Самат Көчөрбаев: Токтогул жана Ырчы булак

  • 27.11.2020
  • 3771

Талас облусунун Манас районуна караштуу белгилүү өнөрпоздор чыккан, эл ичинде  Ырчы-Булак аталган  Арал айылында төрөлгөнүмдү сыймыктануу менен жар салып айткым келет. Айыл Таластын күн батыш тарабында  айтылуу Эчкилүү  тоосунун этегинде жайгашкан.

Токтогул атабыз  биздин айылга бир нече жолу келип кеткен  деп кичинемде  улуулардан укканымда маани бербеген экенмин. Минтип акыл толуп, ой калчап калган кезде жогорудагы сөздүн куну артып, чоң аталарыбыздын асыл сөздөрүн кайрылып иликтегенге  туура келип олтурат. Токтогул менен замандаш мурда-кийин  тааныштыгы бар, бүтүндөй кыргызга белгилүү болбосо да, Талас өрөөнүнө таанылган өнөр сүйгөн  сөзмөр  кадырлуу Ширгели деген аксакал, Акыш деген акын  келин, Аттокур, Эркебай, Айдараалы деген  акындар, Ынаш деген манасчы,  андан кийин айтылуу төкмө  Алымкул  атабыз чыккан тоо арасындагы чакан айыл.

Токтогулдай улуу акындын биздин айылга каттап турганынын себеби: дал ушул кишилерге  байланыштуу деп айтууга болот. Анын үстүнө  жогоруда аты аталган Ширгээли менен дос, Алымкул төкмө  менен  ата-баладай ээрчишкен устат-шакирт болгону байланышты арттырып турган...

Андан бери алып карасак деле  айылыбыз таланттуулардан уучу кур эмес. Аккан арыктан суу агат демекчи, ошол залкарлардын жолун улаган СССР эл артисти, төкмө акын  Эстебес Турсуналиев, КР эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаев, КР эл акыны Анатай  Өмүрканов,  КРнын эмгек сиңирген артисти Абдылда Нуралиев деген акын агаларыбыз, алтын көкүл атыккан обончу,  ырчы Төлөш Турдалиев, Аалы Туткучов (төкмө акын) экөөбүздүн устатыбыз, КРнын эмгек сиңирген артисти, манасчы  Асанкан Жуманалиев  өңдүү  бир топ кыргыз маданиятына опол тоодой салым кошкон өнөрпоздор чыгышкан.  

Учурда дагы Арал айылынан келечегинен көптү үмүттөндүргөн таланттуу жаштардын чыгып  жатышы баарыбызды кубандырат жана  бул айылда ырдын соолубас булагы бар экендигин айгинелейт.

Жогорудагы  “Ырчы Булак”  аталган  Арал деген  айыл тууралуу маданият чөйрөсүндө  абдан  көп сөз болот. Бул тууралуу көп адамдар кызыгып, “бир айылдан ушунча таланттын чыгышынын сыры эмнеде? Эмне учун “Ырчы булак?” Ал кайда?  Андан суу ичсек болобу?” - деп суроо салгандар ого эле көп.  Өнөр адамы болгондуктан, жогорудагыдай  маанилүү суроолорго Ырчы булактын маңызы, мааниси  тууралуу  далилдүү фактыларга таянып  жооп берүүнү  туура көрдүм. Эмесе мен токтолчу негизги эки маанилүү жагдай бар.

Биринчи: бир кезде биздин айылга  Токтогул ырчы бир  нече жолу келип, ал тургай сүргүндөн качып келатып  айылдык  Ширгээли деген  сөз баккан аксакал менен жакын курдаш болгондуктан биздин айылда бир ай чамалуу  жүрүп калган экен. Ошондо айыл эли жаш-кары дебей күнүгө Токтогулдун ыр-күүлөрүнөн угуп, улуу акындын  өнөрүнө ыраазы болуп,  акындын астына  ат мингизип,  үстүнө тон кийгизип, Беш-Таштын тоосун ашырып  Кетмен -Төбөгө узатып коюшканын айыл  аксакалдары улуулардан уктук эле деп эскеришет. Бул  жөн гана айтылган сөз эмес, тарыхый чындык экенин  бир нече далилдер  менен  бекемдеп айтсам болот. Токтогулдун өмүр чыгармачылыгын жакындан билген адамдар бул айткандарга  толук кошулса керек. Анткени  улуу акындын чыгармаларында жогорку эскерүүлөргө далил болчу көптөгөн  ыр  саптар кездешет.  Мисалга, сүргүндөн келатып эл менен учурашып жатып “Күнгүрөнүп күү чалдым” деген ырында  түрмөгө айдалгандардын саламын минтип айтканы бар:

Бешкемпир уулу эр Төрө
Бул дүйнөдөн өтөөрдө
Каркыра тартып жол баштап,
Карангы сапар кетээрде,
Курманбек менен Аккандай
Сени менен Ширгээли
Кыяматтык дос эле.
Барсаң ошол досуңа
Салам дуба деди эле....

Агайын тууган турган эл,
Ак коюн союп жатканда ,
Ак  тузун татып эт жедим.
Аманы  го башымдын,
Түрмөдө жатып көз жумган
Дубасын айттым асылдын.

Курдаш элең Ширгээли
Кутулдум бекен карзынан,
Көрөмбү деген өзүңдү,
Курбуң эле арзыган, -  дейт Токтогул.

“Токтогул” 1968ж 1-том  141-142 бет.

Ширгээли деген аксакал Токтогулдан  жашы улуу  болсо да, жаны курдаш  дос болгон. Кийин  Ширгелинин уулу Муса деген киши  Таластагы Жанкороздун ашында  Алымкулду ээрчитип барып Токтогулга тааныштырат. Ошондо Муса Төлөбайдын чоң ак өргөөсүнүн ичи да, тышы да толтура эл экенине  карабай  түз эле Токтогулдун үстүнө кирип барып, минтип айтканы бар: Ассалоомалейкум, Токо, аман- эсен жүрөсүңбү? Урушчаак бөдөнөдөй чүкчүйгөн жарыктык, Таласка кээде келет экенсиң, кээде келбейт экенсиң. Сөзүңдү сагынат экенбиз. Өзүңдү сагынат экенбиз. Биздин айылда Алымкул деген жаш бала бар, ал ырчы болом деп жүрөт. Ошол балаңды ээрчитип келдим. Ырыңан, күүңөн үйрөтүп кет, Токо!  Сени сагынганда ошол баланы ырдатып  жүрөлү”, –дейт  Муса.

Муса  менен  Токтогулдун бири-бирине кадыры өткөн тааныштыгы болгондугун бул жолугушуу тууралуу Алымкул атанын 1973-жылы чыккан китебинен же Токтогул атанын 1968-жылы чыккан китебинин экинчи томдугун окуп чыккан ар бир окурман баамдаса керек. Ал тургай жогорудагы келтирилген Мусанын Токтогулга  кайрылуусунан деле,  бул кишилер  мурда-кийин жакын  мамилелеш  болгонун  байкоо кыйын эмес. Анткени ошол кезде атагы алыска кеткен, бүтүндөй эл кадырлаган  Токоңдун үстүнө түз кирип баруу Мусадай жакын адамдардын гана колунан келер иш. Андан ары сөздү уласак  Токтогулдун “Жардам кылдың калын эл”  деген ырында;

Кечээ мен качып келе жатканда,
Кайрылдым Акбай, Бабырга.
Кармалган катар биз менен
Мырзабек бар жанымда.
Агайын жардам кылбаса,
Алыскы Кетмен-Төбөгө
Алым жок эле барууга.
Ат тондуу болуп баргамын,
Туулуп өскөн Арымга.
Тууганым кедей-кембагал,
Душман  элим залымга.
Аттуу бардым жөө баспай,
Энем турган айылга.
Жардам кылдың калын эл,
Мендей начар шайырга.  

“Токтогул” 1968-ж. 1-том. 164-бет.

Токтогул акындын  жогорудагы  ыр саптары, айылдык карыялардын  Бир кезде  Олуя-Ата аркалуу сүргүндөн качып келе жатканда Током бир ай чамалуу айылда жүрүп, өнөрү  менен  элдин жан дүйнөсүн аруулап,  ыр кумарын  кандырат. Ошондо Токомдун өнөрүнө өзгөчө таасирленген  Акбай-Бабыр эли акынга сый-урмат көргөзүп, аттап, тондоп узаткан”, – экен деп эскерген сөздөрүн бышыктап турат.

Мындан тышкары, Токтогул, Сулайман,  Акыш, Алымкулдардын  Акбай-Бабыр (эки уруктан тараган  айыл эли) элиндеги  өткөн айтышын далил келтирсем болот. “Алымкул” 1965-ж. 36 бет.

Албетте, ошол кездеги аттан башка күлүк жок,  көздөгөн жерине жетүү кыйынга турган  мезгилге карабай, улуу акындын батасын алып сынынан өтмөккө кайдан болсо да, атайын  Кетмен-Төбөгө издеп барып, бир учурашып, чыгармачылык  тушоосун  кестирип,  акындыктын дангыр жолуна түшкөндөр  көп болгон. Анткени  улуу акын  кыргыздын баардык айылдарына бара алган эмес. Ал эми  тоо булбулу атыккан Токтогул атабыз  биздин айылга (ар кандай себептер менен) атайылап  бир нече жолу  келип,  өнөр тартуулаганынын өзү,  агып чыгалбай  жаткан айылдагы ырчы булактын көзүн ачкан менен барабар чоң окуя болсо керек деп ойлойм.  

Алымкул атабызга чейинки айылдан чыккан өнөрпоздордун аты алыска угулбай,  Алымкулдан  тартып  бүтүндөй кыргызга, ал тургай казакка чейин таанымал  (Эстекем)  маданияттын  көптөгөн  чыгаан өкүлдөрүнүн чыгышы, айлыбызга кудайдын колдоосу менен  кут даарып кеткендей элес калтырат.

 Айлыбыздын ар бири  дебейин, көпчүлүгү  ырга ышкыбоз, колунда комузу же  калеми даяр, эч болбогондо эки ооз жамак айтып жибергендерди азыр да табууга болот. Мен мектепте окуп жүргөн  кезде физика сабагынан берген (Азыр ардактуу эс алууда) Эл агартуунун отличниги,  жазуучулар союзунун мүчөсү  Изакеев Сарпек  деген агайымдын  Ырчы булак тууралуу жазган  ыр саптарын эске түшүрүп олтурам...

Айылым “Ырчы Булак” – ырдын кени,
Кандырып келе жатат шайыр элди.
Мезгилдин ырын ырдап, сырын төккөн,
Талыкпас таланттарды таптап келди.

Башталат “Ырчы Булак” Алымкулдан,
Кербени түбөлүктүү сапар курган.
Ала-Тоо туу чокудан орун берген,
Улуу көч уландырган элим буудан, –дейт.

Мына урматтуу окурман, Алымкул Үсөнбаевден  башталып оргуштап агып чыккан ырдын булагы бүгүнкү күндө да  минтин өз нугунан жазбай,  өнөрпоздордун уучу үзүлбөй уланып  келе жатат. Биринчиден, айлыбызды жараткан жалгап  жарыгын чачкандыгы  болсо, экинчиден  бул айылга эпосто Манас атабызга карата айтылган:

Түнөп өткөн жерине,
Түптүү чынар орногон,
Түбүнөн кудай колдогон.
Басып өткөн жерине,
Баашалуу чынар орногон,
Башынан кудай колдогон,- деген сыңары  касиет конгон, теңирим колдогон  торгой тилдүү Токтогул  атабыз айлыбызга күндөп, айлап  түнөп, бат-бат келип турушу менен  кандайдыр бир байланышы  бар деп  айтаар элем.

Экинчи: айыл аксакалдарынын айтымына таянсак, бир айылдан ушунча таланттын  чыгышынын сыры – айылыбыздагы касиеттүү ыйык жай «Эчкилүү тоосу» менен да байланышы бар деп айтышат (Кыргызстандагы ыйык жайлар тизмесинде катталган). Эмесе  азыр сөз кылчу ыйык жай, айылыбыздын тескейинде жайгашкан  «Эчкилүү тоосу» тууралуу болмокчу.

Эчкилүү тоо илгертеден жергиликтүү элдин ишениминде бул  ыйык жай, колдоочусу бар  касиеттүү жер  деп билишкен. Ошол себептүү  мал кайтарган малчылар, ууга чыккан мергендер  ошол асканын бооруна жакын барып уктачу экен. Ошол жерде уктаганда адамдардын кулагына  күн  күркүрөгөндөй, топ атчандар келе жаткандай кулакка жаңырган сырдуу үндөр угулат дешет. Карапайым эл  жогорудагыдай сырларды  Манас атанын  сөөгү  ушул жерге  коюлганы  менен байланыштырат.

Убагында ушул жайды изилдөөгө алабыз дегендер көп болгон экен.  Ыйык нерсе туюк болот демекчи, менин көз алдыма  бул  жай дагы да  өзгөчө  ыйык,  асман тиреген  ары сүрдүү, ары  сырдуу да аска зоо. Менин бала кезимде, бул  жайды  француздар да  камерага түшүрөбүз деп атайын келишкени эсимде. Ошондо коноктор менен бирге  чоң атамды  ээрчип барып ыйык жайга  жакындаганда тынбай жааган мөндүрдөн, башкача айтканда,  табийгаттын  өзгөчө кубулушунан  улам  келгендер  видеого ойдогудай  тарталбай кеткендигин өз көзүм менен көргөн элем.

Кыргызтанда көптөгөн ыйык жерлер болсо,  ошолордун ичинен өзгөчө  мааниси бар жай биз сөз кылып жаткан Эчкилүү  тоосу.  Эң кызыгы – бул  тууралуу залкар  манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусундагы «Каныкейдин жомогу» деген окуяда  мындай  дейт:

Ачык көмсөм Айкөлдү
Душман ачып алат деп,
Жол үстүнө сүйрөтүп,
Даңгыттарга  жарат деп.
Талаада сөөгү даңкайып,
Көмүлбөстөн калат деп,
Катын башым эр кылып,
Калайык  башын туу кылып,
Болот кетмен мүлк алып,
Таластын ылдый бетинде,
Кен-Колдун кыйгач четинде.
Аскасы асман тиреген
Эчкиликтин кара зоо
Кара  зоо боорун ойдурдум.
Оозун ойдум курган жан,
Жалгыз киши баткандай.
Ар жак жагын көөлөттүм,
Алты  жүз кой жаткандай.
Үстү  түшүп кетет деп,
Кара жер басса Айкөлдү
Бөөдөдөн чирип кетет деп.
Куу дүйнөмдү аябай
Алтындап түркүк чойдурдум.
Алтымыш түрдүү жерине
Алтындан  түркүк койдурдум.
Суп кийгенде сурак жок,
Суптан салдым төшөктү.
Тегерете каухардан
Жаймалата  бөктүрдүм.
Асты чирип кетет деп,
Арчанын күлүн төктүрдүм.
Ичи сасып кетет деп,
Эптүүлүктү  билгиздим.
Үстүндөгү кара суу
Үңкүрдүн  ичи менен жүргүздүм… – деп айтылат.

(“Кыргыз адабиятынын антологиясы” 2012, 302-бет).

Ушундан улам жогорудагы айтылган бул жайдын касиеттүү, ыйык жай экендиги тууралуу айыл элинин айткандарына  ишенүүгө толук негиз бар. Ал тургай  ушул  Арал деген чакан айылдан жогоруда аттары аталган ондон ашык кыргыз маданиятында бараандуу орду бар таланттардын чыгышы дагы касиеттүү  Эчкилүү тоосуна же суусунда  бар дегендей, ошол зоодон  агып чыккан булактын суусунун таасирине байланыштуу  болуу керек деген ойду толуктап турат.

Анткени  ошол зоонун боорунан агып чыккан булактардын кошмосу, айыл элин таза суу менен камсыз кылат. Айрым карыялардын айтымында, каймана маанисинде «Ырчы булак»  тууралуу  айтылган  кептердин  учугу Эчкилүүнүн суусуна барып такалат.

Учурда айылдыктардын көпчүлүгү  сырттан келген  коноктордун,  Ырчы булак тууралуу узаткан суроолоруна тарыхын  билбегендиктен  так жообун айтып бере албай убара. Анткени элдин бир дагы Ырчы булак деп Алымкул атабыздын эски конушундагы  мазар булакты  айтса, дагы бирлери  жогоруда айтылган  Эчкилинин боорунан агып  чыккан  учурдагы  Талды булактын суусун  айтышат.

Булак деген сөздүн маңызын аккан  суу деп  түшүнсөк, ырчы булакты  ыйык  Эчкилүү  тоосунан агып чыккан булак  менен байланыштырып кароо, тарыхый чындыкка жакындашат.

Менин пикиримде: кандай болгон күндө да түз маанисин айылдын  суусуна байланыштырсаңыздар да,  же терең өңүттөн алып карасак, билимдин булагы мектеп дегендей эле,  бул жерди ырдын, өнөрдүн, таланттын  аягы үзүлбөй оргуштап чыгып,  атадан балага өтүп келе  жаткан  башаты, булагы, кут конгон  айыл  деген мааниде  түшүнсөңүздөр болот. Эмесе айылыбыздан чыккан өнөрдүн булагы соолубас, тунук, таза  болуп, уучу үзүлбөй ар дайым агып  турсун дейли.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз