил-18 самолёту кырманга жайылган пахтадай булуттардын үстүнөн Ташкентти көздөй учуп барат, Низамиддин аканин көкүрөгү өксүккө жана кандайдыр бир канааттанууга толуп турат. Ушул өксүк жана канааттануу менен ал алыс сапар алдынан дилин ооруткан нерсени да, сейрээк чачтарынын арасынан миңаяктай өрмөлөгөн муздак терди да унутуп калды...

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

[1] Миңаяк – буттары көп, майда жаныбар.

 

[2] Келинхана – нике түнү көшөгө тартылып келин менен күйөө баланы жолуктурчу бөлмө.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз