Сапалкан Арипов: Биздин Таалай

  • 17.11.2020
  • 3206

Сүрөттө: Оңдо биринчи турган - Таалай Токоев

Филология  илимдеринин доктору,  профессор,  атактуу тилчи Таалай Токоевдин жаркын элесине

Үч мурун күлгүндөй жигитибизден айрылсак, мына былтыр да бир жолдош балабызды жерге бердик. Мен эч качан Таалай дос жөнүндө эскерүү жазам деп ойлогон эмесмин. Баарыбыз өлбөчүдөй болуп мезгил агымы менен глобалдашуунун сүр учурган заманында бир кайыкта  келаткандай сезчүбүз.

Өлүм деген баарын теңеп коёт тура. Биздин курстун кызыл байрагындай болгон Сабыр оо дүйнө салганда бир өкүнсөк, Таалайды жерге берилип жатат дегенди угуп  жан дүйнөм караңгылап, жер көчүп кеткендей болду. Таке. Таалай. Биздин профессор. Дешчү көрүп-билгендер. Мен үчүн Такем, көзүн кыбыңдатып, башты бир жагына силкип, дайыма  кайдадыр бир жакка шашып жүргөн адамдай жадымда. Бир жакка шашып... Каяка шашты экен? Бапыраңдап, “мен тигини бүтүрдүм. Махмуд Кашгаринин сөздүгү даяр”  дегенде “Жарайсың” деген  сөздөн башкага жараган эмесмин. Ичимен Такемдин жанын үрөп, болгон дараметин жумшап иштеп жатканына тан бергем.

Бир жолу Илимдер академиясынан жолугуп менин эмгегимди Илим боюнча мамлекеттик сыйлыкка  көрсөтүп калышы ыктымал дегенде дагы бир ирээт Такеме ийгилик каалагам. Ал акыркы жылдары жалаң илим докторлору, академиктер менен сүйлөшүп калганда, акыры биздин жайытка кайтып келер,  студенттик кезин, Шириндин колунан даам сызган күндөрдү бир эстеп, мурункудай барбалактап бажакташабызбы деп ойлоп жүрдүм эле.   Аттиң арман, ал тилек  кыял бойдон кала берди. Болбой калды. Боз топурак бозортуп боздотуп салды сүйгөн жарын, балдарын, калганын. Такем кара топурак алдында, мен болсо минтип көз жашымды агызып компьютер терип отурам...

Таалай жөнүндө бир эсе жазыш кыйын, бир эсе  жеңил. Эскере турган эсселер эки китепке жетет. Мурунду шуу тартып түтөй бербей, бир азын гана эскерели. Анын үстүнө  баарын тизмектей берсек кагаз бети түтпөйт. Мен, Орунбек, Таалай үчөөбүз бир группадабыз. “А” группасы. Такем жогорку кызматта. Кызматы ушу “А” группасынын комсоргу. Кылган иши биздин балдардан мүчөлүк акы чогултмай. Кээде чочугансып милицияга түшкөн студенттерди талкууга салабыз. Бирок  бир кызыгы, Такемдин өзү талкуунун объектиси болуп калар эле. Топурагы жеңил Такемди кандайдыр бир себептерден улам милициялар кармап кетишет. Болду. Милицияга жооп жазыш керек. Таалай өзү чогулуш уюштурат да жооп жазылат. Ушундай күндөр өттү. Кайда болсун, эмне окуянын ичинен чыкпасын, Такем дайыма экзамен башталганда кирет да беш алып чыгат. Чернышевкага барып, тирмийип конспект тиктеген биз каалаган баабызды ала албай калганыбыз аз келгенсип Таалайдын шылдыңына айланабыз. Ал көбүнчө Орунбекти тамашалачу:

– Сен канча алдың?

– Төрт.

– Менчи?

– Беш.

Жыргап бир каткырат да, Орунбекти далыга таптап  бу суроосун эки сааттан кийин кайра кайталайт. Бу саам суроолорун башкача тартипте түзөт. Унуткарып дагы баягы суроосун берет. Орунбек жооп бергенден тажабайт, Таалай болсо суроосунун аягына чыкпайт. Ошентип Орунбекти эзе берчү. Кыскасы, ал куйма кулак эле. Лекцияга катыштыбы – баарын үтүр, чекитине чейин эстеп калчу...

Бир жолу үйдө үргүлөп телевизор көрүп отурсам, телефон шыңгырап калды. Көрсө, Таалай экен.

– Саке, келбесең болбой калды. Бир иш. Керекке жара, тиги Шириндин айласын таап  анча-мынча тыйын алып кел. Жетпей калчудай болуп жатат. Мен эки чүрөктөй  кыз менен “Жаштык” ресторанында отурам. Ии, анан баса, экөөбүз жаңы жолуккандардай бололу. Түшүндүңбү? Болуптур анда,- деп телефонду коюп койду.

Мен болсо анын буйругун так аткарып айткан жерине бардым. “Жаштык” рестораны азыр  жок. Анын ордунда башка бир “Питстоп” деген жай турат. Барсам, Таалай эки кыздын ортосунда отурат. Баягы бакылдаган кебинин бири жок. Өтө сылык. Сөздөрдүн бүрүн тандап сүйлөйт. Жанында кара торусунан келген бир бийкеч, экинчиси ак жуумал, көздөрү бакырайган кыз экен. Алардын көзүнчө Такем мени тим эле согуштан кайтып келген кишиче тосуп алды. Сагынышып калган экенбиз, кадимкидей кучакташып өбүштүк. Бир орунга отура албаган маанайы пас Такем мен алып келген сумманы укканда үнүн бийик чыгара официантка заказдарды жаадырды. Бокалдар толуп, тарелкалар бошоду. Жай каалгыган музыканын коштоосунда бийлеп жүрөбүз. Кыйратып деле бийлей албайм. Ичке шарап киргенде бийчи да болуп кетесиң.

Улам алмашып бийлеп жаттык. Кыздарды бир азга тыныктырып эшикке чыкканда:

- Эмне шашылыш, - десем.

- Мен быйыл үйлөнүшүм керек. Анын үстүнө эжем дагы урушуп жатат. Отузга  чыгам, Сапаш. Отузга! Ага жетпей үйлөнүп калышым керек.

Башын бир жакка кыйшайтып, тамекини дембе-дем соргон Такеме жаным ачыды.

- Ии, анан эмне кылган жатасың? - десем.

- Кыздар жактыбы? - дейт.

- Жакты.

- Анда үйлөнөм.

Сөзүбүз токтоп кыздарды сыйлоого өттүк. Не деген сөздөр сүйлөнбөдү. Не деген ойлор айтылбады ошо жерде. Менин болсо башым маң. Же, Такең кыздардын кайсынысы экенин айтып койбойт. Алмак-салмак кыздарды бийге чакырып, бийдин катыгын берип жатканда

- Кандай экен? - деп коёт.

- Кайсынысы? - десем, ак саргылын жаңсады.

- Жакшы.

Ошону менен сөз бүттү. Ресторан жабылганда Совет көчөсүн бойлоп жогору көздөй жөнөдүк. Алдыда бир кыз менен мен. Артыбызда Таалай менен ак саргыл кыз Байкал. Ошентип Таалай отуздун туу кырына бир аз жетпей түтүн булатты. Айтканын жасады. Сөзүнө турду. Анын бир максатты - көздөсө жетмейинче жаны тынбаган көктүгү каны менен кирип жаны менен чыкты.

Үйлөнүү үлпөтүндө мен күйөө жолдош болдум. Бишкек шаарынын “Восток-5” кичи районунда Асек байке менен Замира жеңелердин үйүндө Таалайдын  үйлөнүү тою өттү.  Ошондогу Асек байкенин пейили азыр капчыктуулар мактаган “Ала Тоо” ресторанын залынан да кенен эле. Осмон баштаган достору, жакын санаалаштары үч бөлмөлүү батирди  үч көтөрдүк. Оо, ал кездеги Такемдин кубанычын айтпа. Көздөгөн максатына жетип, жылдызы жанып турду.

- Сапаш, мен Байкал менен ажырасам, сен да күбө болосуң. Күйөө жолдош деген жерге сенин  колуң коюлган,- деп тамашалап калчу.

Кудай жалгап алар ажырашкан жок. Аларды өлүм ажыраштырды. Таалай ажырашпайт  да болчу. Анткени Байкал анын отузга чыккандагы махабаты эле. Деги негизи Такем башка бирөөлөрчүлөп көрүнгөн этектин артынан чуркаган жан эмес. Байкал экөө жакшы жашашты. Эгиз эркектүү болду. Алар азыр эр жетип Такемди неберелүү кылышкан. Таалай илимдин сересине жетип, камкор ата, жапакеч жолдош, мээрман чоң ата болуп турганда баарын таштап кете берди...

... Таалайды эскерип жатып анын спортко болгон ышкысын айтпасак тузубуз кемип калат. Ал башынан, бала кезинен футбол дегенде жанын берчү.  Топ ойноп жатканда ар кандай абалда башы менен  дарбазага сүзүп киргизүүнүн чебери болгон. Биздин балдар футбол ойногондо ага пас берип киргизбей калса, Такемди сөгүп да жиберчүбүз. Башы менен сүзгөн жагынан алдына киши чыгарбады. Төтөн, дүйнөлүк футбол жылдыздары, Европанын футболчуларынын кимисин сурасаң, аты-жөнү, туулган жылынан бери жатка айтчу. Кээде мен четинен кетип сурап, Орунбек болсо улам бирин айтып жаңылдырса да баарын текши айтып берер эле. Футбол боюнча басып жүргөн энциклопедиянын өзү болучу...

... Бир жолу Таалай, Кеңеш, Орунбек болуп Маевкада батирде жашап калышты. Кемел экөөбүз кез-кезде барып калабыз. Ал кез кара винонун заманы. “Портвейн, Чашма” дегенде жантыгыбыздан жатчубуз. Бир жолу Кемел болуп аларга бардык. Сом кара винолорду шыңгытып, баарыбыз философторчо сүйлөп калганбыз. Ичиң ысыганда сөздүн баары тышка чыгат. Анын үстүнө кыргыз баласы төрөлгөндө эле философ болуп  түшөт ко. Сөздүн кызуусуна  катуу кирип калган экенбиз, мындай карасак Орунбек менен Таалай жок. Кыжыңдашып жатканын бир көргөнбүз. Биздин Кеша (Кеңеш) колун шилтеп  бакылдап, Кемел экөөбүз угуучуга айланып көпкө отурдук окшойт. Бир убакта  Орунбек келди шылкыйып. Көңүл деле бурган эмесбиз. Тээ чай кайнамдан кийин деле Орунбек ордунан жылбайт. Кебетеси мышык ыйлайт. Кеңеш:

- Эй, Орка, Таалай кана? - десе,  анда ал:

- Ээ, баары бүттү! Такемден айрылып калдык!- деп жатпайбы баарыбызды күйгүзүп.

Кеңеш ордуна турду да, Орунбекти көк желкеден ары бир койду. Андан дагы Орунбек эми араң эсине келген кишидей БЧКга чөгүп кетти деп коёт, жай баракат. Кеңештин каны кайнап:

- Качан?! -десе

- Жана, - деп шылкыят. 

Орунбектин “Жанасы” биз билгенден жарым саат болгон. Баарыбыз жандан түңүлүп БЧКны көздөй чуркап баратабыз. Же жетсекчи. Адам шашканда жакын жер да алыстап кетет экен. Узун буттуу Кеңеш баарыбыздан мурун кийими менен БЧКга секирип түштү. Энтигип биз келдик. Боз топурак  киргилденген БЧКдан  Такемди алып чыкты. Кийиминин баары баткак. Бөтөнчө башы таанылбайт. Кеңеш көкүрөгүнө отура калып жасалма дем алдырып жатат. Бир топто барып эсине келди. Сүйүнгөнүбүздү айтпа, бир ыйлап, бир каткырдык. Такем болсо күлүп коёт. Ансайын аны кучактап сүйүнүп  жүрөбүз.

БЧК киргил болгону менен биздин жүрөктөр ошондо таптаза турбайбы... Көрсө, окуя мындай болуптур: Такем биз тойлоордон бир күн мурун жаңы туфли сатып алат. Анысын көргөн Орунбек туфлисин майлатканы аз келгенсип, БЧКга барганда Таалайга тийишет.

- Сен досчулукка бекемсиңби? - дейт.

- Орка, эмне сен ишенбейсиңби? – десе, анысы:

- Аны азыр текшеребиз, - дептир.

Текшергени ушу – Орунбек Таалайдын жапжаңы туфлисинин бирөөн  БЧКга ыргыттырат. Досуман туфли артыкпы десе керек, Такем ошондо (Орунбек менен Таалайдын бул мамилеси өмүр бою калды). Анан көрүп ал. Экөө бажакташып отуруп Такем сууга секирип түшкөн экен. Ошентип ал күнү Таалайдын аман калганын аябай майрамдаганбыз. Ошондо Таалай бир өлгөн. Таалайды Кеңеш сактап калбаганда балким Такем Байкалды көрбөй калмак. Илимдин туу чокусуна жетери да даркүмөн эле. Кудай  колдоп, Таалайдын ырыскысы бар экен. Очор-бачар, бала чакалуу болду. Уул үйлөп, небере жытын искеди. Илимдин кудугун казды. Кыргыз филологиясында өз ордун тапты. Өз ишинин устаты болду. Шакирттерин даярдады. Махмуд Кашгаринин рухун көтөрүп даңазалады. Интеллектуалдык эмгегинен баар таап, сыйын көрөрдө Жер Эненин койнуна сүңгүдү...

Таалайга экинчи өмүр тартуулаган ыраматылык Кеңеш өтө боорукер болчу. Таалай Кеңештин бул жакшылыгын көп эскерчү. Айла жок, акыры Кеңештен да айрылдык. Бул окуянын күбөсү болгондордон азырынча үчөөбүз тирүүбүз. Кемел достун өлүү-тирүүсү билинбейт. Ак Үйдөбү же Көк Үйдөбү, иштеп жүрөт деп угам. Ал эми Орунбектен он ооз сөзгө зар болуп жүрүп акыры  Таалайдан айрылгандан кийин гана дайнын таптым. Таалай достон айрылганыбызды телефондон божурадым. Таалай мага жолуккан сайын Орунбекти кеп кылчу. “Орунбекти табалычы!”- деп жүрүп кете берди. Кете берди.

Оозун ачса өпкөсү көрүнгөн, барбалактап баарына бирдей мамиле кылган адамдар өтө сейрек. Алтымыштын  белин ашып, акыл эси тунук, телегейи тегиз болуп турганда жалп этип өчкөн досубузга кандай сөз айтсак жарашат. Анткени ал ошондой сый-урматка татыктуу. Кечээ көргөн бүгүн жок, ушундай экен дүйнө шок. Бу эми алмустактан бери айтылып  келаткан сөз. Биз оңдоо киргизе албайбыз. Туулмак бар, өлмөк бар деп “Манаста” айтылган.

Баарын кыргыз байкуш эчак тактап койгон турбайбы. Өлбөй кал, Таке, өлбөй кал! - деп камчы менен жер сабаганыбыз менен сен эми кайрылып келбей калдың! Биз калдык, сен кеттиң! Тиякка да илимпоздор керек ко? Көз жаштар тыйылат. Акыры бир  күн жараат орду толор. Урпактар чоңоёт. Чырпык чынар болот. Мезгил оошот. Бир гана нерсе өзгөрбөйт. Ал сен калтырып кеткен илимий эмгектериң. Алар ар дайым эл үчүн кызматын кыла берет. Ошондо сени бир эстейбиз, Таке!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз