Сөздүн күчү жана чечендик өнөр тууралуу

  • 17.11.2020
  • 5201

Сөздү башыңардын ылдыйкы бөлүгүнөн сыртка чыгарыштан мурда, аны жогорку бөлүгү аркылуу өткөрүп алгыла.
Марк Туллий Цицерон

Сени түшүнбөй калбагандай сүйлө.
Квинтилиан

Чечендин мыктысы – татаал нерсени жөнөкөй тил менен түшүндүрө алганында.
Скилеф

Чечендин эң чоң жетишкендиги – керектүү нерселерди айткандыгында гана эмес, а керексиз нерселерди айтпай койгонунда.
Марк Туллий Цицерон

Кыйкырык менен үй салганга болсо, анда эшек салган үй бир көчө болмок.
Чыгыш макалы

Жашоо, өмүр жөнүндө санат сөздөр

Ким күчтүү, ким акылдуу, ким сулуу – эмне айырмасы бар? Айланып олтуруп акырында бактылуу адамсыңбы же жокпу, ошол маанилүү эмеспи?
Раджниш Ошо

Дайыма эле күнөөлүү адам кечирим сурабайт. Кечиримди мамилени бузууну каалабагандар сурашат.
Эрих Мария Ремарк

Силерге убакыт чектелип берилген, аны көрүнгөн нерселерге жумшап коротпогула.
Стив Жобс

Турмуш мектебинде жашоону өздөштүрө албагандарды кайталоо курсуна калтырышпайт.
Эмиль Кроткий

Мен жөнүндө эмне деп ойлогонуңар мага баары бир. Мен силер жөнүндө ойлоп да койбойм.
Коко Шанель

Өзүңөр окуп үйрөнгүлө, жашоонун сабагын күтүп олтура бербегиле.
Эрих Мария Ремарк

Жашоодогу кармана турган жалгыз эреже – кандай абалга туш болсоң да адам боюнча кал.
Аристотель

Жоомарттык жөнүндө

Адамдагы берешендик сапаттын болушу, ал адамда адамзат коомун көркүнө чыгара турган бардык асылзат касиеттердин бар экенин көргөзөт.
Бир тууган Гонкурлар

Көп берген март эмес, убагында ажаат ача билген адам март.
Ж. Лабрюйер

Көпчүлүгүбүз жакын адамдарыбызга модадан чыккан көйнөгүбүздү берүүгө дайыма даярбыз.
Лешек Кумор

Көпчүлүк адамдар байлыкты жек көрүшөт, бирок аны эч кимдин бөлүшкүсү келбейт.
Франсуа Ларошфуко

Бергенди билген адам менен аны сактай албаган адамдын айырмасы өтө чоң.
Сенека

Берген адамга беш көп көрүнөт, алган адамга алты аз көрүнөт.
Өзбек макалы

Жакшылык иштер жөнүндө

Эгерде кылган жакшылыгың үчүн бир нерсе күтсөң – анда сен жакшылык жасабай эле, аны сатканың.
Омар Хайям

Итке ыргыткан сөөк кайрымдуулукка жатпайт. Кайрымдуулук – бул өзүң андан кем эмес ачка кезиңде ит менен бөлүшкөн сөөк.
Лондон Д.

Бардыгына, анын ичинде сени менен жаман мамиледеги адамдарга да сый мамиле жаса. Бул алардын сыйга татыктуу адамдар экендигинен эмес, а сен өзүң жакшы адам экендигиңден кабар берет.
Конфуций

Мүмкүн болгон жерде жакшылык жасагыла. А бул ар дайым мүмкүн.
Далай Лама

Адамдарга жакшылык кылсаң, жакшы адамдар аны баалашат, кайдыгер адамдар – унутуп коюшат, а уятсыз бетпактар, андан да уятсыз боло башташат.
Густав Фрейтаг

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз